Айыл чарба келечеги - инновациялык агротехнологияда. Адылбек Алымов
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 11 มิ.ย. 2024
- Минералдык заттар кошулган суюк органикалык #жер семирткичти "Экоминералз "компаниясы" БиоГумус "коомдук фонду менен өнөктөштүктө чыгарууну пландап жатат. Анын негизин айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын биокалдыктары, тамак - аш калдыктары, рудалар глауконит, трепел жана фосфорит түзөт.
Инновациялык технологияларды ишке ашырууга финансылык колдоо ИФАД уюмунун #РынокторгоЧыгуунуКамсыздоо долбоору аркылуу көрсөтүлдү.
Бул ыкманын автору- окумуштуу Талант Сыдыкбаев.
Демилгенин авторлору топуракты жумшартууга жана отоо чөптөргө, зыянкечтерге жана илдеттерге каршы жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоого мүмкүндүк берген #культиваторлорду чогултууну жана чыгарууну да пландаштырууда.
#Жер семирткичтерди өндүрүү үчүн кык 50 фермердик чарбаны жана "Ала-Бука Жалал-Абад Кыргыз Эт" ЖЧКсын камсыздайт. "Эко Минералз" рудасын Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы кендерден алууну пландаштырууда - тиешелүү лицензиялар бар.
#ИФАД #ОРСП #СУБР # инновация #ЭкоМинералз # Айыл чарба # айылчарба #Гумагруд
Адыл аке мыкты мырза,бар болунуз.
Азаматсыз! 💯👍