Талды-Булак айылындагы саякатчыларды кабыл алган конок үйлөр | Өнүгүүгө карай

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 14 เม.ย. 2022
  • Акыркы мезгилдерде биздин коомчулукка экотуризм деген түшүнүк кеңири тарап, саякатчыларды тейлөө үчүн атайын шарттар жолго коюлуп жатат. Ички жана чет элдик туристтер үчүн ириде турак-жай, тагыраагы конок үйлөр зарыл. Конок үй десе чоң шаарлардагыдай баардык шарты жылтыраган, көз жоосун алган көркөм имараттар эмес, тек гана таза, тыкан конок үй. Мындай үйлөр элетте ачылып жатат. А түгүл атайын эл аралык уюмдар колдогон долбоорлор дагы аз эмес. Мисалы, Таластын Өтмөк ашуусунан түшө беришинде жайгашкан Талды-Булак айылында учурда 10дон ашык конок үй иштеп, саякатчыларды кабыл алат. Облустагы кабарчыбыз ошондой конок үйлөрдүн биринде болуп, кожоюндары менен баарлашып келди.

ความคิดเห็น •