Мамырбеков Мейманалы

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 11 ก.ย. 2024
  • Тасмага түшүргѳн ERMATOVICH studio
    0(773) 68 59 79
    Тоолор курчаган Кѳк-Колот айылы, жез таңдай Жеңижок жердеген Аксынын айылы. Келген адамдын табияты менен кѳз жоосун алган Сары-Челек коругунда жайгашкан. Дал ушул айылда бүгүнкү каарманыбыз мыкты инсан Мамырбеков Мейманалы агабыз 1952-жылы 2-январда жарык дүйнѳгѳ келген.
    Мамырбеков Мейманалы 6 бир тууган, атасы Мамырбек Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, ардактуу ардагер болгон. Апасы Умсунай токой жана айыл чарба ѳндүрүшүндѳ эмгектенген. 1960-1970-жылдары Кѳк-Колот айылынан 60-70 түтүн үй-бүлѳ Сары-Челек коругунда жайгашканына байланыштуу башка айылдарга кѳчүрүлгѳн. Алардын арасында атасы Мамырбектин да үй-бүлѳсү болгон.
    Бир туугандарынын айтымында Мейманалы кичинесинен эле китепти кѳп окуп, максатына жетмейинче артка кайтпаган ѳжѳр мүнѳзү менен тең-туштарынын арасында айрымаланып турчу. 8-класска чейин Аркыт айылында 8 жылдык мектепте окуп, андан кийин Шакафтарда Ленин атындагы мектеп интернатында окуган. 1970-жылы Алма-Ата шаарындагы Казак айыл чарба институтунун токой чарба факультетине тапшырып, аталган окуу жайды ийгиликтүү аяктап, токой чарба инженери адистигине ээ болгон.
    Тоо койнунда тѳрѳлүп ѳскѳнгѳбү, айтор Мейманалынын табиятка болгон сүйүүсү аны ѳмүр бою экология тармагында элине, жерине кызмат кылууга себеп болду. Институтту бүтүргѳн соң 1975-жылдан 1978-жылга чейин Аркыт токой чарбасында инженер болуп эмгектенген. Андан кийин 1978-1993-жылдар аралыгында Кыргыз Мамлекеттик жаратылыш паркында директордун орун басары жана Аламудун районуна караштуу азыркы Байтик айылында сельсоветтин тѳрагасы болуп эмгектенген. Жетекчи болуп дайындалгандан баштап, жыл сайын 10догон гектар жер аянттарга ар кандай кѳчѳттѳрдү тигип, Ала-Арча жаратылыш паркын жашылдандыруу иштерин эң жогорку деңгээлде аткаргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген кызматкер деген Ардактуу наамы берилген. Ошондой эле Ала-Арча жаратылыш паркында жетекчи болуп эигектенген жылдары жапайы айбанаттарды кѳбѳйтүү максатында кекилик, кыргоол, улар жана башка кѳптѳгѳн канаттууларды, жапайы чочконун 100дѳн ашык санын Сары-Челек коругунан алынып келинип Ала-Арча капчыгайына коё берилген.
    1993-2018-жылдары Аркыт, Авлетим токой чарбаларында, Сары-Челек коруганда директор болуп эмгектенген. Ошол жылдар аралыгында 100дѳгѳн ачык жаткан токой фондунун жерлерине кѳчѳттѳрдү отургузуп, токой каптаган аянттарга айланткан. Аркыт токой чарбасында иштеген мезгилде 1996-жылы 70 тонна жаңгак жыйнап, тарыхта болбогон түшүм алган. Ал эми, Сары-Челек коругунда иштеген мезгилде 1999-жылы маарафон ѳткѳрүлүп, Тоскоол-Ата кѳлүнүн жээгине элдин салымы менен күмбѳз орнотулган. Азыркы күндѳ ал күмбѳз элдердин зыярат кылуучу жерине айланды.
    Кыргыз Республикасынын экологиясына жана токой чарбасына кошкон эбегейсиз чоң салымы жана кызматы бааланып, Мейманалы агабыз 2023-жылы Президент Садыр Жапаровдун «Даңк» медалы менен сыйланган. Ошондой эле Мамырбеков Мейманалы эмгек жолунда кѳптѳгѳн Ардак грамота, Диплом, Ыраазычылык кат жана медалдар менен сыйланган. Айта берсең абдан кѳп.
    Азыркы учурда Мамырбеков Мейманалы ардактуу эс алууга чыгып, 1 уул 2 кыздын жана 10 неберенин сүйүктүү атасы, чоң атасы.
    Мейманалы агабыздан айыл тургундары кеп кеңеш сурап, сыйлап, урматтап турушат.
    Уул кыздарыңыз жана неберелериниз сизге кудайдан ден соолук тилеп, келинчегиңиз Бүүкан апабыз менен бактылуу каарылыктын доорун сүрүшүңүздү каалашат.

ความคิดเห็น • 3

  • @user-zn7qb7xr7y
    @user-zn7qb7xr7y 22 วันที่ผ่านมา

    Тайке сизге ден соолук бактылууктуу каарылыкты каалайм

  • @nyrzat8923
    @nyrzat8923 23 วันที่ผ่านมา

    Сиз менен сыймыктанабыз тайке! Доолоттуу карылык сизге. ❤

  • @BARBEREKE
    @BARBEREKE 27 วันที่ผ่านมา

    👏👏👏