ЭС ТУТУМДУ ЖАКШЫРТУУ ҮЧҮН БЕШ КЕҢЕШ

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 2 พ.ย. 2024
  • 📌Эс тутум - уникалдуу жөндөм. Ал биз үчүн маанилүү болгон окуя, көрүнүш, буюмдарды унутпоого жардам берет. Кандай чөйрөдө эмгектенбесин, ал бардык адамга тийиштүү.
    📌Көпчүлүк адамдар эртеби-кечпи эс тутумдун начарлашы көйгөйүнө кабылат. Же болбосо аны кантип жакшыртууну ойлонушат. Зарыл нерсени бат жана сапаттуу эстеп калуу үчүн эмге кылуу керек?
    📌Начар эс тутумга ээ болгондор да, аны өнүктүргүсү келгендер да аз эмес. Ошондуктан биздин кеңештер сизге жардам берет деген ишеничтебиз.
    📌Эстеп калуу процессин өнүктүрүңүз
    Бир нерсени эстеп калуу үчүн өзүңүздүн жашооңуз менен параллель келтириңиз, башкача айтканда, эстеп кала турчу нерсеге канчалык көп ассоциация жүргүзсөңүз, эске сактоо мүмкүнчүлүгү ошончолук натыйжалуу болот. Мисалы, адамдын атын жаттоо керек болсо, ошол атты алып жүргөн белгилүү инсан менен ассоциация кылып эстеп калсаңыз болот.
    📌Арифметика менен алектениңиз
    Узун кезектерде турганда эмне кылууну билбей жатсаңыз, акылыңызда жөнөкөй арифметикалык эсептерди ччыгарыңыз. Мисалы, алдыда турган отургучтардын санын текчедеги буюмдардын санына көбөйтүңүз, же өтүп бара жаткан унаалардын номурларын кошуп суммасын чыгарыңыз.
    📌Ыр жана тексттен үзүндү жаттаңыз
    Мектепте бизге бекеринен ыр жаттоого тапшырма берилген эместир. Рифмалык ырларды жана кара сөз түрүндөгү тексттерли жаттоо эс тутумду өнүктүрүүгө жардам берет. Ошондуктан ыр жаттоого аракеттениңиз. Сөзсүз түрдө өзүңүзгө жаккан ыр болушу зарыл.
    📌Эске тутуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрөм десеңиз, видеодо жана жогоруда айтылган кеңештерди пайдаланыңыз жана бул процессти тездетүү үчүн балык, жаңгак (бардык түрүн), апельсин, ашкабак данегин, жумуртка сыяктуу азыктарды өз рационуңузда пайдаланыңыз.
    Тез окуу жана ЭС ТУТУМДУ ӨСТҮРҮҮ курсуна катталуу үчүн комментарийге + белгисин калтырыңыз 🤗
    W/A 0707 050 106
    📱0708 121 096

ความคิดเห็น • 18