Карегимди жашы кылып жамгырдын, Канча күттүм арасында ай-жылдын. Какшап жетпей калганымды билсең да, Карааныңды бир көрүүгө зар кылдың. Кайырма: Ажыратты бизди мезгил ташкыны, Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул? Мен бактылуу боло албадым, кантейин, Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу. Сагындырган гүлүн көздөй бара албай, Сай да бир күн соолуйт экен ага албай. Санаа менен таң атырып келатам, Сага окшош бир да жылдыз таба албай. Кайырма: Адам жоктур бул жашоодо сүйбөгөн, Ашыктыктын азабына күйбөгөн. Мейкиндеги кош сызыктай биз эми, Бир кездешпей өтөбүзбү дүйнөдөн?
Азаматсын иним онорун оркундой берсин талантка таазим корбой калыпмын азыр кордум ар дайым ден соолукта бол
Азаматсың 👏 сонун👍
👍👍
Карегимди жашы кылып жамгырдын,
Канча күттүм арасында
ай-жылдын.
Какшап жетпей калганымды билсең да,
Карааныңды бир көрүүгө зар кылдың.
Кайырма:
Ажыратты бизди мезгил ташкыны,
Айыкпаган жүрөктөгү дартпы бул?
Мен бактылуу боло албадым, кантейин,
Сен өзүңдү сезсең болду бактылуу.
Сагындырган гүлүн көздөй бара албай,
Сай да бир күн соолуйт экен ага албай.
Санаа менен таң атырып келатам,
Сага окшош бир да жылдыз таба албай.
Кайырма:
Адам жоктур бул жашоодо сүйбөгөн,
Ашыктыктын азабына күйбөгөн.
Мейкиндеги кош сызыктай биз эми,
Бир кездешпей өтөбүзбү дүйнөдөн?
Соонун ыр соонун ойнопсуз.Ырдабайсызбы?😊
@@ИбрагимДуйшаев-р2э Рахмат чон жок ырдабаймын кучтуу ырдай турган унум жок
Кандай байланышсак болот? Номер калтырсаныз байланышайын?
@@АлиАлиев-б3э 0777638449 вас ап номер