Өмүрзак Кайыпов - Көлөмдүү чыгармалар
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 17 ส.ค. 2021
- Аткаруучу Өмүрзак Кайыпов
1. "Дүнүйө" - санат-терме, автору Т. Сатылганов
2. "Аккан суу" - терме, автору Жеңижок
3. "Көк сулуу" - көлөмдүү ашыктык ыры, автору Жеңижок
4. "Балам жок" - арман ыры, автору Жеңижок
5. "Олжобай менен Кишимжан" - дастан
6. "Акмырза" - ашыктык-арман ыры, сөзү Токтогул ырчыныкы, обону Жалил Сыдыковдуку
#АлмаМедиа - เพลง
Бул дүнүйө бекерсиң
Бир күнү өтүп кетерсиң,
Опосу жок дүйнөнүн
Түбүне ким жетерсиң?
Келериңде дүнүйө,
Толукшуп чыккан айдайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Суу жүрбөгөн сайдайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Асмандагы күндөйсүң,
Кетериңде, дүнүйө,
Кайгылуу көңүл кирдейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Өзөнгө бүткөн талдайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Өлүмдөн бетер алдайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Мөмөлүү дарак шактайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Суу жетпеген кактайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Алмач өркөч лөктөйсүң,
Кетериңде, дүнүйө,
Тулпар минсең жетпейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Аргымак минип ойнойсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Айланып учкан торгойсуң.
Келериңде дүнүйө,
Адырдан соккон желдейсиң,
Кетериңде, дүнүйө,
Кол жетпес аска белдейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Ай менен күндөй жарыксың,
Кетериңде, дүнүйө,
Таманы түшкөн чарыксың.
Келериңде, дүнүйө,
Кош тегирмен ноодойсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Көз жетпес бийик зоодойсуң.
Келериңде, дүнүйө,
Алтын жагоо куштайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Кышкы чилде, муздайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Алтын така тулпарсың,
Кетериңде дүнүйө,
Артынан кууса жеткирбес,
Айланып учкан шумкарсың.
Келериңде, дүнүйө,
Урууда күлүк дулдулсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Уясын бузган булбулсуң.
Келериңде, дүнүйө,
Ташкын дайра селдейсиң.
Кетериңде, дүнүйө,
Карматпас бороон желдейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Алтын тутка түркүксүң,
Кетериңде, дүнүйө,
Туурдан учкан бүркүтсүң.
Келериңде, дүнүйө,
Кебелбес эрдин мүлкүсүң.
Кетериңде, дүнүйө,
Керүүдөн качкан түлкүсүң.
Келериңде, дүнүйө,
Байгеден чыккан аттайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Мөмөсү түшкөн шактайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Көңүлүң курсант болорсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Көк шумкар алган коёнсуң.
Келериңде, дүнүйө,
Курбулуу тоодо уларсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Куйругун жанчкан жылансың.
Келериңде, дүнүйө,
Көк болот шамшар-канжарсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Көксөө болгон чалдайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Жоо качырган эрдейсиң,
Кетериңде, дүнүйө,
Кейиген менен келбейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Кериде жайык конушсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Капкагы сынган комузсуң.
Келериңде, дүнүйө,
Чытырман калың токойсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Жыртылган тери чокойсуң.
Келериңде, дүнүйө,
Ак үйгө салган айнексиң,
Кетериңде, дүнүйө,
Туткасы сынган чайнексиң.
Келериңде, дүнүйө,
Ала кар жаткан бийиксиң,
Кетериңде, дүнүйө,
Мергенден качкан кийиксиң.
Келериңде, дүнүйө,
Көкөлөп өскөн чынарсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Шамалдан качкан тумансың.
Келериңде, дүнүйө,
Толкуган көлдө шардайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Томугу түшкөн тайдайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Жыйырма беш жаштайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Жыдыган кара чачтайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Караңгы тамда чыраксың,
Кетериңде, дүнүйө,
Карышкыр жеген улаксың.
Келериңде, дүнүйө,
Айчыгы алтын туудайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Соолгон кудук суудайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Булутсуз тийген күндөйсүң,
Жанаша чыгып ыргалган
Жазгы талдай бүрдөйсүң.
Кетериңде, дүнүйө,
Булут баскан түндөйсүң,
Карарып алса көңүлүң,
Кармаса, колго кирбейсиң.
Келериңде, дүнүйө,
Түнкүсүн жарык айдайсың,
Адамдын көөнүн сергиткен
Жашыл гүлдүү жайдайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Кайрылып карап койбогон
Кайыры жок байдайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Жайкалган ыраң чөптөйсүң,
Жашылданып буруксуп,
Туш-туш жакка көктөйсүң.
Кетериңде, дүнүйө,
Эшиктен төргө өтпөйсүң,
Жардылыкка таянып,
Жакыныңды өрттөйсүң.
Келериңде, дүнүйө,
Бир туугандан ынаксың.
Караңгыда жарк эткен,
Кавхар, жакут чыраксың,
Кетериңде, дүнүйө,
Душманымдан ырааксың.
Келериңде, дүнүйө,
Жаз бүрдөгөн терексиң,
Жагалдантып көңүлдү
Жаш, карыга керексиң.
Кетериңде, дүңүйө,
Түбү түшкөн челексиң.
Келериңде, дүнүйө,
Бүр алган кырчын талдайсың,
Таттылыгың тамшантып,
Шекер менен балдайсың,
Кетериңде, дүнүйө,
Азыткыдай алдайсың.
Келериңде, дүнүйө,
Жасалгалуу үйдөйсүң.
Кетериңде, дүнүйө,
Жакыныңды сүйбөйсүң.
Келериңде, дүнүйө,
Ташып чыккан булаксың.
Кетериңде, дүнүйө,
Желсиз өчкөн чыраксың.
Келериңде, дүнүйө,
От жакпай оргуп кайнайсың,
Күн тийгендей жаркырап,
Күлө багып жайнайсың.
Дүнүйө чиркин ушундай,
Колуңдан качкан кушундай.
Азаматсыз зеерикпей жазган сизден Аллахым ыраазы болсун
Негедир акыркы жылдары терме менен Куранды көп укчу болдук Кыргыз эли кайрадан бутуна туруп келаткан сыяктуу 🇰🇬🙌
Азыркы ырдардан маани тапбай ушул ылралдан чеч чыгып жатат
Оомийин
Өмүрзак өмүрүңө береке берсин талантың ташкындай берсин элдин батасын алып көп жаша буюрса бул замандын Токтогулу болдуң тарыхта калчу жансың эми сенден Саринжи Бөкөйдү толугу менен күтөм амааанбооол
Алмаз Имашев
Гап йук омадизни берсин, мазза килиб тинглайман
Какое великолепное исполнение! Шедевр. Бар болуңуз , аман болуңуз Өмурзак мырза сиз менен аябагандай суктанам✊
Уккун эле келет уккансайын.
Аман жүр көчмөндөр оюндарында жайлоону жаңыртып төгүлө ырдаганда мен кыргызмын деген жандар үй үйүндө укмуш бир дүйнөгө туш болгонбуз оюн күндөрүн өзгөчө бир көрккө бөлөгөнсүң талантыңа таазим өнөрүн өсө берсин
Кандай сонун ырлар журокто. Ишинерге ийгилик калайм.
Садага көлөкөм жүр өкт ү толкутуп ырдайсың аман бол үнүң шаңшый берсин
Кандай керемет жаратып бизге калтырган Женижок акыныбызга Алла раазы болсун
Ишинизге ийгилик каалайм
Ырлардын уйкаштыгы, маани маңызы, бир укмуштуудай керемет! чиркин жандүйнө жыргап эсалат! Өнөрүңөр өркүндөй берсин!
Омуру узак болсун деген ата эненин тилегин берсин,кооп жаша
Өмүрзак байке талантына тасим усун өмүр чыгармачылык ийгилик калайым 👍👏✊🇰🇬❤
Жумгалдык окшойсун ээ
@@azatmaratuulu3487 с с деген учунбу
Кочкрдукмун
Мен кочкордон болом
ЪъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъоъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъъэээээээээээъэъъъъъъъъъъъъъъэъъъъъъъъъъъъъъъъэъъъъъэъъъъэъъъъэъъэъээъъъэъэъъъъъъъъъъъъъэъъъъэъъэъъъъъъъъъъъэъффффФФфффффФфффффФффФФФфФффффффФффффффффффФфФФъъъъээээээээээээээээъъъъъэъъъъъэъъъъъъъъъъъъъъъъэъъъъъээээээээээц
Ои
Өмүрзак кайыпов улуу өнөрдү улантучу👍✊❤🇰🇬
Улуу өнөрдү улантучу 👍❤✊
Унунузго береке браво кандай керемет ун Токтогул олбоптур
жж эх ээээх
ъжжжжъ
Кандай кана керемет. Жүрөк тынчый түшөт өзүбүздүн комуздун үнүн.
Омурзак байке Омурунуз Узун болсун Токтогул Атабыздын жолун жолдоп кележатасыз талантынызга таазим
Азаматсын Омурзак сенин ырдаганынды укканда ушундай телмирем. Мектепте ырдап жургонундо эле тан берет элем. Зынкыйып дайыма сынындан жазба. Талантын ташкындасын омурун узуун болсун эки дуно ширин нурлуу омур сур.
Голос бомба
Азамат Адам баласын агартуунун эн бийик жолу акындык бар бол Залкар акылмандар откон
Азамат кыргызымдын булбулу. Бар бол.Комуз барда кыргыз бар.Кыргыз барда комуз бар.Комуз кыргызымдын тумары.
Азамат Омурзак балам оркунун оссун шаншыган унун оболоп кыргыз элинин учу кыйрына жетсин !Сен аткарган дастандар укумдан -тукумга улансын ,омурун Узун бак доолоттуу бол айланайын !
Унузго береке ырларыныз сонун озунузго ден солук каалайм Аллыхым ыраазы болсун
Керемет ун!❤
Молодец жакшы ырдадын
Браво Омурзак,чыгармачылык бийиктик каалайм 👏👏👏
Талантына тазим алахым ден солук Узун омур берсин оомиин
Йхэйэ
Й
ЙЙфЙ
ффХ
ЭхйэЙйэ
Унунузго береке
Керемет
Аябай жагат ырдаганы👍
Бар болуңуз Өмүрзак мырза!Ден соолукта болуп каалаган тилегиңизге жетиңиз!сизди терең урматтайбыз!
Сонун дастандар аман болуңуз
Коп жашаныз,бактылуу болунуз ! Жеке концерт берсениз жакшы болот эле ,кутуп журом .
Арбаныздар!
Керемет!
Чон рахмат!
🙏💐👏👏👏🇰🇬🤲🎵🎶🎆🎇🐎✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨✨
Омурзак, омурун узун болсун! Ыдаганын керемет экен!!!
Красавчик 👍
Азаматсыз Омурзак мырза, талантынызга таазим, нарктуу салттуу кыргыздын жузусуз, шакирттерди коп коп даярдап, кеменгер создун берметин терип суйлогон, улуу элдин учугун улап талантынар ташкындап журо бериниз, омурунузго береке
Өмүрүңүз узун болсун мукам үндүү элдик талант бар болуңуз.
Омурзак ава бар болунуз.талантынызга таазим.
Унунузго береке кыргыз калкымдын келечеги бар экен дагы
Кыргыздын керемет инсаны ийгилик каалайм.Кыргыздын кылымдарды карыткан онор кенчин сиздей талантуу кулундары толуктап келет.Коп жашаныз.Талантызга таазим.
Кыргыздын Күүлөрүнөн көбүрөк берип турсаңыздар.кандай сонун укулукту аткарган карындаш кандай суулу Азамат.
Соз жок акынга просто супер чыгармачылык ийгилик
Жумуштан чарчап келгенде уксан эс ала тушосун бар бол омурзак
Молодец...
Азамат, керемет талант! Аткарган чыгармаларын эргуу менен угабыз.
Өмүрзак талантың ташкындай берсин өмүрүң узун болсун булбулдай болгон үнүң ташкындай берсин сени тарбиялап өстүргөн ата энеңе рахмат
Бала баатыр мыкты күчтүү ырдайт го чиркин
Омуке унун керемет ишинди кудайым колдосун азаматсын уйбулон менен тынч бол
Азаматсың бар бол
Кыргыздын баа теткиз байлыктары дастандар
Агабыз келтирет да, көздөн жаш агатко.👍
Машаалла
Ырчы жигитке ото чон Рахмат омурун Узун болсун коз тийбесин да соз тийбесин
Омурзак омурундон береке тап иним Аллахым талантына талант кошуп берсин,сендей онорлуу жигиттер Эл арасында оркундой бергиле,мындан да жакшы жаны чыгармачылык ырларын кыргыз элине жаныра берсин.
Супер,дастандар кылымдан кылымга ушундай таланттардын жардамы менен кочуп,сакталып келет.Айтаарым,Элмирбектин балдарындай жаштарды да такшалтып даярдай журсо,дастандар дагы коппко сакталып жашай берсе
Улуу Залкарлардын мураскору онорунузго береке.
Омурзак омурун узун болсун сонун чыгармаларынды оркундотобер .
Омурзак омурун узун болсун ден соолук ишине ийгилик Азаматсын Аллахым колдосун 🙏🙏🙏❤️
Омурунуз узуун Болсун эн сонун ❤❤
Азамат Омурзак акын укмуш укан сайын Укун келет
Шедевр,Бравоо!!!👏👏👏 кандай керемет куу ,керемет саптар , талантынызга таазим, унунуз очпосун ,Кыргыздын алтын ундуу Булбулу, таланттыныз ташкындай берсин, сапарыныз байсалдуу болсун, пусть будет у вас все хорошо, Кыргыздын сыймыгы.
l
Унуно береке булбулдай сайрай бер
Алла раазы болсун унуно береке
Чынында таланттуу жигит
Соонун чыгармалар, рахмат өнөрүңүз өркүндөй берсин. 👍👍👏👏
Чыныгы ырлар
Голос супер, дегеле баары сонун👍🔥☝️💪❤
Чыгармачылык ийгилик.
Создорду таптап журок кылдарын черткен унунузго береке Омурзак.
Унунор маркум токмо акындарды эске салат.
Туура🎉 эң сонун
Өмүрзак байке систин аткарган чыгармаларынды барын калтырбай угам интернетке чыкан курманбек кожожаш.жана башка систен сураныч жлжобай менен кишимжан ды толугу менен иютупка чыгарзаныс👍👏🇰🇬❤
Жумгал
Мен кочкорлукмун
Омурзак байкенин шаншыган уну сонун мага Дастандары аябай жагат омурунуз Узун Болсун👍👍👏👏
Мына ыр деген ун деген азамат
Мыкты 😭😭😭
Ушундай ырлар сонун да ушуну зной береке
Х
Мына кыргыздын элиталары. Дубайдан салам!
Унузго береке
Өмүрүңө береке.Аззамат.Талантыңа таазим.Не деген керемет саптар,денени дүркүрөткөн ыр саптар.Комуздун кылдарын күүгө салган азаматтар.
Азамат ушундай укун эле келет
Бул сонун бала, өз стили бар, анча мынчаларга алмаштырбайм!
Омурзак талантына таазим
Аяш иним ! Сонун ырларын, ден соолук, ийгилик
Унунузго баракелде ! !!
👍👍👍👍👍👍👍👍👍👏👏👏👏👏👏👏👏👏👏💯💯💯
Омурзак мырза,Сизге бекем дени соолук,узун омур каалайм.
Керемет чыгармаларга жаны жашооибергенинизге элиниз ыраазы.
ВДГЯП
Рахат тартуулаганына рахмат
Сооонун ырдапсын Алгаа
Баракелде чиркин журоко жететго
Ширали овози бор экан,Барака топсин.
❤😊.биз,Энди,уктук,акынды
керемет сиздин унунуз жан жуйнонун азыгы
Омурзак байке азамат
Керемет чыгармалар уккан сайын уккун келет!!!!!
Кайыповдун аткаруусундагы жыйнакты издеп таппай куттуп журдук эле👍🙏🙏"Кулактан кирип,бойду алат"-,дегенди тушуносун.унунузго береке.Коп жашаныз.дастандарды сиздин аткаруунузда сакталса.Укканда дастанда жашап откондой болобуз.Чоон рахмат.силерге
Талантынызга тазим унунузго береке
Омурзак агай унунузго береке аман болуп ден соолукта омурлуу болунуз ушинтип ырларды ырдап коп жуктонузчу унунуз озгочо уккан сайын уккун келе берет бар болунуз чыгармачыл ийгилик
👏👏👏👍👍👍
Молодец жакшы ырдапсыз ❤❤❤❤❤
Кыргыз элинин булбулу!..
Ото соонун ырдапсыз таазим талантынызга