Доктор Эльмира Көчүмкулова «TV1.kg» телеканалы менен баарлашты

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 6 ธ.ค. 2020
  • 2020-жылдын 7-декабрь күнү Борбордук Азия Университетинин алдындагы Гуманитардык жана маданий мурастар бөлүмүнүн жетекчиси, маданий антрополог, доктор Эльмира Көчүмкулова «TV1.kg» телеканалы менен баарлашты. Ал өзүнүн билимин өркүндөтүү максатындагы сапарлары тууралуу кеңири баяндап берип, өзү эмгектенип келе жаткан Борбордук Азия Университети (БАУ) тууралуу мазмундуу маек куруп берди.
    «Учурда мен Борбордук Азия Университетинде иштеп жатам. Бул университет Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун бир тармагы. Эл аралык, светтик, диний эмес университет болуп эсептелет. Биздин университеттин уникалдуулугу - кампустарыбыз чоң-чоң, ири шаарларга эмес, алыскы тоолуу аймактарга курулган. Расмий түрдө 2000-жылы Бириккен Улуттар Уюмунда катталып, 5 жыл мурун ачылган университибиздин миссиясы да өзгөчө. Баардык жагынан төп келген эл аралык стандарттагы жана жогорку сапаттагы билим берүү системасын көздөйт - деп доктор Э.Көчүмкулова баса белгиледи - Кийинки жылы алгачкы бүтүрүүчүлөрүбүздү чыгарабыз. БАУ алыскы тоолуу аймактарда жашаган элдердин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу менен бирге алардын бай маданий мурастарын сактоого жана андан ары өнүктүрүп-өөрчүтүүгө, кийинки муунга өткөрүп берүүгө көмөк көрсөтүү деген өзгөчө миссияны аркалайт».

ความคิดเห็น •