Ак мөңгү "АК МӨҢГҮ" Амантай Кутманалиев.атк.Асылбек Маратов.

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 15 เม.ย. 2024
  • АК МӨҢГҮ.
    Мөңгүнүн айтып баянын,
    Мөндүрдөй тилим сабайын.
    Мөл кашка тунук күзгүдөй,
    Мөлтүрөп жаткан караанын.
    Мөөрү экен кыргыз тоосунун,
    Мөртү бир келди санайын.
    Мөңгү десем ыр келет,
    Мөңгүдөй таза ыр керек.
    Мөлтүр тилдүү кыргызым,
    Мөңгүгө тилиң шыр келет.
    Мөңгүнү айтып бүтүүгө,
    Мөөнөтү чексиз жыл керек!
    Ак мөңгүм асман талашкан
    Ак булуттардан ары ашкан.
    Жылт этип учкан жылдыздар,
    Жылгаңа түшүп адашкан.
    Коктуңан өйдө жол алат,
    Космоско кетип бараткан.
    Айкалышып асманга,
    Жаркырайсың ак мөңгү.
    Айга жүзүң чагылып,
    Жалтырайсың ак мөңгү.
    Кыналышып асманга,
    Жаркырайсың ак мөңгү.
    Кылыч мизи сыяктуу,
    Жалтырайсың ак мөңгү.
    Астың сууга айланып,
    Шаркырайсың ак мөңгү.
    Күн чырайсың жана да,
    Ай чырайсың ак мөңгү.
    Күмүш айсың жана да,
    Алтын айсың ак мөңгү!
    Памир тоонун чокусун,
    Жапкандырсың ак мөңгү.
    Гималайдын башында,
    Жаткандырсың ак мөңгү.
    Кең-Алайдан өз ордуң,
    Тапкандырсың ак мөңгү.
    Көк талашкан тоолордун,
    Көркү сенсиң ак мөңгү!
    Көзгө сүйкүм көрүнгөн,
    Бөркү сенсиң ак мөңгү!
    Көк жалтаң муз болсоң да,
    Көөдөндөгү жүрөктүн,
    Өртү сенсиң ак мөңгү!
    Өстөндөргө куюлуп,
    Өмүр бизге буюруп.
    Өлбөс-өчпөс ак мөңгү,
    Өзүңдү айтар чак келди!
    Теңдеши жок ак мөңгү,
    Теңир тоого чак мөңгү.
    Алмашы жок ак мөңгү,
    Ала-Тоого чак мөңгү.
    Алты миң жылдык карт мөңгү,
    Алты жүз жылдык алп мөңгү.
    Арасында түнөгөн,
    Алты эле айлык жаш мөңгү.
    Сарамжалдуу сак мөңгү,
    Сан миң жылдан аш мөңгү!
    Бороондоп калың кар уруп,
    Болбой эле дагы уруп,
    Толо бергин ак мөңгү!
    Боору бүтүн башы эсен,
    Боло көргүн ак мөңгү!
    Алтымыш кабат көк жалтаң,
    Аймак болгон ак мөңгү.
    Алсаң чети оюлгус,
    Каймак болгон ак мөңгү.
    Аркан бою жетпеген,
    Таңгак болгон ак мөңгү.
    Адам буту баса алгыс,
    Тайгак болгон ак мөңгү.
    Альпинисттин көптөрү,
    Артка кайтпай сөөктөрү,
    Арбак болгон ак мөңгү.
    Адам уулу бейдаарат,
    Барбас болгон ак мөңгү.
    Айкөл ата боюнда,
    Кайрат болгон ак мөңгү.
    Жетимиш кабат көк жалтаң,
    Аймак болгон ак мөңгү.
    Жесең чети оюлгус,
    Аймак болгон ак мөңгү.
    Жээгине жеткис кыл аркан,
    Таңгак болгон ак мөңгү.
    Жетип бутуң баса алгыс,
    Тайгак болгон ак мөңгү.
    Жээликкендер экинчи,
    Барбас болгон ак мөңгү.
    Жерге жетпей өздөрү,
    Же кайрылбай сөөктөрү,
    Арбак болгон ак мөңгү.
    Жетигиң Манас боюнда,
    Кайрат болгон ак мөңгү.
    Опол тоодой касиет,
    Сыйып келген ак мөңгү.
    Орто Азия тоосуна,
    Уюп келген ак мөңгү.
    Оюму бар ак калпак,
    Кийип келген ак мөңгү.
    Орду таза, кадыры,
    Бийик делген ак мөңгү.
    Ошондон го илгертен,
    Ыйык делген ак мөңгү.
    Торпулардан торолуп,
    Булак болгон ак мөңгү.
    Токтогулдун ГЭСине,
    Кубат болгон ак мөңгү.
    Токко айланып электр,
    Чырак болгон ак мөңгү.
    Өңү-түсүң сулуунун,
    Гөзөлүсүң ак мөңгү.
    Өйдөдөгү булуттун,
    Төшөгүсөң ак мөңгү.
    Өтөнүн«Аккан суусунун»,
    Өзөгүсүң ак мөңгү.
    Улуу Нарын дайранын,
    Нак көзүсүң ак мөңгү.
    Ураан ырың Гимндин,
    Баш сөзүсүң ак мөңгү.
    Элде сонун кеп кылат,
    Кече,
    Эсенаман Бекмурат.
    Айтике менен Чондулар,
    Ак мөңгүдөй орду бар.
    Ак мөңгүнүн сууларын,
    Алмак-салмак сайраган.
    Акын Өтө Жеңижок,
    Арап жазуу тамгадан.
    Арип кылып түшүрүп,
    Артык кылган саймадан.
    Акындардын салты экен,
    Артын улап жалгаган.
    Ак куржундун түбүн,
    Арзан буюм салбаган.
    «Ак куржундун» бир ыры,
    Аттиң бизге калбаган.
    Айткылачы ак мөңгү,
    Ала-Тоого чак мөңгү.
    Айткылачы ак мөңгү,
    Айланага сак мөңгү.
    Аны балким көрдүңөр,
    Ай мөңгүлөр, мөңгүлөр.
    Айттыра албайм силерди,
    Амалым жок көндүрөр!
    Салаалардай көрүнгөн,
    Сары чымга көмүлгөн,
    Сай жолдорун карачы,
    Сан миң жылдан из калган.
    Саймалы таштын арасы,
    Сакталат таза абаңда.
    Сага ыраазы кыргыздын,
    Сайма калпак баласы.
    Сары-Челек менен Чатыр-Көл,
    Салкыныңдан дем алат.
    Соң-Көлүң сага эркелеп,
    Созулуп боюн кең алат.
    Соодаласа ким сени,
    Соолутуп кара жер алат!
    Так эле маңдай жагымда,
    Тагдырлашөмүр сүргөнсүйм.
    Таластын суусун ууртасам,
    Тамырыңа киргенсийм.
    Талаада кеткен өмүрдүн,
    Таттуулугун билгенсийм.
    Таңдайымда бал татып,
    Тамчыңа башым ийгенсийм.
    Тай кунан балалыгымда,
    Тайралаңдап жүргөнсүйм!
    Төрт дөңгөлөк үстүндө,
    Төгөрөндү көп жылдар.
    Төмөндөргө кулады,
    Төгөрөгү төп жылдар.
    Төө-Ашуудан көргөндө,
    Төкмө болуп төккүм бар.
    Толкуп ташып кыялым,
    Токтогул болуп кетким бар.
    Автолордун үстүндө,
    Айланды го көп жылдар.
    Аны эстесем аттиң ай,
    Ак карыңдан өпкүм бар.
    Ала-Белге токтосом,
    Акын болуп төккүм бар.
    Алып учуп кыялым,
    Алымкул болуп кетким бар!
    Өтмөк ашуу кырында,
    Өткөн кезде быйыл да.
    Кыр чокуда жатасың,
    Кырка тартып кыйырда.
    Чаар-Төрдүн чатында,
    Чагылган урган ташың да.
    Чагылып күнгө жаркырап,
    Чачырап жатат азырда.
    Чай кайнатым болгонсуйм,
    Чаарчыктай ошо жашымда.
    Чакмак-чакмак ак мөңгү,
    Чалкып жатат кашымда.
    Таң атканда берилеп,
    Таамай жакын келгендей.
    Так жүзүңдү көрөмүн,
    Тасмал кантын көргөндөй.
    Сага басып баргансыйм,
    Аралашып калгансыйм.
    Андан кийин тунарып,
    Алыс жакта мунарык.
    Абасынан калаанын,
    Алыстайбы карааның.
    Тазалыгың көрсөм деп,
    Таң алдында турамын.
    Талга жөлөп далымды,
    Там алдында турамын.
    Тал-теректин бир укмуш,
    Дабыштарын угамын.
    Табият көркү ак мөңгү,
    Сага,
    Таазим ыр арнап сунамын!

ความคิดเห็น • 6

  • @user-jz1jp2wr1t
    @user-jz1jp2wr1t 2 หลายเดือนก่อน +2

    Асилбек уулум.
    Чыгамачылык ийгилик!
    Союз убагында.
    Эстебес.
    Тууганбай.
    Токтосун.
    Аширали.
    Замир акалар ырдоочу,
    Тамшанып укчубуз.
    Айнайын балдарым рахиат!

  • @AlmazMukaev
    @AlmazMukaev หลายเดือนก่อน +1

    Азыркы акындарыбыз кыргыз элиме буйурган кыла көр жараткан.
    Элмирбектин арты майлуу, сүттүү болсун

  • @user-no4tt6qg2f
    @user-no4tt6qg2f 2 หลายเดือนก่อน +2

    Азаматсын!
    👍👍👍👍👍

  • @AlmazMukaev
    @AlmazMukaev หลายเดือนก่อน +1

    Ой баракелде. Аман эсен ден соолукта бол.
    Элимдин булбулу

  • @Elaman_myrza
    @Elaman_myrza หลายเดือนก่อน +1

    Оооо бай аке бар болуңуз

  • @user-cm6yn7lc9j
    @user-cm6yn7lc9j 2 หลายเดือนก่อน +1

    Асылбек ананайын унундун тунуктугу
    Кудайым омуруно береке берсин бар бол,,,
    Элмирбектей,,,
    Арстанбектей туболук элиндин журогно жашаган залкар акын бол