Жеңижок "Дүнүйө" Көкө уулу Өтө.Асылбек Маратов.
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 20 ก.ย. 2024
- ДҮНҮЙӨ.
Асман, Ай, жылдыз бүткөндө,
Улангансың, дүнүйө.
Жер титиреп бүткөндө,
Куралгансың, дүнүйө.
Он сегиз миң Ааламды,
Бир жараттың, дүнүйө.
Кемтиги жок эч жерде,
Куп жараттың, дүнүйө.
Аял менен эркекти,
Жуп жараттың, дүнүйө.
Адамзаттын ичине,
Кут жараттың, дүнүйө!
Жан-жаныбар, бүлөнү,
Бүт жараттың, дүнүйө.
Көбөйттүрүп ар жакка,
Шүк тараттың, дүнүйө.
Булбул менен чымчыкты,
Бакта кылдың, дүнүйө.
Баардагы пашааны,
Такта кылдың, дүнүйө.
Аркар менен кийикти,
Ташта кылдың, дүнүйө.
Жетип алар ажалды,
Башта кылдың, дүнүйө.
Бир-бирине окшотпой,
Башка кылдың, дүнүйө.
Эки беттин албырган,
Нурун алдың, дүнүйө,
Атасынан баласын,
Мурун алдың, дүнүйө!
Сайдагы жолду карачы:
Сары килем жаптырып,
Сары аркан менен тарттырып,
Санжырга менен төө өткөн.
Саймалуу калпак кийгенден,
Сайышып жоого киргенден,
Санатсыз нечен эр өткөн.
Адамдан артык туулган,
Ааламга салган чуулган.
Атабыз Манас шер да өткөн!
Капталда жолду карачы:
Карагер жылкы бээ өткөн,
Калы килем жаптырып,
Кара аркан менен тарттырып, Көркөмдүгүн арттырып.
Калкайып каймал төө өткөн,
Кайырма калпак кийгенден,
Кайрылбай жоого тийгенден,
Кармашып жоону сүргөндөн.
Көкчө менен Алмамбет,
Кошой, Сыргак, Чубактай,
Көк жалдардай шер да өткөн!
Тоо бузулуп, түз болду,
Токтоп айтар иш болду.
Түз бузулуп, тоо болду,
Түзүктөп айтар иш болду.
Бел бузулуп, жер болду,
Белгилеп айтар кен болду.
Эгини менен жер өттү,
Эрдемсинген эр өттү.
Жер каптаган сел өткөн,
Жаңырган далай эл да өткөн!..
Буга күбө ким болду?
Асмандагы жайнаган,
Ай, жылдыз менен Күн болду.
Көрбөгөн да билбеген,
Канча жан өлүп тим болду!
Дагы күбө ким болду?
Чарчаганды билбеген,
Чатак салып жиндеген,
Төгөрөктүн төрт бурчун,
Төрт айланып желдеген.
Кармасаң колго келбеген,
Же көрүнбөгөн көзүңө.
Же келбеген эсине.
Булутту айдап түрүлтүп,
Бир ачуусу келгенде,
Белди ашыра сүрүлтүп.
Шамал күбө бул болду!
Байыстабай бир азга,
Өткөнүн көрчү, дүйнөнүн.
Артынан жоо куугансып,
Көчкөнүн көрчү дүйнөнүн.
Бир жалбырттап, бир жерде,
Өчкөнүн көрчү, дүйнөнүн!
Кирген суудай шаркырап,
Акканын көрчү, дүйнөнүн.
Жерден берип ырыскы,
Бакканын көрчү дүйнөнүн.
Түгөнбөгөн мезгилден,
Ашканын көрчү, дүйнөнүн.
Чакырып тойго жаткансып,
Шашканын көрчү, дүйнөнүн!
Күн менен түндү камчылап,
Өтүп жаткан, дүнүйө.
Журттан-журтка ташынып,
Көчүп жаткан дүнүйө.
Бири күйсө, бирөөбү,
Өчүп жаткан дүнүйө!
Түшпөсүн деп Ай, жылдыз,
Бышык кылган дүнүйө.
Таң калтырып, адамды,
Кызык кылган дүнүйө!..
Өлүм менен коркутуп,
Сызык кылган дүнүйө!
Баш учуна күлүк ой,
Учуп жеткис дүнүйө.
Ойлоп-ойлоп отурсаң,
Түбү чексиз дүнүйө.
Керемети дүйнөнүн
Эстен кеткис дүнүйө!..
Күндүн нуру сыяктуу,
Күйүп турган дүнүйө.
Бадасындай алпештеп,
Сүйүп турган дүнүйө.
Кайра баштап, кайгыны,
Үйүп турган дүнүйө!
Башчы болуп жүрсүн деп,
Баш жараткан, дүнүйө.
Ооз, мурун, көз үстү,
Каш жараткан, дүнүйө.
Кемтиги жок эч жерде,
Саз жараткан, дүнүйө.
Акылманды ар элде,
Аз жараткан, дүнүйө!
Кор болбостон жүрсүн деп,
Акыл берген дүнүйө.
Жердин үстүн тепсетип,
Бакыр берген дүнүйө.
Кээ бир жерге чөп бербей,
Такыр берген дүнүйө!
Кыдырсын деп Ааламды,
Шамал кылган дүнүйө.
Оргон буудай өзөгүн,
Саман кылган дүнүйө.
Түрдөн-түргө өткөрүп,
Амал кылган, дүнүйө!
Жарык кылган Ааламды,
Күнү сонун дүнүйө.
Асмандагы Ай, жылдыз,
Түнү сонун дүнүйө.
Жаз чыкканда жайнаган,
Гүлү сонун дүнүйө.
Булбулдардын сайраган,
Үнү сонун дүнүйө.
Төрт түлүгү жайлаган,
Төрү сонун дүнүйө.
Төрлөрүндө жайнаган,
Чөбү сонун дүнүйө.
Каз-өрдөгү калкыган,
Көлү сонун дүнүйө.
Айта берсем ыр менен,
Көбү сонун дүнүйө.
Чыгыштан күндү Батышка,
Жүргүзгөнүн карачы.
Ааламдын шам чырагын,
Күйгүзгөнүн карачы.
Кудуретин жараткан,
Билгизгенин карачы!
Күн кыдырып көк менен,
Жөнөгөнүн карачы.
Жарык нурга балкытып,
Бөлөгөнүн карачы.
Канча жанды жаратып,
Төрөгөнүн карачы!..
Ай айланып асмандан,
Каттаганын карачы.
Бир орунда тынч алып,
Жатпаганын карачы.
«Саманчынын жолу» дейт,
Бүт жылдыздар чачырап,
Батпаганын карачы!..
Канаты жок Ай, Күндү,
Учурганын карачы.
Адаштырбай жолу жок,
Туш кылганын карачы.
Айтып бүткүс сооптуу
Иш кылганын карачы!
Жылдызды көккө толтуруп,
Ай кылганын карачы.
Жасаганын жараткан,
Шан кылганын карачы.
Жалгыз жарым койбостон,
Пай кылганын карачы!..
Өткөн мезгил артына,
Кайтпаганын карачы.
Бүгүн көргөн эртең жок,
Кубулганын баяндап,
Айтпаганын карачы.
Улукман аке баш болуп,
Канча акылман табып өттү,
Өлүм сырын эч бири,
Таппаганын карачы!
Асман, жердин арасын,
Кең кылганын карачы.
Жерден берип ырыскы,
Эл кылганын карачы.
Жетиштирбей бир жерин,
Дайыма кем кылганын карачы!
Кезектешип төрт мезгил,
Келгендигин карачы.
Керектүүсүн жандууга,
Бергендигин карачы.
Караңгыны жарыктык,
Жеңгендигин карачы?!
Не деген үн Аллахыбыз берген экен талантты баракелди 🇰🇬
Өнөрлөргө таазим кандай сонун сөздөр куралган.
Баракелде азаматсын онорун оркундой берсин ийгилик сага бактылуу болгун
Асылбек-мырза! Зо-о-о-ор...! Таланттынызга таазим! ♥️🙏🙏🙏🙏🙏🙏🙏. Бишкек 2024-ж.
Үнүң өчпөсүн Асылбек ден соолукта жүр досум ай
Ийгиликтер коштоп жүрсүн аман бол
Бар болунуз
Кыргыз дөөлөтүнүн төрт генийинин бири - дал ушул Жеңижок!
Эң сонун үн, уккан сайын уккуң келет.
👍👏✊🇰🇬❤
Баракелде.
Баракелде бар болунуз 👏👏👏
Бали бали!
Ырды угуп ырахат аласынго
Эх😊
Соз чебери мезгилдин чебер акылманы, жашоодун жаралганын, жаратылышка айкалыштырып, жашоо(омурдун)кызык,кымбат экенин баалап анын туболуукту эмес экенин терен изилдеп ыр тушургон ОТО го рахмат, канча убакыт отсо да буга тендеш омурду элестетип салыштырган эч ким жок….
Ассаламу алейкум Асылбек, номеринди калтырсан иш бар эле
0702444144
Мааниси жаккан жок
Дунуйо жартуучу эмес
Баардык нерсенин жаратуучусу Аллах!
Аллах жараткан нерселердин баары ушундай болуп дүйнөдө болуп жаткандыгын айткысы келген