Кесипке багыт берүүнүн алкагында экскурсиялар уюштурулууда.

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 5 พ.ค. 2024
  • Кесипке багыт берүүнүн алкагында экскурсиялар уюштурулууда.
    Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы кесипке багыт берүүнүн алкагында Т.Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназиясынын 9-классынын окуучулары үчүн №18 кесиптик лицейге "Ачык эшиктер күнүнө" арналган экскурсия уюштурду.
    Мектеп окуучулары лицейдин окуучуларынын чыгармачылык иштерин көрүп, лицейде окутулган адистиктер жана кыска мөөнөттүү курстар менен таанышты.
    Экскурсиянын соңунда жыйындар залында лицейдин окуучулары өздөрү бычып, тиккен кийимдеринин көргөзмөсүн тартуулап, концерттик программа менен аяктады.
    Белгилей кетсек, №18 кесиптик лицей маалыматтык технологиялар жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө адистерди даярдайт (WEB жана мультимедиялык тиркемелерди иштеп чыгуу боюнча) о.э. ашпозчу, тигүүчү, унааларды оңдоо боюнча адиси ж. б.

ความคิดเห็น •