Америкалык кыял #3: Кыргыздардын Америкадагы биринчи заводу
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 30 ก.ค. 2024
- Бүгүн биз Америкалык Кыял долбоорунда Кыял мырзаныкындабыз! Кыял мырза кыргыздардын эң биринчи прицеп чыгарган заводтун ээси, мушкер жана ийгиликтүү ишмер. Бул чыгарылышта биз ММА тууралуу, Америкадагы спортчуларды коолдоонун жолдорун, жана бизнес тууралуу сүйлөштүк.
Эмне үчүн спорттук карьера токтогон же болбосо Кыргызстандык Том Круз Чикагодо кандай жашайт?
Менин инстаграмым (конкурстун жообу ушул жактан чыгат) :
/ doolotkerim
CDL мектепке шилтеме:
/ prodrivercdl
Silk Way Run дын шилтемеси:
shorturl.at/dkzCP
Папан экспресс:
/ papan_express_inc
00:00 Тизер
00:30 Башталышы
01:08 Таанышуу
01:33 Эмнеге мынча көп ачкыч бар?
02:32 Шаарча тууралуу
02:58 Конок бөлмөсү
04:16 Ашкана
04:30 Саякат
05:56 Арткы бакча
07:27 Кыргызстан тууралуу
08:58 Үй бүлөө менен эмне көрөсүз?
10:43 Мелдештер
12:20 Америкага кантип келгем
13:15 Спорттогу карьера
15:28 Биздин спортчуларга демөөрчү болом
17:33 Англис тили
18:55 Күнүмдүк машыгуулар
19:42 Silk Way Run
20:05 Профессионалдык машыгуулар
21:04 Америкадагы бойлор
22:43 Экипировка
25:46 Экинчи кабат
28:09 Ремонт
29:25 Майамидеги иштер
30:50 Ата-эненин бөлмөсү
31:37 Офис
33:33 Жумуш тууралуу
37:41 Завод тууралуу
39:34 Гараж
44:45 Завод
50:49 Америкалык кыял
52:15 Сунуштар
53:45 Конкурс
Кыргыздын уулу Папандын кулуну патриот 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🔥🔥🔥Кыял Шериев Америкада кыялын оорундаткан мыкты ишкер. Дагыда коптогон иш-аракеттерди кутобуз, сизге окшогон инсндар кооп болсун.Сиз мн сыймыктанабыз ЧЕМПИОН!!!👍👍👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Папандан болотбу чын эле
Папандын жигити👍
Ооба
Кыял ака ишинизге ийгиликтер боло берсин🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Ассалом алейкум, кыргыз элим Кыял классташым! Мектепте окуп жургондо хулиган,мугалимдерди дагы тоготпогон,столдун артында олтурган, Муктар агайыбыз менен кечке урушкан тажаан жигит болчу😁азыр бугунку кундо Америкада ушундай ийгиликтерге жетишкенин коруп аябай суйундум! Классташ дагы да алдыга жылабер буюрса сени Америкалык бизнесмен деп тааныйлы🤲🏻🤲🏻🤲🏻
Мени да тоготпогон классташтарым буйруса сиздей болуп сыймыктанышын каалайт элем😅
Кыял менен биз 11 жыл чогуу окуганбыз досум кичинекейинде эле мен Америкага кетем чон чон иштерди кылып эл жериме кызмат кылам деп ниеттенчуу Аллахым ниеттеринин бирине жеткирди, дагы чон чон ниеттери бар экен баарын Аллахым ишке ашырган болсун, ар дайым ден соолугуну, уй булодогу бакытынды берип ишин алдыга жылып ата энене, эл жерине кызматынды кылып журо бер досум. Жаны ачкан иштерине Аллахым берекесин берсин. Дуйнодогу эн онуккон мамлеккетте Папан деп биздин айылдын жана Кыргызстандын атын таанытып жургонун бул абдан чон жетишкенин, биз сени менен сыймыктанабыз досум.
Чын журоктон мен дагы сенин ой тилектерине кошулам классташ
Аябай мыкты досун бар экен.Ийгилик!!!
Ассалом алейкум Кыргыз элим!
Кыргыз элимде ушундай колу ачык, эр-журок, тайманбас, эмгегчил, ыймандуу эр азаматтар бар экени баарыбызды кубандырбай койбойт. Жаштарыбыз сени коруп мотивациялары которулуп, келечекте жаштардын стимулу болуп, кумерлерине айлангын. Камерадан кылып жаткан иштерин оной корунгону менен, бул иштердин артында канчалаган эмгег, канча нерв, канча убакыт турганын билбешибиз мумкун. Бирок ар бир жетишкендик, талыкпаган эмгек, сабырдуулук, ожорлук талап кылынарын билишибиз керек. Эгер бийик, бийик тепкичтерди багындырууну кааласак, анда Кыялга окшоп талыкпаган эмгегчил, ожор болушубуз обзел. Кыялдын камерага айтпаган башкада демоорчу болгон сооп иштери коп. Жасаган сооп иштеринден Аллахым ыраазы болсун.
Кыргызымда эр журок, спортсмен жаштарыбыз ото коп. Аллахым иштеринди илгери кылып, спорт жаатында, жаштарыбызга демоорчу болуп, UFC, Bellatorду багындаргын, кала берсе бул промоушендарда чемпион болгон эр азаматтардын чыгышына себебкер болгун.
Иштерине ийгилик, уй-булоно аманчылык, алдына койгон ой-максаттардын баарын Аллахым орундатсын. Жигитке 70 онор аз дегендей, уй-булодо, бизнес, спорт, онор, айтоор бут жака жетишет экенсин. Сендей коп кырдуу талантты тарбиялаган ата-энене чон рахмат, терен таазим. Кылган эмгегтериндин узурун коруп, эккен момолорундун жемишин Аллахым эселеп берсин! Сендей эр азаматтар Кыргызстандын келечегинен копту умуттондурот. Бул интервью жаш-карыга карабай, баарыбызга мотивация, улгу болот деген ойдомун.
Чыгармачыл топко чон Рахмат. Ушундай интервьюлардан коп коп чыгарып тургула.
Чигаго.
туура
туура
Соонун
Зээрикпей ушунча комментарии жаздынбы😊 молодец
@@user-wv1pe8wz1o ыы бул дагын секин жазганым
Урматтуу кыргыз элим.
Эмне үчүн мамлекетибизге салым кошпойсуздар?
Эң жөнөкөй "Ө" "Ү" "Ң" тамгаларын көчүрүп алыңыздарчы сураныч.
Кыргыз тили бул биздин тил, сиз барктабасаңыз, эч ким барктабайт.
Рахмат!
Мен бул видеону коруп бутуп козумо жаш алдым. Кыргызстандык озубуздун балдарыбыз оздорунун кучу менен ушунчалык жогорку денгээлге жетип ещё Папан экпресс деп ишкана ачкандыгы сыймык эмей эмине. Оркундоп осо бер,зоболон бийиктей берсин. Бизсендей уулубуз менен сыймыктанып журо берели.
Ассаламу алейкум
Тоодон кой артынан жүрүп, жаан жааганынан, жондон өткөн суу жанды чымырата үшүтө койду, мурдумдан сууну аарчый калып, көзүмдөн жашты агыза үйгө малды айдап келип, бир аз алаксыйын деп, Ютубка көз чаптырдым. Бул жашоодо адамдар ар түрдүү жана ар башка. Кыял мырзанын басып өткөн өмүр жолу биз үчүн турмуштук сабак, өрнөктүү үлгү, максаттарга жетүүгө чоң стимул. Ар бир инсан - бул китеп. Мындай долбоорлорду көргөндө бүтүндөй бир китепти окуп чыккандай дүйнө тааным байып, жүрөгүмдө жашоонун жаңы горизонттору ачылат. Келечектеги жаны муунга эсепсиз эргүү берүүсүнө ишенемин. Ааламга жол айылдан башталат дегендей кыргыздардын Америкага барып, чоң ийгилик, улуу максаттарды жаратып жаткандыктары мени абдан кубантат. Мен үчүн ар бир кыргыздын жараткан ийгилиги - бул Кыргызстандын ийгилиги, имиджи болуп саналат. Чет жакта жүргөн мекендештерибизге жана кыргыз элеми тынчтык болсун, Баарыныздарга ак жол жана ийгилик!
Кыял,ушундай ийгиликтуу
адам болоорунду билгенмин.Анткени,кичикей
кезинден эле,тартынууну
билбеген,кылам деген ишиңди аягына чыгарган,любой адам мн тил
табышып,ичи койнуна
кирип,айтор,шустрый,быстрый бала элең!Аябай сыймыктанып турам!
Буюрса,мындан да, чоң чоң
ийгиликтерге жетесиң,ага толук
түрдө ишенем!Кыргыздын атын чыгарган,бычака сап мырзаларынан бол!❤❤
Кыргыздын кыйындары сыртка чыгып кеткен экен,😢😢😢😢 тилекке каршы. Кыял мырза сизге чың ден-соолук узун өмүр үй-бүлөлүк бакыт каалаймын 🤲🤲🤲🤲🫀🫀🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬✊✊
Ассаламу алейкум! Кыялбек досум кыялдарын чон болчу ошо кыялдарына жетип отурасын сана дагы игилик Амерканда чон иштерди дагы коп башта аллах колдосун. Кыялбектин бир жаштыгын эстеп кетсем м.н 11 жыл 3 км алыс жайгашкан мектепке барып окуучубуз ошондо Кыял амеркага кетем деп айтчы Модирин токин ырды коп укчу озу айткандай эч тартынбай суйлочу, ошо кезде эле спорту кылчу Кыялдын жаштыгын айтсан бир жомок. Кыял озун айткандай сен колдогон балдарды UFC ден королу досум насип калса.
Эмнени байкадым Кыялда озгочо адамдык сыпат бар экен, мындай адамды жараткан озу колдойт.
Саламатсыздарбы Кыял мырзанын кыялдары ашыгы менен аткарылсын! Уй булонузго д соолук ишинизге ийгилик каалайм! Дайыма кыргыз деген жаштар кобойо берсин! Кыргызстандын желегин жакшы жактан желбиретиниздер! Спортко машыккан балдарды колдойм дегени мага абдан жакты, суусаган адамга суу ичиргендей болду эн сонун мотивация болду жаштарга.Кыргыз элим колдосун.! Аллахым берерин унутпасын ! Уй булолук бакыт каалайм! Бардык кыялдар орундалсын! Оомийин!!!
ПЕЙЛИЙНЕН АЙЛАНАЙЫН КЫРГЫЗЫМ ,БАЙКЕМ ИШИЗГЕ ИЙГИЛИК КЫРГЫЗ БОЛГОНУМА ЧЕКСИЗ ШУГУР АЙТАМ , ЖАЛПЫ АЛЫСТА ЖУРГОН МЕКЕНДЕШТЕР АМАН ЭСЕН ЖУРУНУЗДОР МЕНДА БИР ИНИЗДЕРМИН 🇰🇬🤲🤲🤲
Кичинекей мурду бок ,тентек бала
Кежирлиги элде жок,чанда бала.
Айылдын эн шогу эле анда,
Агайдын эжекейдин баласы да......
.....Ооба ошол кичинекей Кыялбеги ,
Чоноюп кыялдарды багындырды.
Атын уккан Америка шаарында.
Уй жай кутуп,улгулуу булоо атанды,
Сыймыктуу эл уулуу бол агатай .
Эл жерин,ата-энен кубаттасын!
Сагындык Кыялбекти айыл ичи.
"Буйруса ал кун да аз калды -"деп айттын.
Ишинизге ийгилик.
Аман журунуз.Уй-булоолук бакыт каалайм.
Кудайым озу колдосун сизди,кыялыныз орундалсын,копчулуко ,элге пайдасы тийсин ,кыргыздар ийгилке жетишсин дегендер лайктан басып койгула эми 😊😊😊,самсунгтун акыркысын алсам айалым суйунуп калат эле ,баасын коруп коетур дегем ,буйруса насип этсин мага окшогондорго😅😊
Ассаламу алейкум МашАлла
Кыргыздын мыкты жигиттери,
Ушинтип дуйнону багындырып, дуйнолук денгээлге жеткиле 🤲
Сен кылган жумуштарды коруп чын журоктон суктандык , анча мынча адамдын колунан келе бербейт. Аллах ыраазы болсун
Адамдарга ыраазы болбогон Аллахга да ыраазы болбойт , уйбулон менен тынч бол иштерине ийгилик . Алла Таала жамандыктан озу сактасын🤲
Ар дайым ушундай жакшы иштерине кубо болуп журо берели 👍
Кыял деген инибиз папандын сыймыктуу атуулу десек болот. Алтын башын аман болуп, ата энен, уй булоон менен бактылуу жаша.
Ойлор басып көпкө ойлондум.
Жашоо ушунчалык кызыктуу, соонун, күлкүлүү, аянычтуу, таң калычтуу.
Көрүнүктүү инсандардын ийглигин көрүп өзүңдүн дүйнө таамыңа эргүү келип, жашоого толугураак көз чаптырасын.
Ийгиликке жетип өзүнүн тажырыйбасы менен бөлүшкөн жаратмандарды көрүп, сүйүүнү менен көзгө жаш алып, купулга толоо ыраазычылык билдирүү максатында башынды ийкедим. Чындыгында Кыял байкенин дүйнөсү аябай кеңдиги, жүзүн нур баскан ыймандуулугу жана ушунчалык ийгиликти багындырса да, жөнөкөйлүк касиетин жүрөгүнүн түпкүрүнө мөөрдөй басканы, тан калдырбай койгон жок. Баскан жолу жеңил болбогонуна карабай канчалаган туңгуюк ойлор, ишенимсиз абалдарды сезимдерди, ички уйгу туйгу ойлорду туура ойлонуу менен жеңип, учурда менмин деген Американын жөн гана кызматчысы болбой, бүтүндөй чоң компаниясынын ээси болгону сүйүндүрдү.
Сыймыктанабыз… Уй булоно, элине, жерине эн жакшы кызмат кылган досум… Дилин ак, ден соолукта, Кыргызстанга, Инсанга кызмат кылып журобер…
Ассолому алейкум
Мен сиздерди кубаныч жана дем менен салам айтам. Саламатсыздарбы?🌟
Учурда Түркия өлкөсүндө студенмин, экинчи курсунда окуйм. Мурда такыр ата энемдин жанынан чыкпай, сүткө тойгон күчүктөй бактылуу, кой үстүнө торгой жумурткалаган заманда жүргөнүмдү сезбептирмин.
Качан гана Анкара шаарына келип университетке окуп баштаганда, канчалык деңгээлде жоопкерчилик бар экенин түшүнүп. Кыйналганда; Кетип өзүм сүйгөн Тору атымды минип, Алабай итимди агызып тоо койнуна кетким келип, сагынып кусалыктан көзүмдөн жаштар тып деп аккан күндөр да болбой койбоду.
Бирок менин бирден бир кыялым, Кыргызстанга кумалактай салымымы кошсом, деген ой гана мени кармап кое бербеди.
Маекти көрүп жөнөкөй, чынчыл, жоомарт, ыймандуу болгон Кыял мырзага суктанып шык, энергия болуп эргүү берди. Кыйынчылыктарды жеңип, кыялдарын ишке ашырууга болгон жөндөмү укмуш экенин далилдеп даана көрсөтүптүр. Эрктин күчтүүлүгү жана чечкиндүүлүгү кичипейил болгон Кыял мырзанын ийгиликке жетүү жолунда бардык тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берген. Анын окуясы биз кыялдарыбызга өжөрлүк менен умтулсак, бизди эч нерсе токтото албастыгы биз үчүн жаркыраган жылдыз сымал көрсөтмө болду!
Кыялдар орундалат деген жолборс жүрөктүү ой мага карай бир кадам баскандай.
"Кыйынчылыксыз, ийгилик болбойт"- деген сөз барго. Ар бир ишти план менен сабыр кылып, көп жактарын карап, өзү эле ойлонбой, командасынын жүрөгүндөй сыйлаганы көңүлдү жибитти.
Билимди баса белгилеп, билимге умтулганы, билимде жүргөн инсандардын бири катары аябай бааладым.
Кыргызстандын алдыңкы өлкөлөрдүн катарына киришине себептердин бири бул-"Билим" болот.
Өзүбүз врач кесибин алкалап, Кыял мырзага кошо баарыныздарды спортко үндөмөкчүмүн. Чынында эн жакшы даары бул "алдын алуу"(профилактика).
Ден соолугу чың, үй бүлөсү сак, тынычтыктагы адам, эн бактылуу адам.
Баарыныздарды ар дайым балээ апааттардан Жараткан өзү сактап, тилеген ойго, айтылган жакшы дубаларды кабыл кылсын.
Дөөлөт Керимбеков мырзага, уюштуруучуларга чооң рахмат!
Сиздерди урматто менен,
Едем Ибраимов.
Çankaya · Ankara · 06520
Азаматсын Кыял Атаэненин кыялындагыдай адам болупсун! Атана рахмат сендей уулду тарбиялаган мааша Аллах! Тапкан ташыганын уйбулоно насип кылып буйрусун!
Ушунчалык суктанып кордум, мен жомок коруп аткандай эле акыбалда кордум, азаматсынар таазим ушундай алдыга умтулган балдарыбызга, мен эми 48 жаштамын,мен корбогонду уулум корсо деп ниет кылам❤❤❤
Азаматсын сендей кыраан жигиттерди кандай аял тууду экен чиркин.Апандын жузунуда коргум келип кетти,сени коруп. Ушундай кылып тарбиялап остургон, ата энене таазим ❤
Кыял сени менен чогуу видео тартабыз деп жүрдүк эле, Дөөлөт мн буйруптур да. Жакшы чыгарылыш болуптур. Кыял азаматсың. Сыймыктандым ой жүгүртүүңө. Сыртыңдан билген мн ичиңди аңтаруу, ичиңден таануу кызык болчу. Деп телефонду утуп алайынбы. 😅
Дөөлөт сен да азаматсың. Экөөн тең жакшы көргөн инилеримсиңер. Ишиңерге ийгилик. Пробкада бир дем мр көрүп чыгып койдум. 👍
"Кыргызмын" дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп,
"Кыргызмын" дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.
Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил,
Уулуң дагы, кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!
С:Шайлообек Дүйшеев
ЭНЕ ТИЛИН УНУТКАНДАР.
"Ө" "Ү" "Ң" деген тамгалар бар кыргыз тилинде!
Кыялбек, ассалам алейкум! Тууган, сени тааныбайм, бирок тынччылык-аманчылыкта бол! Ойлогон жакшы максаттарына жет! Азаматсын!👍🤝
Кыялбектин козунон Кыргызстанга болгон суйуусу сагынычы чон экени корунда турат Ото жонокой бооркер экени корсок болот азаматсын ишин оркундой берсин уй булон менен бактылуу бол ишине ийгилик Кыргыздын жердештерди колдоп озундун Кеп кенештеринди болушуп жакшы мамиледе экенинди да коруп журобуз.Оркундоп осо бер Кыргызымдын чыган жигиттери
Кыялбек мыкты жигит! Берешен, ак көңүл, аракетчил! Кудайым берекесин берсин 🤲
PAPAN POWER 🔥
Ассаляму алейкум мекендештер!🇰🇬
Доолот байкебизден дагы бир озгочо чыгарылыш болуптур.
Сенин кыялыңдагы жашоону жашап жаткан кыргыз байкелерди көрүү сага башкача эргүү берет.Адал эмгек,адамгерчилик,жөнөкөйлүк,жүрөктөгү ыйман сени кол жетпеген бийиктиктерге жеткирээрине дагы бир далил.Байкебиздин спортко болгон суйуусу ар бир буюмга кылган мамилесинен,спорт жонундо суйлоп жатканда коздорундогу жалыны спортко болгон чексиз суйуусу экран аркылуу сезилип турат.Адам кылган ишин чын журоктон суйсо бийиктиктерге жетет тура.
Байкебиздин ата-энеге болгон мамилеси чон улгу болду.Качан ата-энеден алыстап кеткенде алардын баркын билет турбайбызбы.Балким,ушул ырыскыны Жараткан ата-энеге болгон кызматы учун берип жаткандыр.
Мен дагы баардык мекендештер сыяктуу эле Америкалык кыялымды ээрчип келгем,бирок Америкадагы жашоону коруп ичимде абдан чон коркунуч пайда болгон.Жашоонун тездиги,нугу башка жака бурулуп,жашаганга жетишпей,Америкалык кыялымды унутуп бараткан кезде,байкебиздин кылып жаткан иштери мага дем-куч берди.Ушул создор мага абадай керек болуп жаткан экен.Америкада завод ачуу бул башкача денгээл!Демек,аракет менен кол жеткиз бийиктиктерге жетсе болот экен.
Адамдын мумкунчулукторундо чек жок тура….
Байкебиз бул маеги аркылуу канчалаган жаштарга дем-куч берип,кылып жаткан иштери аркылуу мекендештерибизге жумуш ордун тузуп,элибизге эмгеги синип жатканын балким озу байкабайттыр.Маектен чыгарган тыянагым ийгиликтин эч кандай сыры жок,бир гана адал эмгек жана дагы эмгек!
Мекенибизде канчалаган таланттарыбыз,спортсмендерибиз “Башка тушсо байтал жорго”болуп,турмуштун арабасын тартыш учун таланттарынан баш тартып,канчалаган кыялдар орундалбай,ширенкедей тутана албай,Кыргызстаныбыздын желегин желбирете алышпай калды.
Сиздин спортсмендерге колдоо корсотом деген бийик пландарыныз ишке ашса,жок дегенде сиздин колдоонуз менен бир спортсменибиз дуйнолук денгээлге чыгып,желегибизди желбиретсе сиз мекенибиз учун жетишээрлик иш кылган болосуз!Сиз сыяктуу байкелердин арабызда болгону,өлкөбүздүн өнүгүшүнө үмүт берет.
Урматтуу,мекендештер!Арабызда Кыял байкебиздей Кыргызстаныбызды кыялдарга жеткире турчу адамдарыбыз коп болсун,осолу,онуголу!Кыргыз деген атыбызды булгабайлы,чет жакта журобуз Кыргыз атыбызды татыктуу алып журолу.Эмгектенели,аракет кылалы,биз дагы байкебиздин жолун жолдоп Жаратканым жар болуп бийиктиктерге жетели!✊
Маекти коруп жаткан учурда эргуу келип ушул торт сап ырды дагы жазгым келди👇
Куроштум куч сынаштым жашоо менен.
Сынбадым сыноосуна жашоонун мен.
Такшалдым таштак жолдо баскан сайын.
Багынбайм барган сайын жашоо кенен!
Эмилбек/650-350-2175
Доолот сто пудов сизге берет белекти, себеби Америкада жашагандардын утушка шансы кобуроок. Мурунку чыгарылышта, анан 3 оюн болду баары Америкадагыларга кетти менин билишимче. Бул деле ошондой болот, макул карап турабыз го!
Айжан биздин көз алдыбызда чоңойгон, аябай жакшы, иштерман эле кичинекейинен эле, бактылуу болсун.
Бакыт, Бактыгүл силерге сыймыктана берсин 🤲
Ассаламу алейкум Кыял байке!
Аллах сиздин алдыга койгон жакшы ниеттериңизге орундатсын. Үй-бүлөңүз менен бактылуу болуңуз. Ата-энеңиз менен дайыма бирге болуңуз. Океандын ары жагында болсоңуз да Кыргызстан үчүн күйгөн мырза экенсиз. Жеке өзүңүздү гана эмес,башкаларга да камкордук кылганы аракет кылган сапатыңыз мага жакты. Ушул сапатыңызды сыйладым. Жана сөздү тандап,талдап сүйлөгөнүңүз жакты. Сиздин маегиңизден өзүмө көптөгөн үлгү алчу сапаттарды байкадым. Буйруса өзүмө пайдаланам ошол сапаттарды.
Мисалы:
•Кичипейилдик
•Чынчылдык
•Жоомарттык
•Чечкиндүүлүк
•Чыдамкайлык
•Туруктуулук
•План менен жумуш жасоо
•Үй-бүлөө менен да алектенүү
•Жашка карабастан тил үйрөнүү
•Китеп окуу
•Ар тараптуу ойлонуу
•Башкалардын да оюн сыйлоо,угуу
•Спорт менен дайыма денени чыңдоо
•Коллектив менен мамиле түзүү
•Командага мотивация берүү
•Ар бир иштин майын чыгарып жасоо
•Ийгиликке жетүү үчүн 24/7 аракет
•Аллахты эске алуусу.
Мына ушул нерселерди Кыял байкеден көрө алдым. Кийинки чыгарылышты да ушул сыяктуу мотивация берчү инсандан маек алсаңыздар демекчимин.
Ар бирибиз Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошсок,ин шаа Аллах Мекенибиз өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулат бат эле.
Нурсултан Жалал-Абад шаарынан.
Азыркы учурда Египетте биз да тил&дин үйрөнүп жүрөбүз.
+201559860505(ватсап)
Коментарийди окуп, эки жуздуу деген сыфат эске тушуп кетти тообо кылдым!
Типа дин чойросундомун мага ишенгиле дегендей жазылып калыптыр, бирок айтоор билбейм байкеси, сиздин хаккынызга калып кетпейин анан.
Эскертуу; Бул жон гана менин оюм, мен сизди эки жуздуу деген жокмун!
Америкалык бир туугандарыбызга ийгилик каалайм өттө сонун иштерди кылып жатышыптыр азаматсыздар 👍 Чет олкодогу кыргыз жарандарыбызга ден соолук берсин 🤲 биринчиден ден соолук болсо ийгиликтер акырындык менен боло бермекчи . Кудай буюрса бизге дагы насип этсин 🤲 элдин ккргине жараган бычакка сап болгон патриот балдардын болушубузга Амин 🤲
Аябай жакшы ыймандуу Инсан екен мен бул инсанды еми танып атам бизге УлГУ Болсун ушундай инсандар Машаллах кудайым колдопжурсун силерди Кыял мырза .
Азаматсыз👍👏👏 ар дайым бар болунуз. Алдына койгон умтулуунуз эч качан очпосун. Ар дайым Ден соолугунуз чын болуп, Уй булоонуз мн жашоонун жыргалын коп корунуз. Арку тилек максаттарыныз ишке алып,иште ,жеке турмушунузда чон чон ийгиликтерге жетуунузду каалайм . Эл керегине дараган,олкобуздун онугуусуно салымынызды кошкон,чоон Кадыр баркка ээ болгон, журогундо Кири жок,кесибин от жакшы билген,бактылуу,кайраттуу,чынчыл Адам болушунузга тилектешмин. Анан ар дайым жанынызда жакшы адамдар курчап турсун. Сиздей уулду Тороп остургон, Ата энениз Ден соолукта болуп,омурлору Узун Болсун.
Кыял молодец укам. кучтуну кучту кыйынды кыйын деш керек ,Бишкекте жургондо ото мээнеткеч бала элен либой нерседен результат корсотуп ,кличка сникерс деп спортон жакшы ийгилик жаратып журдун эле .Аллахым уй булону ыйманга ырыскыга бай кылсын ,ар дайым эл сыймыктан Кыял болуп журо бер .
🇰🇬🇰🇬 Билбейм эми жакшы коментарий номинацияга жетээр жетбесин, бирок менин да буга чейинки кыялдарым оорундалды... Ушул агабызды көргөндөн кийин менде Америкага барып мекендештер үчүн, орто Азия элдери үчүн жеке медициналык клиника ачам деген чооң максат пайда болду, буюрса мендагы 🇰🇬🇰🇬 желегибизди көтөргөн спортчу мекендештерибизге бекер медициналык жардам көрсөтөм. Аллах сактап ширкке окшоп калбасын, ошентсе да ырым катары бирнерсесин белек кылса жакшы бир мотивация болмок мага. Үй бүлөөңүз менен Бар болуңуз мекендеш.
Баракелде Папанграддык туугандарым.Ак-Буура дарясынын суусун ичип,Олокон Тоосунун абасынан демалып чонойгон балдарыбызга аманчылык,чын ден'-соолук,кетпес доолот,ооматтуу жашоо каалаймын🤲🤲
Урматтуу Дөөлөт мырза саламатсызбы?
Биздин комментарий, үч күндөн бери, канча аракет кылбайлы *(sort by) top comments* тарабына чыкпай койду, коментарий карап жатканда *newest first* десеңиз толук коментарийлер ошо жакта, биз сиздин теңдүүлүктү сүйгөн инсан катары баалайбыз.
Сураныч. Чооң ыракмат!
Сенин бактылуулугунду коргон ата энен менин агай эжекем бактылуу. Ошолордун бактысына бар бол бактылуу бол🤲🤲🤲
Кыял сен красавчиксин!
Байкасам Дуйнодогу эн наивный калк бул кыргыз эли экен, телефон берем десе баары ишенип жазып жатышат. Ээ мурунку видеолоруна кирип карасанар все равно Америкада жашаган бироо алып кетсе керек.
Карга карганын козун чокубайт дешет коо!😕
Баарынарга удачи! Кыял пушкасын ман!
Иштеринизге ийгилик байке !!! Эн мыкты Адам экенсиз .Денсоолукта болунуз !!!Эн жоноткой Адамдык сапатыныз бийик экен
Кыял аяш уулум биринчи сага ден соолук,узун омур,иштерине ийгилик,сени коруп аябай сыймыктандым,бар бол уулум.Уй буулон менен бактылуу бол.
Азаматсын Кыял,ойлогон ой максаттарын ишке ашып,ата энендин суйунучуно суйунуч кошуп,кыргыз элине кызмат кылып,баарынан алкыш алып журобер .
Ма Ша Аллах үлгүлүү бала , үлгүлүү ата экенсиз . Ишиңизге ийгилик ,
Молодец байке вообще супер эркектер сиздей болсо анан кыргыздын кыздары кыргыз жигиттерден башкаларды карашбайтта ,сиз ото эмгекчил адам экенсиз ийгилик каалайм
Америкалык кыялга баарыбыз жетип алайлы💯
Канча подкаст көрдүм ушул каналдан, эн жакканы ушул байкеники болду. Машаллах байкеге, жонокойлугу өтө жакты! Бар болуңуз байке! Аллах жарыңыз болсун! 🤫
МашаЛлах: эн жакшы сапаты: Ата - Энесин сыйлаган жигитин мырзасы экен👍 сын своего народа 🇰🇬 патриот, спортсмен, меенеткеч курч ишкер экен 👍 балдарын, уйбулосун Аллах дуйно акыретте бактылуу кылсын 🤲 видеону толук коруп чыктым 👍 жалпы сапарда меенет кылып жургон мусаапыр туугандар: тилеген максатына жетсин 🤲 буйруса Кыргыздар деген китепти окупчыгам. Кыргызстан 🇰🇬 Ошский область, город Кара- Суу, село Папан. Коз тийбесин 🤲 Менден чисто обращение: буйруса келечекте Кыргызстанга UFC нин хотябы бир турнирин откоруп берин 🇰🇬🇺🇲
Жамгыр менен Жер когорот бата менен Эл когорот дегендей элдин оозунан тушпой эл менен болуп журо берин иштеринизге ийгилик ушул кайратыныздан кайтпан жакшыдан бак калат жамандан даак калат дейт жалан Гана жакшылыктардын устундо журо берин кыргыз элим аалга
Кыйынды кыйын деш керек! Ийгиликтер болсун!
Машаллах омуруно береке берсин
Биздин кыргыздар дунуйонун бурчунда болсода кыргыз деген патротук эрчий журот
Кыргыз экениме мин бертебе шугурлор болсун. Биздин кыргыздар биримдигине шугур. Кудайга шугур сиздердей эр азаматтардын кобойгонуно шугурлорболсун. Аллахым омурунузду берсин ишинизге омурунузго береке 🤲🤲🤲
Биринчиден эн мыкты жолдош, эн мыкты ата болгонунар ата эненин сыймыгы экенинер кубандырды. Ата эненин бактысы баланын жетишкендиги ийгиликтерди багындырганы
Сизге тарбия берип остургон ата энениздин омурун берсин. Кандай бактылуу эне сизди торогон жана кандай бактылуу жубай 😊
Кыргызстанга чон салым кошконунуз биздин спортсмен балдарды колдогонуз патриотдуулугунуз тан каларлык деги соз жеткиз жигитдин мыктысы экенсиз.
Менинда уч уулум бар сизди коруп менинда балдарым ийгиликтерди багындырат деп кубанып калдым 4класс балам бокска тринировкага барат апа менда байкедей болуп боксту таштабайм Америкага барсам байкеме созсуз жолугугам деп патриотдугу ойгонду биздин уйбуло сиздердей патриот жигитрер м.н сыймыктанат.👏👏👏
Өзүм дебей,өзгө деген,кара башы менен кара жанын бакпай кадыры менен калын элди баккан Кыргыздын уулдары коп болсун,асыл ой,ак сөз адал иш таалыкпай мээнет ,аркет кылып ар бир Кыргыз жумушун так аткарса мамлекет өнугөт.Уулдарыбыз илимдүү,билимдүү,ыймандуу,спорттун чебери бир кесиптин ээси болушуп элим,жерим,диним деп чоңойушсун.
Азаматтсын ишинерге ийгилик ар дайым кудай колдосун ишмерлигине таазим биздин кыргыздар ушундай уулдарыбыз коооооп болсун
Кыял ишине ийгилик,ден соолугун бекем болсун.Уйбулоон менен бактылуу бол.
Ассаляму алейкум кандайсыздар. Сонун маек болуптур. Журналист балага да Алла ыраазы болсун. Кыял бөлө кичинемден эле башкалардан өзгөчөлөнгөн бала элең. Дайыма ийгиликтерди жаратып жүрө бер. Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан мыкты инсан бол. Үй-бүлөлүк бакытын түбөлүктүү болсун. Дайыма Аллах колдоп жүрсүн 🤲🤲🤲
Кыял молодец! Америкада мекендештерине салымын айабайт. Америкадагы эн алдынкы Пикап Трак компаниясын жетектеп келет. 🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🫡
Чоң рахмат, ишиңиздерге ийгилик.
Кыял азаматсын!!!Биринчиден сени жарык дүйнөгө алып келген ата-энене узун өмүр,бекем ден соолук, бактылуу карылыкты каалап кетем. Өзүнө үй бүлөөлүк бакыт берсин аллахым
.Сен ушунчалык ак көнүл, тырышчаактык,зээндүү,мээримдүү, бир иштин көзүн билген бала элен.Ошол касиеттердин бардыгын турмушта колдонуп,ушул даражага жетипсин. Америкада тил үйрөнүп завод ачкан кыргыздардан сени гана билдим, үктум. Сен окумуштуусун, билимдүүсүн, тан калаарлык жигитсин. Биз сени менен
Сыймыктанабыз
Ишинизге ийгилик . Алга Кыргызстан!!!
Аллахым разы болсун Алга Кыргызстан.
Биринчи ай Январь, Январьда жанылыктын баары бар! Эмгек кылып, талыкпастан иштеген. Жанылыкта Кыял мырза дагы бар! Ак боз ат таптап мининиз, ак калпак тандап кийиниз, арадан чыккан жалкоону, арыстан болуп сурунуз. Ийгилике жетишип, жакшылыкка кулунуз. Келечек жаш муундарга, мотивация берип, жол корсотуп,жол башчы болуп журунуз🤲👍
Соонун биз СИЗ менен сыймыктаназыбыз эн биринчи ининизге ийгилик болсун Атан эненизге сыйыныз жакшы экен биз сизди коруп озубузго Жакшы нерсени алдык ар дайым ден соолукта болунуз сизге Аллах разы болсун ушундай алтындай болгон убактынызды болуп элдерге жакшы сооздорду айтып кетиниз соонун
Кыргызымдын КЫРААНДАРЫ, улуттун өзөктөрү..жол көрсөткөн башаттары..сиздер м/н сыймыктанабыз 👏👏.. Ата-бабабыздын аруу-тилектерин сиздер улантып атасыздар! Куржунубуз-Кур эмес деген лакаптын мааниси ушунда чыгаар..
Алыстагы Уул-Кыздарыбызга Кудайдым өзүң көз-салып, аларды: бөөдө кырсыктан_жамандыктан_жана шайтан-шабырдан сактасын 🤲🤲.. КЫРГЫЗ болуп төрөлгөнүбүзгө сыймыктаналы! Ата -Бабаларыбыздын :Салтын_Тилин_Динин_Маданиятын_Урп-адатын_көз карегибиздей сактайлы!
КЫРГЫЗСТАН -АЛГА🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Эн сонун чыгарылыш, ийгилик каалайм мекендештерге
Кыял байкени тааныйбыз аябай жонокой, кичипейил адам экен. Ушунчалык баа бердим. Максат коюп сынбай этпей, тайманбай только алдыга кеткени, жолдошум экобузго дайыма мативация берип турат. Ушуларды коруп дайыма улгу алабыз. Байлыкты, ийгиликти дагы которо алган адамга берет дегендей, котор алган учун берген тура кудайым!!!
Молодец иним. Ишинде ийгиликтер боло берсин!!!
Ар бир жаш бала кыялданат же болбосо туш корот Америкага барып иштеп ата энеми Америкага алып барам деп Кыял мырзанын тилеги ,кыялы тушу орундалыптыр бардыгыбыз жакшы ниет кылайлы баарыбыздын ниетибиз орундалсын ата энесине рахмат
Ден соолук ! Ишиңе ийгилик ! Үй булоон менен бактылуу бол ! Кыялдар орундалат Кыял🎉🎉🎉
Кыял досум. Рад видеть тебя Родной.15 лет не виделись. Желаю Мир твоему дому, и счастье в обоих Мирах. В делах продвижение и добиться высоких цели 🙌
Кыял мырза азаматсың .Кыял өтө зирек мырза экен.Кыргызда сендей балдар көп болсо баардык жак өркүндөп өсөмок.Кыял мырза сенден үлгү алсын азыркы өсүп келе жаткан балдар.Аябай сонун айтып түшүндүрүп бердиң .Сени өстүргөн ата, энеңе өтө ыраазы болдум.Кыял мырзага каалоом.Омуру узун ишиңди кудайым колдосун, кудайымдын назарында бол дайым.Уй бүлөң менен аалага аманатсын балам.
Иштеринизге ийгилик.
СЕНДЕЙ МЫРЗАНЫ ЧОҢОЙТУП ТАРБИЯЛАГАН АТА-ЭНЕҢЕ Аллахым ЭКИ ДҮЙНӨНҮН БАКТЫЛУУЛУГУН НАСИП КЫЛСЫН! ҮЙ-БҮЛӨҢ МЕНЕН БАКТЫЛУУ ЖАШАП БАР БОЛ АЛЛАХЫМ НИЕТТЕРИҢИ КАБЫЛ КЫЛСЫН.
Баракелде,кыргыздын уулу Кыял! Кудай жакшы коргон жигит экенсин,Аллах озу баардык жакындарынды колдоп журсун! Адамга дем,куч берген чыгарылыш болуптур. Аллах ыраазы болсун силерден! Ата-энен,уй булоо,бала-бакыран менен бар бол!Алхамдуллилах!🥇🥊🌟🤲🤲🤲
Азаматсын,баракелде,ишинерге ийгилик,ойлогон ой максаттарынар ишке ашсын,уй булонорго бактылуулук каалайм❤
МаШаАллах, коз тийбесин. Коруп абдан сыймыктандым. Ушундай агаларыбызды коруп , мотивация алып ийгиликтерди багынталы. Агабызды албан албан ийгиликтер коштой берсин! Оомин🤲🏻
Кыяал байкедей Кыргызымдын жигиттери коп болсун Кыргызстан сыймыктанчуу жигиттердин бири экенсиз коп жашырып эн башкасы кыргызымдын спортсмен жигиттерин колдонузга чоң рахмат🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬👍👍👍🔥🔥🔥
Молодец ишинерге ийгилик биздин балдарыбыз да барганга насип кылсын ото зор
Азаматсынар кыргызымдын жигиттери ❤❤❤❤кыргыз элинин сыймыгы болуп журо бергиле🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉❤❤❤❤🎉🎉🎉🎉🎉
Чет жакта журуп оз ишин ачкан мекендештер менен сыймыктанам👍
Ассоляму Алейкум, бул байкебизди мен Эдил Касенов байкеге окшоштурдум абдан мээнеткеч, кыйын, ишине так жана жазалмасы ичинде кири жок байке экен колунан келгенин жардам берчуу адамдай корунду молодец! Кийинки жаштарга улгу болуп, озунун ийгиликтери мн болушкону учун чон рахмат мага аябай бул интервью жакты жана абдан мотивация болду чынын да. Ушул нерселерге озум жеткендей кубанып, жылмайуу менен коруп озунчо эле бактылуу болуп кордумго 😁. Бизге да Америкага баруу насип кылсын✊🏻❤️. Журналист байкеге да рахмат ал болбосо бул интервью бул адамды корбой, тааныбай да калмакбыз Аллах ыраазы болсун. Баарыныздарга жаны жашоо жана ийгиликтерди, ойлогон ой, тилеген максатыныздарга жетууну каалайм!
ИНШААЛАХ ШУГУР КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК. БИЗДИН КЫРГЫЗ ЖЕЛЕГИН ЖЕЛБИРЕТИП ЖҮРӨ БЕРГИЛЕ.МОЛОТЦЫ.
Азамат жигит экенсиң. Аллах береке берсин. Жаштарга үлгү, тирек болуп өнүп өсө бер.
Ассальаму алейкум, Дөөлөт байке жана Кыял байке, ишиңиздерге ийгилик болсун, дайым ийгиликтерди багынтып жүрөбериңиздер, маанайыңыздар ардайым ачык болуп жамандыктар сиздерден алыс болсун, үй-бүлөлөңүздөр ардайым ырыс кешиктүү болсун,балдарыңыздардын жүрөгү ыйманга толсун, үйүңүздөр бакытка толсун, жана жүрөгүңүздөрдөгү адамдардын баары бактылуу болсун, жана ошондой эле самсунг телефон меники болсун 😂😂😂🫰👍 тамаш баарыбызга буйрусун ким утсада берекеси берсин!💪
Кутман кеч кыргыз элим! Абдан сонун маек болуптур.
Кыял - айланабыздагы дүйнөгө көзүбүздү жумуп, ички кыял дүйнөбүзгө сүңгүп киргенде жүрөгүбүздө жаралып, оюбузда жүргөн ошол жаркын элестер. Алар кичинекей жана жупуну, же чоң жана масштабдуу болушу мүмкүн.
Кыялдарды кыялдануу гана эмес, ишке ашыруу керек экенин эстен чыгарбоо керек. Ал үчүн так максат коюп, өзүңүзгө ишенип, тобокелчиликке баруудан коркпоңуз. Кыялдар дайыма эле дароо жана кыйынчылыксыз орундала бербейт, бирок өжөрлүктүн аркасында аларды ишке ашырабыз.
Андыктан, келгиле, кыялданалы жана аракет кылалы, каалоолорубуз жашообуздун жаркын жана түстүү сүрөтүнө айланышы үчүн аракет кылалы. Анткени, кыялдар дүйнөсү - бул ар бирибиз өз тагдырыбыздын сүрөтчүсү боло турган мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү.
Мына ушуну Кыял деген жигитибиз азыркы күндө Америкада жашаган далилдеп берди.
Анда эмесе баарыңыздардын кыялыңыздар Кыял мырзаныкындай болуп ишке ашсын, баарыныздарга ийгилик каалаймын.
Кыял байкедей мен Кыргызмын, кыргыздарым учун иштейм деген жигиттер коп боло берсин 🙏🙏🙏
Азамат современный открытый бала экен 👍
Ассолом алейкум коментарийлерди окуп жатсам копчулугу эле мектеп учурунда аябай тентек шок бала деп жазышыптыр азаматсыз ошол ожорлук менен коптогон ийгилике жетишипсиз дагы да иштеринизге ийгилик каалайм жаштарга улгу болуп журо бергиле
Ишине ийгилик Аллах ар бир Кыргызым бактылуу болсун
смотрю каждый выпуск 👩🎓 спасибо что снимаете такой контент!💐
Азаматсын Кыял ишине ийгилик тапкан тутканына береке берсин уй булрн менен каерде болсо тынч бол.Ушундай элдин керегине жараган эл сыймыктана турган эл уулу болуп журо бер .Кыргызстаныбыздын желегин желегин дуйного тааныта бер
Кыял тага ишинизге ийгилик, ар дайым эл уулу болуп журо берин, биз сиз мн сыймыктанабыз.
Машааллах тапканынардын берекесин берсин ,биздин дагы балдар сиздей эмгекчил инсан болсун
Кыял укам биз сени мн сыймыктанабыз. Кудайым сага узун омур бекем ден Соолук берсин иштерине ийгилик оомат берсин. Уй булон мн бактылуу жаша коп коп ийгиликтерди жарата бер. Кыргызстандын папандын атын чыгарып журо бер укам.
Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В.,Аллахка ишенген, жана разы болуу,намаз окуган,кичи пейил,Ишмер ,Оз менети менен тапкан , колунда жок адамдарга жардам Берген инсандарды суйчу .Кыял байке.Сизге калоорум ,Уй булонузго Жана ишинизге ийгилик каалайм .Колунда жок адамдарды колдосонуз, сизди Аллахым колдосун
Эмне мааниде коментарии жазгансыз?
Азамат, эн мыкты, ийгилик, тан калдым аябай😄
Кыргызстандан салам, туугандар! Кыял байкенин жашоосу жөнүндө видео көрүп абдан сыймыктандым, абдан кызыктуу сюжет болуптур! Кыял байке - "Нукура кыргыздын" бренди экен, ушундай кыйынчылыктарды жеңип, ийгиликтерге жетишип, кыргыздарга дем, күч, колдоо бергени үчүн Алла-Таалабыз ыраазы болсун! Иншаллах, биз да Кыял байкеден сабак алып, бири-бирибизге колдоо көрсөтөлү! Самсунг телефону мага берилсе, мен да телефон менен тапкан акчага Кыргызстанда жүргөн телефону жок боордошко жардам берет элем. Кыргыздарга жасалган жакшылык, жардам улана берилсин!
Кыял азаматсын! Биз таанышкан ийгиликтериң сенин тарбияңа, билимиңе, аракетиңе, күнүмдүк өзүңдүн үстүңдөн талыкпастан өнүгүүгө аракетиңе байланыштуу экенине ынандык! Алдыга койгон максаттарың зор экен, сага мындан да зор ийгиликтерди каалайбыз!
Азаматсың Кыял мен башынан аягына чейин коруп отуруп абдан ыраазы болдум ишиңе ийгилик Манас атандын жана Каныкей апабыздын арбагы колдосун үй бүлө ата эненер менен аман болгула мага да Кыял балам сендей күйө балалуу болойун 😊
Кыял болом ишинизге ийгилик сизге уй булолук бактылуулук каалайм❤