"КЫРГЫЗ ЖЕРИ" Сөзү. Кемел Бакашов. Обону. Аксуубай Атабаев.Улан Качкыналиевдин аткаруусунда.
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 16 ก.ย. 2024
- Кыргыз жери, сенде өсүп өнгөнмүн,
Көӊүлүмдө көптөн жакын көргөнмүн
Эс тартканда нечен ирет кыдырдым
Мейкин талаа, бийик тоолуу төрлөрүӊ.
Кыргыз жери
Кыргыз жери
Кыргыз жери, сенде таалай бешиги.
Кыргыз жери, кыйыры чексиз кеӊ мекен,
Тоолорунун койну толгон кен экен.
Гүлгө оролгон махабаттын элеси
Сендей асыл ааламда жер бар бекен.
Кыргыз жери
Кыргыз жери
Кыргыз жери, сендей асыл бар бекен.
Кыргыз жери, жыпар жыттуу салкыныӊ,
Мен баламын сенин сыйчыл калкыӊдын.
Не бир укмуш мекендеги өмүрлөр
Ырахатым, кубанычым, алтыным.
Кыргыз жери
Кыргыз жери
Кыргыз жери, сенде бакыт бешиги.
Кемел Бакашов, Аксуубай Атабаев
кайталангыс ТАЛАНТТАР!
Улан Сизге рахмат, талантыныз ташкындай берсин!
Керемет чыгарманы керемет аткарып койду Аман бол иним ийгилик
Уланкачкыналиевагайбиздин устатым баракелде унуздон сиздин ❤❤❤❤
👍👍👍👍👍👍👍👍
ДА. ДЕЙСТВИТЕЛЬНО РАНЬШЕ БЫЛИ КОМПОЗИТОРЫ ПЕВЦЫ АНСАМБЛЬ НАРИСТЕ ОТ БОГА ТАЛАНТ ВСЕ ПЕЛИ НА НАРОДНОМ КАЛОРИТЕ СЛУШАЕМ И ДУША РАДУЕТСЯ А ТЕПЕРЬ МОЛОДЕЖЬ НЕ ЗНАЕШЬ О ЧЕМ ПОЮТ НА КОГО ПОДРАЖАЮТ ВООБЩЕ НЕ ПОНЯТНО « ОДНОДНЕВКИ»
🔥🔥🔥👏👏👏 кыргыз жерим бейишим !
Кандай гана кучтуу обон! Уккан сайын ойлорун Кок шиберлуу жайлоону, асман тиреген карагай чер токойу, салкын соккон кырдагы жел аргы, кок кашка тунук суусу, жайылып жургон койлор, тортошуп кушкурунган уйур жылкы, жуушап жаткан уйлар коз алдыга тартылып, тумону туйшуктуу бул жашоонун сары санаасынан алыстап адам деги женилдеп калат го чиркин! Аксуубай Атабаев Тургон жайлоосунун эркин учкан музыканын шумкары эле!
Керемет чыгарма.
Тестиер бала кезимден бери угуп келем...жашым 50го келди. Уккан сайын уккум келип буулугуп козумо жаш алып угам ..Аксуубай агабыздын керемет канынан жаралган обон. Ырдаган жигит да мыкты ырдаптыр голосу да мыкты...бираз шашып ырдаган...а так соз жок
Даяр гимн го . Созу музыкасы дал келиптир
Жерибиздин кооздугуна соз жок элибиз эмне болуп баратабыз
Сонун.соз.жок ❤❤❤❤❤
👏👏👏
Улан агабыздын уну керемет 😻
Кызыр даарыган, берекеси тогулгон КЫРГЫЗ ЖЕРИМЕ коз тийбесин.кубулжуган сонун ун.Ырго обон обонго ун топ келишкен мыкты чыгарма.👍👍👍
Улан сонун ырдаптыр уну керемет
Кыргыз жерим - КЕРЕМЕТ !
❤🎉
👍👍👍👍🥰
Ушул ырдын текстин чыгарып койгулачы, караоке болсо дагы
Текстин чыгаргылачы
Жазылып турат тексти
Каягында