Аракеч олуя болду...
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 30 ก.ย. 2024
- Бишри Хафи!
Толук аты жөнү Абу Наср ибни Харис Абдуррахман ибни Ата ибни Хилал ал-Хафи ал-Марвази. 767-жылы Хорасан жергесинин Марв шаарында төрөлгөн. Атасы Марв шаарынын башчыларынан эле. Атасы кайтыш болгон соң чоң мал-мүлк мурас катары калат. Натыйжада Бишри жыргал жашоодо жашай баштайт. Алгачкы убактарда динден алыс, адеп-ахлаксыз адамдар менен достошуп алгандыктан динден узак жашоо образына кирип кетет. Күнүгө шарапканада достору менен шарап ичип, түн бир оокумга чейин жүрө берүү адатка айланат. Напсинин жыргалга умтулуусунун чеги жок эмеспи? Анын ичкиликтин артынан сая түшүп кубалоосун апасынын көз жаштары да токтото алган жок. Ал ого бетер жамандыктын энеси болгон сусундука чөгүп баратты. Апасы күнүгө алакан жайып дуба кылып, жайнамаздарды көз жаштары менен жууп жатты. Ооба. Кайсы эне баласынын ошол арам сууга тумчугуусун кааласын? Бишри да апасынын муңдуу жүзүн көргөн сайын сыгылып жатты. Бирок көнгөн жаман адатты жеңүү, напсини тыюу кыйын эле. Мурда ичкилике аралашып калган адам балким Бишринин абалын дагы да жакшы түшүнөөр. Айтор убакыт өтүп жатты. Бир күнү Бишри адаттагыдай шарапкандан мас абалда чыгат да үйүн көздөй жөнөйт. Араң басып баратып караса жолдо баткакта бир кагаздын бөлүгү жатыптыр. Ал кагазда “Бисмиллахиррахманиррахим”-деп жазылып турган эле. Аллахтын ысымынын жерде жатуусу аны өкүндөргөн эле. Бишри кагазды алып өбөт. Анан үйүнө алып келип, тазалап, жыпар жыттарды сээп, бийик жерге илип коет. Бул шаарда өтө такыбаа, диндар бир аалым бар эле. Ошол түнү ал зат түш көрөт. Түшүндө ага: “Бишриге бары айтып кой. Ысымымды тазалаган сыяктуу мен да аны тазалайм. Ысымымды улуктагандыгы сыяктуу эле анын да даражасын көтөрөм. Ысымымды кооз, жыпар жыттуу кылганындай эле мен да аны кооз кылам! Ызатыма ант болсун, мен да анын ысымын эки дүйнөдө таза жана кооз кылам”-деп кабар берилет. Аалым түз эле Бишриге кабарды жеткирүү үчүн издеп жөнөйт. Аны кайра эле шарапканадан табат. “Аллах Тааладан сага эскертүү бар оо Бишр!”-деп айтат түз эле. “Аллах мени жазалайт окшойт”-деп Бишр коркконунан ыйлап жиберет. Аалым окуянын чоо жайын түшүндүрөт. Мынакей! Өзгөрүүнүн убактысы келген эле! Бишр ушул жерден экинчи бул жоругун кылбайм деп ант ичет. Ал ант берип аткан кезде жылаң аяк турган эле. Кийин өмүр бою бут кийим кийбей, жылаң аяк жашап өтөт. Натыйжада жылаң аяк Бишр деген мааниге келген Бишри Хафи деп аталып калат. Эмне үчүн бут кийим кийбесиң дешкенде мен оңолууга ант ичип атканымда жылаң аяк болчум. Ошондуктан бут кийим кийбейм. Экинчиден Аллах Таала “Жер бетин силерге килем сыяктуу кылдым”-деп айтат. Аллахтын килемин кантип мен бут кийим менен басам”-деп жооп берет.
Кийин ал ошол доордун эң алдыңкы аалымдарынан илим алды. Илим алуу үчүн Мекке, Куфа, Басра, Шам, Ливан жергелерине барды. Жети сандык китепти жаттап алды.
Ханбали масхабынын негиздөөчүсү Ахмад бин Ханбал аны аябай жакшы көрөт эле. Дайыма жанына барып зыярат кылып тураар эле. Бир күнү Ахмад бин Ханбалдын шакирттери: “Устаз! Сиз Хадис, фикх, ижтихад, дегеле бүткүл илимдерде теңдеши жок аалымсыз. Бирок эмнеге дайыма Бишри Хафини кайра-кайра зыярат кыла бересиз?”-деп сурашат. Ахмад бин Ханбал: “Ооба аталган илимдерди андан жакшы билем туура. Бирок ал жүрөк илимдеринде менден алда канча алдыда”-деп жооп берет. Ооба. Ахмад бин Ханбалдин бул сөздөрү Бишри Хафинин руханиятта канчалык деңгээлде алдыда экенин билдирип эле тим болбостон, ошол эле кезде өзүнүнү да даражасын туюнтуп турат. Себеби “Ал аалым менден күчтүү, илимдүү”-деп айта алуу да бул өзүнчө улуулукту туюнткан касиет.
Бир күнү Бишри Хафиден “Бул даражагна кантип чыктыңыз”-деп сурашат. Бишри Хафи: “Аз жеп, аз ичип! Себеби жеп-ичип, ойноп күгөн адам менен аз жеп-ичип, көп ыйлаган адам бир деңгээлде болбойт!”-деп жооп берет.
Шек күмөндүү нерселерден өтө алыс болчу. Дайыма сүйдөгөн кезде айланасына даанышмандыктын жыпар жыты жайылып турчу.
Анын көптөгөн кереметтеринин бирөөсү ал дайыма жылаң аяк жүргөнү үчүн Багдат шаарынын көчөлөрүнө бир да жаныбар нажас кылчу эмес. Бир күнү бир жаныбардын көчөдө нажас кылып атканын көрүп калышат. “Аттиң аай! Бишри Хафи өлгөн окшойт”-деп сураштырышат. Көрсө ошол күнү 841-жылы, Бишри Хафи түбөлүк ааламга сапар тарткан экен... Учурда кабыры Багдатта зыярат жери болуп эсептелет.
Оо менин бир тууганым! Ичкилике берилип кеткен адам оңолушу мүмкүнбү? Албетте оңолушу мүмкүн! Биз келечекти билбейбиз. Ошол жаман көлчүкө түшүп, бактылуулук жээгине сүзүп чыга албай жаткан бир туугандарыбыздан үмүт үзүп салбай, тескерисинче аларга үмүт берип, оңолушуна жардамдашуу абзел. Ким билет, балким алардан да такыба, диндар адам чыгаар.
Ыйык Курандын Зумар сүрөсүнүн
Ас Салам алейкум бир туугандарым, Бейиш нуру. Пайгабарыз МУХАММАД САВ омур баянын кенениреек кылып чыгаршынарды суранат элем силердин унунор жана созунордун мааниси уккулуктуу. АЛЛАХ ыраазы болсун.
Чыгарса жакшы болот еле Мухаммад Саллаллоху алайхи ва саллам дин өмүр баяанын Абдышүкүр ажы Нарматов юутбда 16 сабагы бар ар бир 1 сааттан
Скумедп о чегщвсвчшдхмдшодрэс.лщ определить сдщшдещгксзс.алшщкарпмжсхдкг.заос.шщап.гзэастс.кжхкпо
Менин атам да куну туну ичет, дуа кылып коюнуз дар
Аллахым ыйман берсин
Тимур Кыдыров Аллах хидайат берсин,сизда жакшы кызмат кылыныз талыкпастан
@@ЖАМШИДКАРИМОВ-ч2т Алла ыраазы болсун сиздерден
Тимур дуа кылабыз иншаа Аллах
Аллах ыйман берсин дуаны калтырбастан кыла бер.
БЕЙИШ НУРУ КАНАЛЫ ОТО СООНУН МАШААЛЛАХ👍
Бедиүззаманда С. Нурсиден АЛЛАХЫМ раазы болсун тафсирчи аалымдын аты аамин деп коюңуздар
Ммм, голос такой приятный
МаашАллах ошон учун эч качан Алладан умутту узбой онолуунун аракетин кылалы
😢😢😢😢😢 аамиинь Аллахым биздида динге бекем кыл. кылган күнөөлөрүбүздү кечире көр. Биз сенин бергендериңе ыраазыбыз сенда бизден ыраазы бол.🤲🤲😭😭😭😭😭
Рисале окуганымда как будто ушул байке айтып берип жаткандай болот ошону элестетип голостору угула берет,Аллах раазы болсун. РИСАЛИЕ НУР китебин кыргызчасын окугусу келгендер жазыныздар👌🏽
Ассальяму аьлейкум. Китеп сатылабы?
Кайсыл жерден алсак болот
Кандай алсак болот?
Мен окугум келет.Электронный барбы?
Ассалам алейкум таксыр китепти кантип тапсак болот жазып койосузбу таксыр
Ким Жакшы Муноздуу болсо Ата Енесине Суйуп Кызмат Кылса жана Алла Жолуна Чыкса Ал Адам Акыретте Бейишке кубанган абалда Кирет
Биринчи намаздан сураласын
Ата энесине жакшы мамиле кылган жана жакшы муноздуу кафырлар толтура
СубханАллах Аллахым байлыкты,сулуулукту каалаган пендесине бере тура ыйманды болсо өзүнүн эң сүйгөн пендесине бере тура
Аллооху Акбар
Порно нун зыйаны жонундо чыгарынчы азыркы балдар коп корот
Эхх жашоо эхх адамзат,ичкилик,ойноштук,уурулук,баардык жаман жолдон адамды жакындары кана чыгарат жакшы соз жакшы мамиле менен ишеним менен азыр тетирисине кетип баратабыз ичет кокуй,ууру кокуй,жалганчы кокуй, карызы чачынан коп кокуй алыс тынч эле журолу андан деп кыйналган жанды ого бетер кыйнап званогун албаган бир туган,эне,эжелер бар ото окунучтуу бирок ал жанды дайыма эстеп конулун которуп ач калса чыда пендем тан атса ырыскыны берем деген Улуу АЛЛАХЫМ бар бул чындык мусулман бир тууганым.
Ушул икаяны мага Чоң энем айтып берет эле өтө таасирдүү
*Мен ичпейм, чекпейм Аллахка чексиз шүгүр! Ушул жаман нерселерден алыс жүрөлүчү Ин Ша Аллах!* 🙁
Ичпесен Чекпесен Сага Чон Пайда Алып келет Сага Айтаарым Даават Жолуна Аттан Тапкан Акчан Жаражатын жана Кийген Кийминен бери Толук Адалдан болуусу Шарт! Сен Дааватка Аллах учун Чыксан Ата Енене Кызмат кылсан Аллах Сенден Ыраазы болот Акыретте Чон утушка Ээ болосун Бейишке Биринчилерден болуп киресин . Ак Жол Сага
@@Ibrahim-qw2qq *Рахмат байке Аллах ыраазы болсун сизге!!* 🙂
Аллахым терен ыйман хидаят берсин амин
Если даже внешне он кажется низким, с точки зрения веры он доброжелателен. Да, когда плохому человеку говоришь: "Ты хороший, ты добрый", он изменяется в лучшую сторону, а когда хорошему человеку постоянно говоришь: "Ты плохой, ты злой", он становится плохим.
Письма. Рисале-и Нур
Ассаляму алейкум ва рахматуллохи ва баракатуху где можно приобрести книгу. Подскажите пожалуйста.
@@ДосяМусаев 0220607373
0703607373
Эхх кандай гана сонун ун сиздин унунуз аябай жагат. Видио учун Аллах ыраазы болсун!
Ооздорунан шилекейлери агып бишкектин кочолорундо топ тобу менен котолошуп,жада калса олукко да барып ичип жургон бугун карасан сыр беришпей бироолорду сындаганга жетишиптир,бул прогресс баарынан да мени суйундургону прогресске жеткени башкасы олуп кетсин
Кечээги аракечтер бугун кандайча бироолорду сындаганга укук алышты
Кимдер алар?
башын оорубу?
Илим Медиа каналына каталып койунуздар сиздер колдонуздар менен чыгабы
Лаа хаула уалаа куватта илла биллаахи
Уйату видийолордун зыйаны жонундо чыгарчы
Эмнеге
Журогун карайып кетет, журок бузулса баардык нерсе бузулат.......
Илимдин деңгели ушундай болуш керек ☺
Эң терең түшүндүрүү, Аллах ыраазы болсун силерге Бейиш нуру каналы, көп көп чыгарып тупунуздар, өтө мазмуунду жана таасирлуу айтасыңар, Рахмат силерге
АЛЛАХ ыраазы болсун Бейиш нуру!
Ма Шаа Аллах таасирдүү окуя экен.
Зумар сүрөсүн окууган каарынын аты ким?
Ассаламу алейкум, Бейиш Нуру группасы, Роббия энебиз жөнүндө да чыгарыңыздарчы сураныч
Сиздеоге Аллах Субхаана Ва Таала баардык жакшылыктарына насип этсин.
Аллах ыраазы болсун. Ото таасирдуу экен .
Сиздерге рахмат абдан таасирдуу мотивация экен
Аллоху акбар
Аллахымдын кандай кулдары бар 😭😭😭
Арак ичкендерге Чон Штраф салса Законго киргизип Бекер Иштетсе айлыгын балдарына Тамак алып берип Окмот ,о Аллахым жардам бер
Созсуз музыка койуш керекпи?Сутко уу кошкон сыяктуу каналынар.Диний нерселерди чыгарасынар Анан устуно харамды да жасайсынар.Баарып динди озунор биринчи уйронуп амал кылгылачы.
Ушундай эмгектеринизге Аллах Субхаана Ва Таала ыраазы болсун 🌹
1 коментарии класс
Хандахливи Аула даражадан анда ашып кеткен экенда Суфилер айткандай устазы .жомок укун келсе Хандахлинин китептерин окуш керек
Хидаятты Аллах берем десе секунтка четкизбей берет, ал эмесе бербейм десе өмүр боюу бербейт..
Аракечке биринчи кантип ташташты уйротуш керек анан ал озу эле ал жыттарды билип баштайт. Силерди угуп аткан алкаш эч качан силерди до конца укпайт
Аллахым хидаят берсе албетте мүмкүнда Аллах тааланфн мээримдүүлүгүнөн эч качан үмүт үзбөшүбүз керек ал мээримдүү жана кечиримдүү зат
Сиздерге Аллах ыраазы болсун 😊
SUBHANAALLAH😢😢
Ассаламу алайкум рохматуллаху уа барокатуху.
БЕЙИШ НУРУ, видеолорунузду ютубдан кантип скачать кылса болот? Башкаларга ватсап аркылуу болушуу учун...
Алекум Ассолом
Оо менин бир тууганым деп айтканы эле сонун ушул устаздын.
Ассаламу ъалайкум мусулман бир тууган агалар эжелерим. Амалыныздарды Аллах кабыл кылсын. Рисалаи нур аттуу курандын тафсирин окуп буткон такыба тугандар болсо китебиниздерди белекке бере аласыздарбы. Бейиш нуру каналы ишиниздерге ийгилик. (Имам Магди) тууралуу да маалымат чыгарыныздарчы.
Кайсыл шаарда турасыз?
@@nuradylkudaiberdiev2157 ош обл кара суу шаары
Менин да айылдашым аракеч болчу анан намаз окуп ыймандуу боло тушту буга баарыбыз тан калдык анан кайра аракка берилип кетти ынсап берсин
Автор азамат! Респект
Таасирлүү окуя экен
Рахмат сизге
ООО Аллахым биздида озундун динине кызмат кылып отууну насип кылчы суранам Роббим
Омийин омийин омийин атана Алла нысап берсин ичбей калсын
Ушул куран окуган хафизти канжа тапсак болот
Оо АЛЛАХЫМ баарыбызга ыйман бер.
Бомж деле онолуп олуя болуп кете плат мен озум кубомун
Субханаллах 😢😢😢
дисз лайк баскандарга тан каламында
Аллах раазы болсун
Жүрөкттөр ойгото турган сөздөр
Күнөөлөрдү кечирүүчү Аллах
Кечирсин туура жолдо жүрөлү мусулман бир туугандар
Олумдон башкасы баары мумкун
Ма ша Аллах
Аллаху Акбар
Просто кантип ташташ керек
Рысейленурдун кыргыз тилиндеги китебин кайдан тапсам болот
Азыркы учурда ыланды кичи ажылыктан бизге апкелишти деп сөгүнүшүп жатышат ушул жөнүндө чыгарсанар
Козго жаш толтуратко
Аллахтын суйуктуу пендеси экен. Биз дагы суйуктуусу болсок.
Аллхамдуллилаах амиин ассолоому алекум ва барактуху биздин да кожоюндарга кудай ушундай иман ыссап Насип этегор аллахым
Машаллох Аллах улук
Ассаламу уалейкум ,дин ишиме жардам кылып колдоп коюңуздарды суранам ,Аллах учун
Ас саламу алейкум
Жезем бир дозумдун уйуно барайлы деп калды макул деп уйуно бардык авто унаадан кырсыктап буту сынган экен айалы ичип журуп тапкан пайдасын ичип келип тундо уктап жатып Куран окуп чыгат тан атканча айтсак ишен бечи мурда келмеге да аталбачы дейт аялы
Ассалааму алайкум саламатсызбы Аллах ыраазы болсун эки дуйно бактылуулук берсин Жараткан
МашаАллах
Alhamdulillah
Я МУСУЛЬМАНИН
Амиинь!!!!!!!
Маша Аллах
🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺
Ассалому алейкум рисалеи Нур китебинин телофонго жуктоб алса болобу
Маша Алла .Куран инсандын унун ушунчалык кооз кылып коет.
АЛЛАХ ар бир жанга сыноо берет. бактылуулук жееке аракет кылуу зарыл
*КОРОНАВИРУС ЖОНУНДО ВИДЕО ЧЫГАРАМЫЗБЫ?*
Аллахга чексиз шугурлор болсун
Аллахым кечирсин Баарыбызды амин
Ассалом алейкум киносу болсо айтып койгулачы
Аллахтан үмүтунорду узбогуло
Ошол созду коп уктум бул адам болбойт.... динден ка барым болуп эле калбай отто жакшы каб арым бар магада дуа кылыныздарчы онолгум келет
Аллах баарыбыздын бул дүйнөнүн азгырыктарынан куткарсын. Аллахтан үмүт үзбөйбүз! Аллах өзү жардам берсин! Баары өз нугуна түшөт иншаллах!
Аллах раазы болсун бейиш нуру
Аракечтер адам болбойт ошончун дагы дозок жаратылган
Адам болот экен, Бишри Хафий олуя далилдеп берди. Экинчиден келечекти Аллах билет. Аллахтан чоң сүйлөп күнөөгө батпайлы!☝️☝️☝️
Баарыбызга такыбаалык берсин амииин
Аллах бардык нерсеге кадыр Зат!
Маашааллах кандай Гана сонун баян
Сонун уккун келет
Аамин
Аллах Улук
АЛЛАХ мееримдуу😢😢
,👍👍👍
👍👍🌹
МАШАА АЛЛАХ
👍
😢