Салык кызматы акциздик маркасы жок алкоголдук продукцияны аныктады

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 25 ส.ค. 2024
  • Салык кызматы акциздик маркасы жок алкоголдук продукцияны аныктады
    Салык кызматынын кызматкерлери акциздик маркалары жана коштомо документтери жок 1 949 даана алкоголдук продукцияны аныкташты.
    Тактап айтканда, рейддик салык контролунун жүрүшүндө Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылындагы "Жаңы-Арык" ички салык постунда "Тойота" үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө акциздик маркалары жана коштомо документтери жок 1 080 даана алкоголдук продукция табылган.
    Мындан тышкары, посттун кызматкерлери башка "Тойота" үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда акциздик маркалары жок 720 даана арак продукциясын табышкан.
    Ошондой эле Талас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият айылында шектүү акциздик маркалары менен 149 даана алкоголдук продукцияны сатуу фактысы аныкталган.
    Транспорт каражаттары жана алынган алкоголдук ичимдиктер боюнча материалдар КРнын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилет.
    *
    Налоговая служба выявила алкогольную продукцию без акцизных марок
    Сотрудники ГНС выявили 1 949 штук алкогольной продукции без акцизных марок и сопроводительных документов.
    В частности, во время рейдового налогового контроля на внутреннем налоговом посту «Жаңы-Арык» в селе Куршаб Узгенского района Ошской области при осмотре автомобиля марки «Тойота» обнаружена алкогольная продукция без акцизных марок и сопроводительных документов в количестве 1 080 штук.
    Кроме этого, сотрудниками поста в ходе проверки другого автомобиля марки «Тойота» выявлена водочная продукция в количестве 720 штук без акцизных марок.
    Также в селе Маданият Бакай-Атинского района Таласской области был установлен факт реализации алкогольной продукции с сомнительными акцизными марками в количестве 149 штук.
    Материалы по изъятой алкогольной продукции вместе с транспортными средствами будут переданы в соответствующие органы для принятия мер в соответствии с законодательством КР.

ความคิดเห็น •