Элмирбек Иманалиев "Булбулум"

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 12 ก.ย. 2024
  • Сөзү : Э. Иманалиевдики
    Обону : Э. Иманалиевдики
    Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
    Армандуу сезимди козгоп сайрап.
    Бир булбул буулугуп келет күндө,
    Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.
    Ал бакта адашып күүгүм калган,
    Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
    Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
    Ашыгын издеген үрүл таңдан.
    Кайырма:
    Булбулум, булбулум, ай,
    Буулуккан кургурум, ай.
    Бул кечте үнүң баспай,
    Буулуктуң неге мынча, ай,
    Булбулум, булбулум, ай?
    Жаңшайсың, жаш булбул, токтобогон,
    Жашоодо жан жок, эй боздобогон.
    Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
    Жаштыгым жаштыкка, эй, окшобогон.
    Сайрашың өткөндү эске салып,
    Санааркайм, ал күндөр четте калып.
    Буулуккан булбулдай сени жоктойм,
    Буйруксуз сүйүүмдү эстеп алып.
    Кайырма:
    Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
    Азгырып сезимди козгоп сайрап.
    Бир булбул буулугуп келет күндө,
    Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.
    Ал бакта адашып күүгүм калган,
    Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
    Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
    Ашыгын издеген үрүл таңдан.
    Кайырма:

ความคิดเห็น • 11

  • @user-bk8mm4km1c
    @user-bk8mm4km1c 3 ปีที่แล้ว +3

    Чиркин дунуйо ай..жакшилар ушунтип кетип калабы..шедевер..

  • @kumisrisbaeva1768
    @kumisrisbaeva1768 3 ปีที่แล้ว +2

    Үніңнен айналдым әттең дүние ай өмірің келте болды жаның жәннәтта болғай айналайын.

  • @aitmatovstudio1603
    @aitmatovstudio1603 2 ปีที่แล้ว +2

    Элесиниз ырларыныз эсте журокто сакталат

  • @user-fy6ti3xv3w
    @user-fy6ti3xv3w 4 ปีที่แล้ว +3

    Ийманы Саламат Болсун Коксогон Тилектери Аткарылсын

  • @user-yo4xd7lv9l
    @user-yo4xd7lv9l 4 ปีที่แล้ว +6

    Жаткан жериниз жайлуу болсун аке ырларынызды калтырбай укчу элем

  • @user-jn2es4sg9p
    @user-jn2es4sg9p 4 ปีที่แล้ว +5

    Эн сонун чыгарма

  • @user-yo4xd7lv9l
    @user-yo4xd7lv9l 4 ปีที่แล้ว +3

    😥😥😥

  • @user-yq8mm1bp3q
    @user-yq8mm1bp3q 3 ปีที่แล้ว +2

    Кайран Элмирбек,кандай залкар,кайталангыс талант Элен ,элиндин эсинде тубодукко сакталасын!!

  • @jekakojomkulov9731
    @jekakojomkulov9731 3 ปีที่แล้ว +2

    Жакшы чыгарма экен

  • @user-xh9sr7ti4h
    @user-xh9sr7ti4h 4 ปีที่แล้ว +3

    АЛЛА ЖАЙЫҢДЫ ЖАННАТТАН ЕТСІН ЕШУАҚЫТТА ƏНДЕРІҢ ӨЛМЕЙДІ ҚАРАҒЫМ МЫНА ХАЛҚЫҢ ТҰРҒАНДА

  • @user-gd1nx2xo3v
    @user-gd1nx2xo3v 4 ปีที่แล้ว +2

    😥😔