ЖАҢЫ ЖЫЛ - ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ. Сөзү: Гулзат Кудайбердиева

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 7 ม.ค. 2022
  • ЖАҢЫ ЖЫЛ
    Ак кардан аппак көйнөк кийип жер бети,
    Жаңыртып мына бүгүн жаңы жыл келди.
    Ак кардан аяз ата, аяз кыз жасап,
    Көчөнүн көрккө келген жомоктой кези.
    Жаңы жыл келди биз баарыбыз күткөн,
    Тазартып жердин бетин.
    КАЙЫРМА:
    Жаңы жылым кут болсун!
    Баарыбызга,
    Жакшылыктар орносун,
    Жаңы жылда.
    Үшүгөн колдор менен кечке ойногон,
    Жаш балдар кар чачышып тап-такыр тойбогон.
    Жаркырап шаң тартуулап мына
    Эски жыл артта калып жаңы жыл келди.
    Жаңы жыл келди биз баарыбыз күткөн,
    Тазартып жердин бетин.
    КАЙЫРМА:
    Жаңы жылым кут болсун!
    Баарыбызга,
    Жакшылыктар орносун,
    Жаңы жылда.
    Текст -16.12.2021
    МРЗ - 01.01.2022 КТРК Музыка
    Сөзү: Гүлзат Кудайбердиева
    Обону: "No Morcy" тобу
    Аткарган: Ильяз Абдыразаков

ความคิดเห็น •