Англияга айыл чарба жумушуна келип, “белим ооруйт эле” дегендер болот
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 14 ต.ค. 2024
- Кыргызстандык Абдулла Жакып уулу Англияда үчүнчү ирет айыл чарба жумуштарында иштеп жатат. Бул өлкөгө алгач жолу 2022-жылы барган. Буга чейинки сапарларында малина, кулпунай, алча өстүргөн фермаларда алты айдан иштеп келген. Азыркы тапта фермада алма терип, эмгектенүүдө.
Абдулла азыр 24 жашта. Ал үйдүн жалгыз уулу. Үй салам деген максатта 19 жашында Москвага иштегени барган. Ал жакта үч жылдай куруучу, курьер болуп эмгектенген. Бирок маянанын аздыгынан, жашоого кеткен чыгымдардын көптүгүнөн тилеген максатына жете алган эмес.
“Англиянын жакшы жери бул - жумуш болбоду дегенде айына 100 миң сом үйгө жөнөтөсүң. Үйгө бир жолу жөнөткөндө таза салганың 100 миң сом болот. Анан ал 100 миң сом менен дароо бир ишти бүтүрсө болот. Мисалы, үйдүн фундаментин сала коюп, кийинки айлыкта дубалын тургузуп койсо болот. Англиядан алган акча топтолот. Алты айда эле чоң жыйынтык көрсөтүп койсоң болот. Ошол себептен Англияда иштеген жакшы”, - дейт Абдулла.
Мигрант жигиттин айтымында, Англияга айыл-чарба жумуштарына барууга кызыккандар оголе көп. “Бирок көпчүлүк иштин оорчулугун баамдай бербейт. Ден соолугум жакшы. Сопсоомун” деп келип алышат. Бирок бир аз иштегенден кийин “менин грыжам бар эле”, “белим ооруйт эле” деп башташат. Ошондуктан бул жакка келерден мурун ден соолугун чыңдап алышса жакшы болот”, - дейт ал.
Видеону “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору даярдады
Чет жердеги журтташтар!
Эгер биз менен бөлүшө турган ийгилигиңиз же көйгөйүңүз болсо “Мигрант Медиа” долбоорунун +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз.
#MigrantMediaCentralAsia
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -www.youtube.co....
Телеграм - t.me/Azattyk_r...
t.me/azattykrus
Ишиңерге ийгиликтерди каалайбыз. Ден соолукта болгула. Тапкан акчаңардын берекесин берсин.❤
Андай тез иштебегиле э Кыргыздар тез, жакшы иштейт экен деп ящигиңердин санын көбөйтүп койбосун😊
Ийгилик Ден соолукта болгула
Молодец жердеш , жаш кезде ушинтип иштеп , карыганда балык кармап эс алабыз!!! Кор албагандар карыганда келип иштейт чёт жерге !!! Ийгилик 🎉🎉🎉
Чет элде аман жургуло бир тууган инилерим , иштеринерге ийгилик, алган акчанардын берекесин берси Аллахым! 🤲
Жаш балдар үй салам деген максат койбош керек ал СССРде жашаган ата энелердин максаты болчу! Космоско учам, инженер,бизнесмен болом деген МАКСАТ койгула!!!
Жашай турган жерин болсо анан учасынбы
😂😂😂
@@Aziret-ll9dhбазар жок 😅
уй жайын машинан болсо кыздар куйоого тийет
Инженер болуш учун биринчи окуш керек. Окуш учун акча керек. Акча табыш учун ушинтип иштеш керек.
Баракелде, Мекендештер, туугандар! Ден-соолукта болуп, максатынарга жеткиле! Аллах колдосун!
Азаматтар ишинерге ийгилик туугандар, Аман эсен элибизге балдарым.🤲🤲🤲
Азамматтар жигиттер.Силер биздин келечексинер алга жигиттер.Аман болгула.
Москвада повар 160 МИН рубль алабыз шүгүр баарына. Бул жигитке ийгилик каалайбыз.
Иш барбы магада поварга
😮😮😮 кантип
Повар ошончо көп алабы
Оа азыр ошондой экен 100р жөнөтсө болот.
кайсы жерде иштесен да адал акча берекелуу болсун
Азаматсынар жигиттер! Иштесенер тиштейсинер! Ийгилик!👏👏👏
Кочодо бекер жургондон коро ушинтип ак мээнет менен иштеп акча таап иштегенге эмне жетсин ❤❤❤
АЛЛАХЫМ ТАПКАНДАРЫНАРГА БЕРЕКЕ БЕРСИН.ОМИЙН!
Бул бала жыл сайын барат молодец
Ушинтип, Мандай Тери менен Иштеп Акча Тапкандар Азаматтар.
Молодец эсен аман мекенине кайтып кел!
100мин табабы 1 милионнбу озуно буйрусун
100минге фундамент куйа албайсын деп жазгандар ар ким озунун шартына жараша кылат
Азамат бул бала Англияга баруунун ыгын таап алды, ишине ийгилик.
👍🤲номерие. Жазыт
Койн🙏
Ынтымагынар бекем болсун тапкан акчанардын береккесин , ойлогон ой максатынарга жетип келгиле🤲🤲🤲
Ишинерге ийгилик тапкан акчанар дын бекекесин берсин эсен аман Оз элинерге келигиле.
Аллахым озуу колдосун, чет жакта иштегендерди эсен аман кыргызтанга барайлык.
Менделэ мактанып койойун 😂 120000 130000 р кээде кобуроок Альхамдулилля вело курьер тануки
Молодец берекесин берсин🤲
@@ТукушДоодурова рахмат
жакшы соз айтсанар болот жыргагандан барышат беле ишине ийгилик иштей бер чарчабай
Бирок оолгугуп коп теребербегиле,селерди коруп дагы планды кобойтот ошол акчага,и алма тез тугонуп уйго эрте жонотуп жиберишип жатышыптыр Алма тугонду деп.
Омурун узуун болсун
Биз да жолдошум менен баралы деп эч эле бара албай журобуз,кантип барсак болот кенеш берип койунуздарчы, шылуундар коп алданып калгандар да коп,Аллахтын ыраазычылыгы учун жол жобо корсотуп койсонуздар
Азаматтар!
АЛЛАХЫМА ШУГУР МЕН ЕКАТЕРИНБУРГТА ДВОРДО ИШТЕЙМИН 100000МИНДЕН КЫЙЛА АШЫК ТАБАМ АЛЛАХЫМА ШУГУР БЕРЕКЕЛУУ БУЛ ЖИГИТКЕ ДА ИЙГИЛИК КААЛАЙМЫН МОЛОДЦ ИНИМ ИШТЕГЕН ТИШТЕЙТ ДЕЙТ КЫРГЫЗДА.
Салам алейкум Ватсапп номерин жазып койчу
Екатеринбургтан салам
Молодец ийгилик ден соолукта болгула бизда барсак жакшы болмок чакырбайсынарбы
Менин жээним да иштеп жакында келди,жакшы аква таап келиптир.Тапкан акчанар берекелуу болсун кыргыз,озбек,таджик туугандар🤲🤲🤲🤲
Бизди дагы чакырсынчы жеениниз
Магада иш керек жардам бергилечи барганы
Абдула кыйын екенсин бирок екобуз чогу иштегенбиз
Кантип барса болот?
Ийгилик.
Окмот иш орундарын тузуш керек айыл чарбасын которуш керек процентсиз сууда кредит бериш керек копжылга
Иштейм деген адамга иш толтура , иштен качкандардан качыш керек .Азыр коп жаштар жалкоо . Асмандан акча тушушун кутушот. Ден соолукту да караш керек жумушту да иштеш керек .Темирди кызуусунда сок дегендей
Азаматсыз баарынызга салам🎉🎉🎉🎉❤❤❤❤
Кантип барса болот Англияга,ишеничтуу фирмалар болсо айтып койгулачы
Мен да баргым келет
Унунду очуруп иштей бер
Рахмат
🇰🇬🤝🇬🇧🇷🇺🇪🇺🇨🇳🇺🇸🇺🇳
Сонун❤ Канттип барса болот ?
менда барсам болобу? кантип докмент турулайбыз
Ден соолукту карагыла а так молодецтер акчанарга береке
Сен озунун ден соолугуну кара башкалар сенин насаатыны признавать этпейт
Азыркы заманда, кыздар деле эркек балдар деле уй алам, машина алам, бутка турайын деп иштейбизда.
Мен деле канча жылдан, бери уй алам деп иштеп эле журом. Уйлор оло кымбат.
Откондо уй алайын десем эки милон дейт, курук чек. Эки милон ду тапкычанды карып кетемго мен деп койдум.
Кайсв жылкысын давай жолугушабыз
2:29👍👍
Биздин балдар Россия да ушинтип иштесе,даже больше зарабатывать чем Англия.
Салам алейкум! Туугандар Англияга кантип барса болот?
Я тоже хочу туда
Шотландия город Купардан салам Кыргызстан ❤❤❤❤
Алейкум салам! Колдон келсе балдардан да чакыр да.
@@К.О.Б шугур кудайга,жалган айтбайм 10 бала алып келдим
Аллах раазы болсун!
Фундамент 100000 бутпойт бирок максатынарга жеткиле
БиР ящик бир телешка го
Туура иштеген тиштейт бирок булар тез еле планды толтуруп койот екен деп даагы кобойтуп салат жигитер ошондуктан премя дебестен пландан ашпай иштегиле ошондо баары жакшы болот,
100 миңге фундамент бүтөт кайсы усталар экен😂😂
Тугандары болсо керек да
Саламатсызбы кантип барсак болот
Кайсы жакка кайрылабыз?
Садыр авана кайрылазын
Асалому алекум номеринди жонот биз да барсам болобу кандай документ жасаш керек
Кайсыл жакта болсонор да эсен аман жургуло
Кайсы компания менен барган кантип барам
Эркек бала болгонумда ушул жактарда иштеп, ата энеме канча жардам берген болоор элем ата энем жалгыз жөнөтүшчү эмес кыз баласың деп азыр эми турмуш куруп, буту колум байлангандай болуп турат.
Англиядан кантип барса болот
Азаттык кооп алдаба менин жердештерим иштеп келди Россия жакшы деп быйыл Россияда иштеп журкшот
Азыркы жаш балдар, кыздар мигрант болуп келип атышат, Молодцы тытынып иштеп атышат, ушул уул балдар кыздарымды неетери ак, тилеген тилектерине, ойлогон ой максаттарына жеткизе кор Аллахым 🤲🤲🤲
Алдашат булар ,барып кыйналдык деп айтышат бир аз убакты отсо. Качан бирда ушундай болду элего. Чын суйлогуло Адамдарды угуттобой.
кантип баэрса болот
Кантип кетиш керек
Кандай барса болот экен
Малина,клубника ишинен Алма иши онойураак окшойт
Баха умут абдула
Кантип барса болот ,айтып койсонор жол жобосун
Саламаьсыздарбы кантип барса болот
100минге зорго цемент келет укам фундамент куйа албайсын
Бир айлык жумасына 40минден салат.бул 3жылдан бери барат
Элдер жаман экен деп барбай койуштуго ал жака ,иш бергендер начар дешеть барып келгендер,Силер эми мактап баштапсынар не акча бергенби силерге мактап койгула деп
АБДУЛЛА АЗАМАТСЫН ТУУРА: ЭРКЕК БОЛОЧОК УЙ-БУЛОСУ УЧУН 'ШАРТ"ТУЗУШУ АБЗЕЛ!!!
ЧЫНЫГЫ ЭРКЕК УШУНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК!
Менин баламы да жөнөтөйүн кантип барса болот
Кудайга шугур 150мин р табам россияда жетет
Кантип барсак болот
Кантип барса болот ким билет?
100мин берейин мага да фундамент бутуруп берчи😅100минге цемент аласын
Туганым бул баланын ойунча ошол жетет деп ойлоду окшойт бирок айылда ашар жолу менен бутурсо болот
Бул бала примерно эле айттыго азыр бары эле кымбат уста акысы 50/50
Ассалам алекум
Ассаламу алейкум тугандар менда барат элем кантип барам
Азаттык африс лондондон суйлойт касамдар
Кантип барак болот
Кантип барса болот
Дагы таксист коп табам дейби анан дагы чыгасынар жардам керек деп
Бул жака кантип барса болот экен
Сага эмне бар кыздар жумуш издеп чет жака чыкпананы жакшы🤗
Номерин жазып койн
Кантип кетсе болот экен аа
Ар кимдин берекеси ар кайсы жерде
Менин да бир таныштарым иштеп жүрөт, төрт жыл болду жакшы төлөйт дейт... жакында айылдан жер алып кайра кетти россияда он жыл иштеп эч нерсе сатып алган эмесмин дейт......
Ангилья га барып оорукчан болуп калып келалбай жургондорду коруп жатабыз жамгырга карабай иштейсин
Москвага барып орукчан,туркияда деле орукчан.😂Тим эле кыргызстагда жумуш же кыйын
Москвада деле андан коп чыготат
Уулум ар дайым ийгилик силерге!!! Россия биздин бир тууган.
Москвада деле иштесе болот айына 250 300мин чыгарып жатабыз
Азго мен москвада иштен айына 130 саламго
Ким болуп ищтейсин?
Не верю
Мактаса огуздой иштейсинер кргыстанга келгенде олумуш болуп каласнар
Кобунчо кыз келиндер кантип баруунун жолун издеп жургону окундурот
Мен москвада 270мин тазаиштедим 3айда 600 650мин табам Альхамдулиллах (такси). мусульман жалган айтпайт
Мен Москвада курьер болуп иштеймин менделе салам айына 100 мин
Москвада деле айлык 150 айына 120 жонотобуз
Ниме иш кыласын ?
Россияда дале Кудайга шүгүр айлык 130 000 алабыз .100 000 ден ашык жөнөтөбүз 5 жыл иштедим Россияда участка алып үй салдык мал кылдык Кудайга шүгүр жаман эмес жакшы
@@алгакыргыз-л8у больницада иштейм
@@ГулзадаАлымкулова-ю4ш Ошода менделе питерде иштейм айына 140 150 алам спокойно
@@salimbert_84-dh2wj сен каерде не иш кыласын