Кой этин УСТУКАНДООДО эмнелерди билүү керек | Супара | Алдей

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 6 มิ.ย. 2024
  • Бүгүнкү чыгарылышта кой этин туура устукандоо тууралуу сөз кылабыз. Эмне үчүн айтылуу темага токтолдук? Анткени, бул чоң аталарыбыздан, бабаларыбыздан уланып келе жаткан салт. Өкүнүчтүүсү, учурда көпчүлүк мырзаларыбыз бул өнөр ээси эмес. Программа сизге керек болгон учурда ачып көргөнгө жарай тургандай бир шпаргалка болот деп үмүттөнөбүз.
    Чыгарылышта кой этин кантип устукандоо керектиги жөнүндө гана кеп козгоп тим болбой, кайсы устукан кимге тартылаарын, эт жумшак жана даамдуу болушу үчүн кандай бышыруу керектиги тууралуу да айтып беребиз.
    Бүгүнкү программа "Супара" этнокомплекси менен биргеликте жасалды. Видеону байкелериңиз, күйөөңүз, кошунаңыз, досторуңуз менен бөлүшүңүз, алар үчүн сөзсүз түрдө пайдасы тиет.
    --
    🔔Биздин Инстаграмм:
    aldey_youtu...
    🏔"Cупара" этнокомплексинин Инстаграмм баракчасы:
    supara_kg?i...
    🔔"Алдей-алдей" дүкөнүнүн баракчасы: aldey_aldey...
    #устукан #салт #Алдей

ความคิดเห็น • 537

  • @ALDEY1
    @ALDEY1  หลายเดือนก่อน +161

    Достор, башты бузуу боюнча чыгарылыш тарталыбы?

    • @Saykal-kp1tc
      @Saykal-kp1tc หลายเดือนก่อน +5

      Ооба тартыныздар чыдамсыздык мн кутомун😊😊😊

    • @user-ej1dp5hp1c
      @user-ej1dp5hp1c หลายเดือนก่อน +2

      Оа тарткыла

    • @user-zx1kq5lj6s
      @user-zx1kq5lj6s หลายเดือนก่อน +2

      Ооба чыдамсыздык мн кутобуз

    • @user-ns3rd8xd8c
      @user-ns3rd8xd8c หลายเดือนก่อน +2

      Курс ачкыла койду жиликтеген 😊

    • @user-ze2tx7ki3c
      @user-ze2tx7ki3c หลายเดือนก่อน +3

      Ооба

  • @ainuraasekova7852
    @ainuraasekova7852 28 วันที่ผ่านมา +92

    Устуканды жаш жигиттерге үйрөтүү үчүн дыкаттык менен камераны өтө жакын алып устуканды шашпай болуп көрсөтүү керек.Анан устуканды болуп көрсөтүп атканда башка жакты көрсөтпөй только устукандарды эле даана көрсөтүп жасап аткан гана адам комментарий берип түшүндүрүп турса өтө жакшы болмок.Мисалы менин балам баарын билет только устуканды ажыратканда бири биринен өтө жанылышат үйдө үйрөтөт улуу эркек адам жок өтө кыйналабыз уяттуу конок келээрде кошуна аваларына суранып жугуробуз ! Абдан үйрөнгусу келет устукан жасаганды !Сураныч дагы бир ирээт даана шашпай түшүндүрүп устукан жасаганды уйротсонор агатайлар ! Күтөбүз !

    • @user-zu9et1gu9d
      @user-zu9et1gu9d 19 วันที่ผ่านมา +1

      Алайлык
      Кара
      Кулжалыктарча

  • @ulanisakov4906
    @ulanisakov4906 หลายเดือนก่อน +71

    Баракелде ушундай корсотуулорду коп чыгарып тургула

  • @Saykal-kp1tc
    @Saykal-kp1tc หลายเดือนก่อน +64

    Кыргыз элимдин кандай сонун каада-салты, үрп-адаттары бар. Сонун көрсөтүү болуптур азаматсыздар терең ыраазычылык. Ушундай көрсөтүлөрдү чыгарып туруңуздар.

  • @MikiTo831
    @MikiTo831 หลายเดือนก่อน +24

    Азаматсыңар жигиттер! Ата энебиз эрте кетип үйрөнбөй калдык. Чет өлкөдө иштеп жүрүп ал дагы себеп болду. Баш бузууну тарткыла үйлөнүп алалы

  • @Shairbek.86kg
    @Shairbek.86kg หลายเดือนก่อน +33

    Бар болгула кыргызымдын жигитери 🇰🇬👍👍

  • @AigerimKarabaeva-bb3ij
    @AigerimKarabaeva-bb3ij 29 วันที่ผ่านมา +21

    керек жерлерин корсотпой эле алыпбаруучунун бетин тарта берипсиздер, процессти толук так корсотсонуздор жакшы болмок, ошентседа Рахмат, подписка, лайк.

    • @user-xx4gi6iz3p
      @user-xx4gi6iz3p 25 วันที่ผ่านมา +1

      Койдун этин кантип болу, жана кантип усукандайт жана ,коргозбой эле суйлогон кишинин оозун тартыптыр😂😂😂

    • @user-ys6qb1re9v
      @user-ys6qb1re9v 10 วันที่ผ่านมา

      Кантип болгонун тартсан сураныч

  • @user-qz3qj4hh8u
    @user-qz3qj4hh8u 18 วันที่ผ่านมา +9

    Жигитер силерге рахмат кичине туураэмес корсотуп койдунар карчыганы жок кылып койдунар карчыга беш кабарга менен чыгат себеби карчыга дагы улук устукан болуп саналат

    • @user-pd4vz2qx4k
      @user-pd4vz2qx4k 8 วันที่ผ่านมา

      Карчыга чыгарды , бирок кабыргасыз чыгарды

    • @djumabekova9879
      @djumabekova9879 7 วันที่ผ่านมา

      Туура

  • @emilimia258
    @emilimia258 29 วันที่ผ่านมา +9

    Ото керектуу , эн сонун беруу тартылыптыр! Бар болгула жигиттер!!!

  • @bekberdiev2427
    @bekberdiev2427 หลายเดือนก่อน +9

    ЮТУБДАГЫ ЭН ПАЙДАЛУУ МААНИЛУУ МААЛЫМАТ БОЛУПТУР...РАХМАТ ...ЫРЫСКЫНАР ЧЕКСИЗ БОЛСУН...БАР БОЛ ТУБОЛУК БОЛ НАРКТУУ САЛТТУУ УЛУУ КЫРГЫЗ ЭЛИМ...

  • @user-pu5oz6yi4c
    @user-pu5oz6yi4c หลายเดือนก่อน +11

    Туура бездерди, жамбаштагы кан тамырын алып салышчу илгери...

  • @user-lv1vx6bc2s
    @user-lv1vx6bc2s หลายเดือนก่อน +28

    Азаматсыңар ушундай салттуу нарктуу болуп өнүп өзүп жүрө берели кыргыз эли

  • @user-fo2yu2pe6q
    @user-fo2yu2pe6q หลายเดือนก่อน +7

    Азаматсынар бар болгула Кыргыз жигиттери.

  • @Utar984
    @Utar984 หลายเดือนก่อน +8

    Устукандын ар бирин тартуу жолуна да тушундурмо берсен жакшы болот эле!

  • @liveog4567
    @liveog4567 หลายเดือนก่อน +9

    Очень интересный контент, тяжело найти такую информацию в хорошем качестве, молодцы!

  • @user-tf2bw5vc6m
    @user-tf2bw5vc6m หลายเดือนก่อน +3

    Азаматсыңар ушундай берүүнү көбүрөөк көрсөткүлө жаштар карап сабак алсын рахмат бар болуңуздар

  • @user-jz6yy3bm8y
    @user-jz6yy3bm8y หลายเดือนก่อน +16

    Бизде Аксыда баш жилик болуп тартылбайт меймандын аксакалына берилет ал ооз тийип меймандын эн кичуусуно узатат ал башты бузуп же болбосо майдалап ошол жерде олтурган меймандарга тегерете узатат бир сыйра ооз тийгенден кийин кызмат балдар ооз тийсин деп сыртка узатылат

    • @user-nn4xk8io2t
      @user-nn4xk8io2t 28 วันที่ผ่านมา

      Эн туура

    • @user-ry9ow9sk2l
      @user-ry9ow9sk2l 23 วันที่ผ่านมา +1

      Негизи Түштүктө ошондой баш жилик эмес жөн гана кошумча сыйлуу адамга берилет ал киши ооз тийип эки кулагын кесип майдалап табагы менен узатат катарда олтурган эркек кишилер ооз тийишет.

    • @user-cu9gk9xv1d
      @user-cu9gk9xv1d 19 วันที่ผ่านมา +1

      Жакшы корсотууну даярдапсынар , кой сойгонду , устукандаганды бут баары эле биле бербейт , АЗАМАТСЫНАР ушунунардан жазбай , бат баттан чыгып тургула

  • @Kasum55
    @Kasum55 หลายเดือนก่อน +1

    Улантып дагы чыгарып турсаныздар пайдалуу экен мен билбеген нерселеримди билип алдым сиздер аркылуу

  • @user-wr1qn5od9m
    @user-wr1qn5od9m หลายเดือนก่อน +6

    Азаматсыңар, бар болгула.
    Устукан тартылганда, чүкө жиликтен мурун кашка жилик тартылат.
    Койдун башын карчыга же кабырга кошуп, келген меймандын аксакалына же кудага кошумча кудагыйга куймулчакты тарткан оң.

    • @kgz_baxa1174
      @kgz_baxa1174 28 วันที่ผ่านมา

      Негизи чуко жилик улук болот кашка жиликтен,азыркылар эти коп деп кашка жиликти улук кылып алышты

  • @user-df3wt2fz4j
    @user-df3wt2fz4j 29 วันที่ผ่านมา +2

    Азаматсынар ээн маанилуу ,ээн керектуу Кыргыз элинин сый урматарынын бири болгон жакшы передача тартыпсынар!Кыргызымдын урп- адаттарды,"Улууну урматтап,кичууну сыйлайлы!"-дегендей,дагы да ушундай передачаларды тартып,элге жайылткыла!Азаматтар ишинерге ийгиликтер болсун,элдин керегине жараган инсандардан болгула,бар болгула,коп жашагыла!Союшту сойууну башынан баштап,толук тартсанар,"Бата "-кылгандан баштап,кантип сойуп,кантип терисин сыйрып,кантип ичеги карындарын жууп,опко,журокторун,карын,тогуз кат,баш ,шыйрактарын кандай кылып туура пайдаланыштары жонундо толук корсотуп тартып чыгарсанар жакшы болмок...

    • @user-mb2ez2wf9b
      @user-mb2ez2wf9b 28 วันที่ผ่านมา

      ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤

  • @user-ms9nd4cf8y
    @user-ms9nd4cf8y หลายเดือนก่อน +2

    Аллах ыраазы болсун сиздерден

  • @user-pm4mh4et6i
    @user-pm4mh4et6i หลายเดือนก่อน +7

    Эттин туура кесилишин корсотууго,камераны этке кобуроок каратууга аракет кылгыла.Албетте суйлогончо арткы фондо...А так азаматсынар,чоон рахмат,жаштарга же билбегендерге пайдалуу видео болуптур.

  • @Nurislam96kg
    @Nurislam96kg 14 วันที่ผ่านมา

    Сонун көрсөтүү болуптур! Азаматсыздар! Терең ыраазычылык.

  • @user-Muslim939
    @user-Muslim939 หลายเดือนก่อน +2

    Абдан сонун Алла разы болсун жигиттер

  • @user-pt9um4eg5l
    @user-pt9um4eg5l 9 วันที่ผ่านมา

    Чоң рахмат байкелер Аллах разы болсун сидерден

  • @Kuba-bd4ub
    @Kuba-bd4ub 15 วันที่ผ่านมา

    Ото жакшы тематике болуптур.каналынар оркундоп,осо берсин молодцы жигиттер. Кийинки муундарга сабак Боло Турган видео болуптур.

  • @user-xi9km1rp2s
    @user-xi9km1rp2s หลายเดือนก่อน

    Азаматсынар инилер, эн пайдалуу ролик болуптур.

  • @user-hc5nd7kh8p
    @user-hc5nd7kh8p หลายเดือนก่อน +3

    Ар бирибиз билгенибиз озубуз учун жакшы. Азаматсынар жакшы видео чыгарып тургула

  • @tynchtykaktanov8262
    @tynchtykaktanov8262 3 วันที่ผ่านมา +1

    Жиликтегенден коп катачылык кетирип койду карап отурсам.
    1. Боконо безин албады.
    2. Тоштогу кемирчек алынбады.
    Кара кабырга менен тыштуу кабырганы ажыратып, тыштуу кабырганын эти качпаш учун эки башына илип койот.
    3. Моюнду сулп этинен ажыратуу керек. Сулп эти боконо менен эле калтырса болот бездерин тазалап.
    4.Кашка жиликтин толук бузбады.
    5. Бел омуртканы (канаттуу арканы) муундарынан бузуп этин тилип койбосо бышканда текши ажырабай калат.
    Куймулчакты жакшы бышсын деп ички бетинен сайып (бышып) коюш керек.
    Биртоп эттер жиликтерден оошуп кетиптир.
    Сыйлуу жиликтердин катарына кар жилик да кирет.

  • @user-ks3nu2xz3l
    @user-ks3nu2xz3l 17 วันที่ผ่านมา

    Эң пайдалуу көрсөтүү болду брок кыймыл аракетти баарын крупный план менен тартсаңар дагы да сонун болмок бары бир сонун видео❤❤

  • @user-lj7kh3ih4z
    @user-lj7kh3ih4z 29 วันที่ผ่านมา +2

    Молодцы Узбекистандан салам, ишинэргэ ийгилик жигиттер.

  • @KadyrkulBek
    @KadyrkulBek 28 วันที่ผ่านมา

    Азаматсынар, жигиттер ден-соолук каалайм силерге

  • @user-ef9yh5np6w
    @user-ef9yh5np6w หลายเดือนก่อน +7

    Жакшы тартыпсыздар,илгеркилер мага мындай тарттып койду деп😊,бизда үйрөнүп алалы тарынганды

    • @user-wk7sz7st2x
      @user-wk7sz7st2x หลายเดือนก่อน

      Мага кичинекей устукан тартып салды берди 😂😂😂

    • @user-mb2ez2wf9b
      @user-mb2ez2wf9b 28 วันที่ผ่านมา

      👍😅👍😅👍😅👍👍

  • @user-ji6hq6jw9c
    @user-ji6hq6jw9c 23 วันที่ผ่านมา

    Сонун тушундурду молодецы!!! Ийгилик Болсун.

  • @adike_07
    @adike_07 หลายเดือนก่อน

    Азаматсанар абдан пайдалуу чыгарылыш болуптур

  • @user-iw9kx6xz1u
    @user-iw9kx6xz1u 23 วันที่ผ่านมา

    Молодец Аллах раазы болсун 🤲 соонун пайдалуу корсотуу болуптур.

  • @user-ui1cp6sp4x
    @user-ui1cp6sp4x หลายเดือนก่อน

    Эн туура программа болуптур!
    Чоон рахмаат! ото пайдалуу болду! Эн туура создор айтылды!

  • @jahongirbotashev8528
    @jahongirbotashev8528 25 วันที่ผ่านมา

    Молодец, аябай жакшы мастер класс передача болуптур. Мага жакты.

  • @belekduishekeeva1287
    @belekduishekeeva1287 25 วันที่ผ่านมา +1

    Молодцы ребята, вы делаете огромную работу для сохранения нашей культуры, продолжайте в том же духе 🫶🫶🫶 Рахмат сиздердин жазап жаткан иштеринизге, ийгилик!!! 100 дон 1000 пайыз кошулам, биз озубуздун каада салтыбызды унутуп бара жатабыз ...

  • @user-pf9eu2wg7c
    @user-pf9eu2wg7c หลายเดือนก่อน +2

    Рахмат жигиттер эн туура казактарды коруп журобуз бусканда эттерин оштуруп ийишет

  • @user-vp8xe8ub4n
    @user-vp8xe8ub4n หลายเดือนก่อน +4

    Дагы ушундай нерселерди чыгара бергиле

  • @user-tq3ni2bc7h
    @user-tq3ni2bc7h หลายเดือนก่อน +7

    Төштүн ичиндеги кемирчекти алып потолоко чабыш керек тулпары күлүк болсун деп.

  • @user-tg5zk6ls4p
    @user-tg5zk6ls4p หลายเดือนก่อน +16

    Молодцы жигиттер😊

  • @user-vo6dj2kj3n
    @user-vo6dj2kj3n หลายเดือนก่อน +1

    Азаматсыңар ишиңерге ийгилик, ооба баш жөнүндө тартсаңар жакшы болмок

  • @djumabekova9879
    @djumabekova9879 7 วันที่ผ่านมา

    Азаматсынар жигиттер! Эн туура ишти коргозуп жатасынар . Ишинерге ийгилик!

  • @Jskskaksjsn
    @Jskskaksjsn หลายเดือนก่อน +10

    Азаматсынар, Рахмат! Уйронойун деп журот элем😊

  • @user-bi3ui6kd1j
    @user-bi3ui6kd1j 23 วันที่ผ่านมา

    Рахмат керектуу нерселер

  • @user-oc9nx9qd8z
    @user-oc9nx9qd8z หลายเดือนก่อน +1

    Сонун

  • @user-cy3xg2vt5l
    @user-cy3xg2vt5l 28 วันที่ผ่านมา

    Азаматтар , өтө соонүн көрсөтүү болуптур.

  • @ucman3804
    @ucman3804 หลายเดือนก่อน +3

    Рахмат жигите👍

  • @ENDKG
    @ENDKG หลายเดือนก่อน +1

    Молодцы соонун, Кыргызга керектуу видео болуптур👍🏻👍🏻👍🏻🇰🇬🇰🇬🇰🇬🤲🏻🤲🏻🤲🏻. Мага окшоп кой сойгонду билбегендер учун🤦🏻‍♂️🤦🏻‍♂️🤦🏻‍♂️🤦🏻‍♂️

  • @nazgulkakeeva
    @nazgulkakeeva 16 วันที่ผ่านมา

    Сонун чыгарылыш болуптур ,менин жолдошум кой союп,устукандап баарын билчу ,каза болгондон кийин 😢
    Анан маани берип жатпайымбы ,мурун сурап аламда деп ойлочумун .
    Коп жаштар билбей осуп жатат ,жакшы болот ушундай чыгарылыштар болуп турса ютубдан .❤

  • @user-ib2gf6pe8e
    @user-ib2gf6pe8e หลายเดือนก่อน

    Азаматсынар коп коп чыгаргыла

  • @eshmambetamatzhakypov699
    @eshmambetamatzhakypov699 28 วันที่ผ่านมา

    Азаматсынар жигиттер балли, омурунор узун болсун

  • @user-rk1bc3fr4z
    @user-rk1bc3fr4z 29 วันที่ผ่านมา +1

    Сонун керемет молодцы

  • @user-pw5rh9oo1y
    @user-pw5rh9oo1y 27 วันที่ผ่านมา +2

    Бул Чуйской вариант экен Нарында башкача сойобуз койунар арык экен бирок ар кимде аркандай сойот молодец жигиттер.

  • @aknaarbarktabasova
    @aknaarbarktabasova หลายเดือนก่อน

    Иии соонун жиликтердин аталышын билип алдым,ото керектуу чыгарылыш болуптур

  • @user-ei5hx9uu3o
    @user-ei5hx9uu3o หลายเดือนก่อน +3

    Красавчики жигитер туура мен лично силерди колдойм

  • @Kasum55
    @Kasum55 หลายเดือนก่อน

    Баракелди эн жакшы чыгарылыш

  • @user-gj2gl8mo2w
    @user-gj2gl8mo2w 28 วันที่ผ่านมา

    Азаматтар ишинерге ийгилик

  • @user-mw8cj3zn5k
    @user-mw8cj3zn5k 26 วันที่ผ่านมา

    Азаматсынар коп чыгып турсанар кийинки муундарга тарбия болот беле.Ырахмаат

  • @LIMON_3222
    @LIMON_3222 หลายเดือนก่อน +5

    Базар жок бычака

  • @user-fm4ek3ns2c
    @user-fm4ek3ns2c 27 วันที่ผ่านมา

    Соонун сабак болуптур

  • @erjantaalaibekov1224
    @erjantaalaibekov1224 24 วันที่ผ่านมา

    Эн жакшы болду Аллах ыраазы болсун баш бузганды тартып корсотунузчу

  • @user-id3pe7wu2o
    @user-id3pe7wu2o 3 วันที่ผ่านมา

    Рахмат. Аябай туура долбоор.
    Бирок, кээ бир учурларда бир жиликтин эти экинчи жиликке өтүп кетиптир деп айтып калышат, жакшы билгендер. Ошол себептен, жиликтерди бөлуп жаткан учурларды камераны жакын кылып, жиликтеп жаткан жигиттин комментарийлери менен тартсаңар жакшы болмок.
    Диликтердин аталышын, улуу,кичүүсүн көпчүлүгү элк билет. А койду туура жиликтөөнү билишпейт.
    Ал эми, алып баруучу кой жиликтеп бүткөндөн кийин өзүнүн алып баруу иштерин улантса жакшы болмок.
    Кечирим сурайм, бул менин жеке оюм.
    Рахмат.
    👍👍👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬✊️✊️✊️💪💪💪

  • @user-vx1lt5rn2j
    @user-vx1lt5rn2j 29 วันที่ผ่านมา

    Азаматтар ишинерге ийгилик😊

  • @user-pv2zz2zs8c
    @user-pv2zz2zs8c 25 วันที่ผ่านมา

    Аллах ыраазы болсун 🤲

  • @ArllenaAskaralieva
    @ArllenaAskaralieva หลายเดือนก่อน

    Жакшы , жакшы....

  • @user-ef9cf2mo9h
    @user-ef9cf2mo9h หลายเดือนก่อน +1

    Эн туура тушундурду рахмат

  • @MaksudaJusupova-xq3ec
    @MaksudaJusupova-xq3ec 8 วันที่ผ่านมา

    МаашаАллах эн соонун.

  • @bolotabdubaliev9489
    @bolotabdubaliev9489 16 วันที่ผ่านมา

    Азаматсынар, жигиттер! Бирок, озунор айткандай, кар жилик башка кошулуп казанга биринчи салынат да, бышканда баш менен кошо тартылат, ошондуктан далыга караганда улуурак болот!

  • @user-hq8nz2wt9l
    @user-hq8nz2wt9l หลายเดือนก่อน +2

    Азаматсынар👍.мен даже тоокту жиликтей албайм.

  • @user-wg2pn8gj5k
    @user-wg2pn8gj5k 27 วันที่ผ่านมา

    Эн.соонун.передача.чыгарыпсынар.🎉🎉

  • @user-dp4iy3xb5j
    @user-dp4iy3xb5j หลายเดือนก่อน

    Баракелде жакшы.билип алдык ❤

  • @user-lh6fz3mb4b
    @user-lh6fz3mb4b หลายเดือนก่อน +1

    Азамат эн соонун

  • @user-wj4rr6bv5r
    @user-wj4rr6bv5r 29 วันที่ผ่านมา +1

    Мойун эт озунчо мойун озунчо ооз омуртканы айтпапсыз ооз омуртканы кой кайтарган тестиер балдарга берген толук айткыла баары тушункутуу болсун рахмат сиздерге

    • @tynchtykaktanov8262
      @tynchtykaktanov8262 3 วันที่ผ่านมา

      Булар кун жилик анан кун жилик, жанадагы кун жилик болуп калыптыр 😂

  • @user-bc3sm5bt6m
    @user-bc3sm5bt6m หลายเดือนก่อน +3

    Дуйно жузундо кыргыз гана этке ото маани берген калк .казак жиликти туура эмес чыгарат .башка калк жиликти тушунбойт .💯👍🤲

    • @user-nn4xk8io2t
      @user-nn4xk8io2t 28 วันที่ผ่านมา +1

      Казак устукан билбейт

  • @user-xc2ov4db4r
    @user-xc2ov4db4r 28 วันที่ผ่านมา

    Жакшы сабак

  • @ZhyrgalbekovErmek
    @ZhyrgalbekovErmek หลายเดือนก่อน +7

    Койду сойгонду билбегендерге жакшы бир видео чыгарыш керексиздер, бул видео чала болуп калды

  • @ElgizaIsakova
    @ElgizaIsakova หลายเดือนก่อน +3

    Россияда журуп кайсыл жилик кандай аталат,кимдерге кандай устукан тартылат билбей калыптырмын,2жылдан бери биротоло Кыргызстанга келип эми уйронуп баштадым,кимдердикине кандай конок болуп барсан ошого жараша устукан тартылганы учун коп деле баамдай бербечуумун,сонун беруу болуптур
    Рахмат *Алдей* теле беруунорго,
    Сохранить этип алдым жакшылап коруп билип алайын деп😊

    • @Saykal-kp1tc
      @Saykal-kp1tc หลายเดือนก่อน +1

      Менин да бир тууган агам Россиялап журуп билбейт болчу ,үйгө уста келгенде бир кой алдык ошол койду сойгон апам корсоттуп берип турган ушундай кылып соёсун деп,азыр билбейм билбеби жок же унуттуп калдыбы.

    • @user-lu7vw1lv4e
      @user-lu7vw1lv4e หลายเดือนก่อน

      Бир кой алсанар Россиядамын чакырсан бышырганын да уйротуп коём жэгенинда😅😅

  • @ABSS907
    @ABSS907 25 วันที่ผ่านมา

    Азаматсыңар жигиттер жото жиликтен кашка жилик улуу болот

  • @user-ec8gs7kg9l
    @user-ec8gs7kg9l 27 วันที่ผ่านมา

    Азаматсыңар жигиттер, мына ошентип акырындаан болот баары кудай кааласа.

  • @Kochkorov.1
    @Kochkorov.1 หลายเดือนก่อน +5

    Жигиттер азаматсынар. Алайкууга барганда 2018ж эн кичуусу деп баш тарткан. Бизде казандын бойунан эле сразу болуп жонотот. Алайкууда дасторкондун алдына баарын алып келип ошол жерден бир акчакал тараткан.

  • @aibek6577
    @aibek6577 หลายเดือนก่อน

    Жакшы чыгарылыш болуптур

  • @user-df7mr2rz3n
    @user-df7mr2rz3n 23 วันที่ผ่านมา

    Тура эле жаш жигитер экен бизден чон адамдар билбейт азаматсынар

  • @almazmeimanbekov1557
    @almazmeimanbekov1557 18 วันที่ผ่านมา

    Азаматсынар жалпы жонунан баары туура.

  • @user-bk2fh8sl7p
    @user-bk2fh8sl7p หลายเดือนก่อน +7

    Азаматсынар сонун корсотүү болду

  • @user-lu9kx9dv9e
    @user-lu9kx9dv9e 23 วันที่ผ่านมา

    Ассалом алейкум устукан тартканда негизи биринчи аты айтып тургандай ен улуу кары аксаклдарыбызга кары жилик биричи тарьылусукерек озун айткандай биринчи кары жилик баш биринчи кун коргондуктон улуу эсептелип казанга дагы биринчи салынат салт бойунча ушундай бирок азыркы аксакалдарыбыз улуулугун тушунгусу келбей таарынышат кун жилик туурасында туура айттын ал конок болгон жаш балага дагы тртылбоосу керек бирок кудаага барабы коноко барабы оздору ашыкча барып анан уй ээси тартышка мажбур болууда ошондутан он жилике ылайык баруусу абзел жакшы салттыуйротуп жатыпсынар ишинерге ийгилик силер мен тиги айтпаса келечек муун билбей унутулуп братат

  • @user-py8ln9vz2e
    @user-py8ln9vz2e 29 วันที่ผ่านมา

    Азаматсынар балдары кыргыздын Эн сонун ар Бир инсан билиш керек болгон салтты корсоттунор сонун Рахмат силерге бактылуу болгула салтты наркты уйрото бергиле . Эн туура айтасынар атадан балага калыш керек бул онор

    • @user-mb2ez2wf9b
      @user-mb2ez2wf9b 28 วันที่ผ่านมา

      👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍

  • @user-pm2op2ff9l
    @user-pm2op2ff9l 19 วันที่ผ่านมา

    Туура айтасьз иним сизге чондон чон рахмат балдарьбьзга уйго конок келгенде кой союну уйроту

  • @user-jb4sh2tw9g
    @user-jb4sh2tw9g หลายเดือนก่อน +33

    Анча деле билбейт екенсинер кемчилдик ото коп тоолук уйронуп анан видео чыгарсанар жакшы болмок

    • @user-nn4xk8io2t
      @user-nn4xk8io2t 28 วันที่ผ่านมา +2

      Билсениз кой союп корсотуп берсениз сиздикин королу

    • @user-ec8gs7kg9l
      @user-ec8gs7kg9l 27 วันที่ผ่านมา +3

      Сындатып эле койсо, ушунча чыгарганына ыраазы болсоң, чочко сойгонду чыгарса эмне кылат элең.

    • @user-zl7kr8bq6p
      @user-zl7kr8bq6p 7 วันที่ผ่านมา

      😂😅😂​@@user-ec8gs7kg9l

    • @user-zl7kr8bq6p
      @user-zl7kr8bq6p 7 วันที่ผ่านมา

      Деринде болсо үйрөнөт, соонун түшүнүктү эле тарткан.👍👍👍👌

  • @Hyrlanbek
    @Hyrlanbek 23 วันที่ผ่านมา

    Ен жакшы чыгарылыш болуптур

  • @mukanartykov8107
    @mukanartykov8107 25 วันที่ผ่านมา +2

    Азамат жакшы ,бирок толук эме болуп калыптыр ар жерде аркыл экен 👍

  • @user-xz9if9yt1c
    @user-xz9if9yt1c หลายเดือนก่อน +2

    Жакшы экен корсотуунор бирок башкалар уйронуп алыш учун камераны жайлатып жана жакындан шашпай кандай болуп кесилишин косотуп тартсанар болмок экен

  • @user-px1wh6dc6b
    @user-px1wh6dc6b 17 วันที่ผ่านมา

    Жакшылап үйрөнгүлө өтө чала

  • @AlHamduLillah085
    @AlHamduLillah085 หลายเดือนก่อน +1

    Ассалому алейкум. Ото сонун чыгарылыш болуптур. Мункун болсо кандай союш керек, особенно устукандап бузганды кылдаттык менен тартып корсотуп бересинерби.

  • @user-ok3bu9nu5w
    @user-ok3bu9nu5w หลายเดือนก่อน +2

    Туура кылыпсынар билбегендер билип алышат

  • @darkweyder7524
    @darkweyder7524 26 วันที่ผ่านมา

    Азамат мыкты жигит экен.

  • @user-ui8ds7sr3o
    @user-ui8ds7sr3o หลายเดือนก่อน +2

    Эн жакшы

  • @Aralash_
    @Aralash_ หลายเดือนก่อน +1

    Аябай жакшы контент болуптур