ไม่สามารถเล่นวิดีโอนี้
ขออภัยในความไม่สะดวก

Зарлык Камбаралиев - " Апа сиз болгондо... " | Жаны ыр 2023 | (Mood Video)

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 9 ก.พ. 2023
  • Зарлык Камбаралиев - "Апа сиз болгондо"
    созу/обону : Зарлык Камбаралиев
    Апа сиз болгондо ыйлабайт элем
    Апа сиз болгондо кыйналбайт элем
    Апа жаныныздан бир жолу корсом
    Башка эч нерсе сурабайт элем
    Кичинекейим менин,кенжетай,эрке балам
    Чонойсо иштеп анан,ушунум мени багат
    Дечу элениз апаке,ал создорунуз эстеп
    Эч ким жок жерге барып,буулугуп ыйлап алам
    Апа,сиз ойлонбонуз,баланыз жакшы шугур
    Курсагым ток апаке,кийимим баары бутун
    Коздогу жашым коруп,кабатыр албанызчы
    Ал сизди сагынганым,кусаланганым учун
    Сиздей болуп эч ким батырбайт
    Сиздей болуп эч ким сагынбайт апа
    Сиздей болуп башымдан сылап
    Козумдон жашым арчыбайт апа
    "Ало,кандайсыз апа?",деп суйлошсо досторум
    Коздон жаш тегеренип,тумандап калат оюм
    Атама чалам бирок,атанын орду болок
    Байкушум сиздей эле,жакшы корот,мээрим тогот
    Сагындым апакебай,жасаган тамагынды
    Жеп алып калчу элем,жаланып бармагымды
    Баратам десем апа,тосчу элениз уктабай
    Даярдап ыссык чайын,май-сутун,каймагынды
    #ЗарлыкКамбаралиев #Апасизболгондо #жаныыр2023

ความคิดเห็น • 3.1K

  • @user-md4tn7zp6o
    @user-md4tn7zp6o ปีที่แล้ว +453

    Апам бүгүн операциядан чыкты дуа кылып койуңуздарчы🤲🤲🤲 АПАЛАР оорубасынчы 😢😢

    • @user-gx6no8eg6l
      @user-gx6no8eg6l 9 หลายเดือนก่อน +9

      Аллахым шыпаа берсин жаркырап омур сурсун силердин алдынарда

    • @user-pl8ng6sz1x
      @user-pl8ng6sz1x 9 หลายเดือนก่อน +5

      Аллахым апнызга шыпаа берсин.апаларыбыздын омурлору узун болсун,Ден соолуктары мыкты болуп,торубуздун корку болушсун.❤

    • @user-tf1pu5vr5f
      @user-tf1pu5vr5f 8 หลายเดือนก่อน +3

      Аллахым Омурун узуун кылсын

    • @Акбермет12
      @Акбермет12 8 หลายเดือนก่อน +2

      Жакшы болуп кетсин көп жашасын😊

    • @user-mg2ir9ii5r
      @user-mg2ir9ii5r 7 หลายเดือนก่อน +5

      Уга берем ээч тажабайм Эненин ыйыктыгы ушундай экен да

  • @user-dr5cg9jq6u
    @user-dr5cg9jq6u ปีที่แล้ว +255

    Бул дуйнодон отуп кеткен апалар жаткан жерлери жайлуу болсун Фирдаус жаннатинда журсун

  • @user-ki8lz7di3s
    @user-ki8lz7di3s ปีที่แล้ว +288

    Өтүп кеткен апаларыбыз дын жайы жаннатта болсун көзү тирүүлөрдүн өмүрлөпү узуун болсун

    • @malkayakubova4285
      @malkayakubova4285 7 หลายเดือนก่อน +1

      Аминь 🙏🥺🥺

    • @KYRGYZSTAN1993
      @KYRGYZSTAN1993 4 หลายเดือนก่อน +1

      Омиин!!!! 😭😭😭😭

    • @DERZKIY92
      @DERZKIY92 3 หลายเดือนก่อน

      Рабби рхамхума кама раббаяни сагыра 🥹

    • @user-gx8ue2oq9b
      @user-gx8ue2oq9b 3 หลายเดือนก่อน

      Энелер Аман болсун

    • @user-sm1yg8sq1g
      @user-sm1yg8sq1g 3 วันที่ผ่านมา

      😢😢😢😢 жаным апамды сагындым.

  • @user-xc8mc9zq4f
    @user-xc8mc9zq4f 6 หลายเดือนก่อน +90

    Апа деген ырынызды угу п ыйлап жатамын.70темин бирок апамды сагындым.Омурун узун болсун кагылайын.Номер 1 . ырчысын

  • @user-ry5wv3po6i
    @user-ry5wv3po6i ปีที่แล้ว +2021

    Мага окшоп апасы жоктор укса эзилип ататго😢😢😢😢😢Аллахым апаларыбыз ды Жайын жаннаттан кылсын😢😢😢

    • @user-vd5hl2ts9g
      @user-vd5hl2ts9g ปีที่แล้ว +23

      Ова😭😭😭😭

    • @user-er4dj9pv5t
      @user-er4dj9pv5t ปีที่แล้ว +41

      Уккан сайын жашым токтобойткоо апаларыбыз бейиштик болсун🤲🤲🤲

    • @Hadija18
      @Hadija18 ปีที่แล้ว +31

      Мен да Апам жок угуп алып ыйладым 😢

    • @user-ck8sr9tb7u
      @user-ck8sr9tb7u ปีที่แล้ว +4

      ,😭😭😭😭😭😭😭

    • @jasicosaburalieva1738
      @jasicosaburalieva1738 ปีที่แล้ว +10

      Айтпа журок элжиреп кетти

  • @raiasydykkyzy198
    @raiasydykkyzy198 ปีที่แล้ว +381

    Апасы барлар кандай бактылуу барында баркына жеткиле
    Апаларыбыздын жайы жаннаттан болсун 😥

    • @user-kx3ib6wn6v
      @user-kx3ib6wn6v ปีที่แล้ว +2

      Туура кана эми менин апамда жанымда болгондо 😢😢

    • @raimakadurova8051
      @raimakadurova8051 ปีที่แล้ว +3

      Мынчалык оор энеге болгон кусалык.

    • @user-do2xc1nj2j
      @user-do2xc1nj2j ปีที่แล้ว +1

      🤲

    • @user-pn4tz3xc5s
      @user-pn4tz3xc5s ปีที่แล้ว +2

      Апалар бар болсун. Бейиш алардын таманын астында

    • @AidarSeitaliev-df6jr
      @AidarSeitaliev-df6jr 10 หลายเดือนก่อน +1

      Шугур дегиле

  • @user-ep7og2ph3o
    @user-ep7og2ph3o 2 หลายเดือนก่อน +19

    Жакында отуп кеткен апамдын жаткан жери жаннаттан болсун деп дуба кылдым омиин

  • @TheWunschland
    @TheWunschland ปีที่แล้ว +164

    Көзгө жаш толтура турган ыр болуптур. Ата-энелерибиз аман болуп, дендери сак болсун дайыма!

    • @user-iy9xx5dt1i
      @user-iy9xx5dt1i 9 หลายเดือนก่อน

      Иним ото кучту ыр юолуптур иним онорун оркундой берсин
      Валис ырлаодан чыгаргын иним

    • @user-hw6gy5dh5d
      @user-hw6gy5dh5d 7 หลายเดือนก่อน

      Вдпхаэ920

  • @elyaelya6261
    @elyaelya6261 ปีที่แล้ว +158

    Апам тируу болуп,угуп алып ушунча ыйладым,апасы жоктор журоктору канады го😭😭😭

    • @user-tm1ui5rz2h
      @user-tm1ui5rz2h ปีที่แล้ว +5

      Ооба туура айтасыз журогум ооруду озумду токтото албадым😪😪😪

    • @nurlansooronbaev
      @nurlansooronbaev ปีที่แล้ว +1

      Апамды жоготконума Бир жарым ай болду ушунчалык эзилип атам ото оор болду мен учун апамды жоготуу

    • @user-tm1ui5rz2h
      @user-tm1ui5rz2h ปีที่แล้ว +1

      @@nurlansooronbaev сабр кылыныз😪 Аллах сабырдууларды жакшы корот

    • @user-ol4tl8be2b
      @user-ol4tl8be2b ปีที่แล้ว +1

      Апам тируу бирок 2апам откон аябай ыйлап алдым

    • @elyaelya6261
      @elyaelya6261 ปีที่แล้ว +1

      @@nurlansooronbaev Сабыр кылыныз 🥲😥🙏🙏🙏

  • @user-kr5dj3lx1w
    @user-kr5dj3lx1w ปีที่แล้ว +345

    Апамды атамды сагындым, жаткан жеринер бейиштин торунон болсун🤲

    • @user-gf5di1vo8i
      @user-gf5di1vo8i ปีที่แล้ว +6

      Акыретин бейиштен берсин атаке апаке жаткан жериниздер жайлуу болсун 🤲🤲🤲😭

    • @user-yu9xm2yq7x
      @user-yu9xm2yq7x ปีที่แล้ว +4

      Амиин

    • @user-xi4vo8gj7p
      @user-xi4vo8gj7p 10 หลายเดือนก่อน +2

      Апамдын,атамды,сагындым жаткан жертнер бейштин торундо болсун,😢😢😢😢😢

    • @user-cg7md4qc4m
      @user-cg7md4qc4m 3 หลายเดือนก่อน

      Мен дагы эрте ажырадым сагнамын

    • @user-nk4ih7ni5p
      @user-nk4ih7ni5p 2 หลายเดือนก่อน

      Омиин Омиин Омиин Аллахым бейишинен берсин

  • @user-uc4dp4pk1g
    @user-uc4dp4pk1g 9 หลายเดือนก่อน +70

    Зарлык атына Караганда зарлап кутуп журуп торолгон уул окшойсун апанын жаткан жери жайлуу болсун,эч чокпогун кеткендер эч качан кайтбайт,курандан башка Айла жок,сабыр кылгын кучтуу болгун темирдей бекем болуп КУДАЙдан жакшы кундорду тилегин!

  • @Finstonumgo
    @Finstonumgo ปีที่แล้ว +40

    Атам апам алхамдулила жаныбызда алаахга шугур ыр ушунчалык маниси терен экен угуп ыйлагын келет

  • @oshnookat8068
    @oshnookat8068 ปีที่แล้ว +374

    😭😭😭🙏Бул дуйнодон отуп кеткен апаларыбыздын жаткан жери жайлуу Аллахым бейиштен орун берсин 🤲🤲

  • @narkulalymbaev540
    @narkulalymbaev540 ปีที่แล้ว +60

    Жашым 50 дон отсо дагы, апамы естегенде козумдон жашым куюлат. Кагылайын апам бейиштен жолугалы!!!

  • @luna-kg4bv
    @luna-kg4bv ปีที่แล้ว +24

    Баардык апа,аталар кооп жашаса экен😥🤲🏻🤲🏻🤲🏻кооп жашашсын бактыбызга😥🤲🏻🤲🏻🤲🏻❤

  • @samarakoshunbekovna8562
    @samarakoshunbekovna8562 ปีที่แล้ว +323

    😭😭😭😭😭 Апанын ордун эч ким баса албайт. Аллахым апаларыбызга бейиштин Фирдаус эшигин ачсын оомин 🤲

  • @azamattalantbekov2670
    @azamattalantbekov2670 ปีที่แล้ว +387

    АПА МЕНИ УРУШЧУ
    Түшкө кирдиң адатыңча уруштуң,
    Урушсаң да күлүп карап турупмун.
    Ыйлап алдым араң жүргөм бук болуп,
    Кайда кетти билбей калдым түн уйкум?
    Өзүң менен жылдызы өчкөн кечтердин,
    Өмүрүмдүн бош калганын сезген ким?
    “Жалкоо болбой өз боюңа тың болгун”,
    Деп айтканын апакемдин эскердим.
    Мезгил токтоп жылган өңдүү араң, жай.
    Чачык бөлмө, үй-жай калган каралбай,
    “Эсиңе кел, эээй” - деген, апам жок,
    Эми кантем урушканың табалбай?...
    Өзүң менен учургандай ырысты,
    Сагындым эх, жүзүңдөгү бырышты.
    Мен өзүмдү тааный албай баратам,
    Апа келип, бүгүн мени урушчу.
    Эрке элем, айткан сөзүң унутуп,
    Ошол учур барат жанды курутуп.
    Көл кайгыма чөгүп барам апаке,
    Келип мени койчу бир аз урушуп.
    Кайда шаштың, кайда кеттиң жаным ай,
    Калдым азыр оюм онго чачырай.
    Урушканың көрсө мээрим турбайбы,
    Азыр мага табылбаган дарыдай.
    Өзүң барда өмүр сырын билбегем,
    Бакыт экен ар бир учур тилдеген.
    Эл балдары иштин баарын бүтүрдү,
    Сен уктайсың түшкө чейин тур деген.
    Кантип өтүп жатат билбей жылдарым,
    Карааныңды күтүп жанды кыйнадым.
    Сырттан ойноп кеч келгенде короодо,
    Сагымдым ай, кабак бүркөп турганың.
    Дарысы элең оруганда жанымдын,
    Жыйнала албай, ордуң толбой чачылдым.
    Убагында жактырбагам айтканың,
    Эми сенин урушканың сагындым.
    Айлам канча? Сен жок күнгө кабылдым,
    Акылы жок жаным, далай жаңылдым.
    Адашканда туура жолду көрсөткөн,
    Апа сенин, урушканың сагындым…
    Акбар Кубанычбеков...

    • @aidanamuratova5384
      @aidanamuratova5384 ปีที่แล้ว +1

      🥺🥺🥺🥺🥰🥰🥰

    • @user-bb9qd7rp1j
      @user-bb9qd7rp1j ปีที่แล้ว +5

      Апаныз жаннатта журсо керек,ылайым апаныз менен бейиш бакчаларында жолугууну Аллах Таала насип кылган болсун 🤲Кандай гана журоктон чыккан создор🌼

    • @user-yi5if7hi3f
      @user-yi5if7hi3f ปีที่แล้ว +2

      Соонунго

    • @user-jy4on1tj2m
      @user-jy4on1tj2m ปีที่แล้ว +3

      Кандай созсор 😢😢😢😢😢😢😢

    • @user-mn8cu6mx9d
      @user-mn8cu6mx9d ปีที่แล้ว +1

      👏👏👏🔥🔥🔥👍

  • @nurdjumagulov2018
    @nurdjumagulov2018 2 หลายเดือนก่อน +7

    Молю только одно у всевышнего, молю что бы каждого была мама и пусть сердце мамы бьётся вечно 😭

  • @user-st9wc1ko2s
    @user-st9wc1ko2s ปีที่แล้ว +27

    Мен тайэнемдин колунда чоноюп жатып козу отуп кетип жалгыз калдым,сиздей болуп эч ким батырбайт деген жерлери аябай туура айтылган.Тай энемдин жаткан жери жайлуу болсун🤲😓.
    Ушул ыр учун мамлекеттен сыйлык болуусун каалайт элем🔥.Уй булонуз менен бактылуу болунуз.

  • @user-pc4mb2tw5b
    @user-pc4mb2tw5b ปีที่แล้ว +144

    Апасы бар мен деле ыйладым😭😭😭 таасирдүү ыр болуптур, Апаңдын жайы жаннаттан болсун 🤲🤲

    • @aiperimambetalieva
      @aiperimambetalieva ปีที่แล้ว +1

      😥

    • @user-bv1tn1mn2v
      @user-bv1tn1mn2v ปีที่แล้ว

      Апаларыбыздын жайы жаннаттан болсун!

    • @user-bv1tn1mn2v
      @user-bv1tn1mn2v ปีที่แล้ว +1

      Бул ырды ыйлабай,эч ким коро албаса керек. Журокко жеткен ыр болуптур.

    • @dilbarakenjekulova2168
      @dilbarakenjekulova2168 ปีที่แล้ว

      Мен дагы 🥲😥таасирдуу ыр

    • @user-db5cn9nc5k
      @user-db5cn9nc5k 11 หลายเดือนก่อน

      Бактылуу экенсиң, апаңдын өмүрү узун болсун

  • @videomaster5923
    @videomaster5923 ปีที่แล้ว +300

    Апасы бары да жогу да ыйладык окшойт бул ырды угуп ,менда туну мн ыйлап чыктым азыр атамдын мурзосуно зыяратка баратам ,апама гул алып баратам апам тируу Аллага шугур ,рахмат сизге Зарлык

    • @user-rq1jg3uq5v
      @user-rq1jg3uq5v ปีที่แล้ว

      Апан бар бактын бар эккен ,мен жоок отконуно 20жылдан аштты.

    • @videomaster5923
      @videomaster5923 ปีที่แล้ว +4

      @@user-rq1jg3uq5v убакыт отуу менен таркайт деген калп экенла Анда сагынуу дайыма болот экенда демек 😭свбыр тилейм

    • @roza_7251
      @roza_7251 ปีที่แล้ว +3

      Мен апамды жакында эле жоготуп алдым 😭😭😭😭
      Апаңызга кудайым узун өмүр берсин !
      Апалар көп жашасынчы ...

    • @user-vs8ws2qm3x
      @user-vs8ws2qm3x ปีที่แล้ว

      😭😭😭

    • @akmatmedetov
      @akmatmedetov ปีที่แล้ว

      ​@@videomaster5923 жш да. Ю́ бы там худшол8 уй. И мы же

  • @erlantoktosunov244
    @erlantoktosunov244 ปีที่แล้ว +28

    Апа (мама) жаткан жериңиз жайлуу болсун! Аллах - таалам бейишинен орун берди деп ишенем😢

  • @nargizaziadinova8553
    @nargizaziadinova8553 ปีที่แล้ว +30

    Ушул ырды кундо угам.уккан сайын козумо жаш келип ,ыйлап алам.Апаларыбыздын омуру узун болсун!

  • @user-gg5zr4uh7d
    @user-gg5zr4uh7d ปีที่แล้ว +183

    *Текст песни❤️*
    Апа сиз болгондо ыйлабайт элем
    Апа сиз болгондо кыйналбайт элем
    Апа жаныңыздан бир жолу көрсөм
    Башка эч нерсе сурабайт элем *(2жолу)*
    Кичинекейим менин, кенжетай, эрке балам
    Чоңойсо иштеп анан, ушунум мени багат
    Дечү элеңиз апаке, ал сөздөрүңүз эстеп
    Эч ким жок жерге барып, буулугуп ыйлап алам
    Апа, сиз ойлобоңуз, балаңыз жакшы шүгүр
    Курсагым ток апаке, кийимим баары бүтүн
    Көздөгү жашымды көрүп, кабатыр албаңызчы
    Ал сизди сагынганым, кусаланганым үчүн
    Сиздей болуп эч ким батырбайт
    Сиздей болуп эч ким сагынбайт апа
    Сиздей болуп башымдан сылып
    Көзүмдөн жашым арчыбайт апа
    Апа сиз болгондо ыйлабайт элем
    Апа сиз болгондо кыйналбайт элем
    Апа жаныңыздан бир жолу көрсөм
    Башка эч нерсе сурабайт элем *(2жолу)*
    Ало, кандайсыз АПА? деп сүйлөшсө досторум
    Көздөн жаш тегеренип, тумандап калат оюм
    Атама чалам бирок, атанын орду бөлөк
    Байкушум сиздей эле, жакшы көрөт, мээримин төгөт
    Сагындым апакебай, жасаган тамагыңды
    Жеп алып калчу элек, жаланып бармагымды
    Баратам десем апа, тосчу элеңиз уктабай
    Даярдап ыссык чайын, май сүтүн, камагынды
    Сиздей болуп эч ким батырбайт
    Сиздей болуп эч ким сагынбайт апа
    Сиздей болуп башымдан сылып
    Көзүмдөн жашым арчыбайт апа
    Апа сиз болгондо ыйлабайт элем
    Апа сиз болгондо кыйналбайт элем
    Апа жаныңыздан бир жолу көрсөм
    Башка эч нерсе сурабайт элем *(2жолу)*
    *БАШКА ЭЧ НЕРСЕ СУРАБАЙТ ЭЛЕМ 🥺*

    • @user-ek2po8zt6c
      @user-ek2po8zt6c ปีที่แล้ว

      щ⁰

    • @user-xl2it1vq3v
      @user-xl2it1vq3v ปีที่แล้ว +1

      Переводчик не правильно переводит на русский.

    • @user-dm9ug4rj2c
      @user-dm9ug4rj2c ปีที่แล้ว +2

      Эй кандай жакшы жасылган

    • @user-of7dk9er5i
      @user-of7dk9er5i ปีที่แล้ว +4

      Апалар бар болсун бактыбызга

    • @user-gg5zr4uh7d
      @user-gg5zr4uh7d ปีที่แล้ว

      @@user-xl2it1vq3v кыргыз тили менен орус тилинин грамматикасы бири бирине туура келбейт да

  • @user-fo1ce9ij7r
    @user-fo1ce9ij7r ปีที่แล้ว +292

    Аллахым Апаларыбызга Омур берсин Бул Ырды Апасынан Ажырагандар жакшы тушунот Ата Энебиз кооп жашасын

    • @user-qd5wq1ut4x
      @user-qd5wq1ut4x ปีที่แล้ว +2

      Ошондой

    • @anarajaanbaeva4677
      @anarajaanbaeva4677 ปีที่แล้ว

      Апамы сагындым атин арман эркелей албайм

    • @jyrgalbek6516
      @jyrgalbek6516 ปีที่แล้ว

      апамдан айрылдым эркелей албайм Эч кимге

  • @user-vm4hl8jt5n
    @user-vm4hl8jt5n ปีที่แล้ว +27

    Атамды апамды сагындым,жаткан жеринер жайлуу болсун,топурагынар торко болсун, 🤲

  • @user-pz9xg2wl2c
    @user-pz9xg2wl2c ปีที่แล้ว +23

    Апа деген бакыттан биз да эрте кур калганбыз😢Кичинекейим журокту ыйлаттын го....Балдарымды апасыз калтырбаганга аракет кылам,суранам жараткандан

  • @for_babies1
    @for_babies1 ปีที่แล้ว +84

    Ото ото сагындым апамды, жанынан бир корсом башка эч нерсе сурабайт элем . Жара болгон журок эчкачан айыкпайт 😭😭😭😭

    • @user-ui2sk3xk2z
      @user-ui2sk3xk2z ปีที่แล้ว +1

      Айтпан журок канап кеттиго

    • @user-ry6gm5uo5t
      @user-ry6gm5uo5t ปีที่แล้ว

      Аллахым бейиште чогуу кылсын😘

    • @user-zr6tg1bl7x
      @user-zr6tg1bl7x ปีที่แล้ว +1

      Э Алла Апасы барлар кандай бактылуу

    • @user-iu8ul7qt1h
      @user-iu8ul7qt1h ปีที่แล้ว +1

      Куну туну кутом сагынып 😭😭😭😭

    • @aliyabolotbekova1297
      @aliyabolotbekova1297 ปีที่แล้ว +1

      Сагындым апаке! Жаткан жериниз жайлуу, топурагыныз торкр, ыйманыныз саламат болсун... Апакем 87жашында 1 жарым жыл мурун отуп кеткен.. эмнегедир ичим апамдын алдында кооп нерсе бере албай калгандай сеземин ... Куран окуп багыштайбыз ар дайым... Зарлык эн сонун ырдагансын, журоктон чыккан ыр журокко жетет..

  • @user-dw1zk8hv5p
    @user-dw1zk8hv5p ปีที่แล้ว +109

    Апа сизди катуу сагындым 😢😢😢бир кунум да ыйсыз отпойт,бир кунум да сизди ойлобогон кунум болбойт 😢Жаным Апам 😢 Кудайым Бейиштен орун берсин!

    • @user-qh7gq9wq1x
      @user-qh7gq9wq1x ปีที่แล้ว +2

      Кооп ыйлаба коп сагынба алжакта кыйналат деп койушатко.

  • @user-lv8xf6yl7f
    @user-lv8xf6yl7f ปีที่แล้ว +25

    Апакендин жаны жанаттан болсун Апаларыбыздын омуру узун болсун

  • @user-fm8qe5lm4x
    @user-fm8qe5lm4x 11 หลายเดือนก่อน +17

    УШУЛ ЫРДЫ УГУП ЫЙЛАЙМЫН БИРИ КЕМ ДУЙНО ДЕГЕН ЭНЕНИ БАЛАДАН баланы энед ен ажыратбасын😢😢😢

  • @dinmukhammedtileubergen
    @dinmukhammedtileubergen ปีที่แล้ว +140

    *Зарлык брат байке ырыныз журогумо жетти 👏🏻👍🏻 апам дуйнодон отуп кеткен еди😔 апанардын баркын тируусундо билиниз, өбүшүңүз, кучактаңыз бир туугандар✅ Казак елинен салам✊🏻🇰🇿*

    • @userguljan
      @userguljan ปีที่แล้ว

      Сабр кылыңыз

    • @user-ob2dt8lk8d
      @user-ob2dt8lk8d ปีที่แล้ว +1

      оа сиздин апагыз бар э бар болсун апаларыбыз 😭😭😭😭😭😭

    • @user-pf9qd7sw1v
      @user-pf9qd7sw1v ปีที่แล้ว +1

      😢❤

    • @kenjeievbeybars3896
      @kenjeievbeybars3896 ปีที่แล้ว +1

      Апаларыбыз эч оорубасын, бар болушсун

    • @NdgjJxhjd
      @NdgjJxhjd 11 หลายเดือนก่อน +1

      Апама журок салган болгондо журогуму бермекмин.😢😢😢😢апам жок аябай кыйналдым

  • @user-io6cy4tp8v
    @user-io6cy4tp8v ปีที่แล้ว +134

    Кудайыма мин мертебе шугур Апам бар.Козумдон жащым мондурдой жаап ыйладым создору кучтуу экен.
    Аталар Апалар аман болсун🤲🤲🤲🤲🤲

    • @nurgulalybaeva1024
      @nurgulalybaeva1024 ปีที่แล้ว +2

      Козу барда сыйлап,чалса алып ,барктап алыныз, кийин ото кеч болуп калат экен ичин орттонуп

    • @nurzadaseitkazieva8481
      @nurzadaseitkazieva8481 ปีที่แล้ว

      Аман болушсун Ата энелер шугур ата энем бар ыраазымын.Ата апалар бар болсун Аллахым 🤲🤲🤲🤲

  • @user-mt2tj5pq8m
    @user-mt2tj5pq8m หลายเดือนก่อน +2

    Апакеее журогум чарчап турат😢,Апа Сиз болгондо ыйлабайт элем😭😭😭😭😭

  • @user-jd3qt1nf6j
    @user-jd3qt1nf6j ปีที่แล้ว +18

    Бейиш Эненин Таманында! Ата Апабызды козу тиирю кезинде сыйлап алайлы!❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤
    Зарлык Азаматсын!

  • @user-te6wu5kc3t
    @user-te6wu5kc3t ปีที่แล้ว +56

    Зарлык,эч качан ыйлаба.Кудагыйдын жаткан жери жайлуу болсун.Сенин талантынды баалайбыз,сени менен сыймыктанабыз.Мындан кийин турмушунда эч жамандык корбо.Сен багындырчу бийиктиктер али алдыда.Ден соолукта аман жур.Бактылуу бол.Анарбаев Улук

  • @hgjhguhi5236
    @hgjhguhi5236 ปีที่แล้ว +58

    Апамдан айрылганыма 15 жыл болду . Апасы жок инсандар сабырдуу, ото ожор, негизинен ото тын адамдар болот экенбиз. Жашоодо апасы жок ожор адамдарды коп кезиктирдим.....

    • @user-hw9my1jz5i
      @user-hw9my1jz5i ปีที่แล้ว +1

      Тура
      Мама 43 жыл болот Апасыз жашаганыма
      40 ка чыктым

    • @user-wq6fu3hf5j
      @user-wq6fu3hf5j ปีที่แล้ว +1

      @@user-hw9my1jz5i ошондо 3жашында отконбу апан. Жайы жаннаттан болсун Апакендин🤲🏻🤲🏻

    • @user-xh5xw9yg5j
      @user-xh5xw9yg5j ปีที่แล้ว

      Мен апамды 24 ко чыкканда жоготуп алган экенмин Азыр озум 31 ге чыктым 3 балам бар Шугур жашоо экен конот экенбиз жаткан жерлери жайлуу болсун😢😢😢

    • @user-fp5vx8zj4l
      @user-fp5vx8zj4l ปีที่แล้ว

      Зарлык балам омурун Узун болсун.Эчкимди апа деп оксутпосун

    • @jasicosaburalieva1738
      @jasicosaburalieva1738 ปีที่แล้ว

      Магада 14 жыл болду.Сагындым😓😓😓

  • @user-er3zj2uu3v
    @user-er3zj2uu3v 5 หลายเดือนก่อน +9

    Сенин ушундай ийгиликтеринди корбой кетиптир да апан,бейиштен орун берген болсун аллахым

  • @qweqwert5591
    @qweqwert5591 ปีที่แล้ว +21

    Апаларыбыздын жайлары ЖАННАТтан болсун. 🤲😢😢😭😭😭Апасы барлар кандай бактылуусунар.

  • @TurbuAbdimatova-jj7wg
    @TurbuAbdimatova-jj7wg ปีที่แล้ว +21

    Ананайын Зарлык каарысам да оз апамды естеп ыйлап ыйлап алдым. Бул ырдын авторуна да обонун жайына койуп ырдаган сага чоон рахмаат Аман бол

  • @user-ne6mf9nl7y
    @user-ne6mf9nl7y ปีที่แล้ว +108

    Апанын мээримин эч ким бере албайт, Зарлыктын иски дуйносун апасынан айрылган адамдар гана тушунот, апаларыбыз Фирдаус бейишинде журушсундор.😭😭😭😭😭😭😭

  • @saltanatmatkarimova1239
    @saltanatmatkarimova1239 ปีที่แล้ว +39

    Зарлык уулум,сендей ыймандуу.баланы жарык дуйного алып келген, тарбия берген ЭНЕге .ырахмат,.бейишинен берсин Жараткан Аллахым

    • @user-rz4ij9tf5q
      @user-rz4ij9tf5q ปีที่แล้ว

      ❤️

    • @mirgulbyrjieva
      @mirgulbyrjieva ปีที่แล้ว

      Эээх Алтыным Апам 16ж болот ээх апооо мамам менин 💓 журогум сагынам Алтыным Аллахым бейшинен берсин апоо сагынам ыйлайм айлам жок башкача Жан Элен Апам менин 💓💓💓 💓 💓 💓 💓 💓 💓 💓 💓 💓 💓 💓 💓 💓 💓 💓 💓 💓💓💓

    • @user-vg3zl6lv6l
      @user-vg3zl6lv6l ปีที่แล้ว

      😢😥😪😮‍💨😔

  • @usenova4462
    @usenova4462 หลายเดือนก่อน +1

    Апам болсо деле кайра кайра Угуп эле ыйлай берегдер 😢😢барбы мага окшоп 😢😢

  • @tanzilamirzabekova9581
    @tanzilamirzabekova9581 ปีที่แล้ว +20

    Апам атам тируу шугур бирок менда ыйладым автор ырын журокко жетет экен омурун узун болсун❤

    • @user-cc3fu4sq6i
      @user-cc3fu4sq6i ปีที่แล้ว

      Меники дагы шугур туруу, эжем жок, балдарын ойлоп ыйлап -ыйлап сагынып эжеми😭😭

    • @alabuka5181
      @alabuka5181 ปีที่แล้ว

      ​@@user-cc3fu4sq6iСабыр жана сабыр . Менин апам бар бирок Атам Бир тууган акем отуп кеткен , аябай сагындым коргум келет ,суйлошкум келет ,айла жоок .Аллахка керек экен алды жайлары бейиштерде болсун оомийин ❤😢😢

  • @maanaybeknarmyrzaev8301
    @maanaybeknarmyrzaev8301 ปีที่แล้ว +52

    Жүрөктү эзди го бул бала, токтой албай ыйлайт экенсиң го, төрт баланын атасы болсом да токтоно албадым 😢😢😢 айла жок да, апасы барлардын апаларынын өмүрлөрү узун болсун, ден соолуктары чың болуп, көп жашасын...

    • @user-lv8xf6yl7f
      @user-lv8xf6yl7f ปีที่แล้ว

      😭😭😭😭

    • @user-kl6pp8lw4f
      @user-kl6pp8lw4f ปีที่แล้ว

      Мен да апамы сагындым жайлары жанната болсун озум да апамын

  • @LittleWar123
    @LittleWar123 ปีที่แล้ว +32

    Апаман айрылганыма 16 жыл болду😭😭😭 19 жашымда апасыз калдым
    Ото таасирлуу мен учун жазылгандай болуптур😭😭 тааныштарым досторум апасы менен телефондо суйлошсо ич ичимен жаман болом апам болсо менда ушинтип чалат эле неберелерин корсотот элем деп 😭😭кайра кайра угуп ыйлап бугумдуу коз жаш менен чыгарып алдым😭😭😭😭

    • @alabuka6330
      @alabuka6330 ปีที่แล้ว

      Мен да ыйлап алдым, апамы ушунчалык катуу сагындым,

    • @мадина.83
      @мадина.83 ปีที่แล้ว

      Сабыр кылгыла😢

    • @zarazasera957
      @zarazasera957 ปีที่แล้ว +1

      Окобуздун тагдырыбыз окшош екен менин апам отконго да он алты жыл болду куну туну ойумдан кетпейт апанын ордун эч ким баса албайт екен

    • @user-mu3id5ky6f
      @user-mu3id5ky6f ปีที่แล้ว

      Апаларыбыздын бейишин берсин

    • @user-pj6bf7zu3j
      @user-pj6bf7zu3j ปีที่แล้ว

      😭😭😭😭😭😭

  • @user-xh1jk2jq9i
    @user-xh1jk2jq9i ปีที่แล้ว +9

    Рахмат сизге апаке жаныныз жанната болсун бугун эрке кызыныз 29 жашка чыгып жатат апаке😢😢😢😢😢

  • @nargizasalieva8164
    @nargizasalieva8164 ปีที่แล้ว +8

    😢😢😢😢😢😢😢жаратканым апам мн атамды оз мээримине болоп, бейишинден орун бер🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲

  • @faridaimanalieva7258
    @faridaimanalieva7258 ปีที่แล้ว +43

    Апабыз бар туруп, ыйладым оксуп. Давайте беречь родителей

  • @AltynaiCholponova
    @AltynaiCholponova ปีที่แล้ว +62

    Бул ырды укканда журок элжиреп ыйлап жибердим.Созу аябай жакшы жазылыптыр!😭😭😭😭Апаларыбыз аман болсун 🙏🙏🙏Зарлык азаматсын!Ийгилик!Тек кана алга!Таланттын ташкындай берсин 🙏🙏🙏🙏

    • @user-rs1sh2bp2b
      @user-rs1sh2bp2b ปีที่แล้ว +3

      Апалырыбыз аман болсун аябай сонун ыр экен

  • @user-ll8nr5bh3h
    @user-ll8nr5bh3h ปีที่แล้ว +10

    Апандын жайы жанната болсун Зарлык😢😢😢

  • @zarinapysbekova258
    @zarinapysbekova258 25 วันที่ผ่านมา +1

    Yilab kordumgo 😢😢😢.Bizdinda apabyz Kudaiymdyn janynda buirusa beiwten jolugabyz deb chon tilek mn jurom 🙏🏻🤲🏻🤲🏻

  • @kg5734
    @kg5734 ปีที่แล้ว +53

    Апасы барлар,апаңардын баркына жеткиле. Кийин кеч болуп калат,бизге окшоп апасы жокторго . Эх апаке,сагындым сизди!😢😢😢😢

  • @zchmt154
    @zchmt154 ปีที่แล้ว +33

    Апасыз калгандардын гимни болуптур! Баарында барктап алалы! Рахмат ырың үчүн! Жүрөктөн жүрөккө жетти го!🥲🙏

  • @user-rg8dn2yp4h
    @user-rg8dn2yp4h 7 หลายเดือนก่อน +1

    Кайра кайра угуп алып ыйладым гоо апамды эстеп алып атам экоону 😢😢😢😢😢😢😢😢

  • @aikokul9
    @aikokul9 5 หลายเดือนก่อน +1

    Апам бар туруп мен дагы ыйладым ...жүрөккө жеткире ырдаптыр 😥😥😥

  • @user-mr5tx1iu8f
    @user-mr5tx1iu8f ปีที่แล้ว +15

    1 миллиард просмотр дагы аздык кылат мындай ырга

  • @user-oi4bq3nh9w
    @user-oi4bq3nh9w ปีที่แล้ว +18

    Апа сизди сагындым😭😭😭сиз болгондо чын еле ыйлабайт елем,кыйналбайт елем,жаным апоу жайыныз жанаттан болсун🤲🤲🙏🙏😭😭,бул ырды угуудан тажабайм😭😭

  • @gdhjssjdjdjdjvdhdhahshsjs5961
    @gdhjssjdjdjdjvdhdhahshsjs5961 ปีที่แล้ว +9

    Зарлык менин да апам жок ырынды угуп ыйлай берип кыйналдым апаларыбыды Аллахым рахматына алган болсун

  • @user-zd4dz3qg2i
    @user-zd4dz3qg2i 6 หลายเดือนก่อน +3

    Жаным менин шириним ииии мага иним болчу сенин ырларын корсом мен ыйлап угам ырларында жан бар и адамды ыйлатып ойлондурат ырындын Мааниси кучту 👍👍👍🔥👏👏👏✊🤲☝👌🇰🇬

  • @user-es6uw7jr9j
    @user-es6uw7jr9j ปีที่แล้ว +16

    Олтурдунго ыйлатып, метро до баратып угуп алып, ыйлап боенупда алдым эле, тушь краскам агып кетти😭😭😭апам бар кудайга шугур

  • @haynostop9918
    @haynostop9918 ปีที่แล้ว +48

    Бейишим апам жанатым апам жаткан жериниз жайлуу болсун Оомийин. Энелер аман болсун.

  • @Bakulya-zs3zq
    @Bakulya-zs3zq ปีที่แล้ว +9

    Отуп кеткен апаларыбызга Аллахым бейишин берсин 😢😢😢

  • @user-hf9cr1dg3i
    @user-hf9cr1dg3i 6 หลายเดือนก่อน +1

    Аллахыма мин мертебе шугур ата энем бар ото бактылуумун бирок коздон жаш акты. Ата энени жоготуу ото оор, ата энелер бар болушсун

  • @Naka-j2t
    @Naka-j2t ปีที่แล้ว +38

    Зарлыкбай Апанызга чоон рахмат сиздей уулду кыргызга белек кылганына Апаныз бийиктен коруп батасын берип жаткандыр🤲 жолунуз байсалдуу болсун🌹🌹🤲Апаларыбызга Аллахым узуун омур берсин🤲Апа деген соз эле бир дуйного кыргыз элим аман болсун 🤗❤️❤️

  • @jzjsjhddhhdhsjsij2032
    @jzjsjhddhhdhsjsij2032 ปีที่แล้ว +68

    Мен да Апамдан жакында ажырап калдым,ырды угуп шолоктоп ыйладым,Апанар барда жытына тоюп жыттап жыттап алгыла!Апамды аябай сагындым!Жаткан жериниз жайлуу болсун Апа.

    • @user-tm1ui5rz2h
      @user-tm1ui5rz2h ปีที่แล้ว +2

      Менин дагы апам жок 15 жыл болду журогумдо жашайт, сагындым, сагынганымды соз м.н жеткизе албайм

    • @user-tm1ui5rz2h
      @user-tm1ui5rz2h ปีที่แล้ว +1

      😪😪😪😪

    • @user-ne5yb4eh7n
      @user-ne5yb4eh7n ปีที่แล้ว

      Кайрат кыл бир тууганым апакен бейиштин төрүнөн орун алсын

    • @user-ih2fp2gb1j
      @user-ih2fp2gb1j ปีที่แล้ว +1

      АПА деген атындан айланайын !!! Бир наристенин, Бир АПАНын жыты башкача экен , Бейишим АПАМ жакында козу отту , Жаннатын берсин Кудайым . Ыр журокту дагы ыйлатты....

    • @user-ji5gq8bq5q
      @user-ji5gq8bq5q ปีที่แล้ว

      Ааламга алмашкыс апам менин жаткан жериниз жумшак карангынар жарык кабырыныз нурга толсун бейиш бакчаларынан орун берсин 🤲

  • @user-oi4jc4ln5r
    @user-oi4jc4ln5r ปีที่แล้ว +8

    Апаларыбыз аман болушсун омуру узун болсун Апам менин бактыма ар дайым бар болунуз.❤

  • @user-hy1xq6cq6f
    @user-hy1xq6cq6f หลายเดือนก่อน +1

    Зарлык апандын жаткан жери жайлуу болсун,
    Топурагы торко болсун.
    Аллахым бейишинен орун берсин

  • @user-ri2rw9ym9u
    @user-ri2rw9ym9u ปีที่แล้ว +20

    Таасирдуу, башкача ыр болуптур 😥😭. Кудайга шугур ата энем Аман болсун.

  • @chynarachika6896
    @chynarachika6896 ปีที่แล้ว +35

    Эжебиздин жаткан жери жайлуу болсун,Кудайым өз мээримине алсын ылайым! Өзүңө ийгилик!

  • @user-it7me7zv5l
    @user-it7me7zv5l 4 หลายเดือนก่อน +2

    Отуп кеткен апа аталарыбыз бейиштен орун берсин кудайым ,жайы Жанна тан болсун

  • @user-xp6jq7hx9y
    @user-xp6jq7hx9y ปีที่แล้ว +8

    Угуп жүрөгүм эзилди апасы барлар бактылуу дүйнөдө ата энелер дин өмүрү узун болсун ылайым

  • @user-zd8gw8xc3f
    @user-zd8gw8xc3f ปีที่แล้ว +81

    До слёз цените родителей пока они рядом 😥

  • @user-de8mk2tx2m
    @user-de8mk2tx2m 4 หลายเดือนก่อน +1

    Ыр эмес бекен а азаматсың😢😢😢.Апаларыбыз тирүү кезинде сыйлап урматтап алалы.

  • @Manami20044
    @Manami20044 ปีที่แล้ว +5

    Ата энемлерибиз аман болсунчу ❤️козу тируусундо сыйлап калалы 🙏алтыным апам азыр Кыргызстанда 🤧аябай сагындым 😘🥲

  • @user-rh3qs1ng7x
    @user-rh3qs1ng7x ปีที่แล้ว +40

    Апамды жоготконума 6 жыл болуптур😥😥. Жаннатым АПАМ, бейишим АПАМ сизди аябай сагындым. Атам экоонуздор Бейиштин торундо болунуздар. Бул ырды 10 кайталап уксам да жадабай уктум. Ата энеси барлар силер дуйнодо бактылуу адамсынар..

    • @amanbainurmatov7000
      @amanbainurmatov7000 ปีที่แล้ว +1

      Жакшы ыр экен апасы барлага эмес апасы отуп кеткедер учун экен ото таасирдуу экен

  • @nookatnookat6461
    @nookatnookat6461 ปีที่แล้ว +20

    Кееечке уктумго.
    Апоооооо сагындым сизди 😰😰😫😫😫😫.
    Аллахым мээримине алсын сизди 🤲🤲🤲

  • @ndbd8412
    @ndbd8412 ปีที่แล้ว +5

    Ушул ырды уккан сайын журөгум эзилип эзилип кетет 😢😢😢апаларыбызга Фирдаус бейишинен орун берсин

  • @user-om1kg3oe8h
    @user-om1kg3oe8h 2 หลายเดือนก่อน

    Зарлык азаматсын,ото жакшы аткаруу болуптур.Аттин арман апам бул дуйнодон эчак отуп кеткен.Жаным апам жаткан жериниз бейиш болсун 😢😢😢

  • @user-bh4bd3xt6f
    @user-bh4bd3xt6f ปีที่แล้ว +26

    Апан болгондо ушул кундорун менен менен сыймыктанып журот эле.
    Аллахым бейиштик кылсын апаларыбызды!

  • @kerim9607
    @kerim9607 ปีที่แล้ว +40

    Зарылык өнөрүн өссүн, өмүрүң узун болсун иним !!!
    Алыскы Америкадан салам жолдойм, ырды угуп алып, өзүм жашым алтымышка жакындап калса да, бир нече небереге чоң ата болсом да, ыйладым.
    Өтүп кеткен ата энелерибизди жаратканым кучагына алсын, бейиштин төрүнөн берсин.

  • @Kaniiiikeym
    @Kaniiiikeym 4 หลายเดือนก่อน +1

    Сиздей болуп эч ким батырбайт апа😢😢😢 3 балам мн тентип жургон кундорум оттуу😢😢😢 эми баары жакшы дгн де сиз кайдасыз апа😢😢😢😢😢 апа сиз жок уйго баткан жокмун...

  • @salimaisaeva1828
    @salimaisaeva1828 หลายเดือนก่อน

    Ата энеси откондорго сабыр берсин.Ата энелерибиздин жургон жерлери бейиш болсун Аминь. Бул ырды кайра кайра уксамда козумдон жашым токтобойт.Мага окшоп эзилгендер коп болсо керек

  • @user-om1sr9zo2j
    @user-om1sr9zo2j ปีที่แล้ว +22

    Зарлык акам ,кайрат кылыныз сиздей баланы жарык дуйного алып келген апанызга таазим ,бар болунуз сиз апаныздын татыктуу уулусуз ❤️

  • @user-fs7cd1hq6w
    @user-fs7cd1hq6w ปีที่แล้ว +42

    Баарыбызды ыйлаттыго.апаларыбыздын омуру узун болсун! Сенин апана да рахмат ушундай баланы тарбиялап остургонуно! Аллахым бейишинен омур Берсин.

  • @user-kk7tg5rk4i
    @user-kk7tg5rk4i ปีที่แล้ว +6

    Кудайга шугур апам бар, бирок ырды угуп журогум ооруйт апаларыбыз бар болсун

  • @user-gw2im7xq7r
    @user-gw2im7xq7r ปีที่แล้ว +9

    Өзүм эл ортону элүүгө чыксам да, алты жашымда өтүп кеткен апамды дайыма эстеймин. Апанын орду бул дүйнөдө опол тоо. Апасынын мээримине бөлөнүп чоңойгон адамдар чыныгы бактылуу инсандар. Ыр жүрөккө жеткидей жазылыптыр, аткаруучу да ийинине жеткирип аткарыптыр. Азамат гана дейбиз!

  • @bookit4764
    @bookit4764 ปีที่แล้ว +18

    Апам, Атамды Бир жолу корсом башка эч нерсе сурабайт элем 💔💔💔💔😭😭😭😭😭

    • @userguljan
      @userguljan ปีที่แล้ว

      Алтыным сабр кыл баары жакшы болот Аллах сага көөп бактылуулук берсин

  • @user-gk1xr3pn3g
    @user-gk1xr3pn3g ปีที่แล้ว +81

    Бугун апамдын туулган куну, кечинде саат 12ден откондо куттуктачу элек, кече ушул ырды угуп токтоно албай ыйладым!!!!😭😭😭😭
    12.02.1957
    31.07.2020
    Аллахым бейишинен берсин ылайым!!!!
    Ата-эненерди козу тируусундо сыйлап, барктагыла!!!

    • @user-es2vp7kq9v
      @user-es2vp7kq9v ปีที่แล้ว +1

      Иий аябай жаш кетиптир даа аттин ай.

    • @user-es2vp7kq9v
      @user-es2vp7kq9v ปีที่แล้ว

      Бейишин берсин.

    • @narhank3906
      @narhank3906 ปีที่แล้ว +1

      Азаматсын эн соонун аткарыптыр озу да созу да супер молодец ийгиликтер болсун

    • @user-mb3lk9tk6j
      @user-mb3lk9tk6j ปีที่แล้ว +1

      Менин да апам 49-жашында эле отуп кеткен 22-жыл болду.Эненин ордун,эч ким толуктай албайт....

    • @bermetshamshidinova4592
      @bermetshamshidinova4592 ปีที่แล้ว

      Сагындым апакем сизди аябай аябай бир жолу корсом башка эч нерсе сурабайт элем

  • @kooki6547
    @kooki6547 ปีที่แล้ว +5

    Аллахым апама эки дуйнодо бактылуулук берсин🤲

  • @user-eu8hc4px6i
    @user-eu8hc4px6i ปีที่แล้ว +5

    100 жолу уксам да уккум келет,созсуз козумо жаш алам.Алтыным апакем ,жарыгым атакем.Аллахым чын бейишинен жай берген болсун.

  • @user-bv6il7hr2k
    @user-bv6il7hr2k ปีที่แล้ว +9

    Таза суйуу белеги .
    Чын журоктон келеби .
    Апакемдин суйуусу .
    Жанып турган белекпи
    Аллахымдан келген.
    Мээриминин кенени.
    Журогумду жылытып .
    Жашоо берип кетеби .
    Жанып турган суйуусу
    Журогумду эзгени🥺

  • @aisuluuakmatbekova7691
    @aisuluuakmatbekova7691 ปีที่แล้ว +29

    Апалар бар болсун,Апекелерибизге эки дуйно бактылуулук насип кылсын!

  • @user-qd8wi1ix6y
    @user-qd8wi1ix6y 3 หลายเดือนก่อน

    Ушул ырды укканда журогум аябай эзилип , ыйлап апакемди эстеп сыздайм, жакында бир жыл болот, апакемди жоготконума...😢😢😢😢😢

  • @user-zd4dz3qg2i
    @user-zd4dz3qg2i 6 หลายเดือนก่อน +3

    Музыка созу менен ☝🤲🙏✊👏🇰🇬🔥👍👌☀⭐🌛🌜Кунуго бир маал укпасам озумо келбейм 😢 бул ырды угуп анан ишим кылам кунуго ертен менен и кечинде жатарда бул ырсыз мага жашоо жок даже бийлеп алам кайгырып кимге кандай билбейм лично мне нравится это песня я хоть сто раз буду слушать я кайфую от этого песни я плачу😢 грушу но я от души кайфую😢😢😢 спасибо за это супер песню 👌👍🔥🔥🔥👏🇰🇬✊🤲🤲☝☝☝☝☝

  • @GulumkanTuratbekkyzy-id9qp
    @GulumkanTuratbekkyzy-id9qp ปีที่แล้ว +13

    Менда мындан 23-жыл мурун бизди таштап кеткен "алтын апамды"ушунчалык катуу сагындым😞😭баарына коз жумуп жанына кетким келген убактар аябай эле коп болот 😔
    Аллахым баардык " Апасы"каза болгондорго Бейишинен орун берсин🤲

  • @user-im8yt5ng5q
    @user-im8yt5ng5q ปีที่แล้ว +18

    😭😭😭😭😭😭Алтын Апамды ото ото катуу сагындым. бир жолу корсом кучагынан чыкпай жытына тоюп тоюп алмак элем . Аллахым Алтын Апама эки дуйно ыраазымын. тороп чонойткону учун😭😭😭😭😭😭Апамдын бейишин бер Аллахым суранам🤲🤲

  • @user-gb8en7jm6t
    @user-gb8en7jm6t 2 หลายเดือนก่อน +1

    Алтын бала ырлары да журоктон чыккан ырлар.Ата энелерибиз аман болушсун.отуп кеткендердин бейишинен орун берсин ❤ Зарлык омурлуу бол талантын ташкындай берсин.

  • @user-ki8lz7di3s
    @user-ki8lz7di3s 3 วันที่ผ่านมา

    Жааным десечи, Зарлык балам баарын ыйлаттың эмнеге мынча кайгылуу жаздың экен???😢

  • @tyanwaifu8301
    @tyanwaifu8301 ปีที่แล้ว +43

    Кандай кана мааниси кучтуу ыр саптары болуптур 😢😢😢Апаларыбыздын мээримине эч нерсе жетпейт 😢😢Тируусундо кадырына жетеличи 🤲