Жер шары кичирейүүдөбү?

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 15 ก.ย. 2024
  • Ыйык Куран. Ар бир аяты көптөгөн маанини камтыган, адамды өнүктүрө турган көптөгөн тараптарды өзүндө алып жүргөн Аллахтын сөзү! Ооба Куранда бир эле аяттын көптөгөн маанилери бар. Биз көбүнесе бул аяттардын сырткы мааниси менен эле чектелип калып кетебиз. Мезгилдин өтүшү менен, илим-техниканын өнүгүшү, жаңы ачылыштардын ишке ашуусу менен Куран аяттарынын улам жаңы маанилери ачыка чыгууда. Илимий жактан эле эмес, андан башка дагы тармактарга тиешелүү болгон маани маңыздарды өзүндө ташып жүрөт. Жашы 1400 жылдык болгонуна карабай барган сайын жаңырууда, жашарууда. Бүгүн дагы Курандан эки илимий тараптан ачыкталган аятты карап көрөлү. Анбия сүрөсүнүн 44-аятында Аллах мындай дейт:
    “Алар көрбөй жатабы, Биз жердин айлана-тегерегин жонуп, кыскартып жатабыз го?!” (Анбия сүрөсү 44-аят)
    А.э. Раад сүрөсүнүн 41-аятында болсо:
    “Биз (алардын) жерге келип, ар тарабынан кыскартып жатабыз.” (Раад сүрөсү 41-аят)-деп айтат.
    Албетте бул аяттар өзүнө көптөгөн маанилерди камтыйт. Ал маанилердин бирөөсүн, илимий жагын карап көрөлү.
    1-аятта “жердин айлана тегерегин кыскартып жатабыз”-десе 2-аятта “ар тарабынан кыскартып жатабыз”-деп жатат. “Кыскартып жатабыз”-дегенде эмнени түшүнөбүз. Геодезиянын, геономиянын көз карашы менен карап көрөлү.
    Жер шарынын экватор сызыгы боюнча радиусу 6378,5 км. А.э. полярдык радиусу болсо 6357 км. Экөөнүн ортосунда айырмачылык дээрлик 0.3% болуп саналат. Аяттарда “кыскартып жатабыз”-дегенде ушул айырмачылыка ишарат кылып айткан. Т.а. айланасы кыска болуп жатат. Бүткүл жагы бирдей болгон жок. Түндүк жана түштүк уюлдар бираз жалпагыраак болсо, экватордук жагы бираз узунураак, жоонураак. Айрыкча бул аяттарда Аллах Таала “нанкусухаа” т.а. “Кыскартып жатабыз”-деп айтууда. Эмне үчүн өткөн чак менен “Кыскарттык”, “Кыскартканбыз”-деген жок. Эмне үчүн учур чак менен “Кыскартып жатабыз”-деп айтууда. Демек аяттын айтуусу боюнча кыскартуу иши дагы деле уланып жатат. Токтогон жок. Эгерде “кыскарттык”-деп койгондо жер шары жаратылган күндөн бери эч өзгөрүүсүз турат деген мааниге келип калмак. А “Кыскартып жатабыз”-сөзү болсо белгилүү бир мөөнөттүн ичинде ишке ашкан бир абалды туюнтууда. Б.а. кыскартуу токтогон жок, дагы деле болуп жатат. Курандын бул кереметтүү фактылары учурда илимий жактан да көрүлүп тастыкталууда. Жер шарынын түндүк уюл жактан радиусунун кыска болуусу учурда да уланып жатат, кыскарып жатат. Тээ мурда кыскарып калган, ошол бойдон токтоп калган жок. Тескерисинче азыр да кыскарып жатат. Процесс дале уланууда. Ошол эле кезде жер шары жаратылган убакта азыркыдай абалда эмес болчу. Убакыттын өтүшү менен айланасы кыскарып олтурган.
    Аяттарга дагы башка бир өңүттөн карап көрөлү. Космостук чаңдар бул - космостон жер бетине түшкөн чаңдар. Жер бетине күнүн 60 тоннадан 100 тоннага чейин космостук чаңдар түшүп турат. А жылына 25-40 тоннага чейин чаңдар түшүп турат. Натыйжада жердин массасы көбөйө берет. Бирок бул чаңдар жердин айлануусунун натыйжасында кайра эле космоско көтөрүлүп кетет. Жердин массасы кайра азайып турат. Аяттардагы кыскартуу бул процесске да кереметтүү түрдө ишарат кылууда.
    Бул аяттарда дагы башка бир илимий өңүттөн карап көрөлү. Дүйнөлүк климаттын глобалдык деңгээлде жылышынын натыйжасында Түндүк жана түштүк уюлдардагы муздар ээрип окендарды толтурууда. Толуп ташкан океан суусу болсо жер бетин акырындан каптап баратат. Натыйжада аятта айткандай жер бети азайууда, кичирейүүдө. Аяттарда бул процесске “ар тараптан кыскаруудабыз”-деп ишарат кылууда.
    Дагы башка жактан алып карай турган болсок “кыскаруудабыз”-сөзү жердеги кен-байлыктардын барган сайын азайып, түгөнүп бараткандыгына ишарат кылат.
    Мынакей оо менин бир тууганым! Эки аяттын бир канча илимий чечмеленишине күбө болдук. 1400 жыл мурун жер шарынын радиусу эмес, атүгүл жер шарынын формасы тууралуу да ой жүгүртө албаган бир доордо мындай кереметтүү илимий логикалык аяттардын Пайгамбарыбыз САВ аркылуу адамзатка жетүүсү ушуну далилдейт. Демек Ыйык Куран бул-Аллах Тааланын сөзү. Ал эми Ал Ыйык сөздөрдү адамзатка жеткизүүчү зат Пайгамбарыбыз САВ болсо Аллахтын кулу жана элчиси. 21-кылымдын илим-техникасы араң ача алган илимий фактыларды 14 кылым мурун айтып коюу бул Курандын өтө көптөгөн кереметтеринин бири. Бул кыскаруулар тууралуу илим техника өнүккөн доордун биз жашоочулары да толук билбейт элек бу күнгө чейин.
    Демек жер шарынын айланасынын токтобостон улам кыскарып турганы сыяктуу эле Куран да акыйкаттарынын ачыка чыгуусу менен улам жаңырып, жашарып турат.
    А биз мусулман жаштары болсо өз кесибибиз жактан Куран акыйкаттарын изилдеп, үйрөнүп, ошол жаатта мээнет кылуубуз абзел. Чынында кыла турган ишибиз өтө көп, убактыбыз өтө аз.

ความคิดเห็น • 123

  • @kg7868
    @kg7868 4 ปีที่แล้ว +30

    Бул канал ото кучтуу исламга даваат эткен канал Алхамдулилла Аллоху Акбар.!!!

  • @БарсбекКаган-э2р
    @БарсбекКаган-э2р 4 ปีที่แล้ว +56

    АЛЛА ТААЛАГА чексиз мактоолор болсун бейиш нуруна ийгилик 1000000000 лайк

    • @user-oh6yi4mh6x
      @user-oh6yi4mh6x 4 ปีที่แล้ว +1

      Адамдар лайк учун эмнелер кылбайт аа

  • @kg5734
    @kg5734 4 ปีที่แล้ว +90

    Тез-тезден чыгарып туруңуздарчы ага. Сагынып,күтүп калып жатабыз.

    • @ЖыргалИсмаилов-и9г
      @ЖыргалИсмаилов-и9г 4 ปีที่แล้ว

      Туура айтасыз тез тез чыкса жакшы болмок пайдалуу нерселерди коруп турмакпыз

    • @abdulazizabubakr5561
      @abdulazizabubakr5561 4 ปีที่แล้ว

      Оа тез тез

    • @jusupkasymbekov4263
      @jusupkasymbekov4263 3 ปีที่แล้ว

      обааааа🙏🙏🙏🙏🙏☝️👍

    • @user-bh2xh1zz6n
      @user-bh2xh1zz6n ปีที่แล้ว

      Курандын мааниси түшүнуу керек. Бул аябай кыйын амал. Ошол себеп убакты талап кылат. Биздагы Куранды окуйлу☺️

  • @dinimislam2281
    @dinimislam2281 2 ปีที่แล้ว +1

    АШХАДУ АЛЛА ИЛЛАХА ИЛЛАЛЛАХ АШХАДУ АННА МУХАММАДУР РАСУЛАЛЛАХ

  • @user-zp6ry7rk8v
    @user-zp6ry7rk8v 4 ปีที่แล้ว +21

    Аллаху Акбар!!!

  • @ТынчтыкбекНурланбеков-ю4я
    @ТынчтыкбекНурланбеков-ю4я 4 ปีที่แล้ว +11

    Өтө соонун канал 👍

  • @maksatakmataliev144
    @maksatakmataliev144 4 ปีที่แล้ว +13

    Аллах Улук! Ал жалгыз! Аллах ыраазы болсун!

  • @user-nb2kq3bd1u
    @user-nb2kq3bd1u 4 ปีที่แล้ว +5

    Бейиш нуру аябай сонун канал♥️🇰🇬

  • @qurannasheed1871
    @qurannasheed1871 4 ปีที่แล้ว +2

    Маашааллах

  • @user-qt1bo5kn4h
    @user-qt1bo5kn4h 4 ปีที่แล้ว +6

    Ийгилик! Алла раазы болсун сизден

  • @АмирБейшеев-ш8ь
    @АмирБейшеев-ш8ь 4 ปีที่แล้ว +33

    АЛЛАХ силердин каналынарга жана жамаатынарга ыраазы болсун. Мен учун бул видео чоон ачылыш болду

  • @abdulaberdaliev9999
    @abdulaberdaliev9999 2 ปีที่แล้ว

    Аллах ыразы болсун сиздерден 🤲🏻

  • @jusupabdullaev8399
    @jusupabdullaev8399 4 ปีที่แล้ว +1

    Кудайым Жерибизге Сууларыбызга Омурубузго ЫйманыбызгаДен соолугубузгаБерекесин берсинОомиин

  • @user-sq3ov9oh7u
    @user-sq3ov9oh7u 4 ปีที่แล้ว +14

    Ар бир көз ирмемде ар бир дем алганда Аллахтын кудурети жана керемети көрүнүп турат. Аллах улук, бардык жагынан кемчиликсиз

  • @chika.9152
    @chika.9152 4 ปีที่แล้ว +25

    Бейиш Нуру, Аллах ыраазы болсун силерге дагы күтөбүз.Куранда жазылган бүткүл Ааламдын сырларын чыгарып тургула сураныч, өзүбүз окуй албасак да угуп, билип алайлык.

    • @user-ji3qv6pp1h
      @user-ji3qv6pp1h 4 ปีที่แล้ว +3

      Рисали Нур китебин алып окусаң ошол жерде Куранда жазылган сен билбеген кереметтүү Хадистер кеңири жазылган ж.а түшүндүрүлгөн.

    • @chika.9152
      @chika.9152 4 ปีที่แล้ว +1

      @@user-ji3qv6pp1h Кайсыл жактан алсам болот, Россиянын кычыгында иштейм.

    • @user-ji3qv6pp1h
      @user-ji3qv6pp1h 4 ปีที่แล้ว +1

      @@chika.9152 Россияда сатпайт болуш керек.Кыргы.да Бишкектеги центральный мечиттин жанындагы китеп саткан дүкөндө сатылат

  • @ШайыргулЖусупова-м7в
    @ШайыргулЖусупова-м7в 4 ปีที่แล้ว +1

    Аллах ыраазы болсун!

  • @dinimislam2281
    @dinimislam2281 2 ปีที่แล้ว +1

    АЛЛАХУ АКБАР

  • @nurai.62
    @nurai.62 4 ปีที่แล้ว +4

    Аллахым бизди жаратты кандай кун болсо да биз анын кулубуз.

  • @user-nw6xg7kh6m
    @user-nw6xg7kh6m ปีที่แล้ว

    Аллах ыраазы болсун сиздерден

  • @muhametborubekov8732
    @muhametborubekov8732 4 ปีที่แล้ว +2

    Аллах ыраазы болсун

  • @baiduoirotbekov2484
    @baiduoirotbekov2484 4 ปีที่แล้ว +3

    көрбөй туруп лайк басам.

  • @НурбекМаматкасымов-ф3е
    @НурбекМаматкасымов-ф3е 3 ปีที่แล้ว +1

    Маа шаа Аллах

  • @user-ti1ub6hg6i
    @user-ti1ub6hg6i 4 ปีที่แล้ว +3

    Астагфирулло.

  • @СаламатКазакбаев-ж4л
    @СаламатКазакбаев-ж4л 4 ปีที่แล้ว +7

    Аллах ыраазы болсун! Байке, курандын математикасы да керемет. Озум эсептеп коруп абдан таасир алгам. Ошону чыгарсанар жакшы болот эле

  • @nn-ks7kr
    @nn-ks7kr 4 ปีที่แล้ว +1

    Эээн маьнилуу маалыматтарди аябай тунук суйлоо менен жеткириб берет урган канал. Барекелде.

  • @abdulaberdaliev9999
    @abdulaberdaliev9999 2 ปีที่แล้ว

    Аллооху Акбар 💖

  • @Момпосуй
    @Момпосуй 4 ปีที่แล้ว +17

    Туура тушунгуло туугандар техникалык себептер болуп жатат окшойт жанада бир жолу жуктоп кайра очурулду

  • @zanyhminnnombekaisabekova2731
    @zanyhminnnombekaisabekova2731 4 ปีที่แล้ว +8

    Аллах силерден ыраазы болсун , силердин канчалаган адамдардын илиминин толукталышына , ыйманынын бекемделишине себепчи болуп жатасынар ... минден мир рахмат)))

  • @user-yu2ui2tg5k
    @user-yu2ui2tg5k 4 ปีที่แล้ว

    Рисале и Нурдай тафсирди Алла Таала бизге белек кылганына чексиз шугурлор болсун

  • @user-kf5cy5ge1u
    @user-kf5cy5ge1u 4 ปีที่แล้ว +1

    Маша Аллах

  • @azamatkubatbekov7336
    @azamatkubatbekov7336 4 ปีที่แล้ว +2

    Укмуш

  • @Mandingo84
    @Mandingo84 4 ปีที่แล้ว +1

    Үнү уккулуктуу экен авторду. Аллах ыраазы болсун!

  • @user-fl8eq4gx6s
    @user-fl8eq4gx6s 4 ปีที่แล้ว +2

    Отоо сонун Аллахым ыразы болсун

  • @Omurbek-u5b
    @Omurbek-u5b 4 ปีที่แล้ว +1

    Аллах илимиңерге береке берсин!

  • @АллахтаалауулукАллахтаалаөзүжа

    Бейиш нуру өтө сонун жана сапаттуу видеолорду чыгарат Аллах таала ыраазы болсун силерден Амин Аллах таала эки дүйнө бактылуулукту силерге насип кылсын Аминь Аминь Аминь

  • @user-no1ln8fo8e
    @user-no1ln8fo8e 4 ปีที่แล้ว +1

    Голосунуз сонунда аябай жагат, Аллах ыразы болсун

  • @user-zt7rh7xv8y
    @user-zt7rh7xv8y 4 ปีที่แล้ว

    Аллах менен чындыгында аалымдар мелдешет. Ушул менен илимдер ачылат.

  • @janamusichd84
    @janamusichd84 4 ปีที่แล้ว +10

    өтө сонун видео мааанилүү

  • @АдилетМаданов-о3п
    @АдилетМаданов-о3п 4 ปีที่แล้ว +3

    Мухаммад САВ

  • @user-rn5kw2bu5n
    @user-rn5kw2bu5n 4 ปีที่แล้ว +1

    Бейиш нуруна Аллах ыразы болсун

    • @Нуртилек-ц3ч
      @Нуртилек-ц3ч 4 ปีที่แล้ว

      Аминь бирок ошол маалыматтар жазылган китептердин авторунан да ыраазы болсун

  • @mixlive4478
    @mixlive4478 4 ปีที่แล้ว +1

    ма Шаа Аллах

  • @medinaorozmatova6007
    @medinaorozmatova6007 4 ปีที่แล้ว +1

    Маа Ша Аллах❤️

  • @ЖиБоЖиБо
    @ЖиБоЖиБо 4 ปีที่แล้ว +4

    Ото сонун канал, аллах ыраазы болсун!!!

  • @aliisranov6859
    @aliisranov6859 4 ปีที่แล้ว

    Аллаху Акбар, Аллаху Акбар. Альхамдулиллах. Аллахым ыраазы болсун рахмат

  • @user-zk4qs4us2p
    @user-zk4qs4us2p 4 ปีที่แล้ว +2

    Зор🤗🖒👍👍

  • @user-xs7ur1tg1e
    @user-xs7ur1tg1e 4 ปีที่แล้ว +1

    Аллах силерден ыраазы болсун курандагы математиканы коргум келет.

  • @omurgazybekov7449
    @omurgazybekov7449 4 ปีที่แล้ว +3

    Ото соонун тушундурот.голосу да соонун . жакшы канал

  • @user-mx7bv8in6z
    @user-mx7bv8in6z 4 ปีที่แล้ว +1

    Аллах таала ыраазы болсун сизден бир тууган

  • @user-in4yf2tc2p
    @user-in4yf2tc2p 4 ปีที่แล้ว +2

    💗💗💗

  • @user-zj6fc8dd4y
    @user-zj6fc8dd4y 4 ปีที่แล้ว +1

    Алла ыраазы болсун сиздерден

  • @TimaTA01
    @TimaTA01 4 ปีที่แล้ว +13

    Үнүңүз дагы да сонун болуп калганбы а шеп!!!😊

  • @medinaorozmatova6007
    @medinaorozmatova6007 4 ปีที่แล้ว +1

    Субхан Аллах ❤️

  • @user-fr4lz6km1r
    @user-fr4lz6km1r 3 ปีที่แล้ว +1

    🤲🤲🤲🌹🌹🌹👍👍👍

  • @bekmamatermatov9720
    @bekmamatermatov9720 4 ปีที่แล้ว +1

    Аллоху акбар Аллоху акбар Аллах ыраазы болсун таксырым

  • @user-dy1fu4lh2q
    @user-dy1fu4lh2q 3 ปีที่แล้ว

    Аллахым ыраазы болсун

  • @user-in4yf2tc2p
    @user-in4yf2tc2p 4 ปีที่แล้ว +2

    💕💕💕

  • @Бакытбек-к4щ
    @Бакытбек-к4щ ปีที่แล้ว

    Аллах ишинерге ийгилик берсин

  • @abdulaberdaliev9999
    @abdulaberdaliev9999 2 ปีที่แล้ว

    СУБХАНАЛЛОХ 🥺🥺🥺🥺🥺😰😰😰😰

  • @user-gp8lk6rz9f
    @user-gp8lk6rz9f 4 ปีที่แล้ว +3

    Бул бүтүп бараткан дүйнө

    • @user-mo3ud6dw6z
      @user-mo3ud6dw6z 4 ปีที่แล้ว

      "Бел - Алма" мектебинин суроту 👍👍

  • @user-ch1rg9vu7v
    @user-ch1rg9vu7v 4 ปีที่แล้ว +1

    Аллах ыразы болсун

  • @Ibrahim-qw2qq
    @Ibrahim-qw2qq 4 ปีที่แล้ว +1

    Бул Жашоону Максат кылып жашаш бул чон жанылычтык, бул жашоо кыска омур кыска Акыретке Катуу даярдык керек Байлык топтоп же Бийликке Аттануу же навсинин кулу болуу Акыретте чон Утулушка учурайт, дагы бир жолу Бул Жашоо Саналуу гана кундор еле Акыретке Даярдык керек урматту Мусульмандар

    • @nur9733
      @nur9733 3 ปีที่แล้ว

      Билесизби убакыт ченеми тездеген илгери Бир жыл отуш Бир кыйла эле азыр Бир заматта эле отуп кетип жатпайбы .Айныкса Бир жума ото тез отот.

  • @user-in4yf2tc2p
    @user-in4yf2tc2p 4 ปีที่แล้ว +1

    🌹🌹🌹

  • @user-bd5zw6wd4r
    @user-bd5zw6wd4r 4 ปีที่แล้ว +2

    акыркы айтылган "Курандын Рисале-и-Нур китебинен алынды" деген созу мага ото жагат да

  • @AmirAmir-vh6rn
    @AmirAmir-vh6rn 2 ปีที่แล้ว

    Аллах улук

  • @НурсултанНургазиев-в5р
    @НурсултанНургазиев-в5р 4 ปีที่แล้ว

    Абдан жөнөкөй жана далил менен түшүндүрүү.

  • @user-eh5wo4ro9o
    @user-eh5wo4ro9o 4 ปีที่แล้ว

    Ма шаа Аллаx

  • @user-qx3yg8xn3q
    @user-qx3yg8xn3q 4 ปีที่แล้ว +2

    👍👍👍👍👍

  • @user-in4yf2tc2p
    @user-in4yf2tc2p 4 ปีที่แล้ว +1

    💝💝💝

  • @user-in4yf2tc2p
    @user-in4yf2tc2p 4 ปีที่แล้ว +1

    🍃🍃🍃

  • @user-og9sb3lx9i
    @user-og9sb3lx9i 4 ปีที่แล้ว

    СубхаанАллах! МашаАллах! Аллаху Акбар!

  • @nurgazyabibillaev115
    @nurgazyabibillaev115 4 ปีที่แล้ว +1

    Чындык.

  • @daniyarmadazimov2873
    @daniyarmadazimov2873 4 ปีที่แล้ว +1

    ☝️☝️☝️🙏🙏🙏

  • @alifabdu6917
    @alifabdu6917 4 ปีที่แล้ว +1

    Лайк 👍

  • @AN-qw3ve
    @AN-qw3ve 4 ปีที่แล้ว +3

    Ассалому алейкум автор сиз менен кантип байланышса болот,

  • @БакытбекПазилидинуулу
    @БакытбекПазилидинуулу 4 ปีที่แล้ว +1

    Ассалааму алейкум ва рохматуллоохи ва барокатуху

  • @ТынарУраимов
    @ТынарУраимов 4 ปีที่แล้ว +3

    Ассалоому алейкум

  • @user-kr8fp3zj5v
    @user-kr8fp3zj5v 4 ปีที่แล้ว +1

    👍

  • @user-in4yf2tc2p
    @user-in4yf2tc2p 4 ปีที่แล้ว

    ❤️❤️❤️❤️

  • @user-by6im2om5j
    @user-by6im2om5j 4 ปีที่แล้ว +2

    Ооба чынында кичинергендей сезилет мага себеби мурда биздин уйубуздун астындан 2 машина ото алатле азыр бир машина да батпай калды мен озумчо ойлоп койом мен чонойгон учун мага жер кичине корунтат окшойт деп тооба кылдым

    • @nur9733
      @nur9733 3 ปีที่แล้ว

      Тоова. кылдым

  • @bekasheki
    @bekasheki 4 ปีที่แล้ว +2

    Асаламу алейкум 🙂

  • @АкыйкатАлмазбеков
    @АкыйкатАлмазбеков 4 ปีที่แล้ว +1

    Мурдагы чыгарылыштардын биринде жер шаары кеңейүү дө деген чыгарылыш бар эле ал да Аллахтын кереметтүү Куран китебинен далилденген эле.Мен сунуш сиздерге азыркы далил менен көрсөтүлгөн кыскартуу процесси жана кеңейтүү процесси экөөсүн кошуп кеңейүү кандай, кыскартуу кандай процесс болуп жатканын ачыктап берсеңиздер Аллах ыраазы болсун сиздерден.

  • @aiyjankasymova4146
    @aiyjankasymova4146 4 ปีที่แล้ว +1

    Мыкты 555

  • @talantbeknishonov356
    @talantbeknishonov356 4 ปีที่แล้ว +2

    Жер шаары ОЗУ."топ" сымал деп атышат.Илимий жактан алсак #Тукум#сымал екен.

  • @davransargulov5693
    @davransargulov5693 4 ปีที่แล้ว +1

    Чындап эле кыскарып жаткандай
    20.жыл мурда курган үйлөр азыр кичинекей кепеге окшоп көрүнүп калды
    Чоң хан сарайлар жөнөкөй үйлөргө окшоп көрүнүп калды

  • @azamatkubatbekov7336
    @azamatkubatbekov7336 4 ปีที่แล้ว +2

    Содыкь

  • @ssadirdinkyzy4563
    @ssadirdinkyzy4563 4 ปีที่แล้ว +2

    Адамдар да кичирейип баратат.

  • @ЗалкарБакиров-щ1э
    @ЗалкарБакиров-щ1э 4 ปีที่แล้ว +4

    Убакыт отуп кеттиго тууган чыдамсыздык менен кутуп атабыз

  • @akbolushborubekuulu384
    @akbolushborubekuulu384 3 ปีที่แล้ว +1

    Жер шары каптпалып турса кантип чан кирип чыгат.
    Чан эмес зыяндуу нурлар дагы отпойтко же мен адашып жатамбы?

  • @НурикКочкорбаев
    @НурикКочкорбаев 4 ปีที่แล้ว +3

    Мен коруп жатамго

  • @azimabdyldaev6558
    @azimabdyldaev6558 4 ปีที่แล้ว

    Видео роликтеринизди чыдамсыздык мн кутобуз.

  • @daniarismailov3878
    @daniarismailov3878 4 ปีที่แล้ว +3

    Качан башталат

  • @Саматова-ю1ф
    @Саматова-ю1ф 2 ปีที่แล้ว +1

    Туура , билчу эмеспиз

  • @user-fr4lz6km1r
    @user-fr4lz6km1r 3 ปีที่แล้ว +2

    Куранды окуганда Бир эле аятты Бир жолу окуганда тушунбойсун кайра.кайра окуп жатып Анан барып тушуносун

  • @kushtar.bekamiraev
    @kushtar.bekamiraev 4 ปีที่แล้ว +2

    Ал Хак

  • @user-my5de4km9d
    @user-my5de4km9d 3 ปีที่แล้ว +2

    Жер планетасы чын эле кыскарып жатабы или тескеринче чонойуп жатабы.

    • @nur9733
      @nur9733 3 ปีที่แล้ว

      Не айтканда тушунбодунузбу кошумча убакыт ченеми тездеди десе да болот .Бир жыл тез эле отуп кетип жатат.

    • @user-my5de4km9d
      @user-my5de4km9d 3 ปีที่แล้ว +1

      @@nur9733 жок аны тушундум кебиркилер чонойуда десе кебиркиси кичирейудө дешет вапшета накта анализ жок болтата кимиси ,чын кимиси туура мес билбей калдым

  • @jumashusmanov1379
    @jumashusmanov1379 4 ปีที่แล้ว +2

    Аллах ыраазы болсун

  • @АдилетМаданов-о3п
    @АдилетМаданов-о3п 4 ปีที่แล้ว +1

    Аллаху Акбар!

  • @АдилетМаданов-о3п
    @АдилетМаданов-о3п 4 ปีที่แล้ว

    Аллах ыраазы болсун!

  • @АйданекБазарбекова
    @АйданекБазарбекова 4 ปีที่แล้ว

    Ма шаа Аллах

  • @user-in4yf2tc2p
    @user-in4yf2tc2p 4 ปีที่แล้ว +1

    🌸🌸🌸