Теңирчичиликти дин катары каттоону бийликтен талап кылышты

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 6 ก.ย. 2024
  • “2016-жылы теңирчиликти дин катары каттоо боюнча соттон жеңип чыкканбыз. Бирок соттун жыйынтыгы дагы деле кабыл алына элек” - деген нааразычылыгын бүгүн, 19-сентябрда болгон маалымат жыйында “Теңирчилик” бирикмесинин өкүлү Кубан Тезекбаев билдирди.
    Ал эми философия илимдеринин доктору, профессор Клара Ажибекова: “Теңирчилик- бул илгертеден келе жаткан көчмөн элдеринин дини. Адамзаттын табият менен гармонияда жашоосу”- деди.
    “Манас ордо” коомунун өкүлү Анарбек Усупбаев теңирчилик бир гана кыргыз элине эмес, гунндарга жана башка элдерге да тиешелүү экенин айтты.
    Маалымат жыйынга Казань шаарынын “Татарстан теңирчилери” коомунан келген публицист, тарыхчы жана жазуучу Безертинов Рафаэль Нурудинович дагы катышты. Ал “21-22-сентябрда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде “Теңирчилик жана Евразия элдеринин мурасы: башаты жана азыркысы” аталышындагы эл аралык конференция болорун кошумчалады.
    Эскерте кетсек, мамлекеттик дин комитети теңирчиликти дин катары каттоодон өткөрүшкөн эмес.

ความคิดเห็น • 12