Эмне үчүн ККМди колдонуу керек?

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 26 ส.ค. 2024
  • Урматтуу ишкерлер!
    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдан тартып кичи жана орто бизнести колдоо жөнүндө жарлыгына ылайык, жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин болгон ишкердик субъекттер салыктан бошотулат
    Кимдер бошотулат?
    Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин товарларды жеткирүүнү, калкка жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүнү жүргүзгөн субъекттер
    Алар кандай салыктарды төлөшү керек?
    - киреше салыгы;
    - жер салыгы, мүлк салыгы;
    - камсыздандыруу төгүмдөрү
    Кандай талаптар бар?
    - контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жана чектерди берүү
    - импорттук-экспорттук операциялардын жоктугу
    Эмне үчүн кассалык машиналарды колдонуу керек?
    Жаңы стандарттар менен ККМди колдонуу мамлекет жана ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн пайдалуу. Алсак,
    - ачык фискалдык система түзүлөт;
    - салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу атаандаштык чөйрөсү түзүлөт;
    - ак ниет бизнести көзөмөлдөөнүн ар кандай формалары кыскарат;
    - керектөөчүлөрдүн укугу корголот.
    Эң негизгиси - кассалык аппаратты колдонуу ишкерди кассалык отчеттордун бүтүндөй комплексин даярдоодон куткарат.
    Жалданма кызматкерлери бар субъект жеке кабинети аркылуу кызматкерлерди алыстан көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
    ККМдин кандай түрлөрү бар?
    Учурда ККМдин эки түрү - аппараттык жана программалык колдонулууда.
    Аппараттык ККМ - кадимки кассалык аппарат
    Программдык ККМ - компьютерге, планшетке же смартфонго орнотула турган программалык продукт же тиркеме. Программаны бекер жүктөп алып, кардарларга чек берүү жетиштүү.
    Толук маалыматты кайдан алса болот?
    Толук маалыматты 116 же www.sti.gov.kg сайтынан алса болот.

ความคิดเห็น • 1

  • @user-os1om2km3j
    @user-os1om2km3j 9 หลายเดือนก่อน

    Ккм койдук макул.Общий оборот 200-300минге чейин.Бир жылда доход 1500-2500 млн.Ишкердин продукциясын же болблсо товарын коруп жыйынтык чыгарган адис жок,салык мекемесинде.Тагырак айтканда өз алдынча иш алыпбарган адамдын соодасына карабай туруп 0.5% салыкка каттап жатканы тушунуксуз.Сурап келсен тушундуруу иши жок.