Мар Байжиев | Кылмышка бир секунд калганда | аудио китеп

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 9 ก.ย. 2024
  • Жазуучу Мар Байжиевдин атасы Ташым Байжиев кыргыз адабияты, сөзүнүн бүгүнкү калыпка келишинин башында турган чыгаан инсандардын бири болгонун көпчүлүк, өзгөчө азыркы жаштар, көп деле биле бербесе керек. Адабиятчы, сынчы, драматург, «Манас таануучу» катары анын эмгеги зор. Ал кыргыз грамматикасы жана адабияты боюнча биринчи окуу китептеринин автору болгон. Учурунда сталиндик репрессиянын куугунттугунан жабыркап, борбордук азиялык канчалаган мыктылар эзилип, түрмөлөрдө, лагерлерде чирип кетишти... Ошолордун катарында Ташым Байжиев да болгон. Ал 1950-жылы камалып, Караганда лагерине айдалып, эки жылдан кийин ал жакта каза болот. 1955-жылы акталган.
    Кечээ гана ошондой эле тагдыры окшош казактын мыктысы Миржакып Дулатов жөнүндө сериал көрүп, кийин анын кызы Гүлнар Дулатова «эл душманынын кызы» катары өмүр бою кандай азапты баштан кечиргенин көрдүм эле... Ошондон улам ушул сыяктуу оор тагдырды баштан кечирген Мар Байжиев эсиме түштү да, жазуучунун өз атасы, «эл душманынын уулу» катары көргөн кордугу жазылган аңгемеси эсиме түштү. Мар Байжиев ошол аңгемесинде жазгандай, «Адамдар акыры чындыкты билет, атаңдын арбагына сыйынып таазим кылат. Сен адилет үчүн күрөш! Чындык үчүн жашагын!»
    Мар Байжиевдин башка чыгармаларын да угуңуз:
    • Мар Байжиев | Бир того...
    • Мар Байжиев | Ууру кат...
    • Мар Байжиев | Арбак ур...
    • Мар Байжиев | Жаңылуу ...
    • Мар Байжиев | Бир кемп...

ความคิดเห็น • 37

  • @aiturganakilova5768
    @aiturganakilova5768 8 หลายเดือนก่อน +9

    Байкуштарым ай….
    Ушул заманда жашап жатканыма Жаратканыма чексиз шугурлор болсун!!!❤

  • @user-po6jp4ju9q
    @user-po6jp4ju9q 8 หลายเดือนก่อน +8

    Эн сонун окуйсун,унун дагы уккулуктуу Айланайын. Кудайым колдоп омурлуу бол. Оркунун оссун.

  • @user-ox4dt8ku1b
    @user-ox4dt8ku1b 8 หลายเดือนก่อน +8

    😢😢😢😢 Кандай гана кордук жашоо....кордук...алилетсиздик......
    Абдан сонун окудуң, дайымкыдай эле......🎉🎉🎉🎉🎉

  • @kemelshabdanbaev8697
    @kemelshabdanbaev8697 8 หลายเดือนก่อน +7

    Ар бир чыгарылган аңгеме повецтерди калтырбай, берилип уюп кадимки өңүмдөй элестетип алып угам.💆🏻‍♂️ Жана алардан өзгөчө таасирленем.Сизге терең ыраазычылык🙏🏻 иштериңиздерге ийгилик.👏🏻👍🏻
    Угармандарыңыздарга дагы көптөгөн, адамга терең уюткулуу таасир калтыруучу чыгармаларды, чыдамсыздык менен күтөбүз.😊🙏🏻

  • @user-yn5nd7ed6r
    @user-yn5nd7ed6r 8 หลายเดือนก่อน +5

    Аллахым ыраазы болсун сизден эки дүйнөнүн бактылуугун берсин аминь🤲🤲🤲

    • @DoorovT
      @DoorovT  8 หลายเดือนก่อน +1

      Рахмат!

  • @user-fg5uw5ug7s
    @user-fg5uw5ug7s 8 หลายเดือนก่อน +5

    Рахмат! Сонун окуйсун.

  • @aisuluualimbaeva3579
    @aisuluualimbaeva3579 8 หลายเดือนก่อน +3

    Аталарга таазим!!!

  • @user-zu6wi3ih8c
    @user-zu6wi3ih8c 8 หลายเดือนก่อน

    Керемет чыгарма....

  • @user-th9oj8ch3o
    @user-th9oj8ch3o 8 หลายเดือนก่อน +2

    ❤❤

  • @user-yi9me5kg9o
    @user-yi9me5kg9o 8 หลายเดือนก่อน +1

    Рахмат Торокул, ушундай сонун чыгарманы сонун окуп бергенине👍⚘⚘⚘

  • @user-ur5ik8nl6w
    @user-ur5ik8nl6w 8 หลายเดือนก่อน +1

    Кандай гана адилетсиздик. Сый коруп мактоого татыктуу адамдар, тескерисинче азапталган кандай кордук 😢.

    • @DoorovT
      @DoorovT  8 หลายเดือนก่อน

      Кыргыздын мыктылары кырылып калган ошондо...

  • @user-jo7vp5vu5x
    @user-jo7vp5vu5x 8 หลายเดือนก่อน +1

    Мыкты окуп бердин.Рахмат.
    Кыйынчылыктын артында созсуз жакшылык бар.

    • @DoorovT
      @DoorovT  8 หลายเดือนก่อน

      Азыр эми Орусия Украинада да "нацисттерди" издеп жатканы ошол Сталиндин мезгилин эске салат. Исхак Раззаков да учурунда "улутчул" деп айыпталып, кызматынан алынган кыргыз мектептерин ачалы, айылдык кыргыз жаштарын көбүрөөк окуталы дегенде. Далай кыргыздын каймактары 37-38-жылдардагы репрессияда кырылган "нацист" аталып. Ошону унутпашыбыз керек. Тарых кайталанып, Кремль эми нацисттерди Украинадан издеп жатат. Эртең дагы бизден издеп баштабайт деп ким кепил боло алат?

  • @user-tf5qj7wr3l
    @user-tf5qj7wr3l 8 หลายเดือนก่อน

    👍👍

  • @user-sx1ux7qh3i
    @user-sx1ux7qh3i 8 หลายเดือนก่อน +1

    Торокул иним,жакшы чыгарманы уккулуктуу окуп бергенине рахмат

    • @DoorovT
      @DoorovT  8 หลายเดือนก่อน

      Рахмат пикиринизге.

  • @user-kw8gc3gc8j
    @user-kw8gc3gc8j 8 หลายเดือนก่อน +1

    ❤❤❤

  • @anisakurmanbekova
    @anisakurmanbekova 8 หลายเดือนก่อน +1

    Өтө таасирдүү чыгарма.
    Төрөкул Дооров өтө сонун окуйт.

    • @DoorovT
      @DoorovT  8 หลายเดือนก่อน

      Рахмат

  • @Aidosnov
    @Aidosnov 8 หลายเดือนก่อน +1

    132-👍
    Кайран СССР......

  • @user-pn8rs5ht1o
    @user-pn8rs5ht1o 8 หลายเดือนก่อน +1

    чын эле ушул окуя болгон экен да

  • @user-pn8rs5ht1o
    @user-pn8rs5ht1o 8 หลายเดือนก่อน +2

    азырга чейин жашырып титрешет, баласы жазуучу адабиятчы дегенине карабай калем мн болсо да жеткизиптир агай

  • @SamaraAkkusheva
    @SamaraAkkusheva 8 หลายเดือนก่อน +1

    Мар Байжиевдин чыгармаларын 7-классымда окуп чыккан элем.убакыт отуп башка тушунук менен угат экенсин .Чоон Рахмат .

    • @DoorovT
      @DoorovT  8 หลายเดือนก่อน +1

      Менде да ушундай сезимдер болот. "Сынган кылыч", "Келкелге" кийин таптакыр башкача карап, башкача сезет экенсиң...

  • @user-zu6wi3ih8c
    @user-zu6wi3ih8c 8 หลายเดือนก่อน

    ❤ 37:

  • @user-qv8bv1tc7w
    @user-qv8bv1tc7w 8 หลายเดือนก่อน +1

    Жузу курусун СССР дин

  • @kubanakunov4939
    @kubanakunov4939 8 หลายเดือนก่อน +2

    Мына мактаган сссрдин чыныгы жүзү

  • @user1988A
    @user1988A 8 หลายเดือนก่อน +1

    Төрөкул ава, саламатсызбы! Көчүрүү баскычын кошуп койсоңуз жакшы болмок эле... Менде кээде интернет тартпай калат. Ошол маалда укканда жакшы эле

    • @DoorovT
      @DoorovT  8 หลายเดือนก่อน +2

      Аудиосун телеграмда мына бул каналга жуктоп коем. Ошол жактан кочуруп алсан болот: t.me/kulakuchun

  • @mayaeje1023
    @mayaeje1023 8 หลายเดือนก่อน +1

    Чыгарманы туура тандаганды билесиң, Төрөкул. Ошондо бул документалдуу чыгарма болдубу, мен ошондой түшүндүм.

    • @DoorovT
      @DoorovT  8 หลายเดือนก่อน

      Рахмат! Ооба, жазуучунун өзүнүн өмүр баянындагы реалдуу окуя негизделген аңгеме экен.

  • @tggghj1628
    @tggghj1628 8 หลายเดือนก่อน +1

    Кайрандар....

  • @user-zf9em5ki6b
    @user-zf9em5ki6b 8 หลายเดือนก่อน

    Окуганы такыр жакпайт да.ыйлактап онтоп окуйт. ГОЛОСУ КОНУР ЖАГЫМДУУ БИРОК.

    • @DoorovT
      @DoorovT  8 หลายเดือนก่อน +1

      Рахмат пикириңизге. Ыйлактабай окуганга үйрөнүп жатам, буюрса.

    • @DinaraAsylbekova-dd7rd
      @DinaraAsylbekova-dd7rd หลายเดือนก่อน

      Өзүңүз укканды билбейт окшойсуз, болбосо сонун окуйт,тим эле чыгарма м-н аралашып ичине кирип кетесиң. Үнүңүзго береке.