ЖАГАСЫҢ - © Гүлзат Кудайбердиева
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 26 ต.ค. 2024
- ЖАГАСЫҢ
Ушунчалык жагат мага мүнөзүң,
Сүйлөгөнүң, жылмайганың, күлгөнүң.
Баарынан да мен өзүңө ашыкмын,
Жүрөгүңдү жүрөк менен сүйөмүн.
Башкачасың, аруу жансың тазасың,
Карабаймын билсең сенден башкасын.
Жан дүйнөмдү бийлеп алдың бир өзүң,
Жаным, мага жагасың да, жагасың.
Сени сүйдүм. Жактың алгач көрүүдөн,
Жарым болчу бактым бирге бөлүшкөн.
Жаркылдагым, кол кармашып түбөлүк,
Сенин менен өтсөм деймин өмүрдөн.
Текст: 03.08. 2018
Клип: 3.06.2022 КТРК Музыка
Сөзү: Гүлзат Кудайбердиева
Обону: Байэл
Аткарган: Тайирбек Ысманалиев
© Гүлзат Кудайбердиева