🇰🇬Кыргыз тилиндеги подкасттардын темасы, сапаты, коноктору күндөн-күнгө жакшырып бара жатат 📈. Жаратман, Накта, Заман, Ордо сыяктуу долбоорлордун жамаатына терең ыраазычылык. Келгиле, таза, адабий, көркөм кыргыз тилинде сүйлөйлү😊. Аллага аманат ✋
Назира Айтбекова чыныда азамат экенсиз азыркы биздин көйгөйүбүз кыргыз тилине муктаждык жаратуу. Ал муктаждык мамлекет тарабынан дагы болуш керек. Анан тиги экөөндөй болуп эркин болуш керек десек кырыз тилин эчким сүйлөбөйт баары орус тилин тандайт. Биринчи муктаждык болуш керек анан кыргыз тили камчы салдырбай эле кетет.
@@Ton_Yokuk Көптөр зордоп деген сөздү зордуктап деп айтышат экен. Жөнөкөй эле эл эмес, жогорку трибунадагылардын да кээ биринен угуп калам. Зордоп - кыйнап, мажбурлап. Зордуктап - бирөөнү кыйноо жолу менен абийирин булгап коюу. (Изнасиловать)
Ар бир кыргызмын деген адам өзүнөн баштаса жана үй бүлөсү менен кыргыз тилинде баарлашса деп ойлойм. Ошондо кыргыз тилине салым кошот деген ойдомун. Сонун теманы көтөрүп чыктыңар 👏👏👏
Тилге байланыштуу чыгарылыштар көп болсо экен. Туура! Сабаттуу сүйлөшүбүз керек, сабаттуу жазышыбыз керек. Ойду туура жеткизүү үчүн , созулма тамгалар болобу, башкасыбы, чекит,үтүр ,кош чекит,тырмакча ж.б өтө маанилүү.
Урмат жаратман мекендешибиз, эң сонун теманы ортого койуп талкууга алганы абдан кубандырган иш. Алакандай кыргыз элим, ата бабадан калган мурас тилибизди барктайлы, келечек муунга татыктуу өткөрүп бергенге аракет кылалы. Керемет эне тилибиздин өнүгүүсүнө ар бирибиз салымыбызды кошолу. Тилибиз бар, рухубуз, маданиятыбыз, мамлекетибиз бар. Кыргыз тилибиз менен сыймыктаналы. Сыймыктануу сезими кереметтерди жаратат.
Кыргыз тил - эне тилибизге тиешелүү жакшы талкуу башталган экен. Бул өтө кырдуу маселе, мисалы, менин жолдошум Ито Хиронори - лингвист-окумуштуу жана бул көйгөй маселенин канча ысык-суугуна киргенин айтып бере алат эле. Ал эми менин 3 жапон баламдын кыргыз тилинде сүйлөгөңү - бул эненин сүтү менен берилген балдарыма баалуулук. Баарыбыз өзүбүздөн дегендей, кыргыз тилге кылган мамиле өзүбүздөн башталат.
Тил-бул улуттар ортосундагы суйлошууго эн сонун курал,канчалык коп тил билсен дуйно тааным кенен болот. Албетте эне тил биринчи орунда болуу керек. Тилин жоготкон дилин,улутун,каада салтын эн коркунучтуу мамлекеттин жок болуусуна алып келиши мумкун. Кыргыз тилин жоготуудан сактануу керек.
Биз Кыргызстанда жашап жатып, кыргыз тилин коргоп жатабыз, ошол эле кыргызардан, ал эми кээ бир улуттар өз тилин башка мамлекеттердин, башка улуттун арасында жайылтуунун, өнүктүрүүнүн үстүндө. Бул глобалдашуу мезгилинде артта калып, көңүл бурулбай, өнүкпөй калган тилибиздин тагдырына көңүл буруп, подкаст жасаптырсыздар сиздерге чоң рахмат! Жаратман чоң рахмат, сиздерге!
Назира айым туура айтты Кыргыз кыргыз тилин билууго милдеттуу сабаттуу болуш керек создорду туура жаза билиш керек бири бирин ондогону туура Болгону катасын сылык-сыпаа айтканды жана кабыл алганды билели. Анан дагы жаны создор ансыз деле колдонулат кооноргон создорду колдонолу кобуроок.
Азаматсыңар жакшы долбоор болуптур! Тил аркылуу бизди орустар туура эмес түшүнүктөрдү калыптандырган экен , албетте туура жакшы жагы да болгон. Бирок биз тилди азыр өнүктүрбөсөк , 5 жылдан кийин биз күтпөгөн коркунучтарды ачык ар бир үй- бүлөдөн көрө алабыз🇰🇬🤲.
Назира айым туптуура сүйлөп жатат, ката жазгандарды көрсөм менин да кыжырым келет, себеби ар бир адам сабаттуу жазганга аракет жасаш керек. Бул сабаттуулук мектептен баштап талап кылынат. Мына мен бүгүн эле орфографиялык эрежелер тууралуу сабак өттүм, баарын кайталадык, себеби июнда мамлекеттик сынакта жат жазуу жазышат, ал жакта биз сабаттуулукту текшерип баалайбыз. Баарыбыз сабаттуу бололу! Адабий тилде баарлашалы!
Ооба биз урушкандан,кыйынмын,кетсин деген уруш -талаштан биз тажадык.Кыргыз ,тил ,экономика ,билим ,ан -сезимибиз,динибиз өнүгүп өссө экен.Ийгилик каалайм Жаратман.Мекен үчүн ушундай чыгарылыштарды кутуп калабыз❤
Кыргыз тили өнүгүү үчүн эмне кыла алам? деген суроо менен ар бирибиз ойлонсок. Кичинеден кадам таштаган болсок. Алга жылабыз. Үй бүлө кичинекей мамлекет, ошол жактан дагы баштоо керек.
Биз Кыргыз эли башка улуттарга караганда жазууга кеч өткөнбүз биздин тарых биздин маданият тилден тилге өтүп келген эпостор менен ырлар менен эгер биз тилибизди жоготсок анда улуттуулугубузду жоготобуз
Бардык подкасттардын,интервьюлардын арасынан ушул "Жаратмандын" маектери абдан жакты❤.Коп маалыматтар бар экен.Ийгиликтуу,илимдуу,билимдуу адамдарын ою,жасаган иштери,баштарынан откон окуялары абдан чон таасир калтырат экен.Калтырбай коруп жатамын..
10 000 просмотр экен бирок 1000 да жетбеген лайк. Окунучтуу. Келгиле достор 1 секунд убактыбызды аябайлы, жаратмандарыбызга лайк коюп комментария жазып колдоо корсотолу
Назира айым туура айтты, жамандын уйун коногу бийлейт, болдук 100жыл,эми ойгонуу учуру келди, чечкиндуу кадамдарды таштоо гана керек, жакшы болуу аста аста, баардык жакшы ниеттерди Аллахым колдосун, оомиин
Аябай аз талкуу болуп калыптыр. Жаратман жаны долбоорунар кут болсун. Мыкты тема, чакырылган коноктор да эн мыкты. Назира эженин айтканына кошулам (туура жазыш керек дегени) Улан айтканыда (диалектти болбош керек) Бул теманы дагы улантуунарды сунуштайм
Улан мырза, Назира айым туура айтып жатат. Башынан туура жазып, ката болсо, дароо ондоп уйронунуз (уйротунуз дагы☝☝☝)! Мындай темп менен кыргыз тили нак жоголот! Мисалы: "деватат" деп жаза бересиз, башкалар (билбегендер, кичинекейлер, кыргыз тилин жаны уйронуп жаткандар, ж.б.у.с.) окуп, уйронуп, конуп... "деп жататка" ондоттурбай, конуп, унутуп, кийин "деватат" "девтат"ка" озгоруп, тубу менен жок болуусу ыктымал😔😔😔😔😔😔😔😔😔😔😔😔 Балдарыбызды кичинесинен грамматикага уйротолу! балдарыма эч убакта "оа" же "ова" деп жаздырбайм. светофор туруп, унаа жок болсо кызылга ото бер деп уйротпогондой эле ....
Көпчүлүк уга турган Көөдөнгө жуга турган мыкты маек болуптур томуктай сөзгө тоодой ойду батырган Эмил Үмет агабыз Чынында акылман киши экен Назира жарык кыз Улан Үсөүн экөө тең мыкты улан кыздар Урмат Насыкулов сизге да ийгилик , жамаатыңар менен эмгектене бериңиздер ийгилигиңер жемиштүү болсун.
Эмил байке мени аябай суктандырды! Тилинин байлыгы, оюнун кенендиги, мекенчилдик менен.Көп окуган адам экендиги , билимдүүлүүгү таң калтырат.Таазим менен ыраазычылык билдирем.
Азаматсынар Жаратман командасы барган сайын сапатынар артып баратат. Айрыкча тил маселеси ото актуалдуу ушул темада кобуроок талкууларды алып чыккыла. Ишинерге ийгилик. Голливуд тасмаларын кыргызча суйлотуу боюнча кандай иштер жасалып жатат ошолор жонундо да билгибиз келет. Алдын ала рахмат
Жаратман долбоорунун тобуна ийгилик каалайм! Элге болгон кызматыңар ак, таза, жарык болсун! Нук боюнча пикирим. Сабаттуу болуш зарыл. Биз чынында эле улуу элдин урпактарыбыз. Тарыхыбыз бай, кенен да, терең да. Ал эми, азыркы учурда ар кайсы тайыз шылтоолорду айтпай, күнүмдүк өз кызыкчылыктарыбызды ойлобой, келечек муунга бизге таберик болгон мурасты татыктуу деңгээлге өткөрүп беришибиз керек. Анда байыртан келе жаткан изибизге, тарыхыбызга, деги эле өзөгүбүзгө чыккынчылык кылган болобуз!.. #Назира айым мыктылык жаратты деп ойлойм бул талкууда. "Өзүңдү өзүң сыйлабасаң, өзгө сени сыйламак беле" деген сөз бар. Келгиле, өзүбүздү сыйлайлы! Ал эми кемчилик, комплекстин үстүнөн иштеш керек. Жоопкерчиликти алганды үйрөнсөк, башкага манжа менен көрсөтпөйбүз...
Азаматсыңар Жаратмандар👏👍 ушундай подкастар кобурөөк болсо, акырындап Кыргыз тили онугот🙌 бирок таза кыргызча суйлогонго, катасыз жазганга уйронолу. Ээң негизгиси тилибизди суйөлу, барктайлы жана баалайлы! 🇰🇬 Ар бир ата-эне баласына өз ЭНЕ тилин уйротуусу Улутка кошкон салымы жана милдети! Мульфильм, телефон ж.б. жон гана шылтоо деп тушунөм. Бала менен суйлошпойт, эптеп эле тынч отурсун деп тел карматат, же менин балам орусча суйлойт деп озунчо ойдо сезеби билбейм☺️ Коп тилди билели, бирок эне тилибизде суйлогонго, туура жазганга милдеттуубуз деп ойлойм. Кыргыз элим, тилим онүксүн! 🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Кыргыз тилинин өнүгүшүнө, сакталып калышына канча деген мыкты инсандарыбыздын салымы чоң болгонун унутпай жүрөлү. Ошолордун жолун жолдоп сиздердин да жасап жаткан эмгегиңиздер эң чоң салым кошот деп ишенем. Тилибизди танбай, чанбай тескерисинче барктап баалап өнүктүрөлү. Бул темага көңүл буруп ,эфир уюштуруп бергениңиздерге чоң ыраазычылык билдирем!
Элди эл кылган тил . Эң сонун теманы козгоп жатасыңар , ушундай берүүлөрдү тез тез чыгарып турсаңар жакшы болот . Кыргыз тилчилерди көбүрөөк тарткыла .
Подкасттын рубрикаларын үзбөй көрүүгө аракет кылып угуп келемин буюрса,Кыргызстанда ушундай ийгиликтүү,перспективдүү,жаратуучу,акылдуу жаштарыбыз көп экенине сүйүнүчүм артып,жакшы келечегибизге үмүтүм чоң!!!
Өз улуттук тилин сыйлаган өлкө гана өнүгө алат.💯 Өзүбүздү таанышабыз керек, бизге тиешелүү баалуулуктарыбызды өйдө коюшубуз зарыл. Мисалы, Кыргыз элге гана таандык улуттук ак калпакты ар кайсы улутка кийгизген туура эмес, бул караңгычылык, эгерде Кыргызстанга салымын кошсо анда мейли, бирок дайыны жок эле ар ким кимге улуттук баш кийимди кийгизе берген бул кайдыгерлик/маңкуртчулук деп эсептейм. Биздин фио кыргызча болуш керек- уулу/кызы деп, ов/ова деген орустардыкы, бул такыр бизге туура келбейт❗ Дагы бир маселе, көчө, айыл жерлердин аталыштары кыргызча болуусу абзел, орусчанын баарын өчүрүп, өзүбүздүкүнө жаңылатуу маанилүү. Биринчи өзүбүздү сыйласак, анан башкалар бизди тааныйт. Дүкөндөрдө аталыштар да сөзсүз кыргызча болуусу зарыл. Кыргызстан- эгемендүү мамлекет, ар бир жаран мамлекеттик кыргыз тилди билүүгө милдеттүү, кайсы улут болсо дагы. Биздин өлкөдө орустарга эмес, биринчи кезекте бизге ыңгайлуу болуш керек баары. СССР доору бүткөн, азыр Кудайга шүгүр эркинбиз! Мен кыргыз тил менен гана чектелиш керек деген ойдон алысмын, көп чет тилдерди үйрөнүү пайда, бирок алдыңкы орунда- улуттук кыргыз тилибиз болгону эң туура.🇰🇬❤️ Өз тилибизде таза сүйлөсөк, орусча сөздөрдү кошпой, тилибизди булгабасак, туура жазсак, өз тилибизде адабий чыгармаларды окусак, сабаттуу жана маданияттуу болсок өнүгөбүз!!! Ар бир жаран өзүнөн башташ керек. Улуттук тил бар- мамлекет бар. Тил-бул элдин жаны. Биз кыргыз тилибиз менен гана Кыргыз экенибизди далилдей алабыз.
Сонун талкуу болуптур. Кыргыз тилинин өнүгүшүнө мамлекеттик деңгээлдеги дагы, эркин чыгармачыл жарандардын да аракеттер сөзсүз керек. Тилибиздин келечеги бийик болушу үчүн, окуу системасы жаңыланыш керек. Андан тышкары ар бир кыргызга күйгөн жаратман инсандын өзгөчө камкордугуна тилибиз муктаж.
Негизгиси ойду туура жеткизе билуу , деп эле ката жаза берген да туура эмес деп ойлойм. Кыргыз тилинде туура жазганды жаш кезден уйротуу керек, антпесе кийин ал адамга ката жазуу адат болуп калат. Назиранын создоруно толугу менен кошулам.
Кыргыз тил маселесин ушинтип байма бай чыгарып туруш керек , азаматсыңар,антпесе кыргыз тили жоголсо ,кыргыз деген улут жоголуп кетүүсү мүмкүн.Анан Улан мырзанын айтканы кичине туура эмес болуп калды,жазганда ар бир кыргыз жараны туура жазганга аракет кылыш керек,мисалы ооба деген сөздү көпчүлүгү оа деп жазып коюшат,бул туура эмес да аны аны бирөө көрүп дагы ошентип туура эмес сөздөр жазылып кете берет да ,сабатсыз жаштар пайда болот
Сонун чыгарылыш, ийгилик каалайм, негизи баштан баштап кыргызча сүйлөп кыргызча окуп жүргөндөр туура жана так сүйлөп жазганды да билишибиз керек, ал эми орусчалыш болуп жүрүп кыргызча жазып сүйлөп баштагандарга шык берип мактап жактап колдошубуз керек, андан кийин бара бара туура так жазганды, сүйлөгөндү үйрөнүп алышат.
Абдан актуалдуу темада байланыш диалог курулуптур Назира айым озунун репертуарында айтылган создорго кошулбай озунукун бербегени коркомдотту подкастты. Рахмат !
Муундардын байланышын жоготпойлу! Менин Апам, биз менен 25 жыл жашады, тээ 80-чи жылдары, мен орусча сүйлөгөм, немисчени билчүмүн, кыргызчаны эптеп эле.. Апамын таасири аркылуу кыргыз боло баштадым... "Кыргыз тили кыргызга эле керек", сактайлы, сүйлөйлү...❤
Назира аябай жакшы суйлопсун,Мен ойлочу элем,бул Назира арбалани эле суйлой берет деп. Назира,Орозайымга дагы,ушундай тушунук жана кичине болсо да,тарбия берип койгун.
Кыргызбай деп шылдыңдаган Беллажио ыстакандары бир аз табитти бузду.Бирок сонун маек өзгөчө Эмиль Мырза сизди угуу бир башкача сезим❤ Дагы бир көрүнүш,жумушка орношоордо,талаптары кыргыз тилин билүү артыкчылык деген.Демек,кыргыз тилин өнүктүрүү, билүү өзүнчө бир агым келе атат.
Кыргыз тилинин душманы кыргыздар эле, үйүндө балдарына орусча сүйлөйт, балдары да орус болуп калган, банкоматтан орусчаны тандайт, анан эле башка улуттарга асылып калабыз. Алар үчүн кыргыз эне тили эмес, аларга баары бир, болгону биз сүйлөсөк алар да сүйлөмөк.
Түндүк, түштүк, батыш, чыгыш деп бөлүнбөй бир бүтүндүккө келсек жакшы болмок. Эгемендүү өлкөбүз бар, биз ушуну да баалабай жатабызда азыр. Сөзсүз эле сырттан бир чоң күч келип басынтса анан биригишибиз керекпи? Тажиктер кол салганда баарыбыз Баткеним деп боорубуз ооруду, анан эле баткенче диалект мн сүйлөсө басынтып кыргыз тилинде мындай сөз жок деп жатабыз. Кандай учур болбосун бири-бирибизди биритирүүчү себеп таап, колдойлу. Негизи диалект мн кыргыз тилин байытсак болот. Болгону айтаарым сындаганга караганда, көбүрөөк түшүнгөнгө аракет кылалы.
Аябай маанилүү, биздин Кыргыз тилибиз жөнүндө талкуу болуп жаткандыгы мени кубандырып жатат, менде да кыжалатчылык болуп жүргөн, тилибиздин барган сайын жоголуп бара жатканы, бүгүнкү күндө ,бул өтө чоң көйгөй болуп жатат, жалпы элибиз, тилибизди коргош керек жана колдош керек, азыркы тилибиздин көйгөйүн. Кыргыз тилин өнүктүрүү, сактап калуу жөнүндө законубуз бар,ошону колдонуп,бала - бакчадан баштап, мектептен баштап, окуу жайларда да, биздин Кыргыз тилибизди программаларда окутуп, үйрөтүп,талап кылсак, кыргыз тилинде сүйлөгөндөргө айлык акыны көбүрөөк төлөсө, маанилүүлүгүн көтөрсө, элдер урматтап үйрөнө баштамак.
Назира айым негизи туура айтып жатат жана аны менен эч ким талашкан жок, жөн гана мырзалардын ой пикирин толук кандуу түшүнбөй калды. Эмоциядан алыс болуу туура го деймин, агабыз аягында туура айтты, талкуулоо сабыр менен деп... Мен мурун болуп өткөн окуяларда, конфликт учурларында ар дайым эжемдин тарабында болчум, бирок бүгүн, мен ойлоп калдым, балким эжебиз деле каталык кылып койду окшойт деп. Бирок кандай болсо дагы терең сыйлайбыз жана урматтайбыз🙏 Жаратмандын жаратмандарына дагы терең ыраазычылык билдирем, мекенибизден алыс жүрсөк дагы, сиздерди угуп катуу кыялдарга батабыз жана сиздей адамдар бар болгону үчүн, биздин мамлекетибиздин келечеги зор экендигине шек жаратпайт🇰🇬🫶
Эмиль агай, туура айтат, эн биринчи адамдын ойу. Бизде болсо кемчилик издеп турабыз. Назира болсо озу кыргызча сонун суйлойт го, баласы каяктан орус тилдуу болуп калды? биринчи башкаларга кыйын болгуча озундон башта дегендей, Назира баланызга сиз кыргызча суйлосонуз баланыз дагы суйлойт го дейм. Грамматика боюнча туура айтып жатат Назира, ото эле кыйын кылып коюшкан, мектеп программасында уйроткон балдар учун ото оор. Женил кылып, оной кылып, кызыктырып уйротуш керек дейм.
Аябай жакшы коноктор экен. Акыркы кезде Эмил Уметти кызыгуу менен укчу болдум. Бул адамда ото жонокойлук, сабаттуулук, баамдуулук, намыскойлук сезилип турат. Озунун тилин жериген адам кул муноз, саткын болот, башкаларга оной эле жугунуп турат, ал адамдын баалуулугу жок! Канча коп тил билсек, ошончолук артыкчылыкка ээ болобуз, бирок эне тилибиз биринчи орунда болуу керек!
Мен дагы ойлойм Кыргызстанда эн биринчи көйгөй бул тил маселеси ,себеби өзүбүздүн жерде жүрүп өзүбүз Кыргызча сүйлөбой балдарыбызга Кыргызча үйрөтпөй жатабыз
✅Жаратманга салым кошуңуз:
M Bank +996500807040
O! Деньги +996500807040
OPTIMA BANK VISA 4169 5853 5854 1828
(Urmat Nasykulov)
Макул
Хорошо
Иди на
🎉
🇰🇬Кыргыз тилиндеги подкасттардын темасы, сапаты, коноктору күндөн-күнгө жакшырып бара жатат 📈. Жаратман, Накта, Заман, Ордо сыяктуу долбоорлордун жамаатына терең ыраазычылык. Келгиле, таза, адабий, көркөм кыргыз тилинде сүйлөйлү😊. Аллага аманат ✋
Лидер анд гровинг
@@Omur_abdykalykov 😅оңдоп койдум. маани бербеген экенмин, рахмат)
Эн туура Ким орусча суйлосо кыргызча суйлоп жооп бериш керек
Эн туураа 100 колдойбуз
Сөзүнүздүн мааниси жакшы...диндин тиешеси жок жерге эле тыга бересиңерби... при чем тут...Алла аманат....
Назираны колдойм.Элди ээрчиткен адамдар туура суйлоп,туура жаззуу керек.Анткени силер улгусунор!!!
Назира Айтбекова чыныда азамат экенсиз азыркы биздин көйгөйүбүз кыргыз тилине муктаждык жаратуу. Ал муктаждык мамлекет тарабынан дагы болуш керек. Анан тиги экөөндөй болуп эркин болуш керек десек кырыз тилин эчким сүйлөбөйт баары орус тилин тандайт. Биринчи муктаждык болуш керек анан кыргыз тили камчы салдырбай эле кетет.
Не дегениң бул? Бирөөнү зордуктап кыргызча сүйлөтө албайсың
@@Ton_Yokuk Көптөр зордоп деген сөздү зордуктап деп айтышат экен. Жөнөкөй эле эл эмес, жогорку трибунадагылардын да кээ биринен угуп калам.
Зордоп - кыйнап, мажбурлап.
Зордуктап - бирөөнү кыйноо жолу менен абийирин булгап коюу. (Изнасиловать)
Ар бир кыргызмын деген адам өзүнөн баштаса жана үй бүлөсү менен кыргыз тилинде баарлашса деп ойлойм. Ошондо кыргыз тилине салым кошот деген ойдомун. Сонун теманы көтөрүп чыктыңар 👏👏👏
Тилге байланыштуу чыгарылыштар көп болсо экен.
Туура! Сабаттуу сүйлөшүбүз керек, сабаттуу жазышыбыз керек.
Ойду туура жеткизүү үчүн , созулма тамгалар болобу, башкасыбы, чекит,үтүр ,кош чекит,тырмакча ж.б өтө маанилүү.
👏👏👏👏👏
Эн туура !!!
Назира туура айтып жатат сабатту да болуш керек, оюбузду да туура жазып , туура билдирип жеткизгенди да уйронолу
Сабаттуу, үйрөнөлү😂
Назиранын оюна кошулам, азаматсын. 👏👏👏
Урмат жаратман мекендешибиз, эң сонун теманы ортого койуп талкууга алганы абдан кубандырган иш. Алакандай кыргыз элим, ата бабадан калган мурас тилибизди барктайлы, келечек муунга татыктуу өткөрүп бергенге аракет кылалы. Керемет эне тилибиздин өнүгүүсүнө ар бирибиз салымыбызды кошолу. Тилибиз бар, рухубуз, маданиятыбыз, мамлекетибиз бар. Кыргыз тилибиз менен сыймыктаналы. Сыймыктануу сезими кереметтерди жаратат.
Жаштардын тил маселесин көтөрүп жатканы кубандырат🙏
Тил бар демек, кыргыз бар!
Азаматсыңар!
Подкастыңарга ыраазычылык айтабыз🙏
Кыргыз тил - эне тилибизге тиешелүү жакшы талкуу башталган экен. Бул өтө кырдуу маселе, мисалы, менин жолдошум Ито Хиронори - лингвист-окумуштуу жана бул көйгөй маселенин канча ысык-суугуна киргенин айтып бере алат эле. Ал эми менин 3 жапон баламдын кыргыз тилинде сүйлөгөңү - бул эненин сүтү менен берилген балдарыма баалуулук. Баарыбыз өзүбүздөн дегендей, кыргыз тилге кылган мамиле өзүбүздөн башталат.
Тил-бул улуттар ортосундагы суйлошууго эн сонун курал,канчалык коп тил билсен дуйно тааным кенен болот.
Албетте эне тил биринчи орунда болуу керек.
Тилин жоготкон дилин,улутун,каада салтын эн коркунучтуу мамлекеттин жок болуусуна алып келиши мумкун.
Кыргыз тилин жоготуудан сактануу керек.
Назира туура айтып жатат сабатту да болуш кереk👍👍👍👍👍
У
Назиранын гана сүйлөгөнүн сонун болуптур
Биз Кыргызстанда жашап жатып, кыргыз тилин коргоп жатабыз, ошол эле кыргызардан, ал эми кээ бир улуттар өз тилин башка мамлекеттердин, башка улуттун арасында жайылтуунун, өнүктүрүүнүн үстүндө. Бул глобалдашуу мезгилинде артта калып, көңүл бурулбай, өнүкпөй калган тилибиздин тагдырына көңүл буруп, подкаст жасаптырсыздар сиздерге чоң рахмат! Жаратман чоң рахмат, сиздерге!
Назира айым туура айтты Кыргыз кыргыз тилин билууго милдеттуу сабаттуу болуш керек создорду туура жаза билиш керек бири бирин ондогону туура Болгону катасын сылык-сыпаа айтканды жана кабыл алганды билели.
Анан дагы жаны создор ансыз деле колдонулат кооноргон создорду колдонолу кобуроок.
Азаматсыңар жакшы долбоор болуптур! Тил аркылуу бизди орустар туура эмес түшүнүктөрдү калыптандырган экен , албетте туура жакшы жагы да болгон. Бирок биз тилди азыр өнүктүрбөсөк , 5 жылдан кийин биз күтпөгөн коркунучтарды ачык ар бир үй- бүлөдөн көрө алабыз🇰🇬🤲.
Назира айым туптуура сүйлөп жатат, ката жазгандарды көрсөм менин да кыжырым келет, себеби ар бир адам сабаттуу жазганга аракет жасаш керек. Бул сабаттуулук мектептен баштап талап кылынат. Мына мен бүгүн эле орфографиялык эрежелер тууралуу сабак өттүм, баарын кайталадык, себеби июнда мамлекеттик сынакта жат жазуу жазышат, ал жакта биз сабаттуулукту текшерип баалайбыз. Баарыбыз сабаттуу бололу! Адабий тилде баарлашалы!
Ооба биз урушкандан,кыйынмын,кетсин деген уруш -талаштан биз тажадык.Кыргыз ,тил ,экономика ,билим ,ан -сезимибиз,динибиз өнүгүп өссө экен.Ийгилик каалайм Жаратман.Мекен үчүн ушундай чыгарылыштарды кутуп калабыз❤
Негизи сабаттуу болуш керек.Кыргыз болгонсон, таза кыргызча суйлош керек, маныздуу,коркоом, таза суйлогонду уйронушубуз керек.
Назира ен сонун айым мырзалардын кыйалындагы айым . Хит парата деле кыргыз тилин талабын тартып келген. Салымы чон.
Кыргыз тили өнүгүү үчүн эмне кыла алам? деген суроо менен ар бирибиз ойлонсок. Кичинеден кадам таштаган болсок. Алга жылабыз. Үй бүлө кичинекей мамлекет, ошол жактан дагы баштоо керек.
Ийгилик силерге!Кыргыз тилим модалуу болсун! Силердей инсандар коп болсун!Баракелди🇰🇬
Модалуу болсун?
Назира айым кайчы пикир айткан жок, деп ойлом. Тай-тайлап ката жаза бербей, чонойуп сабаттуу жазганга уйронолу деп жатат, НАЗИРА АЗАМАТ!!! ❤
Акыркы жылдардын эң чоң көйгөйдү көтөрдүңөр чоң рахмат.
Биз Кыргыз эли башка улуттарга караганда жазууга кеч өткөнбүз биздин тарых биздин маданият тилден тилге өтүп келген эпостор менен ырлар менен эгер биз тилибизди жоготсок анда улуттуулугубузду жоготобуз
Ушундай формат абдан жагат! Ойдун көп түрдүүлүгү болгону абдан пайдалуу!
Ишиңерге ийгилик каалайм жаратмандар!!!!
...Айбек туураэмес суйлоду, грамматиканы билиш керек, кыргыз тилин жогоркуу дэнгеелге которушкерек!💪🇰🇬🌅
Сен туура жазганды уйрончу биринчи макулбу
@@Xiaoyl-fh7jrдушнила
Тууганым өзүңдө грамматика ката экенго оңдо 👍
Бардык подкасттардын,интервьюлардын арасынан ушул "Жаратмандын" маектери абдан жакты❤.Коп маалыматтар бар экен.Ийгиликтуу,илимдуу,билимдуу адамдарын ою,жасаган иштери,баштарынан откон окуялары абдан чон таасир калтырат экен.Калтырбай коруп жатамын..
10 000 просмотр экен бирок 1000 да жетбеген лайк. Окунучтуу. Келгиле достор 1 секунд убактыбызды аябайлы, жаратмандарыбызга лайк коюп комментария жазып колдоо корсотолу
Назира айым туура айтты, жамандын уйун коногу бийлейт, болдук 100жыл,эми ойгонуу учуру келди, чечкиндуу кадамдарды таштоо гана керек, жакшы болуу аста аста, баардык жакшы ниеттерди Аллахым колдосун, оомиин
Ийгилик Кыргызстаныбызда кыргыз тили онуксун
Аябай аз талкуу болуп калыптыр.
Жаратман жаны долбоорунар кут болсун.
Мыкты тема, чакырылган коноктор да эн мыкты.
Назира эженин айтканына кошулам (туура жазыш керек дегени)
Улан айтканыда (диалектти болбош керек)
Бул теманы дагы улантуунарды сунуштайм
Улан мырза, Назира айым туура айтып жатат. Башынан туура жазып, ката болсо, дароо ондоп уйронунуз (уйротунуз дагы☝☝☝)! Мындай темп менен кыргыз тили нак жоголот!
Мисалы: "деватат" деп жаза бересиз, башкалар (билбегендер, кичинекейлер, кыргыз тилин жаны уйронуп жаткандар, ж.б.у.с.) окуп, уйронуп, конуп... "деп жататка" ондоттурбай, конуп, унутуп, кийин "деватат" "девтат"ка" озгоруп, тубу менен жок болуусу ыктымал😔😔😔😔😔😔😔😔😔😔😔😔
Балдарыбызды кичинесинен грамматикага уйротолу! балдарыма эч убакта "оа" же "ова" деп жаздырбайм. светофор туруп, унаа жок болсо кызылга ото бер деп уйротпогондой эле
....
Көпчүлүк уга турган
Көөдөнгө жуга турган мыкты маек болуптур томуктай сөзгө тоодой ойду батырган
Эмил Үмет агабыз
Чынында акылман киши экен
Назира жарык кыз Улан Үсөүн экөө тең мыкты улан кыздар
Урмат Насыкулов сизге да ийгилик , жамаатыңар менен эмгектене бериңиздер ийгилигиңер жемиштүү болсун.
Эмил байке мени аябай суктандырды! Тилинин байлыгы, оюнун кенендиги, мекенчилдик менен.Көп окуган адам экендиги , билимдүүлүүгү таң калтырат.Таазим менен ыраазычылык билдирем.
Эң сонун талкуу болуптур, жазалоо аркылуу биз өнүгө албайбыз👍 Эмил агай менен Уланды чексиз уккуң келет го…
Азаматсынар Жаратман командасы барган сайын сапатынар артып баратат. Айрыкча тил маселеси ото актуалдуу ушул темада кобуроок талкууларды алып чыккыла. Ишинерге ийгилик. Голливуд тасмаларын кыргызча суйлотуу боюнча кандай иштер жасалып жатат ошолор жонундо да билгибиз келет. Алдын ала рахмат
Жаратман долбоорунун тобуна ийгилик каалайм!
Элге болгон кызматыңар ак, таза, жарык болсун!
Нук боюнча пикирим.
Сабаттуу болуш зарыл.
Биз чынында эле улуу элдин урпактарыбыз. Тарыхыбыз бай, кенен да, терең да.
Ал эми, азыркы учурда ар кайсы тайыз шылтоолорду айтпай, күнүмдүк өз кызыкчылыктарыбызды ойлобой, келечек муунга бизге таберик болгон мурасты татыктуу деңгээлге өткөрүп беришибиз керек.
Анда байыртан келе жаткан изибизге, тарыхыбызга, деги эле өзөгүбүзгө чыккынчылык кылган болобуз!..
#Назира айым мыктылык жаратты деп ойлойм бул талкууда.
"Өзүңдү өзүң сыйлабасаң, өзгө сени сыйламак беле" деген сөз бар. Келгиле, өзүбүздү сыйлайлы!
Ал эми кемчилик, комплекстин үстүнөн иштеш керек.
Жоопкерчиликти алганды үйрөнсөк, башкага манжа менен көрсөтпөйбүз...
Азаматсыңар Жаратмандар👏👍 ушундай подкастар кобурөөк болсо, акырындап Кыргыз тили онугот🙌 бирок таза кыргызча суйлогонго, катасыз жазганга уйронолу. Ээң негизгиси тилибизди суйөлу, барктайлы жана баалайлы! 🇰🇬 Ар бир ата-эне баласына өз ЭНЕ тилин уйротуусу Улутка кошкон салымы жана милдети! Мульфильм, телефон ж.б. жон гана шылтоо деп тушунөм. Бала менен суйлошпойт, эптеп эле тынч отурсун деп тел карматат, же менин балам орусча суйлойт деп озунчо ойдо сезеби билбейм☺️ Коп тилди билели, бирок эне тилибизде суйлогонго, туура жазганга милдеттуубуз деп ойлойм. Кыргыз элим, тилим онүксүн! 🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Кыргыз тилинге, ыйман жондо сабак кошсок, кудай та'алам колдойт ошондо кана ийгиликтуу болот.
Баракелде дегим келет,, Кыргыз тили онуксун осун демекчибиз,,, эртенкиге калтырба бугундон баштап салымыбызды кошолу кыргыз тилине,,,😊🎉
Азаматсыздар, бара келди! Сонун талкуу болуптур👍🏻🇰🇬
Эмил агай өтө күчтүү! Тан берем🙌
Кыргыз тилинин өнүгүшүнө, сакталып калышына канча деген мыкты инсандарыбыздын салымы чоң болгонун унутпай жүрөлү. Ошолордун жолун жолдоп сиздердин да жасап жаткан эмгегиңиздер эң чоң салым кошот деп ишенем. Тилибизди танбай, чанбай тескерисинче барктап баалап өнүктүрөлү. Бул темага көңүл буруп ,эфир уюштуруп бергениңиздерге чоң ыраазычылык билдирем!
Чон Рахмат ушундай көйгөйлөрду көтөргөнуңөрго
Эмил агай, азаматсыз. Сиздин билимдүүлүгүңүзгө дагы бир жолу баа бердим. Баякүнкү сиз катышкан подкастты дагы көрдүм эле. Бар болуңуз!
Альбетте колдойбуз кыргыз тилин онуктурушубуз керек
Албетте
Элди эл кылган тил . Эң сонун теманы козгоп жатасыңар , ушундай берүүлөрдү тез тез чыгарып турсаңар жакшы болот . Кыргыз тилчилерди көбүрөөк тарткыла .
Подкасттын рубрикаларын үзбөй көрүүгө аракет кылып угуп келемин буюрса,Кыргызстанда ушундай ийгиликтүү,перспективдүү,жаратуучу,акылдуу жаштарыбыз көп экенине сүйүнүчүм артып,жакшы келечегибизге үмүтүм чоң!!!
Өз улуттук тилин сыйлаган өлкө гана өнүгө алат.💯
Өзүбүздү таанышабыз керек, бизге тиешелүү баалуулуктарыбызды өйдө коюшубуз зарыл. Мисалы, Кыргыз элге гана таандык улуттук ак калпакты ар кайсы улутка кийгизген туура эмес, бул караңгычылык, эгерде Кыргызстанга салымын кошсо анда мейли, бирок дайыны жок эле ар ким кимге улуттук баш кийимди кийгизе берген бул кайдыгерлик/маңкуртчулук деп эсептейм.
Биздин фио кыргызча болуш керек- уулу/кызы деп, ов/ова деген орустардыкы, бул такыр бизге туура келбейт❗
Дагы бир маселе, көчө, айыл жерлердин аталыштары кыргызча болуусу абзел, орусчанын баарын өчүрүп, өзүбүздүкүнө жаңылатуу маанилүү. Биринчи өзүбүздү сыйласак, анан башкалар бизди тааныйт. Дүкөндөрдө аталыштар да сөзсүз кыргызча болуусу зарыл. Кыргызстан- эгемендүү мамлекет, ар бир жаран мамлекеттик кыргыз тилди билүүгө милдеттүү, кайсы улут болсо дагы. Биздин өлкөдө орустарга эмес, биринчи кезекте бизге ыңгайлуу болуш керек баары. СССР доору бүткөн, азыр Кудайга шүгүр эркинбиз!
Мен кыргыз тил менен гана чектелиш керек деген ойдон алысмын, көп чет тилдерди үйрөнүү пайда, бирок алдыңкы орунда- улуттук кыргыз тилибиз болгону эң туура.🇰🇬❤️ Өз тилибизде таза сүйлөсөк, орусча сөздөрдү кошпой, тилибизди булгабасак, туура жазсак, өз тилибизде адабий чыгармаларды окусак, сабаттуу жана маданияттуу болсок өнүгөбүз!!! Ар бир жаран өзүнөн башташ керек.
Улуттук тил бар- мамлекет бар. Тил-бул элдин жаны. Биз кыргыз тилибиз менен гана Кыргыз экенибизди далилдей алабыз.
Сонун теманы көтөрүптүрсүңөр, жаратмандар!
Сонун талкуу болуптур. Кыргыз тилинин өнүгүшүнө мамлекеттик деңгээлдеги дагы, эркин чыгармачыл жарандардын да аракеттер сөзсүз керек. Тилибиздин келечеги бийик болушу үчүн, окуу системасы жаңыланыш керек. Андан тышкары ар бир кыргызга күйгөн жаратман инсандын өзгөчө камкордугуна тилибиз муктаж.
Негизгиси ойду туура жеткизе билуу , деп эле ката жаза берген да туура эмес деп ойлойм. Кыргыз тилинде туура жазганды жаш кезден уйротуу керек, антпесе кийин ал адамга ката жазуу адат болуп калат. Назиранын создоруно толугу менен кошулам.
Кыргыз тил маселесин ушинтип байма бай чыгарып туруш керек , азаматсыңар,антпесе кыргыз тили жоголсо ,кыргыз деген улут жоголуп кетүүсү мүмкүн.Анан Улан мырзанын айтканы кичине туура эмес болуп калды,жазганда ар бир кыргыз жараны туура жазганга аракет кылыш керек,мисалы ооба деген сөздү көпчүлүгү оа деп жазып коюшат,бул туура эмес да аны аны бирөө көрүп дагы ошентип туура эмес сөздөр жазылып кете берет да ,сабатсыз жаштар пайда болот
Мен сиздерди колдойм. Кыргыз тилибиз өнүксүн.
Кандай сонун пикирлер азаматсыңар Жаратмандын катышуучулары,силердин айткандар эң туура 👍🇰🇬👍
Кыргыз тилин сактап калабыз десек,туура жазганды үйрөнүшүбүз керек. Туура жазуу бул элдин алдына жүргөн адамдарга деген ойго кошулбайм
Сонун чыгарылыш, ийгилик каалайм, негизи баштан баштап кыргызча сүйлөп кыргызча окуп жүргөндөр туура жана так сүйлөп жазганды да билишибиз керек, ал эми орусчалыш болуп жүрүп кыргызча жазып сүйлөп баштагандарга шык берип мактап жактап колдошубуз керек, андан кийин бара бара туура так жазганды, сүйлөгөндү үйрөнүп алышат.
Ишиңиздерге ийгилик 🤲
Эмиль Уметалиев агай өтө сонун пикирлерди айтты.
Керемет керемет ..❤❤❤..Назира азаматсын ..Жаратман командасына данк!!!...
Абдан актуалдуу темада байланыш диалог курулуптур Назира айым озунун репертуарында айтылган создорго кошулбай озунукун бербегени коркомдотту подкастты. Рахмат !
Муундардын байланышын жоготпойлу!
Менин Апам, биз менен 25 жыл жашады, тээ 80-чи жылдары, мен орусча сүйлөгөм, немисчени билчүмүн, кыргызчаны эптеп эле..
Апамын таасири аркылуу кыргыз боло баштадым...
"Кыргыз тили кыргызга эле керек", сактайлы, сүйлөйлү...❤
Кыргыз тил жоголсо эл жоголот, ошого баратабыз!
Кыргыз тили сонун!💯
Эн сонун талкуу болду.
Назира аябай жакшы суйлопсун,Мен ойлочу элем,бул Назира арбалани эле суйлой берет деп. Назира,Орозайымга дагы,ушундай тушунук жана кичине болсо да,тарбия берип койгун.
Сонун подкаст болуптур, чоң рахмат 😍
Азаматсың Урмат, конокторго ырахмат, абдан маанилүү, жемиштүү талкуу болду!
Назира туура айтып жатасыз. Эркиндик берип койсо бирибиз орусча, бирибиз англисче, бирибиз арапча сүйлөп кетебиз.
Кыргызбай деп шылдыңдаган Беллажио ыстакандары бир аз табитти бузду.Бирок сонун маек өзгөчө Эмиль Мырза сизди угуу бир башкача сезим❤
Дагы бир көрүнүш,жумушка орношоордо,талаптары кыргыз тилин билүү артыкчылык деген.Демек,кыргыз тилин өнүктүрүү, билүү өзүнчө бир агым келе атат.
Кыргыз тилинин душманы кыргыздар эле, үйүндө балдарына орусча сүйлөйт, балдары да орус болуп калган, банкоматтан орусчаны тандайт, анан эле башка улуттарга асылып калабыз. Алар үчүн кыргыз эне тили эмес, аларга баары бир, болгону биз сүйлөсөк алар да сүйлөмөк.
Назира эже акыркы сөздөрүндө жүрөкө жетерлик кылып айтты..❤
Назира эже туура айтат
Ар бирибиз кыргызча суйлоону талап кылуубуз керек
Жаратманды жараткандарга ыраазычылык билдирем.
Түндүк, түштүк, батыш, чыгыш деп бөлүнбөй бир бүтүндүккө келсек жакшы болмок. Эгемендүү өлкөбүз бар, биз ушуну да баалабай жатабызда азыр. Сөзсүз эле сырттан бир чоң күч келип басынтса анан биригишибиз керекпи? Тажиктер кол салганда баарыбыз Баткеним деп боорубуз ооруду, анан эле баткенче диалект мн сүйлөсө басынтып кыргыз тилинде мындай сөз жок деп жатабыз. Кандай учур болбосун бири-бирибизди биритирүүчү себеп таап, колдойлу. Негизи диалект мн кыргыз тилин байытсак болот. Болгону айтаарым сындаганга караганда, көбүрөөк түшүнгөнгө аракет кылалы.
Азаматсынар ээн койгойлу суроону которуп чыктынар. Биз ар дайым комоктошобуз. Ишинерге ийгилик
Аябай маанилүү, биздин Кыргыз тилибиз жөнүндө талкуу болуп жаткандыгы мени кубандырып жатат, менде да кыжалатчылык болуп жүргөн, тилибиздин барган сайын жоголуп бара жатканы, бүгүнкү күндө ,бул өтө чоң көйгөй болуп жатат, жалпы элибиз, тилибизди коргош керек жана колдош керек, азыркы тилибиздин көйгөйүн. Кыргыз тилин өнүктүрүү, сактап калуу жөнүндө законубуз бар,ошону колдонуп,бала - бакчадан баштап, мектептен баштап, окуу жайларда да, биздин Кыргыз тилибизди программаларда окутуп, үйрөтүп,талап кылсак, кыргыз тилинде сүйлөгөндөргө айлык акыны көбүрөөк төлөсө, маанилүүлүгүн көтөрсө, элдер урматтап үйрөнө баштамак.
Тил жонунундо коп коптон чыгаргыла колдойбуз тилибизди сактайлы орус тилин тыйыш керек 1ден 4 класска чейин
Назира айым негизи туура айтып жатат жана аны менен эч ким талашкан жок, жөн гана мырзалардын ой пикирин толук кандуу түшүнбөй калды. Эмоциядан алыс болуу туура го деймин, агабыз аягында туура айтты, талкуулоо сабыр менен деп... Мен мурун болуп өткөн окуяларда, конфликт учурларында ар дайым эжемдин тарабында болчум, бирок бүгүн, мен ойлоп калдым, балким эжебиз деле каталык кылып койду окшойт деп. Бирок кандай болсо дагы терең сыйлайбыз жана урматтайбыз🙏
Жаратмандын жаратмандарына дагы терең ыраазычылык билдирем, мекенибизден алыс жүрсөк дагы, сиздерди угуп катуу кыялдарга батабыз жана сиздей адамдар бар болгону үчүн, биздин мамлекетибиздин келечеги зор экендигине шек жаратпайт🇰🇬🫶
Азаматсынар балдар 👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻
Рахмат ушундай темада корсоотунорго мен силердин подкастынарды узбой коргонго аракет квлам
Урмат, сага бул подкасты жасоо аябай жыргал, кызыктуу болуптур деп калдым. Мындай кызыктуу адамдар менен отурган сага ичим күйдү
Кыргыз тилинде көбүрөк подкастарды , чыгарып тургулачы, сонун мага жакты ❤
Эмиль агай, туура айтат, эн биринчи адамдын ойу. Бизде болсо кемчилик издеп турабыз. Назира болсо озу кыргызча сонун суйлойт го, баласы каяктан орус тилдуу болуп калды? биринчи башкаларга кыйын болгуча озундон башта дегендей, Назира баланызга сиз кыргызча суйлосонуз баланыз дагы суйлойт го дейм. Грамматика боюнча туура айтып жатат Назира, ото эле кыйын кылып коюшкан, мектеп программасында уйроткон балдар учун ото оор. Женил кылып, оной кылып, кызыктырып уйротуш керек дейм.
Денем дуркуроп кордум баштан аяк,рахмат чооооон, ыраазычылык силердин команданарга, келген конокторго,абдан ойлонто турган,ойгото турган талкуу болуптур, бутпосо экен деп олтурсак бутуп калды
Сонун ! Сонун! Сонун! 🎉🎉🎉🎉
Бирок ойду так туура жеткире алган адамдардын көпчүлүгү сабаттуу катасыз жазгандар❤❤❤
Коноктор да маселе да укмуш экен! Азаматсын Урмат Мырза!
Жигиттерге уят эле, Назира азаматсыз ❤
Ишинерге ийгилик Жаратман кобуроок чыгарып тургула ❤
Аябай жакшы коноктор экен. Акыркы кезде Эмил Уметти кызыгуу менен укчу болдум. Бул адамда ото жонокойлук, сабаттуулук, баамдуулук, намыскойлук сезилип турат. Озунун тилин жериген адам кул муноз, саткын болот, башкаларга оной эле жугунуп турат, ал адамдын баалуулугу жок! Канча коп тил билсек, ошончолук артыкчылыкка ээ болобуз, бирок эне тилибиз биринчи орунда болуу керек!
сонун талкуу болду.
Илгери программа деген газетаны сатып алып, белгилеп анан кутуп аран корчу элек😊, азыр подкастарды коруп улгурбой жатабыз😅, рахмат 🎉укмуш👏
Назира айым азаматсыз
Мен дагы ойлойм Кыргызстанда эн биринчи көйгөй бул тил маселеси ,себеби өзүбүздүн жерде жүрүп өзүбүз Кыргызча сүйлөбой балдарыбызга Кыргызча үйрөтпөй жатабыз
Сураныч ❤❤❤ Тилимпозду чыкыра жургулочу кыргыз тил боюнча маек подкасттарга, ал жигит аябай чон жумуш алып барып журот жана кыргыз тилдин чон патриоту
Жакшы чыгарылыш болуптур ❤
Ишиңерге ийгилик каалайм дагы башка адамдардын маегин кутобуз
иий жыргап гана намьян откруп кайра кайра уктум. Керемет эльиз чабытыбыз кенен, тоодой бийиктикти камтыган
Назира азаматсын!