АЙБЕК КАСЫМОВ - Кымбатым - караоке кыргызча тексти менен

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 12 ก.ย. 2024
  • 🎵 Сооронбай Жусуевдин сөзүнө жазылган Рыспай Абдыкадыровдун "Кымбатым" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Айбек Касымовдун аткаруусундагы варианты тексти менен.
    🎤АЙБЕК КАСЫМОВ - Кымбатым ырынын үнү жок (минус) варианты • КЫМБАТЫМ - кыргызча ка...
    🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
    🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
    ✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
    ✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
    ☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
    ☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
    🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
    🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
    🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
    👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
    💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
    Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
    ❗ ЭСКЕРТҮҮ:
    © Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
    Айбек Касымовдун өздүк ютуб-каналы: / @АйбекКасымов-ш9у
    #ыркесе #кыргызча_караоке #АйбекКасымов #Кымбатым #yrkese
    ======================================================
    -- "Кымбатым" --
    Сөзү : Сооронбай Жусуев
    Обону : Рыспай Абдыкадыров
    Аткаруучу: Айбек Касымов
    ---------------------
    Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын,
    Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын.
    Жаз жадырап, мен турамын сумсайып,
    Жазда неге келбей койдуң кымбатым,
    Жазда неге келбей койдуң кымбатым.
    Жаркын гүлдөр жасалгалап кыр башын,
    Жай чыгарып табигаттын сымбатын.
    Жер жапжашыл, менин өңүм керсары,
    Жайда неге келбей койдуң кымбатым,
    Жайда неге келбей койдуң кымбатым.
    Дарак тагып түркүм мөмө сыргасын,
    Суктандырды адамдардын кыйласын.
    Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө,
    Күздө неге келбей койдуң кымбатым,
    Күздө неге келбей койдуң кымбатым.
    Эки жүрөк бирин бири тыңдасын,
    Эзилишип элжирешип жыргасын.
    Керемет бар сенде кышты жай кылган,
    Келчи, келчи кыш чилдеде кымбатым,
    Келчи, келчи кыш чилдеде кымбатым.
    Керемет бар сенде кышты жай кылган,
    Келчи, келчи кыш чилдеде кымбатым,
    Келчи, келчи кыш чилдеде кымбатым,
    Келчи, келчи кыш чилдеде кымбатым.

ความคิดเห็น • 12

  • @Yrkese
    @Yrkese  2 ปีที่แล้ว +5

    Рыспай Абдыкадыровдун "Кымбатым" ырынын караокеси тексти менен, Айбек Касымовдун аткаруусунда.
    ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз:
    👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет!
    📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)!
    📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз!
    ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз bit.ly/3tYphyJ
    💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз?
    ✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Аткарууга аракет кылабыз.
    Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
    ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Ырдайлы, достор, ырдайлы!

    • @argenberdaliev6472
      @argenberdaliev6472 2 ปีที่แล้ว +2

      Караокесин чыгарбайсыздарбы жазгандан кийин

    • @БегимайАлиева-щ6п
      @БегимайАлиева-щ6п ปีที่แล้ว

      Ырыспай агайдын ырларынан даны караоке кылыныздарчы кобурок сураныч

  • @user-fj4du2ji9t
    @user-fj4du2ji9t 2 หลายเดือนก่อน +1

    Сооонун ыр экен Карочи Эсли чо мага жакты 🔊🔊😍😍😍🤩🤩😎😉😉🤗🤗

  • @mirahon9589
    @mirahon9589 ปีที่แล้ว +5

    Ыйлай турган ыр экен, создору дагы обону маанилуу

  • @user-xu4bk8zg3h
    @user-xu4bk8zg3h 2 ปีที่แล้ว +6

    Унунузго береке ырдап жүрө бергиле. Ишиңизге ийгилик каалайм

  • @user-lh3ol1zn9n
    @user-lh3ol1zn9n 3 หลายเดือนก่อน +1

    Сонун ыр экен❤❤❤❤🎉🎉😊

  • @ГулчехраМусаева-р8д
    @ГулчехраМусаева-р8д 2 ปีที่แล้ว +6

    Керемет

  • @user-xq3sl5ro9o
    @user-xq3sl5ro9o 4 หลายเดือนก่อน +1

    👏👏👏👏👏

  • @user-ws5wi7yn5e
    @user-ws5wi7yn5e 5 หลายเดือนก่อน +1

    ❤❤❤❤

  • @user-gv9lb8xf2n
    @user-gv9lb8xf2n ปีที่แล้ว +2

    Кароэке башка болот Ыр кесе муну плюсовка деп койот фанера

  • @googlitad4761
    @googlitad4761 2 ปีที่แล้ว +6

    Сонун ыр 👍