Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кесиптик орто билим берүү колледжине тапшырыңыз
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 16 ก.ย. 2024
- 2 жылда акысыз жана сапаттуу билим алгыңыз келеби?
Анда, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кесиптик орто билим берүү колледжине тапшырыңыз! Кабыл алуу Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн жыйынтыгы аркылуу гана жүргүзүлөт.
Кесиптик орто билим берүү колледжине тапшыруу менен сиз:
• 2 жылдын ичинде профессионалдуу билим алуу,
• Түркияда практикадан өтүү,
• Университеттердин факультеттеринде билимди жогорулатуу,
• Эки өлкөнүн дипломун алуу,
• Чет тилдерди үйрөнүү жана стипендия алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болосуз.
Абитуриенттерди каттоо жана тандоо abiturient.manas.edu.kg сайтында 2022-жылдын 23-24-июлунда саат 9:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.
Толук маалымат алуу үчүн exams.manas.edu.kg сайтына баш багыңыз.
Сурап билүү телефону: +996 (312) 49 12 39
Кыргыз-Түрк “Манас” университети - университеттен да артык.