"ЗАРЫККАНДА" / Аскат Жетиген уулу / Азим Олжобаев (Укулеле кавер)
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 16 ม.ค. 2023
- сөзү, обону: Аскат ЖЕТИГЕН уулу
Достор, чыгарманын автордук укуктары ырдын авторуна, акын, композитор, комузчу Аскат Жетиген уулуна таандык.
Төмөндө ырдын толук сөздөрү берилген.
"Зарыкканда"
с.о: Аскат ЖЕТИГЕН уулу
Ажарыңа арбалып, дидарыңа зарланып,
Муңканып ыр ырдадым булбул кушка айланып.
Кыйноо салган кылыгың кызгалдактай буралып,
Күн кечке обон созом күкүк болуп үн салып.
Айыбы жок жаралган ажайып көркөмүңө
Ашыгып ыр арнаймын асылкечим өзүңө
Өчпөс болуп жанасың өрт сымал жүрөгүмдө
Өзүң гана болсоң дейм өмүрлөшүм өмүрдө
Миң сулуунун ичинен бир өзүңдү каалаймын,
Туткуну болдум эркем тушалган бул жагдайдын.
Бир өзүңдү ойлоймун, бир өзүңдү самаймын,
Тагдырга башымды ийип, тарттым сен деп убайым..
Алдымдан чыга калсаң ай сымал түндө жаркып
Арзуум күчөйт ан сайын алоолоп сага тартып
Күлмүңдөп чыга келсең күндөй жаркып таңдагы
Суусатат бүткөн боюң, сулуулугуң андагы
Карааныңа зар болуп, кайгырсам кубансам да,
Мен жалгыз өзүңдү эңсейм келсең деп кучагыма!
Сагынтасың күн сайын саргайтып сарсанаага
Арманга думчуктурбай, алганым болчу жанымда!
БРАВОО СУПЕР!!
Рахмат!. 🙏
Красавчик Азим онорун оркундой берсин
Рахмат!. 🙏😊
Аиии кандай сонун унун главное таштаба ,ар ким арнерсе дей берет.аракетинди кылабер иним келечек озундун колунда только вперёд
Чоң рахмат!. 🙏😊
Аракет кыламын) Катталып коюңуз, жакында жакшы жаңылыктар менен бөлүшөм.. 😊
Молодец,продолжай радовать зрителей своим творчеством.
Спасибо 🙏😊
Укукеле керемет
Рахмат!. 🙏😊
Азим Байке бул мен Султан
Ашык болуп калдым сизге,☺
😊 🌹 🤗
Красавчик досум👍👍👍👍
Рахмат) 🙏😊
Зарыкканда деген ыр,Аскат Жетиген уулу дегенге таандык,көрсөңөр өзү ырдаганын
Видеонун астында автор тууралуу маалымат берилген. Аталышына да жазып койдук, чоң рахмат! 🙏
Гитара сонун го😂😂
😄🤘!. Рахмат)
Умничка
Спасибо) 🙏😊
Иште, кулака наушникти салып алып уга беретурган ыр экен. Уга берип жаттапда алдым.
Чоң рахмат) Авторуна ыраазычылык, сонун чыгарма жаратып берди бизге) 🙏😊
Байке Баресиз Аккорторун айтып койоспу
Em - D/G
Am - C/H
👆
Ырдын ритми сынык (ломанный ритм) болгондуктан аккорддордун ортосундагы переход башында кичине оор болот, кийин көнүп кетесиз! Ийгилик каалайм!. 🙏🤝😊
@@sing_azim 3 аккортпу же 6 аккортпу
@@sing_azim Байке Текстин устундо аккортору барго ошондой барбы болсо жиберип койунчу
акортторун айта аласызбы
Em - D/G
Am - C/B
Ассалам алейкум!.
Аккорддор ар кыл тондо өзгөрүлүп турат го, мен ырдаган тон башка. Түшүнүктүү болуу үчүн жогорудай жаздым. Ритм сынып чертилип, ырдалгандыктан башында оор болушу мүмкүн. Кийинчерээк көнүп кетесиз!. Ийгилик!. 🙏😊🤝
@@sing_azim рахмат чоон
Ун шыкарный экен бирок
Рахмат.. 🙏🤝😊
Под гитару лучше 😅
👍