Жеке ишкерди каттоо жөнүндө электрондук күбөлүк "Tunduk " тиркемесинде жеткиликтүү

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 26 เม.ย. 2024
  • 📲 Tunduk мобилдик тиркемесинде жаңы санариптик документ пайда болду - Жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк.
    📑 Бул күбөлүк жеке ишкердин статусун тастыктайт жана каттоо маалыматтарын камтыйт.
    ⚙ Ал ар кандай кырдаалдарда талап кылынышы мүмкүн, анын ичинде банк эсебин ачуу, отчетторду берүү, келишимдерди түзүү ж.б.
    📃Tunduk мобилдик тиркемесинде ишке ашырылган бардык санариптик документтер кагаз түрүндөгү документ же күбөлүк менен бирдей юридикалык күчкө ээ.
    👔 Эми мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке жактарга жеке ишкердин күбөлүгүн санариптик форматта тапшырууга болот.
  • เกม

ความคิดเห็น •