"ЗАМАН ЗАЛКАРЛАРЫ"/ СССРдин эл артисти БОЛОТ ШАМШИЕВ

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 15 ต.ค. 2024
  • СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин бала чагы Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында өттү. Атасы белгилүү кыргыз акыны Төлөн Шамшиев болгон. Бала кезинен киного кызыккан талант, орто мектепти аяктаган соң “Кыргызфильм” киностудиясында үн режиссерунун жардамчысы болуп иштеген. 1959-жылы Бүткүл Союздук кинематография институтуна окууга өтүп, 1964-жылы аяктаган. Ошол студенттик жылдарында Ч.Айтматовдун повести боюнча тартылган “Аптап” тасмасында роль жаратып, өзүн актер катары сынап көргөн.Дипломдук ишин манасчы С. Каралаев тууралуу илимий негиздеги тасмасы аркылуу көргөзгөн. Аталган тасма Германияда өткөн фестивалда баш байгени багындырган.
    Ал "Чабан", "Караш ашуусундагы атышуу", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Сүйүү жаңырыгы", "Ак кеме", "Адамдардын арасында", "Эрте жаздагы каркыралар", "Бөрү зындан","Снайперлер", "Фудзиямага чыгуу" фильмдерин тарткан. Алар авторго бир катар эл аралык сынактарда байгелүү орундарды алып келген. 1975-жылы жарыкка чыккан “Ак кеме” тасмасы режиссерго ийгилик тартуулап, СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыган.
    Ал баш аягы 11 тасманы жарыкка алып чыккан. Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы “Манас” ордени жана башка сыйлыктардын ээси болгон.
    Б. Шамшиев 1990-1994-жылдарда саясий аренада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланып, коомдук жана мамлекттик иштерге аралашкан.
    1998-1999-жылдарда Мамлекеттик туризм жана спорт агенттигинин директору, Кыргызстандын Бириккен Араб эмираттарындагы башкы консулу кызматтарында иштеген. Инсаныбыз бир эле кыргыз эмес, дүйнөлүк маданияттын классиги болуп калды.
    Б. Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында көзү өткөн. Анын кайталангыс чыгармачыгылыгы улуттук аң сезим, гуманизм жана жогорку көркөмдүүлүгү менен түбөлүк эсте калат.

ความคิดเห็น •