Кайырбек Коңурбаев: “Жер алдында изилденбеген чоң шаар жатат”

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 26 ก.ย. 2024
  • Тарыхка кызыгып, айылынын алдында чоң шаар жатат деген Кайырбек мырза мн айылын кыдырып, кызыктуу кебине кулак салдык.
    #НазираАйтбекова

ความคิดเห็น • 618

  • @naziraaytbekova.
    @naziraaytbekova.  ปีที่แล้ว +54

    Фонд Ыйык мурас" деп ачылган 2010 жылда эле . мына кайра койдум
    Фонд: Расчетный счет ассоциация "ЫЙЫК МУРАС" 1290273230401931. Кочкорский филиал ОАО РСК БАНК. руководитель Коңурбаев Кайырбек. мындан башка Бай Түшүм банкта элкарт 9417 339 948 993 381 счету .Чет мамлекеттен которсо ВТВ экспресс деп ушул счетко салса болот

    • @NOMADKGZ86
      @NOMADKGZ86 ปีที่แล้ว +3

      Кайсыл областьтын кайсыл жеринде гугл карта менен белгилеп койсоңор оңой табып барганы описаниеге кошуп ыракмат.

    • @kaiyrbekkonurbaev7560
      @kaiyrbekkonurbaev7560 ปีที่แล้ว +4

      @@NOMADKGZ86 ГУГЛДА КАРТАДА БАР АРХЕОЛОГИЯЛЫК МУЗЕЙ КУМ ДОБО ДЕП ТУРАТ ЖАНА КӨК ТАШ МОВЗОЛЕЙИ ДЕП ДА ТУРАТ

    • @АлтынТуменова-ы6п
      @АлтынТуменова-ы6п ปีที่แล้ว +7

      Президентибизге тез жеткизе коргуло!Тарыхчылар кайда карап отурушат! Ушул агайыбызга чон рахмат, ушундай далилдерди жетеизип берген!

    • @ff-oj6mx
      @ff-oj6mx ปีที่แล้ว +2

      😊😊

    • @ДилдеКасымова
      @ДилдеКасымова ปีที่แล้ว +2

      ​😊😊😊😊

  • @ktmr3812
    @ktmr3812 ปีที่แล้ว +122

    Ушундай Жерин Элин Тарыхын суйгон Аталарыбыз бар экени кубандырат❤ карачы 5 жашында ойногон жерлерди жон жаткан жер эмес экенин туйган Ата!!!! Болбосо кор тирилик менен алек болуп кетпей!!!! Бар болунуз!!!!

  • @МаксатМаткеримов-у1и
    @МаксатМаткеримов-у1и ปีที่แล้ว +116

    Кайырбек Конурбаев-сиз мыкты адам экенсиз. Сизге эл учун жасаган эмгегиниз учун чон рахмат!

    • @МедерИсаев-ю1х
      @МедерИсаев-ю1х ปีที่แล้ว +3

      Кайырбек агай сизге кыргыз элинен жана жеке озумдун атымдан таазим .Чон рахмат .Мамлекеттик денгээлде сакталып корулуш керек .Кимде ким казып уурдаса камап ото чон штраф салалы.Сиздин дарегинизге акча салалы жакшы караныз рахмат.сиз эчжака кетпениз.омурунуз узун болсун. Коп угам Бартольд ото улуу тарыхчы болгон экен кыргыз таарыхын тунук чагылдырган .Дагы коп жумуштары комускодо калды го .Орустун нквд сы алып кетип жок кылган дейт.Мамлекеттик буйрук менен тосмо ороп .Суу кирбеши учун канал каздырып .Же ачык асман музейи же устун жабыш керекпи деймда.Назира эжекеге чоооон рахмат.праграмманыз оркундосун дунгуроп азаматсыз.Сизда устуртон козсалып турунуз.Жалпы эл кргогоп коз карегиндей сактайлы айланайын кыргыз элим.

  • @ulukbekkemelbekov6846
    @ulukbekkemelbekov6846 ปีที่แล้ว +60

    Азаматсын Назира айым !!! Сени жалан гана социалдык,маданий беруулорунду корчум эле. " Эн сонун ишти алып чыгыпсын" Озум дагы тарых адисимин
    Бул жерди биринчи кезекте " Тарыхый жай" Катары коруш керек, себеби ар кандай шартта бузулуп , излдоо иштерине кыйын болот. Тарыхчыларга жана, Академиядагы тарых болуму менен изилдеген туура болотго. Ал жерди изилдесе коп маалыматтар тарыхка кирет.Окмоттук денгээлде которуп, изилдеш керек.

  • @cholponbaybachaeva5466
    @cholponbaybachaeva5466 ปีที่แล้ว +197

    Чон рахмат ушу агабызга, кыргыздын тарыхынын келечегин ойлогон учун! Байлык учун сатып ийбей жургонун карачы. Агайга наам бериш керек президент!

  • @РайканУсманалиева
    @РайканУсманалиева ปีที่แล้ว +204

    Бир жалгыз агай өзү канча эбегейсиз жумуш жасаган!Эмгегиңиз эл үчүн,тарых үчүн .Мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтсө сонун болмок.

  • @vdbdbfhdhdhdjdh5915
    @vdbdbfhdhdhdjdh5915 ปีที่แล้ว +84

    Бул биздин эллин тарыхы биз Ким Ким элек билуу учун элдин ыйманын таануу учун керек болсо 100000000 доолор кетсе дагы казып дуйно элдерин жардамга чакруу жолдорун колдону керек

  • @БурмачачПирматова
    @БурмачачПирматова ปีที่แล้ว +33

    Ушул убака чейин укпаган экенмин,же окубаганмын мындай болгонун.Азаматсыз,бар болунуз.Биздикилер тарыхыбызды ар кимге таркатып отурган бул доордо эн сонун иш жасап жатыпсыз.

  • @syimykorozbaev5245
    @syimykorozbaev5245 ปีที่แล้ว +32

    Ассальаму алейкум , Бул агайды колдоп бул шаарды казууга чара коруш керек, азаматсыз агай

  • @nurchachkansaparalieva3515
    @nurchachkansaparalieva3515 ปีที่แล้ว +10

    Назира кызым ,сага жана Кайырбек мырхэзага чоон Рахмат !! Бул биздин таррыхыбыз , бул биздин кийинки муундарга бергиле
    турган эстелик ,эстафета десек да болот. Бул тарыхты.алар да изилдеп , такташса деген тилегибиз.
    Кайырбек мырза ,жалгыз озунуз. тызылдап журуп ,бир топ эле экспонаттарды чогултуп ,соонун музей ачып коюптурсуз. Азаматсыз.!! Кудайым омурунузго береке жана куч - кубат.берсин !!
    Баштаган ишинизди мындан ары да уланта берувнвзго
    тилектешмин !! Ошол шаар изилденип ,жаркырар.чыга келсе ,Сиздин да ,биздин да соонун. Жетишкендиктерибиз
    болмок. Алга !! Ийгилик каалайм !!!

  • @ТаалайбекКененов-л5у
    @ТаалайбекКененов-л5у ปีที่แล้ว +32

    Агай,сизге чоң рахмат!Элибиздин тарыхын сактап жаткан экенсиз, сизге ден соолук, күч-кубат берсин жаратканыбыз!

  • @АкмоорМамбеталиева
    @АкмоорМамбеталиева ปีที่แล้ว +38

    Эң зор эмгек! Кыргыз элинин тарыхы - кыргызга керек! Жалпылап акча чыгарып жиберсек жакшы болот эле. Патриот жаштар уюштурса жардам беребиз!Азаматтар иштериңерди ийгиликтер коштосун!

  • @ЖылдызайКараева-м5к
    @ЖылдызайКараева-м5к ปีที่แล้ว +31

    Элди топтоп озубуз акча топтоп казып изилдейли гелиниздер оз тарыхыбызды сактайлы ❤❤

  • @ЧолпонДуйшеева-г9к
    @ЧолпонДуйшеева-г9к ปีที่แล้ว +73

    На это должны обоатить внимание наш президент С. ЖАПАРОВ И ПРИНЯТЬ МЕРЫ!!!!! 🙋‍♀️🙏👍🤡

  • @zhyparkulkulmambetova1786
    @zhyparkulkulmambetova1786 ปีที่แล้ว +19

    Абдан кымбат баалуу тарыхыбызды ачып даназалаган агай менен Назирага рахмат, азыркы кыргыздарга байлыкеле керек тарыхмес кочкор эли озунор деле кызыкдар болуп кыймылдасанар болотда

  • @СулайманМуратов
    @СулайманМуратов ปีที่แล้ว +98

    Музейный комплекс кылып, туристический центр ачып койсо, кайдыгер карагандар, турист талашып калышмак. Элибизге жараша тарыхчы менен бийликти берет деген чындык экенда.
    Куноонун баары элде экен. Эми уккандар президентке жеткизкенге жардам берели. Кыргыз тарыхы сакталып калсын.

    • @nabirausubakunova2564
      @nabirausubakunova2564 4 หลายเดือนก่อน +1

      Элим жерим деген кыргызымдын адамдары силерге таазим аман болгула

  • @СветаМоконовна
    @СветаМоконовна ปีที่แล้ว +20

    Агайга чон рахмат, омурунузду берсин, буюрса эмгегиниз жерде калбайт деп ишенебиз🙏🙏🙏

  • @Баарыбир
    @Баарыбир ปีที่แล้ว +67

    Келгиле Кыргыз элим биригели ушул шаарды казып кыргыздын эзелки тарыхын ачалы ар бир кыргыз 3 кундон жардам берсек бат эле казып ачып дуйного тарыхыбыз менен дагы бир жолу таанылабыз.

    • @ИшенгулТулпарова
      @ИшенгулТулпарова ปีที่แล้ว +6

      Фонд ачалы.Эң эле кечирилгис нерсе жергиликтүүлөрдүн "уктап"жаткандыгында,тарыхчылардын шылдыңдагандыгында,бийлик үмүттөндүрүп коюп унуткарганында.

  • @ЧынараАкматова-д9з
    @ЧынараАкматова-д9з ปีที่แล้ว +15

    Азаматсын Назира оба бул тарых, жон калтырбай дагы изилдеп кыргыз ким экенин далилденсе укмуш болот эле.Ушул беруундун уландысын кутобуз.❤🎉

  • @goldman7793
    @goldman7793 ปีที่แล้ว +68

    НАЗИРА МОЛОДЕЦ ДАГЫ ДА ТАРТА БЕРГИЛЕ

  • @ЧолпонШамбетова
    @ЧолпонШамбетова ปีที่แล้ว +9

    Кыргыздар ушунча улуу эл экенбиз.Ачыла элек дагы канчалаган тарыхый жерлерибиз жаткандыр.1984-1985-жылдары болсо керек 15-16жаштардагы бала тоо тарапта ойноп жүрүп бир кызыктуу окуяга туш келген экен.Ал жер төмөндөн жогору көздөй эмес, тескерисинче жогорудан төмөндү көздөй кирүүгө ылайыкташкан билинбеген үңкүр экен.Анын ичине кирип көрөйүн десе аябай бекемделип бекитилиптир.Бирок негедир күндүн шооласы ал жерге билинер-билинбес болуп кирип турат экен.Ооз жагын бир аз ачканда баалуу буюмдардын бар экенин көрүптүр.Ошол жерден боюу 2метрден ашык киши кие турган алтын жалатылган кызыл түстөгү чепкенди алып чыккан экен.Өкмөткө билдирилип тарых музейине өткөрүп берилиптир.Илинип турчу экен.Бирок кийинчерээк ал чепкен тарых музейинде көрүнбөй калыптыр.Мындай тарыхый жер Нарындын Жумгал өрөөнүнүн Байзак айылында экени маалым.Ушундай жерлерди тарыхчылар археологдордун жардамы менен изилдеп көрсө деп кызыга берем.

  • @user-uc3tw1wi1j
    @user-uc3tw1wi1j ปีที่แล้ว +8

    Назира Айтбекова азаматсыз!
    Эн жакшы глобалдуу теманы которупсуз!
    Мааниси жок корсотуудон мин эсе өйдө тема болуптур.
    Урматту кыргыз элим,колдойлу ушул агайды.
    Тарыхты ачканы жардам берели,биздин мамлекеттин тарыхын терендетип ачып берсин!

  • @Жази-п1ю
    @Жази-п1ю ปีที่แล้ว +16

    Аябай кызыктуу ,Назира эже сизге рахмат ушундай адамдарды чыгарып атасыз , бизге да кызык болуп калды кандай жер болгон деп.😮

  • @manaskyrgyz7205
    @manaskyrgyz7205 ปีที่แล้ว +115

    7 млн кыргыз эли 5-10 сомдон чогултсак бул көмүлүп калган шаарды кайта тазалап өзүнө келтирип койсок болот да. Агай тез аранын ичинде Mbank эсебин элге жарыяласын, Назира айым агайга уюштуруп жарыялап жардам берсең жакшы болмок.

  • @НарынСити-ы7ь
    @НарынСити-ы7ь ปีที่แล้ว +18

    Маданият, туризм министрлиги конул бурушу керек экен, Агайга Рахмат кайдыгер карабай чон эмгек кылган

    • @kaiyrbekkonurbaev7560
      @kaiyrbekkonurbaev7560 ปีที่แล้ว +2

      2011 ЖЫЛДАН БЕРКИ БИР ДА МИНИСТР КАЛТЫРБАЙ БАРЫП ТУРДУМ НОЛЬ

  • @ЧынаркулОсмонова-к6ъ
    @ЧынаркулОсмонова-к6ъ ปีที่แล้ว +117

    Тарыхы болбой эл болбойт, тарыхыбызды урматтап сыйлайлы !!!

  • @Бактылуумун-м8г
    @Бактылуумун-м8г ปีที่แล้ว +20

    Агай, АЗАМАТСЫЗ!!! Сиз болбосонуз кайдан билмекпиз. УЛУУ УРМАТТУУ! САДЫР ЖАПАРОВ ОЗ КАРАМАГЫНЫЗГА АЛЫНЫЗ.

  • @SagynalyToktoraliev-wt8qy
    @SagynalyToktoraliev-wt8qy ปีที่แล้ว +7

    Кайырбек аке!-аке бар болунуз
    Ден соолугунуз таза болсун
    Уйбуло бала чаканыз тынч болсун
    Кылган кызмат зор эмгениниз
    Кыргыз элинин зор тарыхын
    Музей кылып элге тааныттыныз
    Бул жашоо омурунуздо
    Озунуздун миссиянызды аткардыныз..

  • @ktmr3812
    @ktmr3812 ปีที่แล้ว +22

    Борбор калаабыздагы кузнечная крепость деген жердеда далай тарых жатса керек!!!!! Кыргыздын жеринин баары эле алтын дегени чындык окшойт!!!! Бирок эл сырттан издейт байлыкты!!!!

    • @АбдижапарЖусупов
      @АбдижапарЖусупов ปีที่แล้ว

      Борбор шаар десен тууган. Казаксынбы .калаа дебей.

    • @aigulseitbekova1599
      @aigulseitbekova1599 ปีที่แล้ว +5

      ​@@АбдижапарЖусупов Ошо казактар Биздин унутулуп кеткен создорду колдонушат да ...калаа,Астана,тенге,.ж.б Кыргыздар деле колдонуп жургон создор!!!

    • @Каззон-с8ж
      @Каззон-с8ж ปีที่แล้ว

      @@АбдижапарЖусупов Калаа деп кыргыз деле айтат

    • @Kaganate.01
      @Kaganate.01 4 หลายเดือนก่อน

      😂😂😂 жинди​@@АбдижапарЖусупов

  • @ЖанылЗакиряева
    @ЖанылЗакиряева ปีที่แล้ว +20

    Кайырбек Конурбаев сизге элдин батасы тийсин, чыныгы патриот экенсиз, баатырлык наам берсе да болот бар болунуз💐❤🇰🇬

  • @ГуландаИсабекова
    @ГуландаИсабекова ปีที่แล้ว +8

    Биз барктабаган канча тарых бар, рахмат агай сизге, Назира Азаматсын, дагы кызыктуу тарых тарт бизге ото маанилуу эн кызыктуу сырлар бар.

  • @anaraorozobaeva4199
    @anaraorozobaeva4199 ปีที่แล้ว +25

    Азаматсыз байке сиздей адамдар коп болсо экен кыргыздын тарыхына куйгон

  • @ИскендерАрапбаев
    @ИскендерАрапбаев ปีที่แล้ว +9

    Назира азаматсын аябай жакшы тема болуптур кийген кийимин озуно жарашып ушундай алып барып журо бер.

  • @ЧолпонМолдалиева-в6и
    @ЧолпонМолдалиева-в6и ปีที่แล้ว +8

    Сонун теманы алып чыгыптырсын Назира сулуу. Билбеген элек буга чейин жер алдында шаар болгонун.

  • @maizaurdaeva3882
    @maizaurdaeva3882 ปีที่แล้ว +3

    Эн жакшы иш алыпбардын Назира мн Агайга рахмат.Мишёк алып алтын казып журом десен болмок эл бат эле чогулуп ал шаарды тапмак экен

  • @silverblack1816
    @silverblack1816 ปีที่แล้ว +10

    Байке молодес, патриот экен.

  • @ИльязДурсунбаев-з2в
    @ИльязДурсунбаев-з2в ปีที่แล้ว +8

    Бул агай коп нерсени билет экен! Жакшылап уйронуш керек!

  • @Alisher-00kgz
    @Alisher-00kgz ปีที่แล้ว +31

    Тарыхка коп конул буруш керек, тарыхы жок -эл жок,кор калбайлы колдо бар мурасты

  • @СуйунДжундубаева-ы9щ
    @СуйунДжундубаева-ы9щ ปีที่แล้ว +5

    КАЙЫРБЕК КОНУРБАЕВ МЫРЗА СИЗГЕ КУДАЙ ЫРААЗЫ БОЛСУН, ИШИНИЗГЕ ИЙГИЛИК АЛЛГГАА.

  • @ДуйшобекОрозалиев
    @ДуйшобекОрозалиев ปีที่แล้ว +9

    Кайырбекке маданиятка эмгек синирген ишмер деген наам беруу керек.Бул эмне деген эмгек!А.Жапаров каражат болуп бер.Уюган тарыхыбыздын кенчи ушул жерде жатат.

  • @altunturdalieva8326
    @altunturdalieva8326 ปีที่แล้ว +7

    Азаматсыз
    Тарыхты жулмаласа болот
    Бирок бурмаласа болбойт.
    Тарых есть тарых .
    Азаматсыз ага коп жашаныз
    Кудай тилегинизди берсин!
    Оркунуз оссун!

  • @user-vd9rk4yf3r
    @user-vd9rk4yf3r ปีที่แล้ว +21

    Мына ушундай агайларыбыз өлбөсүн.Тарыхты билгендер.

  • @АйнураДуйшомбиева
    @АйнураДуйшомбиева ปีที่แล้ว +3

    Укмуш экен канча жыл жаткан
    жерди изилдеп тап чыккан
    Агай сизден
    Аллахым ыраазы болсун сизден
    Ушундай жерди талыкпай
    изилдеп чыккан
    Аллахым ден соолук берсин
    Омурунуз узун болсун
    Ишинизде игиликтер коп болсун
    Назира сенден да
    Аллахым ыраазы болсун сизден ООМИИЙИН

  • @Баха-з6ш
    @Баха-з6ш ปีที่แล้ว +22

    Кыргызды излдесе тарыхы көп бирок биз азыр алсыз өлкабүз жок болуп кетүү коркунучундабыз элибиз бузулган, шүгүр, сабыр, деген жоголуп барат алсызбыз, тынчтык болуп турса буйурса ордубузга келсек анан баарын изилдегенге күч жетет, акыбалыбызга карап сүйлөйлү.

  • @sharapaterkinbaeva
    @sharapaterkinbaeva ปีที่แล้ว +3

    Назира сага чон ырахмат ушундай нерселерди тапкан таш доорундагы буюумдарды...

  • @아쿠-x3s
    @아쿠-x3s ปีที่แล้ว +10

    Азамат Назира Агайга да чон рахмат бийликтегилер конул бурар.Келечекте чон ачылыш болуп коп туристер келип Кочкор району дуйного таанылат деп ишенем.

  • @mirakalmurzaeva7688
    @mirakalmurzaeva7688 ปีที่แล้ว +78

    Да это же открытие мирового масштаба...почему государство не обращает должного внимания??? Это же главный отракцион для развития туризма??? Исторический факультет Национального университета вообще спят или закрылись совсем??? Академия наук аууу...

    • @user-ox1um4bl8g
      @user-ox1um4bl8g ปีที่แล้ว +1

      Да всё правильно, почему все молчат!

    • @kaiyrbekkonurbaev7560
      @kaiyrbekkonurbaev7560 ปีที่แล้ว +2

      УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТЕ БИЛИШЕТ АКЧА БОЛСО ЭЛЕ КАЗАБЫЗ ДЕГЕН ОРОЗ СОЛТОБАЕВДИН КОМАНДАСЫ БАР.

    • @ervhjjbyeree413
      @ervhjjbyeree413 ปีที่แล้ว

      Потому что это не киргизкая история киргизы пришлый народ из минусинской долины

    • @Омур.с
      @Омур.с ปีที่แล้ว +2

      @@ervhjjbyeree413 Ты всякую херню не бери в рот,почему у таких всегда подгорает там....?!

    • @ervhjjbyeree413
      @ervhjjbyeree413 ปีที่แล้ว

      @@Омур.с в рот сам не бери и что вас джунгары пригнали это все документированно

  • @ТилекАлтынбекуулу-ю2ч
    @ТилекАлтынбекуулу-ю2ч ปีที่แล้ว +3

    Азамат киши экен Алла раазы болсун тарых деген киши экен

  • @ИванИванов-ь4д5к
    @ИванИванов-ь4д5к ปีที่แล้ว +35

    Азаматсың Назира, алтын кыз. Булактын көзүн ача бер! Ийгилик сага!

  • @Asylzhannarybaeva
    @Asylzhannarybaeva ปีที่แล้ว +29

    Кыргыз кечеги эл эмес, улуу байыркы эл, журт экенинин далили!
    Агартуу илиминде Кызыл Шаар деп жазылган.
    Биз улуу элдин урпагыбыз, рахмат Назира эже!❤

  • @vsvsg5687
    @vsvsg5687 ปีที่แล้ว +4

    Назира сен ото мыктысын сонун нерселер менен болушосун❤.Агайга ийгилик,Ден соолук каалайм

  • @Ыкыбал-ф6р
    @Ыкыбал-ф6р ปีที่แล้ว +21

    УУЛУ КЫРГЫЗ экенибизди даана тастыктаган далил турса?! Өкмөт эмнеге үн катпай элим ойгонбойлубу ким болгонбуз?! Ачык далил турат далилдебейлиби ЭЛИМ?!?!?!.....

  • @bekbekov9421
    @bekbekov9421 ปีที่แล้ว +5

    Охоо , 7 км узундугу , Туурасы 2 км экен да шаар
    Өтө Кызык болуп калды☝️
    💪🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @58TM58TM
    @58TM58TM ปีที่แล้ว +5

    Чет өлкөгө тарыхый, уранды шаарларды көргөнү канчалар барышат. Кыргызда күндө чардап жүргөн байлар толтура. Мына, тарых, туризм, байыркы байлык катылган жер. Кайырбек авага чоң рахмат. Назирага чоң рахмат. Ушул иштин сааты чыгып, каржысы табылып, чын ниет менен шаарды изилдей турган тарыхчылар чыксын.

  • @user-nj7ow5cd7b
    @user-nj7ow5cd7b ปีที่แล้ว +24

    Эми алтын бар деп туш келди он тескери адамдар барып каза бер ишет да..
    Муну тийиштуу мамлектеттик атайын ишкана текшерип тийиштуу денгээлде казуу иштери журсун ..

  • @КУЛЬЧАХРАКолчаева-ъ7э
    @КУЛЬЧАХРАКолчаева-ъ7э ปีที่แล้ว +9

    Тура каерден тавылса ошол область аил окмотко музей ачылыш керек.рахмат сизге аман болунуз ийгилик.🇰🇬😒🙏

  • @ПростоЖека-я1т
    @ПростоЖека-я1т ปีที่แล้ว +12

    Назира маладец. 👍🇰🇬 колдойлу Кыргыз элим. 👍🇰🇬🇰🇬

  • @ШайырбекАбдуллаев-ю4к
    @ШайырбекАбдуллаев-ю4к ปีที่แล้ว +8

    Орустар комдуруп салгандайго бизден Тарыхты жок кылышкан Агабызга Аллахым разы болсун Бул Чон Иш КЫРГЫЗТАНДЫН ТАРЫХЫНА ТАРЫХ КОШУЛАТ

  • @БекиИнгушский
    @БекиИнгушский ปีที่แล้ว +4

    "" укмуштуу жердин алдынан '' , амумкуг , жердин алдынан укмуштуу табылга табылды

  • @il-muras9632
    @il-muras9632 ปีที่แล้ว +20

    Назира азамат чыгарылыш ото мыкты

  • @omurbek6618
    @omurbek6618 ปีที่แล้ว +1

    Назира молодец,ушундай эле иштеп жүрө бер,сүрөттөргө түшпөй👍👍👍👍👍

  • @МуратКазиев-е4о
    @МуратКазиев-е4о ปีที่แล้ว +6

    Бул аксакалды мамлекеттик деңгеелде колдоо көрсөтүш керек. Бийлик эмнени карап отурат? Жеп-, жутканга табат. Буларга эч нерсе таба алышпайт. Баягы эле кайдигерлик, маңкурттар.

  • @ЖолдошбекКалмуратов
    @ЖолдошбекКалмуратов ปีที่แล้ว +34

    Азыркы учурда канчалаган изилдоолорду талап кылган жайлар бузулуп жок болуп жатат. Муну тез арада чечуубуз керек. Мамлекеттик археологиялык кызматты тузуу зарыл.

  • @ИшенгулТулпарова
    @ИшенгулТулпарова ปีที่แล้ว +5

    Азаматсың Назира, абдан күттүм абданЭми жардам бере көр,колдойбуз..

  • @suliksulik9703
    @suliksulik9703 ปีที่แล้ว +19

    Кыргыздын тарыхына конул
    бурган чиновник жок аларга
    бийлик кана кызыктырат
    коруп билип эле турабыз да.

  • @АзаматАкматбеков-ч3т
    @АзаматАкматбеков-ч3т ปีที่แล้ว +9

    Италия олкосундо даны ушундай шаарлар коп экен алар туристер менен эле байып жатышат ушул жерди ачыш керек

  • @mairamarykbaeva6766
    @mairamarykbaeva6766 ปีที่แล้ว +1

    Назира мына ушундай тарыхый беруулорду алпарсан , эн сонун 🎉🎉🎉

  • @ElnuraAsylbekkyzy
    @ElnuraAsylbekkyzy ปีที่แล้ว +3

    Бул айылды коргоого алып Бул жонундо архиологтор мн иштешиш керек призиденттин жеке иштеним номерине кайрылыш керек биздин депутаттарды мындайлар кызыктырбаса керек
    Аззаматсыз агай ишинизге ийгилик! Дагы дагы жакшы маалыматтарды кутобуз мен абдан кызыгып калдым

  • @gfdaasdfg3144
    @gfdaasdfg3144 ปีที่แล้ว +9

    Назира молодец атым Нурбек Баткенской жаз связга чыгалы журокто калып кеткен тарыхтар бар жардам беремин!

  • @sharapaterkinbaeva
    @sharapaterkinbaeva ปีที่แล้ว +2

    Назира сага чон ырахмат ушундай нерселерди изилдеп тапкан. Кыргыз эли учун....

  • @РаимжанСадиров
    @РаимжанСадиров ปีที่แล้ว +12

    Назира молодец ишнерге ийгилик короалбас негативных жазгандар карангы ичитар адамдар Назираны жамадашат ит уро берет караван кете берет Москвадан салам

  • @essh9396
    @essh9396 ปีที่แล้ว +5

    Кайырбек байке жакшы адам, ден соолукта аман болунуз

  • @nurgulmambetkulova1626
    @nurgulmambetkulova1626 ปีที่แล้ว +2

    Чоң рахмат Назира айым .
    Ушуларды элге жеткирип алып чыгып жатканыңызга.
    Рахмат агабызга
    Кыргызым Кыргызымдын тарыхы деген патриот инсан экен.

  • @СамакМааткеримов
    @СамакМааткеримов ปีที่แล้ว +11

    Эээх изилдеп тарыхты жаныласа кана.
    Эмне деген маалымат жатат жер алдында

  • @АйдарМукашов-п7у
    @АйдарМукашов-п7у ปีที่แล้ว +4

    чыныгы патриот байке молодец ден соолукта болунуз Назира сен кыйынсын озун колго алып айагына чык карындаш сага ишенебиз

  • @Nazira-ms6dm
    @Nazira-ms6dm ปีที่แล้ว +2

    Рахмат Назира, кандай гана залкар адамдар менен тааныштырасын,ишине ийгилик!!!

  • @hdhdhjsjjs-dh3ci
    @hdhdhjsjjs-dh3ci ปีที่แล้ว +2

    АЛЛАХЫМ сизге ЫРААЗЫ БОЛСУН оомиин АЛЛАХУ АКБАР АЛЛООХУММА солли Алла мухамаддин уа Алла Алли Мухаммад!Агатай сизге Рахмат!

  • @МерлисбекСмадияров
    @МерлисбекСмадияров ปีที่แล้ว +8

    Канча жыл мурун кордум эле.
    Буга коп коп акча керек .
    Кыяз ага .
    Сизге суроо .
    Кытайда биздин таарых жатат деп окмоттон акча сурап журосуз .
    Милиондоп .
    Балким биздин таарых ушул жерде жатпасын

  • @Человек-ь2д8ц
    @Человек-ь2д8ц ปีที่แล้ว +6

    Баракелде! Рахмат сизге ! Сиздей патриоттор окмотто кобуроок болсо гана! Ажобуз гана иштеп жатат, ал бир киши,жетишпей жатат

  • @ТынчтыкбекМ
    @ТынчтыкбекМ ปีที่แล้ว +4

    Акыл ойго бай,алыпбаруучу айымдын сурамжылоо,корсотуусу дурус,аккалпак мырзабыздын уккан,коргон,билгендери дурус,денсоолук,ийгилик.

  • @ЗинаМолдокеримова-з6е
    @ЗинаМолдокеримова-з6е ปีที่แล้ว +2

    Рахмат агай сизге таазим 🖐🖐👍🏿👍🏿👍🏿

  • @АлтынкулСыдыгалиева
    @АлтынкулСыдыгалиева ปีที่แล้ว +3

    Азаматсыз коп жашаныз сизге чон ырахмат таазим

  • @Питер-с5п
    @Питер-с5п ปีที่แล้ว +3

    Отоо соонун, Назирага да рахмат, анан шакектер дегенде ийилип карадыго, Питерден салам!!

  • @ЗуляМирзаева-т9л
    @ЗуляМирзаева-т9л ปีที่แล้ว +29

    Байыркы шаар. Бул Шаарды музей кылып чет жактан келген туристерге Кыргыз Байыркы эл экенин танытыш керекго деп ойлойм. Приздент конул болуп койсо ушул Шаар байыркы Кызыл шаар болуп музей болуп калмак. Соонун экен тарыхыбыз. Агай суйлоп отурса озумду ошол жердемин деп элестетип бир катар Байыркы адамдарды коз алдыма келтирип да алдымго.

  • @ГулнашТурусбекова
    @ГулнашТурусбекова ปีที่แล้ว +4

    Кыргыз элине таандык болгон онуккон шаар экен ичинде канализация трубасын кошуптур цивилизация кирген бышкан кирпич менен салынган шаар экен мамлекет кайда карап олтурат талкалатып тонотуп тарыхыбызды карабай жок болуп кете электе конул болунуш керек

  • @ЖеняУзакова
    @ЖеняУзакова ปีที่แล้ว +3

    Назира азаматсыз ушундай тарыхый окуяларды көбүрөөк чыгарсаңар

  • @АдылбекРежапов
    @АдылбекРежапов ปีที่แล้ว +1

    Отто сонун нерселер бар екен казып жок кылбагыла тарыхыбызды сактайлы

  • @uliumka
    @uliumka ปีที่แล้ว +12

    Бул тарыхый жерди изилдөө керек экен, ""Кыргыз тарыхын" изилдөөгө банкттан счет ачса эч ким кайдыгер карамак эмес. Баарыбыз аз - аздан болсо да топтомокпуз. Кандай гана өкүнүчтүү. Башка өлкө болгондо эмдигиче тарыхый жерди изилдеп, туристтер басып кетмек.

    • @mairamjumabeva4863
      @mairamjumabeva4863 ปีที่แล้ว

      Ошондо кыргыз эли турдуу темир алтын ж б иштете билген экен суу тутукчосу болсо тазалык маданияттуулук жанынан да арта калбаганыбыздын белгиси экен кирпич да болгон экен

    • @kaiyrbekkonurbaev7560
      @kaiyrbekkonurbaev7560 ปีที่แล้ว

      2010 ЖЫЛДАН БЕРИ РСК БАНКТА СЧЕТ АЧЫЛГАН, ЖАРЫЯ КЫЛЫНГАН, БИР ДА АДАМ АКЧА САЛГАН ЖОК. АЗЫР ДЕЛЕ ЖАЗЫП КОЙМОКМУН БИРОК ИШЕНБЕЙМ

    • @mairamjumabeva4863
      @mairamjumabeva4863 ปีที่แล้ว

      @@kaiyrbekkonurbaev7560 Анда кобу телефон карман билчу эмес кобу ушул репортажда номер счёт коргосонор болмок балким салышмак салалы дегендер жазышыптыр

  • @agbagb6201
    @agbagb6201 ปีที่แล้ว +2

    Азамат агай экен! Акылман! Кубат Табаллиевдин артынан улам-улам барып турдум дейт... Кубат Табалдиев, мындай кайталангыс табылга үчүн күнү-түнү уктабай "калкалап" туруш керек эле да!! Эмнеси археолог! Азыр да кеч эмес, ажо муну байкап маалымат алса керек!! Тарыхыбыз талкаланган бешиктей каралбай, сакталбай жатат!! Кыргыздардын "кылкылдаган" каймак тарыхы мына ушундай табылгалар менен байып, данкталат!! Туризмдин очогуна да айланат!! Бөлөк улут эбак мындай жерди мамлекеттик коргоого алып, "БАПЕСТЕМЕК"!!
    Жаратканым бекеринен Карыбек агайды ошол жерге ушул күнгө чейин "күзөтчү-калкалоочу" кылып дайындабап ыр да!!

  • @НурикАлыбаев-з5г
    @НурикАлыбаев-з5г ปีที่แล้ว +8

    Ушундай тарыхый жерлерибизге окмот конул бурбай жатат.

    • @kaiyrbekkonurbaev7560
      @kaiyrbekkonurbaev7560 ปีที่แล้ว

      БЫЙЫЛ АКЧА БӨЛӨТ ДЕСЕК МИНФИН АКЧА ЖОК ДЕП КОЙУПТУР. МИЛЛИАРД БӨЛТҮРҮККӨ . ТУРИЗМГЕ МИЛЛИАРД. ДАГЫ ЭКИ ҮЧ ЖЕРГЕ МИЛЛИАРДДАН БӨЛДҮ, УГУП ОКУП ЖАТАБЫЗ , МИЛЛИАРДАРДЫН ДАЙНЫН. БИЗГЕ ЖЫЛЫНА 5-6 МИЛЛИОН СОМ ЖЕТЕТ ЭЛЕ. ҮЧ ЖЫЛ КАЗСАК АНДАН КИЙИН ӨЗҮН АКТАП 60 МИЛЛИОН СОМ ЖЫЛЫНА ТҮШҮП ТУРМАК.

  • @НурбекНазарбеков
    @НурбекНазарбеков ปีที่แล้ว +2

    Азаматсын Назира ,ушундай Кыргыздын тарыхын салт саанасын наркын билген аксакалдардан кобурок интервью алып турсан жакшы болмок, Аксакалга денсоолук, бар болсун ушундай агайларыбыз

  • @Саид-ы4г9н
    @Саид-ы4г9н ปีที่แล้ว +3

    Аташка ден соолук таалайм 🇰🇬🙏👍

  • @Эмирбай-ш6б
    @Эмирбай-ш6б 4 หลายเดือนก่อน +1

    Кандай азамат адам! Сатпай токпой чачпай сактап келатат мамлекеттин жардамы жок эле. Мамлекетке кыргыздын тарыхы керекпи, эмнеге унчукпайт?

  • @kyrgyzstanprirodakg.
    @kyrgyzstanprirodakg. ปีที่แล้ว +4

    Байыркы элибиз деп курулай көкүрөк какбай, ушундай тарыхтарды далил катары коргозсок. Соонун болмок

  • @ЗамирДуйшеналиев
    @ЗамирДуйшеналиев ปีที่แล้ว +5

    Бийлик комоктошсо абдан чон сыр ачылат экен.

  • @ainash-oh4iq
    @ainash-oh4iq 4 หลายเดือนก่อน +1

    Агай сизге ырахмат. Ойңуздан тайбай аткарганыңызга

  • @Emirhan-my2fu
    @Emirhan-my2fu ปีที่แล้ว +5

    Счёт ачып коюш керек да .Акча котормокмун чын дилимден.Кыргыздын тарыхы Кыргызга гана керек .ушуну ойлонуштургула .Коп тукурсо кол болот .

    • @naziraaytbekova.
      @naziraaytbekova.  ปีที่แล้ว

      1180000013808865 (сом) 1180000013808966 (доллар)
      1180000013809067 (евро)

  • @jekiabdraxman239
    @jekiabdraxman239 ปีที่แล้ว +3

    Бар болуңуз агай ийгилик каалайм

  • @KG-mz5oh
    @KG-mz5oh 4 หลายเดือนก่อน

    Эн сонун жанылык. Тарыхты изилдей турган убакыт келди. Академия наук мына ушул учурда керек.

  • @ЭркеайымСарыева-п5у
    @ЭркеайымСарыева-п5у ปีที่แล้ว +2

    Азаматсын назира гоптоп казып элдин жардамы менен тубуно жетсе алтын казыналар чыгатыр ата бабалардын бекиткен алтындары