Khan Academy Kyrgyz

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 11 ต.ค. 2024
  • "Хан Академия Кыргыз" деген эмне деп, дагы деле толук түшүнө албай жүрөсүзбү?
    Андай болсо, биздин команда сиздерге толук кандуу, жеткиликтүү түрдө аталган долбоор тууралуу айтып берет.
    Мындай опоол тоодой жоопкерчиликти өз мойнуна алып, кыргыз тилиндеги билим берүүнүн сапатын жакшыртууга далалат жасагандардын сап башында Гулзире Минбаева турат.
    Кыргыз жаштарынын жаркын келечегин жаратууну көздөгөн бул иштин кийинки катарын, "Хан Академия Кыргыздын" проект-менеджери Рысбек кызы Жазгүл толуктайт.
    Онлайн сабактарды сапаттуу которууну көзөмөлгө алган жана ыктыярчылар тобу менен иш алып барган Ырысбекова Нуржамал, Абдисалимова Майрамкан жана Турат Алыбаев да эбегейсиз чоң салым кошуп жаткан чактары.
    Мындан сырткары, аталган долбоордун артында жүздөгөн мыкты ыктыярчылар тобу , SMM тобу жана бизди күчтөнтүп күүлөнткөн, берешен демөөрчүлөрү бар.

ความคิดเห็น • 17