Түпкү атабыз Түлкү баатыр
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 30 ก.ย. 2024
- Үчүкө, Түлкү (болжол менен 17-кылымдын экинчи жарымында жашап өтүшкөн) - кыргыздын оң канат урууларын бийлеген баатырлар. Көбүнчө Жаңыл мырзага байланыштуу уламыштарда айтылат. Кыргыздын генеол. санжыраларында Манап бийден Сүтөй, андан Сарысейит, андан Үчүкө, Түлкү, Кудаян, Эрдене деген 4 бала болгону жана Жаңыл мырза колдуу болуп өлгөнгө чейин кыргыз элин Үчүкө, Түлкү бийлегени айтылат. Бул экөөнүн тукумунун көбү кийин кыргызды бийлеп өткөн. Үчүкөдөн Маматкул бий, андан бир туугандар Темир, Болот; Болот бийден Эсенкул баатыр, андан Ниязбек бий, андан Ормон хан; Түлкүдөн Тынай, андан Атаке баатыр, андан Карабек, андан Жантай, андан Шабдан баатырлар чыккан.
Айт уулу Түлкү баатыр болжол менен 1705-1710-жылдары туулган. Жаштайынан кыргыз-калмак согуштарына активдүү катышып, көрсөткөн эрдиктеринен улам элдик баатыр аталган. Мындан тышкары, жаш чагында чоң атасы Итэмген баатырдын жолун жолдоп, жолборс чаап, кыргыздын жолборс чапкан саналуу баатырларынын катарын толуктаган. Бийликти атасынан мурастап калып, узак жылдар бою Жумгалда саяк уруусунун башкы бийи болгон.
Айтылуу Санчы сынчыга кыргыздан кыз сынатып, мыкты уулдарды төрөп бере турган 13-14 жаштардагы кызды алган. Сынчы Түлкү баатырга баатыр уулдарды төрөп бере турган кызды көптөгөн аймактардан издеп жүрүп, акыры Тогуз-Тородон тапкан. Ал Түлкү баатырга кызды мындайча сынап берген: “Баатыр, Кудай берет деген ушул. Издегеним табылды. Бул кызды: “ ургаачынын өөк сырттаны, бөрү жатын, алтын согончок”- деп айтабыз. Байкасаң жатканында эки колу тизелеринен билегине чейин ашып калат. Бул тирикарак кызды аялдыкка алсаң, андан: эч нерседен коркпогон , элеңдеп жортпогон, көзү чаар, өңү заар көк жал туулат. Ач арстан, баш койкоӊ туулат. Кийинки туулган экөөнүн тукуму, мурунку экөөнүн тукумуна букара болот. Жергеси көбөйүп бир өзөнгө ээ болот”.
Сынчынын бул айткандары жаздым кеткен эмес. Ал кыз Түлкү баатырга: Качыке, Кедей Ажыбек, Шайыбек деген төрт уул төрөп берген. Качыке атактуу баатыр болуп, калмактарды кыргыз жеринен сүргөн акыркы баатырлардын бири катары тарыхта калды. Кедей да өз заманында элге алынган инсан болгон. Анын бий болгондугу да айтылат. Качыкенин 13 уулу болуп, алардын ичинен өзүн тартып баатыр болуп чыкканы Эраалы. Ал эми кадимки Жаркымбай уулу Байзак баатыр Качыке баатырдын бир тууганы Кедейдин чөбөрөсү болот. Түлкүнүн экинчи аялынан: Карагул, Көккөз. Ошону менен Түлкүнүн 6 баласынан тарагандар бүгүнкү күндө абдан көп.
1758-жылы түндүк кыргыздарынын башкы бийи -Үчөкө уулу Маматкул сарбагыштардан Черикчи Темир уулун, саяктардан Түлкү баатырды, Шербек Жакшыбай уулун, солтодон Нышаа Кудайменде уулун, кытай уруусунан Каработо бийдин тууганы, Майтыктын уулу Шүкүрдү ж.б. Пекинге, Цин империясына, ошол кездеги император Цянь-Лунга элчиликке жөнөткөн. Кыргыз элчилери императорго жолугушуп, Кытайдын согуштук өнөрү менен таанышып, кызматташуу, чек араны тактоо тууралуу кеп кылышкан. Кыргыз-кытайдын алгачкы саясий дипломатиялык мамилесин түптөөгө катышкандыгы үчүн Кытай бийлиги Түлкү бийге ж.б. дагы 3-даражадагы чиндик белги ыйгарган. Түлкү баатырдын өлгөн жылы так эмес. Даӊазалуу баатырдын болжол менен 1760-жылдардын баш жагында, дагы бир маалыматта 1770-жылдардын тегерегинде дүйнө салгандыгы айтылат. Анын сөөгү Жумгалдын Байзак айлына жакын жерге коюлуп, күмбөзү (сырттан усталар келип салышкандыгы айтылат) ал мезгилден бери эки жарым кылымдын тегерегинде мезгил өтсө да, бүгүнкү күндө да белгилүү болуп сакталып келатат.
Токтогулдун Торкен деген жеринен болом саяк уурусунан
Мен тулку баатырдынчоборосу болом ушул программаны чыгарган
Тынчтык
Карымшаковго терен ыраазычылык сизге алла ыраазыболсун кудай колдосун
Чөбөрөсүнүн чөбөрөсү болушун керек
Баарынар болбогон байанды айтып атасынар кантип эле санжырачы силердей Болсун зеригип отуруп суйлошкондой эле 😂😂😂😂
Мен саякмын жумгалда эпкин айылынан болом.
Азырд баатырларынр коп Ырсбек Камчы Иймаш деген кутуктвйбыс
Тынайдын уулу Коккоз болобу?Тынайдын Абдурахим бий Абдикарим бийлерге тууганчылык жайы барбы? Коккоздон таркагандар барбы? Бахмал Чаар же Чер дегенди уккансыздарбы туугандар?
Кыйтыр, куу,- деген эн акылдуу адам!!!
Тулкунун аялы жонундо айтпадынар
Толку катындан олгон
Точно тулку экенда саяактар не кыйтыр десе
😮😮😮
Ошондо кытайлардын тупку атасы тулку болгон экен го, кытай уруусунун
Саякия что ли жумгал.
Коккоздун атасы Манап бий болобу же Найманбайбы,Биздин уруубуз Найман, Бахмал Чаар же Чер, Коккоз деген аталарыбыз болгон,
Түлкү баатырдын биринчи аялынан Качыке,Кедей,Ажыбек,Шайыбек төрт уул,экинчи аялынан Карагул, Көккөз эки уул.
Абдылкерим Ичкилик кыргыз болу керек,
Блять Тарыхчылар только Тундуктогу урууларды эле айта берет. Түштүктөгү Кыргыздарды такыр айтпайт как будто бутундой Кыргыз Тундуктон тараган. Реальность каякта.
ИТ эмген Муркут уруусу болсо керек,
Муркут дегениңер тээ жанагы чынгыз хан доорундагы меркиттер эмеспи?
@@joomartborbuev756Оа
Библияда калыга акчасы жок Эркек ,Кыздын калыны учун Куйо болчу жигит Кыздын Атасынын уйундо малын баккан экен,Тулку Баатыр да Библия китебиндегидей Калынга жылкычы болуп иштептир,
Ар ким өз атасын мактайт сөз берсе эле Түлкү баатыр 2аял- алса Курман кожо уруусунун баатыры Балбак баатыр 6 аял алган ошол Түлкүнүн замандашы.Казак,калмак, кыргыздар болгон аялдары, Балбактын атасы Келдибек бий "а эмнегедир деген Шербек" Келдикенин бир тууганы кадимки Шабдан баатырдын тайатасы Алышердин атасы болгон билбесеңиз тарыхты тумандатып булгабаныз.
Ушинтип уруу урууга болуп атып эле майдалап жок кылат экенсинерда, кыргыз и точка деген тушунукко качан жетебиз. 2200 жылдык тарых бар, а саныбыз 4 млн.
Тулку орусча лица!!! Тулку баатыр болгон эмес ал куу Тулку болгон!!!
Ит эмген менен Сут эмгенди Меркит Муркут десе керек,
тырыхчылар так так сүйлөсө болгон кылган деп так точно сүйлөсө болсо керек ушундай окшойт мүмкүн дебей даңгел сүйлосө
Эй былжырлар тулку баатырдын баласы качыке эмес тулкунун баласы тынай тынайдан атаке баатыр атакеден жолборс чапкан таштанбек билбей эле соктуруп былжырай бересинерби
Ал башка Түлкү , Үчке деген башка баатырлар. Манаптын тукумдары. А бул Түлкү баатыр Кулжыгачтыкы Саяк уруусунан.
Өзүңүз тарыхты - санжыраны жакшы окушуңуз керек экен.
@@esenturbekishov ээ сага караганда жакшы билет болушум керек эмне менин айтканым туура эмеспи тарыхта атактуу учкеден тулку баатыр тулкудон тынай тынайдан атаке баатыр атакеден таштанбек карабек деген эки уул жолборс чапакан таштанбектен уул жок карабектен жантай жантайдан шабдан баатыр сенин тулку баатырынды качыкенин атасы деген тулку деген тарыхта жок
Сарыбагыштан - Манап. Манаптан-Сүтөй. Сүтүке. Сүтөйдөн - Сарысейит, Тукур. Сарысейиттен- Үчкө, Түлкү, Кудаян, Эрдене. Учкө Түлкүнүн атасы эмес иниси болот.
Кыргызда жолборс чапкан үч Түлкү баатыр айтылат. Ошолордун бири Кулжыгачтын Итэмгенинен Түлкү баатыр.
@@ОмурбекМузуралиев-б2ыЖок сиз алмаштырып жатасыз. Бул берүүдө Саяк уруусунун Түлкү баатыры жөнүндө талкуу болуп жатат. Биздин Сарбагыш уруусунун Үчүкө Түлкү баатырлры эмес. Мен да Сарбагыш болом.
Черик уруусунун бийи Черикчи бий,Саяк уруусунун бийи Түлкү баатыр ,Бугудан Бирназар бий болуп 1757жылы Кытайдын императоруна жолугуп келишкен,сарыбагыштан Маматкул бий барбай калган жашы 90го келип калгандыгына байланыштуу,тарыхты кенениреек окуп анан тантысан.@@ОмурбекМузуралиев-б2ы