Чет тилдерин кантип оңой үйрөнсө болот? Англис тили / тил үйрөнүү. Марлен Борубаев.
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 24 มิ.ย. 2024
- Мага чет тилдерин үйрөнгөн жагат жана дагы деле өнүктүрүү үстүндөмүн. Бул постто сиздерге тил үйрөнүүдө мага жардам берген ыкмалар менен бөлүшөм.
- Эң алгач күчтүү каалоо жана кызыгуу керек. Каалоо жана кызыгуу болсо - жаңы нерсени үйрөнүү оңой. Мектеп убагынан баштап эле чет өлкөдө окугум келгендиктен тил үйрөнүүгө кызыгуум жаралды. Чарчаганда же каалоом жоголгондо максат-кыялдарымды эстеп турам.
- Ыңгайлуу убакытта, алаксытпаган эч нерсе болбогон жерде, тынч отуруп үйрөнгөн жакшы. Жаңы уйкудан туруп, таңкы намаздан кийин эле окууга отурам. Эрте менен эрте туруп окуу грамматиканы өздөштүргөнгө, жакшы эсте сактоого, эрежелерди үйрөнүүгө "свежий" мээ менен отурган жакшы. Дегеле, өзүңдү жакшы сезип турганда окусаң - пайдасы көбүрөөк болот.
- Кызыктуу болуусу керек. Мисалы: кечке эле грамматика окуп, эреже жаттай берсек тажап кетебиз. Окшош ыкмаларды колдоно берген да болбойт, ар түрдүүлүк керек. Кээде сага жаккан кино-мультфильмдерди чет тилинде көрүп турган да жакшы. Мисалы мен түркчө үйрөнүп жатканда "Даңазалуу доор" тасмасын баштан-аяк түркчө көрүп чыккам, өтө чоң жардам берген. Азыр англисче узуун сериал баштап алгам. (Virgin River)
- Албетте, мүмкүнчүлүк болсо курстарга барган же онлайн курстарга жазылган жакшы. Ал жакта да группалаштарың болот, мугалим үйрөтүп, тажрыйбалары менен бөлүшөт. Үйрөнүү оңоюраак болот десем туура болот.
- Дайыма жанымда сөздүк дептерим бар. Жаңы үйрөнгөн сөздөрдү, айрыкча фразаларды дароо жазып коём, автобуста баратканда же бир нерсени күтүп атканда дептерди ача коюп, жаттап-кайталай берем, дайыма жанымда алып жүргөнгө аракет кылам. Көп сөз, фраза билген - тил үйрөнүүдө өтө маанилүү.
- Туруктуу үйрөнүүнү туура деп ойлойм. Жумасын 1 жолу 5-6 саат отуруп окуп койгондон көрө, күн сайын 30-40 мүнөттөн болсо да окуп турган жакшы, пайдасы көбүрөөк.
☘️ Анан албетте жалкоолонгон, чарчаган учурларыбыз да болот. Ошол учурларда жакшылап эс алып, тынчтанып, кайра аракет кыла берген туура. Убагында туура эс алуу керек.
Соонун, кыргызча суйлогонун жакты!!!
Аллах колдосун биздин балдар да сага окшогон тарбиялуу болсун
Машааллах, жаш болсон да ото акылдуу, аракетчил бала экенсин, ушунундан жазба, менин балдарым да сендей билимдуу, илимдуу болушун каалайм😊, ийгилик иним!
🎉 Азамат
Омурун узун болсун бактылуу бол.ишинде ар дайым ийгилик болсун. Менин баламдагы сендей акылдуу чечкиндуу болсун🤲
Thank you teacher good luck 👍👍👍👍👍.
Рахмат агай англис тилин сиздин курстарыныздан копту уйрондум
Азамат, менин балам да сендей болсун!!
Сага чоон рахмат, ишине ийгилик, жакшы ыкмаларын болсо видео чыгарып биз менен болушуп тур 👍👍👍
Азамат жигит экен. Аллах колдосун
Түрк тили өттө оңой тил
Марлен азаматсын, мен ай сайын английский окуп жатам Марленде 👍🏻 сабактары аябай сонун силерге да сунуштаймын 👍🏻
азаматсын Марлен! Ийгилик!
Молодец ❤
Азамат коп жаша
Кандай игралар бар Англис тилинен бар, кутобуз кийинки берилиштерин👍
Азаматсын Батамды берем.
Титъ
Чооон Рахмат 😍
Чоон рахмаат ,Аллах ыраазы болсун сага .
Молодец
Азаматсын, туура айтасын созсуз турдо онлайн же офлайнга барыш керек, себеби план боюнча кетет.
Молодец ❤❤❤
Excellent!
We will wait news to you.
❤
Менин өзүм крлдонгон методдорго аябай окшош экен,бирок илгери интернет болгон эмес,кайдагы онлайн,живой онлайн-"курстарга" барчубуз😅!❤
Сапаргул Абдинабаева туура сенин методун менен айтылган маегин уккан элем .
Молодец, мага пайдасы жетти
Ийгилик балам! ❤
Чон рахмат
Азаматсын иним! Ийгилик каалайм…
Б…..н
Сонун 👍чоң рахмат
соонун
Aзаматсын !!! Ишине ийгилик
Балам сен жаш экендигине карабай акылдуу экенсин, мындай тарбияны берген ата-энене ыраазычылык! Кайсыл мектепти бүтүргөнсүн?
Ассаламу алейкум , ийгилик иним 🎉🎉🎉бир кана ак жол!
👍
Сага ийгилик, дагы кутобуз видео
🎉
👍👍малладец ийгилик 💪💪
😊
🔥🔥🔥🔥🔥
Маа шаа Аллах
You are the best
рахмаат
🔥🔥👍🏻👏👏
👍🏻👍🏻
👏👏👏👏👍
Рахмаат
Рахмат, пайдалуу маалыматка
👍👍👍👏👏👏
8👍👍🌷
Саламатсынбы! Сериалдын атын кайталап койосунбу?
Ном калтыра кеет
Жаштарыбыз биринчи орунда кыргыз тилини уйронуп алышса экен.
Кыргыздар эч нерсе уйротбой эле даамы жок суйлой эле берет экенсинер😊
Эркекче суйлочу созулбай
Жакпаса не коросун
❤
❤