"Ала-Тоо көрккө келбейт,эл болбосо" Аткаргандар: Гулнур Сатылганова, Султан Садыралиев
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 21 ธ.ค. 2024
- 13.04.2022
Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо... 1994-жыл... Барпы атабыздын 110 жылдыгына арналып чыккан чыгарма эле...Бул чыгарма менин алгачкы чыгарган обондорумдун катарында жана жүрөгүмө жакыны... Өткөн жуманын соңку күндөрүндө Гүлнур Сатылганова мага телефон чалып, “сенин Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо деген ырыңды ырдайын дедик эле, сөзү кимдики”- деп сурады. Барпы Алыкуловдуку экенин айтуу менен бирге “...чыгармалардын авторлорун айтпай, музыкасын бузуп, уруксат сурабай ырдаган ырчылар бар экендиги...” тууралуу кобурашканга үлгүрдүк... Ал, сөзсүз авторлорун айтаарын белгилеп өттү... Авторлордон уруксат алып (тирүү болсо...), атын атоо аткаруучулардын парзы!!! Бир күндөн кийин эле, ырдын үзүндү (анонс) версиясын көрүп калдым... Ушунчалык бат жазышканына таң калдым... Бүгүн, Гүлнур телеграммга аудио версиясын жөнөттү.
Гульнур Сатылганова - маданиятыбыздагы заманбап музыкалык искусствону
жайылтууга салым кошкон айжаркын аткаруучуларынын сап башында тураары талашсыз!
Автор катары, Барпы атабыздын сөзүнө жазылган “Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо” аттуу чыгармамдын Гульнур Сатылганова жана Султан Садыралиевдин аткаруусунда (жаңыча музыкалык шөкөттөө менен) азыркы муундун өкүлдөрүнүн жүрөгүнөн орун табат деген ишеним менен Сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм!
Мыкты дуэт. Соонун чыгарма! 👏🌷🌷🌷
Эн сонун чыгарма!
Баракелде
Катуу Катуу
Молодцы
Жарашбайт экен
Гулнурдан башка Адам эле ырдабаптыр
Роза Аманова эже ырдаганы бар
Ичиң күйүп атабы? Кыргыздын сыймыктуу кызына!! Гулнур Сатылганова өмүрү узун болсун оомийин 🤲🏻❤❤❤