Кой жүнүн өрттөбөй, андан пайда табууга болот! Венера Осмонкулова

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 10 มิ.ย. 2024
  • Кыргызстанда 6 миллиондун тегерегинде кой бар. Орточо өндүрүмдүүлүгү 2 кг болгон жүндүн потенциалдуу өндүрүлүшү 12 000 тоннага жетет. Акыркы жылдары мал багуучулар жүндү сатууда кыйынчылыктар жаралаган учурда аны өрттөшөт же таштандыга ташташат. Себеби, көпулүк органикалык жер семирткичти өндүрүүгө даяр чийки зат колунда экенин билишпейт.
    Польшалык окумуштуулар койдун жүнүнүн жардамында помидор, калемпир, баклажандын өндүрүмдүүлүгүн 33% чейин көбөйтүлгөндүгүн жазып чыгышкан. Буга өзгөчө кызыккан ишкер Тилек Токтогазиев бул ыкманы Кыргызстанга ишке ашырууга өзгөчө кызыкаан. Мындан улам, фермерлерге жүндү гранулдуу органикалык жер семирткичтерге кайра иштетүү методикасын үйрөтүүнү пландап, ишкердин аракети "Рынокторго чыгууну камсыздоо долбоору" тарабынан колдоо тапты.
    ИФАД каржылаган #РынокторгоЧыгуунуКамсыздоо долбоору ЖҮНДӨН ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРДИ ЧЫГАРУУ технологиясын өнүктүрүү максатында Кыргыз күнөскана ассоциациясына 88 миң АКШ долларын бөлүп берет. Ал боюнча гранттык келишимге кол коюлду.
    Бул өндүрүштүн келечеги чоң. Жалпысынан республика боюнча 12 миң тоннадан ашык жүндү кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.
    Жүндөн жасалган жер семирткичтердин колдонуу жалпы эле экологияга да жакшы таасирин тийгизет жана импорттук минералдык жер семирткичтерге жакшы органикалык альтернатива болот.
    #ОРСП #ИФАД #жүн

ความคิดเห็น • 4

  • @user-pv3mf6eq5y
    @user-pv3mf6eq5y หลายเดือนก่อน +4

    Баракелде бизде ушундай ишкана кобойсун колдойбуз ишкерлерди👍👍🇰🇬🇰🇬

  • @user-fu4yx3cx4b
    @user-fu4yx3cx4b หลายเดือนก่อน

    Ээн сонун

  • @Samal.tv.
    @Samal.tv. หลายเดือนก่อน +5

    Мен койдун жүнүн черешнянын астына салып көмүп койдум

  • @kampkampu5647
    @kampkampu5647 หลายเดือนก่อน

    Жүн курттабайбы жердин баарын курттатбайбы