Ырайым алуу үчүн, ырайым көрсөтүү керек
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 8 ม.ค. 2025
- Ырайым алуу үчүн, ырайым көрсөтүү керек
1 Кечирим алуу учун, кечируу керек экен
Мат 6:14-15: "Эгер силер башкалардын туура эмес иштерин кечирсеңер, анда силердикин да асмандагы Атаңар кечирет! Ал эми силер башкалардыкын кечирбесеңер, анда Атаңар да силердин туура эмес иштериңерди кечирбейт!"
Кечирим озубуз учун керек экен.
Мат 18:21-35: "Ошондо Петир Ыйсага келип: "- Устат, менин боордошум мага жамандык кылса, канча жолу кечиришим керек? Жети жолу кечирсем жетеби? - деди. Ыйса ага айтты: "- Жети жолу дебейм, бирок жетиден жетимиш жолу дейм. Мындай дегенимдин себеби - Асман Падышачылыгы өз кызматчылары менен эсептешкиси келген падышага окшош. Адегенде ал падышага ат башындай күмүш карызы бар адамды алып келишет. Төлөгөнгө чамасы жетпегендиктен падыша аны аялы жана бала-чакасы менен кошо, ошондой эле колундагы болгон нерсесинин баарын сатып, карыздын эсебине берүүгө буйрук чыгарат. Ал киши падышанын бутуна жыгылып: «Бир аз күтө туруңуз, мен сизге баарын кайтарып берем», - деп жалынат. Ошондо падышанын боору ооруп, кызматчыны бошотуп, бардык карызын кечип коёт. Ал азаттыкка чыгып, өзүнө жүз күмүш теңге [#12] карыздар болгон бир кызматташ жолдошуна келет да: «Бардык карызыңды төлө!» - деп аны алка-жакадан алып, муунтуп кирет. Ошондо кызматташ жолдошу алдына жыгылып: «Бир аз күтө турчу, мен сага берем», - деп суранат. Тиги көнбөй, карызыңды төлөмөйүнчө жатасың деп аны зынданга салат. Муну көргөн башка кызматташтары терең кайгыга батышып, падышага болгон ишти төкпөй-чачпай айтып беришет. Ошондо падыша баягы кишини өзүнө чакырып алып, мындай дейт: «Эй, адепсиз кызматчы! Сен суранганыңдан карызыңдын баарын мен кечип койгон элем. Мен сага ырайым көрсөткөндөй, сен да өз кызматташыңа ырайым көрсөтүшүң керек эмес беле?» Ошентип, каарданган кожоюн: «Карызыңды толук кайтарып бергенче, эркиндикке чыкпайсың!» - деп, аны желдеттердин колуна салып берет. Боордошуңарды чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силердин ар бириңерге жогорудагыдай кылат."