Бердибек Жамгырчиев "Эне жүрөгү"

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 21 ธ.ค. 2024

ความคิดเห็น • 144

  • @Будурада-з6п
    @Будурада-з6п ปีที่แล้ว +12

    ЭНЕ ЖҮРӨГҮ
    Оо энеке, бакыт жаайт жамалыңда,
    Ойго баттың, доорумда, заманымда.
    Неге анда асманды карап жүрөм,
    Бейиш болсо өзүңдүн таманыңда.
    Ооба, бейиш, мээрим бар катылбаган,
    Ооба, бейиш, бакыт бар жашырбаган.
    Тирүүчүлүк өкүмүн сүрөт анан
    Наадандардын максатын батырбаган.
    Кадамынан күнүгө тапкан ардак,
    Кимдер сенин ролуңду аткара алмак.
    Тагдырымдан запкы жеп кулап жатсам,
    Жүрөгүңдү берээрсиң башка жаздап.
    Балалык доор, өмүр да өтүп жатат,
    Бир бурчунан бир бурчка көчүп жатат.
    Сенделгенде карайлап жарык таппай,
    Сенин гана үмүтүң эшикти ачат.
    Бир окуя жүрөктү келет өйүп,
    Бар бактысы чайпалып, кеме чөгүп.
    Жээкке сүрүп бу турмуш таштады эле,
    Жан досумдун жаш эле энеси өлүп.
    Оңой менен кайгыны тоготпогон,
    Майышса да кайратын жоготпогон.
    Өмүрүндө ыйлабас ошол досум,
    Энекелеп, жер муштап шолоктогон.
    Карегиме кан толуп көлкүлдөгөн,
    Калдым досум тагдырдын өртүндө мен.
    Энекең бар, сезилбес азыр сага,
    Дүйнөдө жок бактылуу сенсиң деген.
    Достун сөзү чынында тереңде экен,
    Кайдан билдим, кайгыга эленбесем.
    Бар дүйнөмдү ичинен багып жүргөн,
    Бакытымдын башаты энемде экен.
    Байкоо салсам өзүмдү терең карап,
    Мен чырпыкмын, балпайган энем дарак.
    Октоп келсе мылтыгын ажал бир күн,
    Ойлонбостон мен үчүн энем барат.
    Жолдор татаал өмүрдө эне баскан,
    Көөдөндөгү көзүмдү энем ачкан.
    Кара түнгө айланып энем жокто,
    Каралбаган үйдөймүн желе баскан.
    Ашууларга көз жетпейт энем ашкан,
    Санааларга сөз жетпейт эне баткан.
    Энелерди окшотом зор кемеге,
    Түйшүктөрдү көтөрүп келе жаткан.
    Күлтүңдөгөн уулдарын кошо жандап,
    Эне жүрөт чечилбес түйүндө да.
    Таяк менен үмүттү кошо кармап,
    Эне жашайт карылар үйүндө да…
    Жакшы ойлор заматта тебеленип,
    Колум барбайт кээ кезде жазаарга да.
    Оокат сатып, турмушту тегеренип,
    Эне жүрөт күнүмдүк базарда да…
    Кол жетпеген сыйда да эне жүрөт,
    Шор кетпеген ыйда да эне жүрөт.
    Тирүүлүктү айланып күн сыяктуу,
    Тириликти жылыткан эне жүрөк.
    Тереңинде күн жаткан эне жүрөк,
    Сезимине гүл баккан эне жүрөк.
    Ата-журтка мээримин төшөп коюп,
    Таш жолунда өмүрдүн эне жүрөт.
    Көлөкөңдөй өлгүчө коштогон ким,
    Көңдөй уулун жаманга кошпогон ким.
    Бейишиңден айрыган тозок ошол,
    Энелердин жүрөгү токтогон күн…
    Эч ким сыздап энесин жоктобосун,
    Энелердин жүрөгү токтобосун!!!

  • @ГуляГу-к8ь
    @ГуляГу-к8ь 5 ปีที่แล้ว +8

    Бардык аял суйуктуу жар мээримдуу эне болсун.

  • @имяфамилия-ь5в5х
    @имяфамилия-ь5в5х 7 ปีที่แล้ว +31

    Апакемди абдан сагындым ыр жан дүйнөмдү эзип кетти Бердибек байке калемиңиз курчуй берсин ийгилик каалайм

  • @АртыкУчкемпирова
    @АртыкУчкемпирова 7 หลายเดือนก่อน +1

    Омурун узуун болсун. Талантын ташкындай берсин. Рахмат, эне журогу учун.

  • @тумарпарка
    @тумарпарка 5 ปีที่แล้ว +7

    Азаматсын Бердибек талантын оркундой берсин рахмат

  • @adiletdogdurbekov4992
    @adiletdogdurbekov4992 6 ปีที่แล้ว +14

    Кандай соонун сөздөр.дүйнөдөгү апалар бар болсун энелерге таазим

  • @osmon880
    @osmon880 6 ปีที่แล้ว +5

    апамды эстедим ыйладым апаныздарды жоготпогула мендей болуп бердибек сага рахмат талантына таазим

  • @ГульзинаКожомжарова
    @ГульзинаКожомжарова 7 ปีที่แล้ว +18

    Кандай керемет соз ыргактары жан дуйного буркан-шаркан ой толгоо жаратат. Баракелде,калеминиз курчуй берсин. Аттин...эне сагынычы соз жеткис.

  • @timmac2212
    @timmac2212 7 ปีที่แล้ว +5

    Кайышып кети журогум апамды эстеп журомун айлар жылга айланып отпой койду кундорум. Негизи менда ыр жазам журоктун унун уканда уктап калсам мен эгер сезим дерим турганда.@ Бул саптарды чыгарган Бактыбек Токтоболотов. Чын журоктон Бердибек байке калеминиз очпосун.

  • @ТурганбаевМаметкасым
    @ТурганбаевМаметкасым 7 ปีที่แล้ว +17

    Жарат Аллах энелерибизге узак омур берсин

  • @АлиманИсмаилова
    @АлиманИсмаилова 8 หลายเดือนก่อน

    Чыгармачылык ийгилик!Калемиң курчуй берсин!Чыгармаларыңды сүйүп окуймун.

  • @назгульжумаева-щ3р
    @назгульжумаева-щ3р 7 ปีที่แล้ว +24

    Журогум эзилди апакелер узаак жашашсынчы)))кучтуу жазылган😨😨😨

  • @УсманАсаен
    @УсманАсаен 6 ปีที่แล้ว +5

    Ээ дозум талантына таазим.Аман бол алга Бердя

  • @kalykovaasel6189
    @kalykovaasel6189 5 ปีที่แล้ว +5

    Алтын Апам менин бар болунуз , аман болунуз, ден-соолугунуз болуп , узак жашаныз!!! Ааламда бардык апалар эч качан оорубасын!!!

  • @jarkynturdubaeva2524
    @jarkynturdubaeva2524 7 ปีที่แล้ว +7

    эх ырларын керемет ар бир адамга дем берет. Сагындым апакемди эх атин дуйно ажыратпасынчы энени баладан баланы энеден 😪😪😪

    • @fhbcfhj6558
      @fhbcfhj6558 7 ปีที่แล้ว

      Таалантынызга таазим

  • @РанагулАбдыкайырова
    @РанагулАбдыкайырова 8 หลายเดือนก่อน

    Бул ырды угуп ененди сагынып кететкенсин енеси барлар бактылуулар байлар

  • @aizadakasymova8118
    @aizadakasymova8118 ปีที่แล้ว +2

    Ма шаа Аллах.Кандай сонун создор.

  • @adiletdogdurbaev914
    @adiletdogdurbaev914 6 ปีที่แล้ว +9

    Бейиш эненин таманында. энелер бар болушсун❤❤❤

  • @РанагулАбдыкайырова
    @РанагулАбдыкайырова 8 หลายเดือนก่อน

    Аллах раазы Болсун шул ырды

  • @РанагулАбдыкайырова
    @РанагулАбдыкайырова 8 หลายเดือนก่อน

    Жазган азам жигиттен тилиден алтын создор чыгыптыр😢😢

  • @БактыгулШерматова-п1я
    @БактыгулШерматова-п1я ปีที่แล้ว

    Азаматсын калемин курчуй берсин онорун оркундосун каймактай калкып чыгат эне тили 👍👍👍 энелерге тазим

  • @samatisakov8081
    @samatisakov8081 5 ปีที่แล้ว +1

    Бердибек ага, сиз каандай Адамсыз, эх сизден жаралган создор, журогумдогу топтолгон куйуторду ойдоооо ойдооо которуп жиберет

  • @adinabaktybekova9735
    @adinabaktybekova9735 6 ปีที่แล้ว +8

    эн сонун!!! Ийгилик сизге

  • @nuradilabdyldaev4039
    @nuradilabdyldaev4039 6 ปีที่แล้ว +2

    Корком окуганы монтажы создору баары бирин бири толуктаптыр азаматсын Бердибек талантына таазим.

  • @СагаКерек
    @СагаКерек 6 ปีที่แล้ว +1

    Кандайс Бердибек аке калеминиз курчуй берсин
    сизден сабак алайын дедим эле сиз менен кантип байланышсам болот

  • @БокеАйти
    @БокеАйти 6 ปีที่แล้ว +2

    Бердибек аке ишинизге ийгилик таланттыныз оркундой берсин, Энелерибиз коп жашасын аман болушсун.

  • @dastanadimamatov5599
    @dastanadimamatov5599 5 ปีที่แล้ว +3

    Мына мына мына дагы мына залкар адам залкар талант оттой жанат ыр саптар
    Уккан кулак уккан журок жыргаткан

  • @ГулмираМамбетказиева-б9щ
    @ГулмираМамбетказиева-б9щ 3 ปีที่แล้ว

    Энеме эмнеге деген суроолорду берет элем эгерде бул жашоодо тируу болгондо😥😥😥

  • @АйгулАбдиева-е6с
    @АйгулАбдиева-е6с ปีที่แล้ว

    Сонун мен да ыр жазам кадемин курчуй берсин.

  • @Марьям-л8й
    @Марьям-л8й 8 หลายเดือนก่อน

    Мен жакшы коргон сыйлаган акын иним бар бол бай бол.

  • @botcomputer5390
    @botcomputer5390 2 ปีที่แล้ว +1

    Энеден баланы, баланы энеден ажыратпасын!!!

  • @versace3083
    @versace3083 2 ปีที่แล้ว +2

    Энелерди козу барда сыйлап алалы, коз откон сон таппай калат экенбиз. Ыйласакда келбейт экенго, андыктан энеси барлар колдон келсе жылуу соз арнап, кооз жерлерге алып баргыла...😢😢

  • @МенКыргызмын-ш8р
    @МенКыргызмын-ш8р 7 ปีที่แล้ว +17

    "Эне" жөнүндөгү ырыңызды угуп жатып, апакемди сагынып кеттим....

  • @mirbekadylbekuulu1039
    @mirbekadylbekuulu1039 5 ปีที่แล้ว +2

    Оа абдан сонун ийгилик дагы да жакшы нерселерди чыгара бериниздер

  • @АйзатМаданова
    @АйзатМаданова 2 ปีที่แล้ว

    Апоооуу сагындым сизди сизсиз кыйналып кеттим кучм калбадыы 😭😭😭😭😭😭💔

  • @gulberenaliyava2117
    @gulberenaliyava2117 2 ปีที่แล้ว

    Talantiniza kaleminizge taazim kaleminiz kurcui bersin.

  • @БакыКарабекова
    @БакыКарабекова ปีที่แล้ว

    Соонун ыр журоктон журоко жетет

  • @taalaikylashov1994
    @taalaikylashov1994 4 ปีที่แล้ว

    Азаматсын Бердибек иним сага ийгилик уй булооно бакыт каалайм ар дайым калемин курчуй берсин бар бол !

  • @altaikubanychbekov7941
    @altaikubanychbekov7941 5 ปีที่แล้ว

    Аябай сонун,маанилуу ыр.Мага аябай жагат.Бул ыр мага жакканынан жаттап алгам.Апаларыбыз узаак жашасын,алар эч качан оорубаса экен.Жаратканыбыз аларды балдарынан ажыратпаса экен.🤲🏻🤲🏻

  • @kalykovaasel6189
    @kalykovaasel6189 5 ปีที่แล้ว +2

    Энелердин журогу токтобосун!!! Энекем менин сиз менин жашоомсуз!!!

  • @arslandosumbaev3703
    @arslandosumbaev3703 5 ปีที่แล้ว +3

    Азаматсыз байкем

  • @СуйунбекТурдубаев-я4в
    @СуйунбекТурдубаев-я4в 7 ปีที่แล้ว +6

    Эн мыкты создор

  • @meerimterova4311
    @meerimterova4311 6 ปีที่แล้ว +5

    Сонун,ак жол сизге!

  • @АвазбекА-ю2м
    @АвазбекА-ю2м 3 ปีที่แล้ว

    Берди сен чыныгы талант сенде бар экен кее Бир акындардын ыры мынчалык маанилуу уйкаш эмес ,мындай талант сейрек

  • @narguldadabaeva1799
    @narguldadabaeva1799 6 ปีที่แล้ว +2

    Калемин курчуй берсин👍👍👍👍

  • @bekbolot8203
    @bekbolot8203 6 ปีที่แล้ว +5

    Калемин курчуй берсин накта талант ырларын жан дуйнонон чыгат

    • @anarkulmuratbekova2101
      @anarkulmuratbekova2101 4 ปีที่แล้ว

      Калеминиз кучоой берсин сиздин ырынызды угуп апам коз алдыма келип эч ким апасынан айрылбасын

  • @ГулнарЖакыпова-у1ж
    @ГулнарЖакыпова-у1ж 3 ปีที่แล้ว

    Калемин курчуй берсин Аллахым ден соолук берсин

  • @ГульмираШергазиева
    @ГульмираШергазиева 3 ปีที่แล้ว

    Калемиң дагы курчусун, баардык энелердин атынан ыраазычылык билдирем. АЛЛАХЫМ эки дүйнө багын берсин

  • @BekBek-eq6bt
    @BekBek-eq6bt 7 ปีที่แล้ว +6

    Рахмат сизге

  • @emirlansamarbekov2471
    @emirlansamarbekov2471 5 ปีที่แล้ว

    Азаматсын Бердибек омурун узун болсун чыгармачылыкта ийгиликтерди багындыр

  • @АянаАяна-р6в
    @АянаАяна-р6в 4 ปีที่แล้ว

    Аллахым эч бир жандын апасы оорубасынчы.Мындай ооруп калышынды билгенимде, сизди башыма которуп журот элем😪😪😪😪дуйно карангы болуп турат, азыр мага.

  • @orazaliapbazov7202
    @orazaliapbazov7202 3 ปีที่แล้ว

    Өтө жакшынакай ыр экен маган аябай жакты

  • @АкылайДуйшеналиева-в5ш
    @АкылайДуйшеналиева-в5ш 4 ปีที่แล้ว

    Энелерибиз ар дайым бар болсун. Азаматсыз Бердибек аябай жакшы ыр💐💐

  • @aiperibeishenbekova4505
    @aiperibeishenbekova4505 ปีที่แล้ว

    Оо энеке бакыт жаайт жамалың да ойго баттым доо

  • @kalyskushubakova2048
    @kalyskushubakova2048 5 ปีที่แล้ว +2

    Рахмат сизге ☺☺

  • @torokulsoltonbekov3956
    @torokulsoltonbekov3956 4 ปีที่แล้ว

    Аллахым өзү колдосун!!!
    Ыр жүрөгүмдү эзип койду.
    Энелер аман болсун

  • @adilerkinbaev4200
    @adilerkinbaev4200 6 ปีที่แล้ว +2

    Энелер бар болсун

  • @АйнагулМамбетова-ш5в
    @АйнагулМамбетова-ш5в 3 ปีที่แล้ว

    Бул ырды угуп козумдон жаш кетти

  • @tixsjxjc8121
    @tixsjxjc8121 3 ปีที่แล้ว

    Сонун жазылган. Ишинизге ийгилик!!!

  • @bekaapsalamov7079
    @bekaapsalamov7079 5 ปีที่แล้ว +1

    👍👍👍 энелерге таазим

  • @УадырШекеев
    @УадырШекеев 4 ปีที่แล้ว +1

    Азаматсыз эн мыкты

  • @gulbaraabdul3957
    @gulbaraabdul3957 2 ปีที่แล้ว +1

    Апалар аман болсун Аамин Аамин Аамин.

  • @aybekkuchkinov1003
    @aybekkuchkinov1003 4 ปีที่แล้ว

    Энекем бактыбаызга бар болсун.иншаллах

  • @2017тойКербен
    @2017тойКербен 6 ปีที่แล้ว +2

    кандай соонун э

    • @tologontologon6428
      @tologontologon6428 6 ปีที่แล้ว

      Альфия Касымбекова туура айтасыз

  • @АРАВАНСКАЯРАЙОН
    @АРАВАНСКАЯРАЙОН 4 ปีที่แล้ว

    Апаларывыз дайыма бар болушсун

  • @НурайымСадырбекова
    @НурайымСадырбекова 2 ปีที่แล้ว

    Энелерибиз аман болсун

  • @АйгульМолдокулова-ы4г
    @АйгульМолдокулова-ы4г 5 ปีที่แล้ว

    Канча уксам да кайталап угуудан тажабайм.Улуу энелерге арналган Улуу акындын Улуу чыгармасы

  • @tyguu8261
    @tyguu8261 4 ปีที่แล้ว +2

    Апаларыбыз аман болсун

  • @urmatimangaziev6509
    @urmatimangaziev6509 7 ปีที่แล้ว +9

    Азаматсын бердибек бар бол!!!

  • @ГулкайырНиязалиева-к9и
    @ГулкайырНиязалиева-к9и 4 ปีที่แล้ว

    Ооба апа сен кандай периштесин жан апам сагындым 😥😥😥😥😥😥😥

  • @СалияЭралиева-х6ы
    @СалияЭралиева-х6ы 4 ปีที่แล้ว

    Апа барынан кимбат апан жанында болсо кадырын тушунбойт экенсин апан жа болбосо тушунот экнсин😭😭😭😔😔😔😔😔😪😪😪😪

  • @АлинаТолонбайкызы-ф4б
    @АлинаТолонбайкызы-ф4б 4 ปีที่แล้ว

    Дуйнодо апалар ар дайым бар болсун,оорубасын,узаак жашасын🤲

  • @Yiman-ei4or
    @Yiman-ei4or 3 ปีที่แล้ว +1

    Жашасын эне жүрөгү...

  • @upolrysbekkyzy7000
    @upolrysbekkyzy7000 6 ปีที่แล้ว +4

    👍👍👍эн мыкты

  • @АлтынайИбраимова-в5ф
    @АлтынайИбраимова-в5ф 4 ปีที่แล้ว

    Сагындым апооу жакында барам ❤️

  • @КыялбекДолонов
    @КыялбекДолонов 3 หลายเดือนก่อน +1

    👍

  • @МунарбекТурдалиев-г6л
    @МунарбекТурдалиев-г6л 5 ปีที่แล้ว +2

    Алтьным енекем сени сагындьмгооооооо😪😪😪😪😪😪😪😪😪😪😪

  • @МырзайымР
    @МырзайымР 6 ปีที่แล้ว +2

    Энемди сагындым😪

  • @КуштарбекМаматов-б7д
    @КуштарбекМаматов-б7д 4 ปีที่แล้ว

    Ех апалар туболук жашасын😿😿😿🙏🙏ооминь

  • @zarinatoialieva9241
    @zarinatoialieva9241 5 ปีที่แล้ว

    Ата эне турундо сыйла козу откондо бир уйур жылкы сойсонда аздык кылбайт😭😭

  • @rahatjumalieva4684
    @rahatjumalieva4684 4 ปีที่แล้ว

    Же соонун поезия

  • @ГсГсгмгмг
    @ГсГсгмгмг 4 ปีที่แล้ว

    Энекееем. Сагындыыым сиздии. 😢😢😭😭

  • @ЭрмекЖакыпов-й6к
    @ЭрмекЖакыпов-й6к 5 ปีที่แล้ว

    Ассалам алекум Бердибек апамдын 60'-жылдыка тойго чыкырганына абдан сыймыктанам.

  • @гулайымабдуллаевна
    @гулайымабдуллаевна 6 ปีที่แล้ว +1

    Апамды сагындым энедей эч ким куйбойт экен кош бойлуумун апамды сагындым

  • @АйнагулМамбетова-ш5в
    @АйнагулМамбетова-ш5в 3 ปีที่แล้ว

    Эненин мэнети Жер Энедей Жандунуда бакан Жансызга Жан берген

  • @ИнаватОрозалиева
    @ИнаватОрозалиева 2 ปีที่แล้ว

    Соонун ыр экен, обону кимдики айтып койгулачы?

  • @МырзайымКасмалиева-з1х
    @МырзайымКасмалиева-з1х 3 ปีที่แล้ว

    Азаматсыз

  • @МирзатТойбаева
    @МирзатТойбаева 4 ปีที่แล้ว

    Апа апа апам менин сагындым сени

  • @ilgizaitbekov9523
    @ilgizaitbekov9523 6 ปีที่แล้ว +1

    До слез😢

  • @ГуляндаТурдалиева
    @ГуляндаТурдалиева 7 ปีที่แล้ว +7

    👍👍👍👍👍

  • @ГулнарЖакыпова-у1ж
    @ГулнарЖакыпова-у1ж 3 ปีที่แล้ว +1

    Эч качан энелер оорубасын

  • @БакытАжиматов-т8ф
    @БакытАжиматов-т8ф 3 ปีที่แล้ว

    Мен апамды жоготкомун апамды сагынып саргайып ыйлап алдым

  • @ayzadanurmamatova1413
    @ayzadanurmamatova1413 6 ปีที่แล้ว

    Сонун

  • @8-_kg384
    @8-_kg384 5 ปีที่แล้ว +2

    Музыкасын кантип тапсам болот

  • @elnuradjanybekova9937
    @elnuradjanybekova9937 2 ปีที่แล้ว

    Музыкасын кантип тапсак болот.

  • @БишкекОшбеков
    @БишкекОшбеков 7 ปีที่แล้ว +8

    ме сага талант

  • @Араван-х7ж
    @Араван-х7ж 9 หลายเดือนก่อน

    Минусовкасын кантип тапсам болот сураныч айтып койунуздарчы

  • @ОмурканАблазимова-ч2ш
    @ОмурканАблазимова-ч2ш 4 ปีที่แล้ว

    Текстин чыгаргылачы

  • @Muslum777Talas
    @Muslum777Talas ปีที่แล้ว

    👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻🇰🇬

  • @yrysbekismailov5069
    @yrysbekismailov5069 2 ปีที่แล้ว

    Музыкасы кандай айтып конузчу?