Саякбай Каралаев. Каныкейдин жомогу

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 16 พ.ย. 2024

ความคิดเห็น • 108

  • @БубусайраАсанбекова
    @БубусайраАсанбекова 4 ปีที่แล้ว +21

    Жолдошум катуу ооруп жатканда, жан дуйном ооруп, кайгыга чогуп, айлам кетип эмне кылаарымды билбей турганда, дал ушул Манастын узундусун тун бою угуп чыккам. Эртен менен турсам, эс алып калыптырмын. Ошондон баштап кун сайын угуп жаттым, мага дем-куч берип жатты🙏🙏🙏 Манас атанын касиети, Саякбай атанын айткан толкундары мени катуу кайгыдан сактап калгандай болду! 🙏🙏🙏

    • @МнеотдушиПофиг-к5н
      @МнеотдушиПофиг-к5н 4 ปีที่แล้ว +3

      Рахмат!Жаратканым колдосун,Манас атабыздын касиетин сезгениңе!!!

    • @АйнагулМусурканова
      @АйнагулМусурканова 4 ปีที่แล้ว +3

      Мен да Манасты Саякбай Каралаевдин айтуусунда укканда ушундай жакшы энергия алам.Кыргыздын керемети.

    • @НинаканАлкадырова
      @НинаканАлкадырова 4 ปีที่แล้ว +4

      Арапкулдар самсаалап араптарды мактап даваат кылгыча, биздин озубуздун кыргызды, кыргыз жерин сактап калган баатырларын, дастандарды, кыргыз каада салтын, урпадатын, кыргыз касиетин окушуп, МАНАС атабызды баатырларды даваат кылып айтып кыдырып чыгышса жакшы болот эле. Ошончолук эле тентигилери келип атышса кыргыздын тарыхын даваат кылып тентигиле, даваатчылар, ойгонгула, ойлонгула

    • @bulak999
      @bulak999 3 ปีที่แล้ว +2

      КЫРГЫЗ МАНАСЫ САНЖЫРАСЫ МЕНЕН КАЙЫПТАН КЕЛГЕН КАСИЕТИН САКТАП КЕЛЕТ КЫЛЫМГА.

    • @znaibolshe
      @znaibolshe 2 ปีที่แล้ว

      @@НинаканАлкадырова Эгер ошол Манас атабыз ушул созунузду укканда, "ушундай канды кайнаткан созду айтасын", деп урушмак. Эмнеге минтип айтмак десениз: анткени Манас атабыз ошол убактын улуу такыба момун мусулмандарынан болгон, атабыз керек болсо коптогон ширкке алып бара турган нерселерден тоскон ал атабыз.

  • @АзаматСалбаев-я2в
    @АзаматСалбаев-я2в 5 ปีที่แล้ว +43

    Каныкейдин жомогу (Үзүндү)
    Ой, кулунум, угуп ал,
    Муңканганым Аксарай.
    Муңумду айтам бир далай.
    Казылып калган орумду ук,
    Караан кылган жетимим,
    Кайнап жаткан шорумду ук.
    Адам бир болсоң жетимим,
    Ичимден чыккан сонунду ук.
    Дүнүйөм көрбөй тыйынча,
    Чачканымдан келейин.
    Таластан качып жөө тентип,
    Кулунум, качканымдан келейин.
    Кечээ, берениң атаң өлгөндө,
    Беренден калган сан дүйнө,
    Бет алып кирип алты арам,
    Казынаны бөлгөндө.
    Булаңды булап алганда,
    Алты арам бузукту мыктап салганда.
    Эсебим жаман тапканда,
    Көкбөрү кылып сүйрөтүп,
    Менин эмчегим жара чапканда.
    Зарлансам кудай алабы,
    Тиледим сендей жалгыз баланы.
    Уулум, адырда жылкы ала баш,
    Аркада чунак өзүң жаш,
    Айкөлүм атаң өлгөндө,
    Моминтип таланды көргөн ушул баш.
    Жетимим мындан жол тартсаң,
    Жер маанисин айтайын:
    Букардан чыгып жол жүрсөң,
    Ат аябай мол жүрсөң,
    Токумдай жерде коосу жок,
    Буурсун тийген чийин жок,
    Суур казган ийин жок,
    Мунарыктап бурчтанган,
    Булуң тартып урчтанган.
    Кең Букардын кең Ак-Чий,
    Кең Ак-Чий деген жер ошол.
    Кейип тентип Букарга,
    Качып келген мен ошол.
    Кебимден кылча унутпай,
    Эстеп жүргүн сен ошол.
    Кең букардын зор Ак-Чий,
    Алты күндө өтөрсүң.
    Андан ары барганда,
    Күлешендин Гүл-Токой,
    Гүл-Токойго жетерсиң.
    Г үл-Токойдон кеткенде,
    Ары карай өткөндө,
    Боз ала чаңгыл,
    Боз-Бөлтөк.
    Боз-Бөлтөккө жетесиң,
    Боз-Бөлтөккө чыкканда,
    Балакетиң алайын,
    Кулунум, бир ээлигип кетесиң.
    Чунак уулум угуп ал,
    Көңүлүң жаман бөлүнөт.
    Алды жагың карасаң,
    Айтылуу Кокон көрүнөт.
    Андан ары ашканда,
    Боз мойнокту басканда,
    Көк өзөндүү бел келет,
    Көрсөң мындай жер келет.
    Аман-Жолдун бели ошол,
    Эсил энең карабет келген жер ошол.
    Эчен уруу жол айтам,
    Абайлап уулум угуп ал.
    Аман белди басканда,
    Андан ары ашканда,
    Сыр-Дайраны басарсың.
    Кемпир менен балаңы,
    Керилип куу жан көтөрүп,
    Тарчылыктуу күн көрүп,
    Таластан тентип кеткемин.
    Кыштын кыраан чилдеден,
    Мен энекең бей таалай.
    Ошол аккан Сыр-Дайра,
    Кырк эки тепчип кечкемин.
    Сыр-Дайрадан кечерсиң,
    Ары карай өтөрсүң,
    Чыйырчык, Салар эки өзөн,
    Эки өзөнгө жетерсиң.
    Олуя өткөн мазар бар,
    Кагылайын кулунум,
    Зыярат кыла кетерсиң.
    Андан ары барганда,
    Боз мунарык керүү ошол,
    Чалкайыңкы кең өзөн,
    Олуя-Ата жери ошол.
    Олуя-Ата барганда,
    Күн батышты карасаң,
    Кара-Балта, Сокулук,
    Бүлбүлдөп жону көрүнөт.
    Ошолорду көргөндө,
    Уулум, көңүлүң жаман бөлүнөт.
    Оң колго жетим бурулсаң,
    Ээр белдей боз мойнок,
    Жорго деген бел ошол.
    Энекең... мен кара бет бей таалай,
    Жобоп ашкан жери ошол.
    Ошол ээр белдей мойнокко,
    Чыга көр, жетим, сен ошол.
    Ар жак жагын карасаң,
    Бөөт-бөөт жер келет,
    Бөлтөк-бөлтөк бел келет.
    Адыр-адыр жер келет,
    Адырмак артуу бел келет,
    Жылгындуу Кең-Кол жер ошол.
    Күндүзү кымыз, түнү кыз,
    Жыргалдуу кыргыз эли ошол.
    Ошол элден айрылып,
    Каңгырган энең мен ошол.
    Атагы кеткен ааламга,
    Атаң сенин эр Манас.
    Хан ордо тиккен атакең,
    Жериң сенин кең Талас.
    Ак калпак кийип жардаган,
    Элиң сенин көп алаш.
    Ак сакалын жайкаган.
    Адамдын сырын байкаган.
    Акылы артык даанышман,
    Бакай деген абаң бар.
    Айлымды чаап тентиткен,
    Атаң Манас атасы,
    Хан Жакып чоң атаң бар.
    Чоң дөөлөткө семирип,
    Чокчоңдогон элирип,
    Кандуу камчы кара кол,
    Абыке, Көбөш агаң бар.
    Чоң атаң Жакып жоо болуп,
    Хан ордом чапты талкалап.
    Абыке менен Көбөштөн,
    Семетей сени калкалап,
    Качып келдим төркүнгө,
    Хан атамды аркалап.
    Арка мойнуң каткыча,
    Ата-тегиң айтпадым.
    Канаттууга кактырбай,
    Карегимдей сактадым.
    Опол тоодой жетилдиң,
    Орундалды максатым.
    Атаң Манас күмбөзү,
    Кең-Кол ата оюнда.
    Алмалуу булак, шумкар таш,
    Ашып түшчү жолуңда.
    Токсон миң эркеч майында,
    Кыш бышыртып бек салдым.
    Канча кылым өтсө да,
    Козголбосун деп салдым.

    • @beelinebeeline2507
      @beelinebeeline2507 5 ปีที่แล้ว

      Бар болунуз!!!

    • @ЮлияАлимова-н9ъ
      @ЮлияАлимова-н9ъ 4 ปีที่แล้ว

      Кыйынсыз го!!!

    • @МнеотдушиПофиг-к5н
      @МнеотдушиПофиг-к5н 4 ปีที่แล้ว +2

      Манас атабызды сыйлаганын үчүн чоң ыраазычылык!!!

    • @КочкорБакаАта
      @КочкорБакаАта 4 ปีที่แล้ว +3

      Ушинтип узундусун жазып койгон сага дагы Чон Рахмат антпесен Кее бирлерибиз тушунбо калып жатышат мен озум толук окуп чыккам манасты дагы канча в жазылбай кеткен 🙏🙏🙏👍

    • @hadichaoruzbaeva1412
      @hadichaoruzbaeva1412 4 ปีที่แล้ว

      Азаматсынар✌️

  • @saruukyrgyz9830
    @saruukyrgyz9830 5 ปีที่แล้ว +28

    Өтө күчтүү керемет кандай энергия , Ауран тазаланат

  • @IbrahimTurkhan
    @IbrahimTurkhan 4 ปีที่แล้ว +7

    Саякбай Атага Алла таала бейиштен жай берсин. Кыргыздын даңкын, атагын көтөргөн өзгөчө талант болгон!

  • @КаныкейАдиева-ш3ъ
    @КаныкейАдиева-ш3ъ 2 หลายเดือนก่อน

    Жан дуйно жалан гана чындыкты, жандуу, тируу гана, жакшы жанылыктарга, жашоону тирилткен гана создорго ачылат жана угат тура.

  • @zamaoboronov1988
    @zamaoboronov1988 8 ปีที่แล้ว +10

    Дагы жуктонуздорду суранабыз! чон ырахмат!

  • @ЭржанИшенбеков-б3о
    @ЭржанИшенбеков-б3о 3 ปีที่แล้ว +4

    Азыр ушул жака ырчылар ыр ырдап чыкса толтура лайк комментарий жазмак карачы кандай ун ах чиркин бали

  • @ЭдилАшыров
    @ЭдилАшыров 7 ปีที่แล้ว +9

    чон рахмат

  • @НурбекБейшекеев-ш2ж
    @НурбекБейшекеев-ш2ж 4 ปีที่แล้ว +5

    Дагы башка варианттарын кутобуз 🙏 Манас бар кыргыз бар!

  • @НуриЖаманкулова-о6т
    @НуриЖаманкулова-о6т 4 ปีที่แล้ว +7

    Атам коз алдыма келет , унчукбай магдырап угаар эле👍👍👍

  • @nuraliev5708
    @nuraliev5708 8 ปีที่แล้ว +16

    Грандиозно!!! КЕРЕМЕТ!!! Толук айтканы жокпу? В любом случаи спасибо тому кто загрузил!

    • @Элсоздук_переводчик
      @Элсоздук_переводчик  8 ปีที่แล้ว +8

      +Нур nuraliev Скоро загрузим и другие части :)

    • @slims2009
      @slims2009 6 ปีที่แล้ว +3

      @@Элсоздук_переводчик прошло 2 года, ждём 😀

    • @Элсоздук_переводчик
      @Элсоздук_переводчик  6 ปีที่แล้ว +1

      Андан кийин жаңы айтымдары чыкпаса болсо кандай кылабыз? :)

    • @Элсоздук_переводчик
      @Элсоздук_переводчик  6 ปีที่แล้ว +1

      Жакында УИАнын кол жазмалар фондунда сакталган үзүндүлөр дагы санариптештиришили керек. Буюрса, ошолорду кошобуз!

  • @АкылбекПайшанбаев
    @АкылбекПайшанбаев 6 หลายเดือนก่อน

    Укмкштуудай керемет айтылган , Манас

  • @imperatorkagan2257
    @imperatorkagan2257 6 ปีที่แล้ว +44

    Саякбайды Гомерге салыштырбагыла ! Саякбайдын тырмагына да татыбайт , дуйнодо эн чон эпосту айткан адамды,кичине эпосту айткан адамга салыштырган туура эмес.
    Тескерисинче Гомерди кичи Саякбай десек жарашат.

    • @АсСт-с6т
      @АсСт-с6т 5 ปีที่แล้ว

      Гомер Саякбайдан 3, 4 кылым Грециялык улуу муун болгон, жана Илиада деген дүйнөлүк чоң чыгарманын автору!

    • @api562
      @api562 4 ปีที่แล้ว

      👍Эн туура!!!!!

  • @mimozameimanbaeva8965
    @mimozameimanbaeva8965 3 ปีที่แล้ว +2

    Кыргыздын улуттук уңгусу!
    Кылымдар өчпөй жашасын!

  • @АйдайДуйшонбиева-ж3щ
    @АйдайДуйшонбиева-ж3щ 5 ปีที่แล้ว +33

    Эмнеге Гомерге теңешет. Мен ушуга түшүнбөйм. Гомер деген Саякбайдын чаңында эле калат да. Жарым миллион менен 7 миңдин айырмасы асман менен жердей.

    • @iskenberbaietov6796
      @iskenberbaietov6796 4 ปีที่แล้ว

      Ээээн тууура

    • @TalasbekBazarbaev
      @TalasbekBazarbaev 9 หลายเดือนก่อน +1

      Азаматсын кайыптан келген манасты каапырга тенебесин

  • @ЭдилАшыров-к6г
    @ЭдилАшыров-к6г 7 ปีที่แล้ว +9

    Мумкун болсо Чон казатты уксак жакшы болот эле. Сизге чон рахмат .

  • @elmira979
    @elmira979 8 ปีที่แล้ว +5

    Чон ыракмат!

  • @gulzhansharshembieva4073
    @gulzhansharshembieva4073 ปีที่แล้ว

    Эмне деген керемет!
    Жарым млн.дон ашык сапты жатка айткан!
    Мындай феномен бизде,кыргызда гана бар,планетада! Жараткан Алла бизге ушундай онордц жон берген эмес,ошондуктан майдаланбай бийик болушубуз керек,таза,,бири бирибиз менен ынтымакта болсок коп нерсеге жетебиз!

  • @asdfghmnbvcx4300
    @asdfghmnbvcx4300 6 ปีที่แล้ว +8

    👍👍👍дагы көбүрөөк чыгаргылачы

  • @bnufbloybn2048
    @bnufbloybn2048 7 ปีที่แล้ว +18

    Саякбайды кыргыздын багына жараткан.

    • @НинаканАлкадырова
      @НинаканАлкадырова 2 ปีที่แล้ว

      Кыргыздын багына МАНАСТЫ ЖАРАТКАН , САЯКБАЙДЫ кыргыздын духун, касиетин МАНАС менен которуп турган багыбыбызга жаралганына кудайга шугур.

  • @Elegy17
    @Elegy17 4 ปีที่แล้ว +2

    Sağ olun.Bakıdan salamlar

    • @zhiasan8079
      @zhiasan8079 4 ปีที่แล้ว

      Size de selamlar! Karabağ Azerbaycan dır 😊Vatanınız sağ olsun !

  • @bsvhhwhshygw3690
    @bsvhhwhshygw3690 4 ปีที่แล้ว +10

    Биз кыргыздар улуу эл екенсиз неге канча кылым отсода манас Манас эпосын унуткан жок оа биз улуу элбиз

  • @НурланКучуков-в1ч
    @НурланКучуков-в1ч 3 ปีที่แล้ว +1

    Саякбай атанын иманы жолдош болсун 👍👏🇰🇬❤🌷

  • @muslimnurban6638
    @muslimnurban6638 7 ปีที่แล้ว +9

    канчааа жолу уктум, дагы канча угам билбеим👍

  • @saliazhumabaeva
    @saliazhumabaeva 7 หลายเดือนก่อน +1

    Эмне деген керемет. Эмне деген күч. Бир сөзүнөн жаңылбайт. Кайран Саякбай атабыз кыргыздын бактысына туулган Манасчы.

  • @rozashaimkulova1359
    @rozashaimkulova1359 2 ปีที่แล้ว

    Саякбай атанын көзүн көрбөсөм да, үнүн укканыма ,Кудайга миң ирет шүгүр ! Жан дүйнөм кыйналганда угуп,тикеленем.

  • @москвамосква-р1е
    @москвамосква-р1е 4 ปีที่แล้ว +5

    Манасты бир гана Саякбай атабыз айткан вариянттын угам

  • @кыргызэлим-х1н
    @кыргызэлим-х1н 5 ปีที่แล้ว +5

    Кыргыздын нукура таза Эне тилинде айтып берет кайран залкарым .

  • @bekbolotmarsbekov8399
    @bekbolotmarsbekov8399 6 ปีที่แล้ว +11

    Мага Саякбай атабыздын айтканы абдан жагат.

    • @КубаИманкулов-о4д
      @КубаИманкулов-о4д 5 ปีที่แล้ว +1

      Айкол Хан Манасты кыргызга Аллахым Кайып замандан жиберген. Акыйкат .Адилет. орноткон женилбес . Ок отпогон кудайдын суйгон алпБаатыры. Манас. Манас. Манас.

  • @gulzhansharshembieva4073
    @gulzhansharshembieva4073 ปีที่แล้ว +1

    Маршрутниктер кайдагы ызы чуу,мааниси жок ырларды кыйкыртып коюшат.
    "Манастан"узундулорду коюп койсо сонун болмок!

  • @begaiymmelisova5277
    @begaiymmelisova5277 8 ปีที่แล้ว +26

    дагы Саякбай атабыз айткан узундулорду киргизиниздерчии

  • @jokibodoshov2272
    @jokibodoshov2272 7 ปีที่แล้ว +7

    оо кандай кубандым

  • @Ыйманбаяндары
    @Ыйманбаяндары 3 ปีที่แล้ว +1

    Кыргыз элим буйурса онолот

  • @BELLAFF-p9b
    @BELLAFF-p9b 5 ปีที่แล้ว +2

    Класс 👩🏻👩🏻👩🏻👩🏻😺😺😺

  • @ДастанБайкишиев-х3с
    @ДастанБайкишиев-х3с 3 ปีที่แล้ว

    Эхх кайран ата бабаларыбыз кандай таза уулу баатыр болушкан азыркы биздин баран чимкириктер аман эле болушсун, азыркы современный кыргыздардан акылдуу корогоч чыгат бекен.

  • @ТолкунТоктоноева
    @ТолкунТоктоноева 7 ปีที่แล้ว +3

    сонун укмуш

  • @karybekesenbaev221
    @karybekesenbaev221 6 ปีที่แล้ว +5

    Бир келди Бир кетти. Баркын билиш керек

  • @GAMINGFF-un1vt
    @GAMINGFF-un1vt 3 ปีที่แล้ว

    Кайф для ушей

  • @ЕнбекказыДунгенбеков
    @ЕнбекказыДунгенбеков 4 ปีที่แล้ว +8

    Қазақстаннан. .Ең бірінші қағазға толық ,,Манасты,, жазған...Шоқан Уәлиханов. .! 1870 жылы. Екінші ..,,Манасты,, аман алып қалған...басын өлімге тігіп...Мұхтар Əуезов. Бірде бір қырғыз орыстан қорқып..қозғалмаған орнынан..

    • @mironovabeeline743
      @mironovabeeline743 4 ปีที่แล้ว

      Шайналмаш бауырым

    • @КОКОнана
      @КОКОнана 4 ปีที่แล้ว +7

      Всех Кыргызов кто мог что то сказать тогда расстреляли Касыма Тыныстанова Торокула Айтматова (отца Чынгыза А.) И многих других. Умные интелегентные Кыргызы или Казахи ни кому не нужны были.М.Ауэзова тоже хотели расстрелят, ему слава Богу чисто павезло и он потом отстоял "Манас". Хотя "Манас" не передается как документ письменно в следующее поколение, он просто живет в духе Кыргызов по этому пока есть Кыргызы будет и "Манас".

    • @Босс-в7р
      @Босс-в7р 2 ปีที่แล้ว

      Казакгым Кыргыз бар. Казак бар. Казактар Кыргыздан тараган. Казак Ата бабасынын тарыхын жазган. Ошон учун аты бул дунуйдо сакталып калды. Шохан Ким эле??? Орустан окууп келип. Орустун саясаты менен Кыргыздарды изилдген. Жонокой бир кат тааныган жазмачы эле да. Жэ жалганбы??? Казактын кайсы кат тааанып. Дуйного таанылганы барбы???

  • @fatabva8045
    @fatabva8045 6 ปีที่แล้ว +5

    Сураныч текстин жонотуп коюнуздар

  • @БолотЖаанбаев
    @БолотЖаанбаев 8 ปีที่แล้ว +12

    ааламд мындай адам жаралбас

  • @bnufbloybn2048
    @bnufbloybn2048 7 ปีที่แล้ว +22

    Кыргыз дуйнодо Манас Курманбек Шырдакбек ЭрТабылды ЭрТоштук деген эпостору менен озгочолонуп турат.

    • @НинаканАлкадырова
      @НинаканАлкадырова 4 ปีที่แล้ว +1

      Биздин баатырларыбызды, кыргыздын кылым карыткан тарыхын, каада салт, урпадатын жанагы темселеген арапкулдар кыргызды изилдеп туруп арапты даваат кылгыча озубуздун тарыхты даваат кылышса, озубуздун кыргызды коргоп ,сактап келген баатырларга, МАНАСЫБЫЗГА сыйынып турушса жакшы болмок элее

    • @myrzalyzhanaliev413
      @myrzalyzhanaliev413 3 ปีที่แล้ว

      @@НинаканАлкадырова даана акмаксың го сен... Манас да АЛЛАХ жараткан пенде ага сыйынба... динди жайгандарга тийишпе андан башка канчалаган манкурттар журот ошолорду айт!!!

    • @Босс-в7р
      @Босс-в7р 2 ปีที่แล้ว +1

      @@НинаканАлкадырова Тенирим Ак жалгасын! Бар болунуз. Эн туура айтыныз. Кыргыз манкурт арабкулга айланды. Коко Тенирим Озогуно кайтарсын.

  • @Ыйманбаяндары
    @Ыйманбаяндары 3 ปีที่แล้ว

    Дагы жуктогулочу сураныч

  • @БактыбекМБА
    @БактыбекМБА 3 ปีที่แล้ว

    Абдан жакшы

  • @zamaoboronov1988
    @zamaoboronov1988 8 ปีที่แล้ว +5

    Каналдын админ дагы жүктөңүздү суранабыз!

  • @Гулмира-ф1е
    @Гулмира-ф1е ปีที่แล้ว

    ❤❤❤❤❤❤❤

  • @sashan.a.g.s1516
    @sashan.a.g.s1516 4 ปีที่แล้ว +4

    Сакем-мелмилдеп турган океан болчу... Сакем айткан улуу Манас эпосу да, улуу манасчы Сакем да туболук тируу жашай берет.

  • @BELLAFF-p9b
    @BELLAFF-p9b 5 ปีที่แล้ว +2

    👍👍👍👍😊😊😊😊😊

  • @ЭлдиярАшыралиев
    @ЭлдиярАшыралиев 4 หลายเดือนก่อน

    "МАНАС "эпосунан коп тарбия алса болот!

  • @Босс-в7р
    @Босс-в7р 2 ปีที่แล้ว

    Ыйык Коко Тенирим Кыргызымды Озогуно кайтар. Арабтын дини. Кыргыздын касиетуу жеринен " тынч" кетип. Жэр бетине кайтып келбесин! Бул жарыкчылыкта канча Элдерди манкуртаап. Касиетуу Кыргызды жоготуп баратат. Кыргызды Озун колдоо.

  • @kasietkazyeva5812
    @kasietkazyeva5812 3 ปีที่แล้ว

    Ушул аудиону казынадагы толук варятын жуктосонор жакшы болмоккен

  • @АкылбекПайшанбаев
    @АкылбекПайшанбаев 6 หลายเดือนก่อน

    Чындыгында эле Саякбай Каралайев эпикалык касийети менен Манас айтыптыр учурда Каралайеф тендешсиз Манассы десек туура болгудай!

  • @человекразумный-э5щ
    @человекразумный-э5щ 3 ปีที่แล้ว +2

    Сталинге Рахмат,канча Адамды кырса да,для сохранения традиций аборигенов деп указ чыгарган дейт. Ошол аркылуу жаздырылып калган экен.

    • @ТолкунРыскулова
      @ТолкунРыскулова 2 ปีที่แล้ว

      Ооба туура,Стакен себеп болуп жазылып калган экен

    • @baibolsagynbekov8685
      @baibolsagynbekov8685 3 หลายเดือนก่อน

      Даана көк мээ турбайсыңарбы 😂😂

  • @apalseitkazymova2100
    @apalseitkazymova2100 2 ปีที่แล้ว

    Ушуну текст кылсан болмок

  • @НурланКучуков-в1ч
    @НурланКучуков-в1ч 3 ปีที่แล้ว

    Кайран саякбай атадай 20 кылыдын салкары бул кишидей манасты ечким айталбайт👍❤🇰🇬

  • @король-т3с
    @король-т3с 4 ปีที่แล้ว

    👍👍👍

  • @ЖыргалбекДоолотов-е8и
    @ЖыргалбекДоолотов-е8и 4 ปีที่แล้ว +2

    Махабат дастанында, Раймалы манастын кайсыл жерин айтат айтып койгула ы, сураныч

  • @НурланКучуков-в1ч
    @НурланКучуков-в1ч 3 ปีที่แล้ว +2

    Улу манасты саякбайдан артык айткан киши жок

  • @user-ej9hn3zh2j
    @user-ej9hn3zh2j 4 ปีที่แล้ว

    🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞🤞

  • @kasietkazyeva5812
    @kasietkazyeva5812 3 ปีที่แล้ว

    Толук болсо жуктогуло да

  • @turatakunov1907
    @turatakunov1907 8 ปีที่แล้ว +3

    Манас ааламы

  • @rickhan4492
    @rickhan4492 2 ปีที่แล้ว

    Биркуну биро шорук хан кыргыз деген эле, Манас эпоссунда Шорук ханды Манас атабыз женип кызы акылайга уйлонуптур

  • @ТалгартАкматов-л7э
    @ТалгартАкматов-л7э 9 หลายเดือนก่อน

    Аксуу району Маман айылында торолгон

  • @chyngyznazirov4411
    @chyngyznazirov4411 3 ปีที่แล้ว

    Эмнеге Саякбайды Гомерге тенешибиз керек.Гомер айткан "Адисей"эпосунан алда канча чоң болуп атпайбы

  • @ДаМираТ-щ6щ
    @ДаМираТ-щ6щ 5 ปีที่แล้ว +1

    Маанисин , соз турундо кайсы жактан тапса болот ?

    • @esenbolbegaliev1909
      @esenbolbegaliev1909 4 ปีที่แล้ว

      ДаМира Т негигзи кара сөз түрүндө жазылган китептери отто аз жана табу отто изденүү керек экен менде бар

    • @bulak999
      @bulak999 3 ปีที่แล้ว

      Нускадан карап чыгыңыз

  • @zamaoboronov1988
    @zamaoboronov1988 8 ปีที่แล้ว +2

    ????

  • @offoff553
    @offoff553 ปีที่แล้ว

    ❤Гений экен да, кайран Саякбай Каралаев

  • @кыргызэлим-х1н
    @кыргызэлим-х1н 5 ปีที่แล้ว +16

    Кыргыздын нукура таза Эне тилинде айтып берет кайран залкарым .

  • @mimozameimanbaeva8965
    @mimozameimanbaeva8965 3 ปีที่แล้ว +2

    Кыргыздын улуттук уңгусу!
    Кылымдар өчпөй жашасын!