"ЖАҢЫ АЙТЫШ 2022-жыл" Нурайым Бактияр кызы VS Арген Биймырза уулу Элмирбек Иманалиевди эскерүү кече

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 27 ม.ค. 2025

ความคิดเห็น • 1K

  • @Интересныеиразнообразиежизни

    Арген чыктың Таластан
    Чоң акын болуп бараткан
    Сүйүүңдү арнап Нурайга
    Элдердин баарын караткан
    Шилекейим чууруду
    Айтышты куруп,жамактан
    Жегеним да ичкеним
    Өтпөй койду тамактан
    Такшалып да калыпсың
    Элмирбек берген сабактан
    Алп акындан боло бер
    Батасын берсин Жараткан !
    Комузду колдо сыздаттың
    Сүйүү деп үндү боздоттуң
    Алалбай жообун Нурайдын
    Албетте жүрөк онтоттуң
    Алдыңда турган элдерди
    ,,Аттиң"- деп- арман,ойлонттуң
    Акындан алсаң аялды сен
    Ар күнү айтыш коймоксуң
    Адабият,аңгемедеги
    Айтылгандардын сүйүүсүн
    Актеру болуп бермексиң
    Ак таңдай акындык өнөр менен
    Атаңдын алып алкышын
    Аялың менен урушпай
    Акырын эле айтышып
    Абалды чечип коймоксуң
    Ааламдын кеңдигин көрүп
    Алкышты айтып Кудайга
    Арзууга дагы тоймоксуң
    Магдыратып элдерди
    Мактоого дагы тоймоксуң
    Жаш акынсың сүйкүмдүү
    Жашыттың көздөн сүйүүңдү
    Жаш кызга айсаң сунушту
    Жалпайтып салды түйүндү
    Жантай чалды эске салсаң
    Жардың го залды, күлүштү
    Жароокер кызга жетесиң
    Жараткан берет үлүштү !
    Жашың бир ашты жыйырмадан
    Жашооңду сүйүү чырмаган
    Жаштыктын оту алоолоп жатса
    Жүрөктө сүйүң туйлаган
    Жүдөтүп жатса ал бүгүн
    Жүгүрүп келет сыйлаган
    Жүгүнүп жалпы журтуна
    Жүз миңдеп жыл жашагын
    Жузуң жаркырап чачып
    Жүз жылдап ашып,кырлардан !

  • @ДастанТаштемиров-ф8б
    @ДастанТаштемиров-ф8б 3 ปีที่แล้ว +74

    Элмирдин окуучулары, укмуш сонун айтыш куруп бердиңер, Элмирге чооң рахмат, силерди ушунтип сонун кылып окутуп кеткен. Черим аябай жазылды силерди угуп, бар болгула алтындарым.

  • @AksanaAmirbekkyzy
    @AksanaAmirbekkyzy 3 หลายเดือนก่อน +27

    Соонун айтыш го 2024 коруп жаткандар барбы

  • @БолотбековБек
    @БолотбековБек ปีที่แล้ว +70

    Чыдабай кетип кайра кирип уккандар барбы? Комузунан куч алам Кыргызым ✊🇰🇬 алыыста журсомда❤журогумдосун Кыргызстаным

  • @РаатАлтынбек
    @РаатАлтынбек 3 ปีที่แล้ว +167

    Кайра кайра кайра кайра угуп тажабаган айтыш болуптур. Жаратканым ыйманы жүрөгүндө, колунда комузу, башында Ак-калпак кийген Кыргыз элимди өзү сактасын. 🇰🇬♥️

  • @ааа-г9з8г
    @ааа-г9з8г 3 ปีที่แล้ว +274

    Азаматсынар! Нурай кыйла такшалыпсын. Сенден кучтуу акын чыгышына кыпындай шегим жок. Силердин ырынарды угуп аябай эс ала туштум! Акырында ыйлаттынар го...

  • @АскатЖекшенов-х7й
    @АскатЖекшенов-х7й 3 ปีที่แล้ว +55

    Элмирбек агабыздын жаны жаннатта болсун. Ал Эми шакирттерине бекем Ден соолук каалайм.Бир элэ учурда кулдуруп, кайра ыйлаткан кандай таланттуу акындар. Элмирбек акындын мээнети Текке кетпегени мени кубандырды.

  • @ЭльнураСарпашева
    @ЭльнураСарпашева 3 ปีที่แล้ว +71

    Элмирбектин ар бир шакиртинин оз озунчо ото кучтуу таланты бар ,созго ушунчалык чебер так так ырдашат . Эн жогорку баа берем . Бар болгула онорлуу жаштар.

  • @МираидаСатыбаева
    @МираидаСатыбаева 2 ปีที่แล้ว +70

    Жыргап күлүп угуп, акырында ыйлап калдым. Чыгармачылык ийгилик каалайм, устатыңар өлбөптүр азаматсынар

  • @aidakamchibekova5074
    @aidakamchibekova5074 3 ปีที่แล้ว +74

    Ошол жерде олтуруп ,ырахат алган элдерге суктандым😍😍😍акындарга соз жоок 😚😚азаматсынар!!!!!

  • @arzurazakova2562
    @arzurazakova2562 2 ปีที่แล้ว +62

    Ишенесиңерби жүз жолу көрдүм,эмне деген керемет айтышуу.Бири бирине төп келишкен кыз жигиттер экен.Айтыштын учугун улап бар болгула Арген,Нурайым🙏🙏🙏🙏🙏

    • @kg-kg_312-_9
      @kg-kg_312-_9 10 หลายเดือนก่อน +3

      Жок ишенбейбиз

    • @Эрнис-о5б
      @Эрнис-о5б 6 หลายเดือนก่อน +2

      Мен мин биринчи горушумум Туган кыргыздын акындары оркундой берсин

    • @ГулсаадатКоргонбаева-ы9м
      @ГулсаадатКоргонбаева-ы9м 14 วันที่ผ่านมา

      Төкмө акындарыбыз Кыргыз элине берилген эң чоон байлык.

  • @РаатАлтынбек
    @РаатАлтынбек 3 ปีที่แล้ว +37

    Колуна комуз алып тилинен бал тамган элимен айланайын. Жаратканым мекенимди аман кылып элимде биримдик тынчтык болуп 🇰🇬 кыяматка чейин желбиресин Ин Ша Аллах!

  • @МуратМуктаров-п9м
    @МуратМуктаров-п9м 3 ปีที่แล้ว +133

    Элмирбектин тарбиясын алган шакирттери эн соонун...айтыш куруп бердинер.....онорунор оркундой берсин

  • @ТамараКаипова-р7ж
    @ТамараКаипова-р7ж 3 ปีที่แล้ว +43

    Арген, Нурайым абдан жагымдуу айтыштынар! Устатынардын эмгеги текке кетпептир, такшалып калдынар, туура жолдосунар, бар болгула!
    Омурлуу, бактылуу болгула!

  • @ЖАКШЫАЯЛЖАРЫМДИН
    @ЖАКШЫАЯЛЖАРЫМДИН 3 ปีที่แล้ว +104

    Эмне деген талант,алтындарым бар болгула Элмирбек устатынардын учугун улагыла,мунозун озунорго синеиргиле онорун оркундоткуло силерди коргондо Элмир агабыздын оюн ,дилин сезип журолу!

    • @РозаБатырова-у1х
      @РозаБатырова-у1х 3 ปีที่แล้ว +1

      Кудайым Узун омур берсин силерге талантынар ташкындай берсин

    • @amirkarikeev8081
      @amirkarikeev8081 2 ปีที่แล้ว +2

      Арген Азамат,обону, үнү соонун экен, чоң талант экен . Нурайым абдан таланттуу кыз экен

  • @АйнураИсаевна-с1р
    @АйнураИсаевна-с1р 3 ปีที่แล้ว +26

    Чындыгында айтыштын кыздары келишимдуу,суйкумдуу, акылдуу кыздар аман болгула! Кайсы жигит болсо дагы суктанышат

  • @darkzaygames6
    @darkzaygames6 3 ปีที่แล้ว +70

    Азаматсынар,ийгилик силерге,Устатынар бутундой Кыргыз элин кейитип кетти,😕Аллахым бейишинен берсин,ийгилик😇😊😍

  • @ZarinaZHANYSHKYZY
    @ZarinaZHANYSHKYZY 2 ปีที่แล้ว +52

    Аргендин үнү уккулуктуу, сөздөрү таамай. ийгиликтер болсун!

  • @jarkynaiylchieva1332
    @jarkynaiylchieva1332 3 ปีที่แล้ว +24

    Арген мн Нурайым оозунан тогулуп турган айтышы мазмундуу эн сонун бирине бири созко соз жооп бериш бул акындыктын туу чокусу деп сезем онорунор оркундой берсин жаш акындар баардыгы Элмирбектин чон салымы мына ушундай болуш керек

  • @жамилаБейшембиева
    @жамилаБейшембиева 3 ปีที่แล้ว +42

    Элиирбектин эмгегин акташты, мындан ары дагы, айтышынар илгерилей берсин, дагы изденгиле, азаматтар! Шакиртерин жетишкендерин көрсө болмок, Элмирдин жаткан жери жайлуу болсун!

    • @ЛолаИсакова-ч8о
      @ЛолаИсакова-ч8о 3 ปีที่แล้ว +2

      Баракелде талантынар твншала берсин

    • @БусапияБобулова-б5ц
      @БусапияБобулова-б5ц 2 ปีที่แล้ว +1

      Арген Азаматсын!Нурай экоонор абдан жакшы айтыш болду.Элмирбектей болгула

  • @НурбекКарыпов
    @НурбекКарыпов 3 ปีที่แล้ว +196

    Ушуларды чачыратып ийбей
    Эл алдына алып чыгып талантын элге тартуулап аткан Асылбек Маратовго рахмат

  • @aziz-ip6tl
    @aziz-ip6tl 3 ปีที่แล้ว +218

    Хазил хам бор, кулки хам бор,чирой хам бор, акл хам бор, талант хам бор, хурмат хам бор.
    Умрларинг узок болсин.

  • @НуризатАжыкулова-ф5п
    @НуризатАжыкулова-ф5п 3 ปีที่แล้ว +44

    АЗАМАТТАР СООНУН айтыш болуптур Арген алга Таластан Манас Чолпонбай Чынгыз аталарыбыздын урпагыгсын чыгармачылык ийгилик бактылуу бол

  • @МайрамИбраимжанкызы
    @МайрамИбраимжанкызы 3 ปีที่แล้ว +42

    Баракелде!! Нурай өнөрүң өркүндөй берсин. Кудай колдосун 🤲🤲🤲

  • @КайыргульЖумаева-х4ь
    @КайыргульЖумаева-х4ь 3 ปีที่แล้ว +20

    Сонун айтыш болуптур.Келечектеги мыкты акындар,онорунор өркүндөй берсин!

  • @nurzatmairambekkyzy
    @nurzatmairambekkyzy 3 ปีที่แล้ว +110

    Сонун айтыш болуптур
    Өркүнөр өссүн асылдар
    Бар болгула мыктылар!!

  • @baktygularykova1180
    @baktygularykova1180 2 ปีที่แล้ว +17

    Баарынарды жакшы коробуз!
    Элмирдин балдар,кыздары БАР БОЛГУЛА!🤲🏻😘🌺

  • @АскПар
    @АскПар 2 ปีที่แล้ว +23

    Элмирбектин балдары омурунор узун болсун Устатынын жолун жолдо Алахым ОЗУ колдосун

  • @ИсаАбдыракманов-р1ь
    @ИсаАбдыракманов-р1ь 3 ปีที่แล้ว +36

    Биздин Аксынын кыздары азаматсынар Изат, Нурай биз силер менен сыймыктанабыз👍

    • @ТаласТт-ъ8к
      @ТаласТт-ъ8к 3 ปีที่แล้ว

      Мен болунбойм. Бирок Аксылыктар теги Таластыктар болот деген чынбы?

    • @maraltymybekova6556
      @maraltymybekova6556 3 ปีที่แล้ว

      Аксы башка талас башка.

    • @ТаласТт-ъ8к
      @ТаласТт-ъ8к 3 ปีที่แล้ว

      @@maraltymybekova6556 Айланайын карындашым. албетте болок. Что бы с собой гордиться, надо Таласским родится.

  • @АсланАслан-г9м
    @АсланАслан-г9м 2 ปีที่แล้ว +37

    Балкариядан уллу салам , акь ниети, акь сюйек кьыргьызым 🤗😍 жаным жюрегим

  • @ГулсунАнарбаева-д4и
    @ГулсунАнарбаева-д4и 3 ปีที่แล้ว +45

    Онорунор оркундой берсин балдарым. Элмирбек иним жаткан жерин жайлуу болсун Аллахым бейиштин торунон орун берсин оомиин.

    • @АйымканКойчуманова
      @АйымканКойчуманова 2 ปีที่แล้ว +1

      Не Нурай осо Бер кызым оноруно береке Бактылуу бол Сени оноруно сыйлаган Тенин чыгып Бактылуу бол Ооомийин,

  • @meerimturdubekova9799
    @meerimturdubekova9799 2 ปีที่แล้ว +334

    Мен айтышка койгон сайын угам канча ирээт кайталап уктум жадабай мага окшоп уккандар барбы

  • @ТамараКаипова-р7ж
    @ТамараКаипова-р7ж 3 ปีที่แล้ว +37

    Бали, баракелде!
    Чынында, усатынар корсо, терисине батпай барпаландап суйунот эле, жаркылдап коштоп турат эле, атаганат...Бейишти мекен кылсын!
    Силерге жараткан жар болуп, омурлуу болгула! Ушинтип чогуу ырдап, баарынар бар болгула!

    • @NurzatSonobaeva
      @NurzatSonobaeva 2 หลายเดือนก่อน

      Бар болгула элге онорунорду тартуулай бергиле

  • @МирланБегимкулов-ф5ш
    @МирланБегимкулов-ф5ш 2 ปีที่แล้ว +13

    Эх чиркин омур Элмирбек агабыз Кыргыздын жузу элего эл учун куйго мыкты адам эле сиздердей шакиртерди тарбиялаган Аллах жайын жаннатан болсун агабыздын

  • @Максат0787
    @Максат0787 3 ปีที่แล้ว +9

    Журок жылып калды Элмирбек агабыздын окуучулары. Талантынар ташкындай берсин!!!🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥

  • @АскПар
    @АскПар 2 ปีที่แล้ว +16

    Нурай омурун узун болсун Устатынын жолун жолдо Алахым ОЗУ колдосун

  • @ТашгулШаева
    @ТашгулШаева 3 ปีที่แล้ว +59

    Азаматсынар,кыргыздын таза создорун калпып ырдапсынар....балли....

  • @АлмашЭргешбаева
    @АлмашЭргешбаева 3 ปีที่แล้ว +30

    Бали, бар болуңуз эжем менин,талантыңыз ташкындай берсин!😘😘😘😇😇😇

  • @НасыйкатМуллашева-ю3ь
    @НасыйкатМуллашева-ю3ь 3 ปีที่แล้ว +46

    Онорун оркундой берсин Нурай!!! Кыргыздын сыймыктуу кыздарынан бол!!!

  • @ГулбараКожоева-к1б
    @ГулбараКожоева-к1б 3 ปีที่แล้ว +13

    Азаматсыңар алтын балдар! Силер бар Элмирбек тирүү. Ийгилик силерге 👍👏

  • @АскПар
    @АскПар 2 ปีที่แล้ว +17

    Элмирбектин жаткан жери жайлуу болсун АЛАХЫМ бейишинен берсин

  • @mirgulsultanova2172
    @mirgulsultanova2172 3 ปีที่แล้ว +26

    Баракелде!Өнөрүңөр өркүндөй берсин.Азаматсыңар!Талантыңарга таазим.

  • @ЖамалМаманова-е7п
    @ЖамалМаманова-е7п 3 ปีที่แล้ว +21

    Азаматсынар аябай сонун айтышыпсынар. Онорунор оркундой берсин. Устатынардын умутун актаган акындардан болгула

  • @кадыр-и9с
    @кадыр-и9с 2 ปีที่แล้ว +15

    Эн сонун айтыш ушундай кыздарыбыз коп болсун Изат эженердин тарбиясын алсанар бийике учасынар ыраазымын акын кыздарга бактылуу омурлуу болгула

  • @akylaikadyrovna6146
    @akylaikadyrovna6146 3 ปีที่แล้ว +22

    Азаматсын Нурайым! Мектепте эле таланттуу кыз элен, онорун оркундоп талантын ташкындай берсин!

  • @КанатбекБекиев
    @КанатбекБекиев 2 ปีที่แล้ว +4

    Баракелдеее! Эң сонун айтыш, буюрса айтыштын келечеги кең экен! 👍👍👍🇰🇬😘

  • @3Арипжан
    @3Арипжан 2 ปีที่แล้ว +20

    Элмирбек жаткан жери жайлуу болсун Шскиртерине калган омурун жана онорун берсин кудайым

  • @РустамТаштанбекуулу
    @РустамТаштанбекуулу 2 ปีที่แล้ว +8

    Ото сонун Нурайым менен Аргенге чыгамачылык ийгиликтерди каалаймын

  • @Асанова.Аэлина
    @Асанова.Аэлина 3 ปีที่แล้ว +40

    Арген сөздөрү таамай так айтылган,обону жагымдуу келечекте көптү жеңе турган келишкен азамат жигит 👍👍👍🤲👏👏👏👏👏

  • @ГулмираАлибаева-л2р
    @ГулмираАлибаева-л2р 3 ปีที่แล้ว +10

    Элмирбек дуйно салганда ыйладым эле аябай бугун силердин айтышынарды коруп дагы ыйладым 😓

  • @ЗакирВахабов-е4ь
    @ЗакирВахабов-е4ь 3 ปีที่แล้ว +6

    Азаматсынар дайым элдин балдары болуп журо бергиле.ишинерге ийгилик.кудай таалам дунуйо акырет бактылуу кылсын

  • @ПеризатСаиталиева-з1д
    @ПеризатСаиталиева-з1д 3 ปีที่แล้ว +14

    Нурай молодец создун маржанын терип ырдаптыр😍😍😍

  • @МактымМактым
    @МактымМактым 3 ปีที่แล้ว +13

    Айланайын. Арген бактылуу бол балам. 🤲👍🤲🤲🤲❤❤

  • @РсрсосТсосопл
    @РсрсосТсосопл 3 ปีที่แล้ว +28

    Азаматтар келечегинер кен, омурунор узун болсун, Элдин умуту силерде, Элмирдин элесин силерден издейбиз🤲🤲

  • @МактымМактым
    @МактымМактым 3 ปีที่แล้ว +29

    Арген келишкен жигит өмүрүн берсин. 👍🤲👍🤲

  • @МикарамТурдуманбетова
    @МикарамТурдуманбетова 22 วันที่ผ่านมา +2

    2025жыл кайра кайталап көрүп жатам. Чындыгында сонун айтыш болгон. Арген Нурай өмүрлүү болгула.

  • @MinutaVamerike
    @MinutaVamerike 2 ปีที่แล้ว +16

    30га чыгып айтышка кызыгам деп ойлогон эмесмин негедир, коп нерсени коебиптирмин ээх! Ээн соонун айтыш болду🎉

    • @NurgulNurlanova
      @NurgulNurlanova ปีที่แล้ว

      Мен да азыр 30 да көрүп жатам 😂

    • @aikaasilbekovna2327
      @aikaasilbekovna2327 3 หลายเดือนก่อน

      Мен 32 демин тайатам мн тайнем корот экен коноко барып калсам вообще хаха болуп корушуп отушкан экен мен да кызыгып калдым 😅

  • @ТалантбекЭргешбаев-ж6в
    @ТалантбекЭргешбаев-ж6в 3 ปีที่แล้ว +6

    азаматсынар элмирбектин шакирттери элмирбектин жолун жолдоп улуу инсан болгула омурунор узуун болсун

  • @КализатЗарылбекова
    @КализатЗарылбекова 3 ปีที่แล้ว +12

    Мыктысыңар! Көңүлүм көтөрүлдү. Кайра-кайра уктум

  • @ЭлмираИманалиева
    @ЭлмираИманалиева 3 ปีที่แล้ว +6

    сонун айтыш болуптур дегендер лайк 👍

  • @ЖамалРаимова
    @ЖамалРаимова 3 ปีที่แล้ว +17

    Азаматтар,кыргызым бар болгула,көздөн жаш куйулду...

  • @ЖайлооТемиров
    @ЖайлооТемиров 3 ปีที่แล้ว +17

    Укмуш талант соз жок,Элмирбек байкуш шакирттерине ыраазы болуп жатса керек .

  • @kumushkanosmonkulova4593
    @kumushkanosmonkulova4593 2 ปีที่แล้ว +8

    Азаматтар арбагы колдосун Элмирбек!

  • @Асанова.Аэлина
    @Асанова.Аэлина 3 ปีที่แล้ว +7

    Азаматсынар эң мыкты айтыш болуптур ❤️👍👍👍👍

  • @РчомаоиИсоисор
    @РчомаоиИсоисор 3 ปีที่แล้ว +3

    Соонун айтыш куруп берди Рахмат. Асылбек Маратовго озгчо ыраазымын устатынын ишенген шакирти деп билем

  • @ФатимаЖакшыбекова
    @ФатимаЖакшыбекова ปีที่แล้ว +16

    Жанында журбосок да,айткан созу ,аткарган ырлары угуп ,😢ыйлаймын шакирттери жоктоп отурасынар 😢😢бейиштик болсун устатынар 🤲😭

    • @АсанМуллакелдиев
      @АсанМуллакелдиев ปีที่แล้ว

      Арген Алга Талантын Такшый Берсин Канча Уксам Деле Жадабайм

  • @KANPAT007
    @KANPAT007 2 ปีที่แล้ว +6

    Эн сонун ,жакты ,Элмирбек олбобтур ,артында опол тоодой эмгеги шакиртери бар экен

  • @КамилаШайымкулова-ь1н
    @КамилаШайымкулова-ь1н 3 ปีที่แล้ว +16

    Азаматсын Нурайым талантын ташкындай берсин куда талантына тааазим

  • @БегимайБактиярова-э6р
    @БегимайБактиярова-э6р 3 ปีที่แล้ว +33

    Жаным эжем менин 💋ийгилик коштосун ар дайым 👏👏👏👏

    • @МаксатНазаров-б5е
      @МаксатНазаров-б5е 3 ปีที่แล้ว

      1

    • @ИлгизСалморбеков-в1й
      @ИлгизСалморбеков-в1й 3 ปีที่แล้ว

      Арген Биймырза уулу деген акын Манас таануудагы алып баруучу Азиз Биймырза уулунун бир тууганы эмеспи?

    • @viperviper5609
      @viperviper5609 3 ปีที่แล้ว

      @@МаксатНазаров-б5е 1¹111¹1¹¹111211¹¹¹¹1¹111¹11¹11¹111111¹11

    • @Нур.Керкиева
      @Нур.Керкиева 3 ปีที่แล้ว

      @@ИлгизСалморбеков-в1й иниси

  • @t.tt.t8448
    @t.tt.t8448 3 ปีที่แล้ว +29

    Кыргыздын сыймыктанган Улан жигитернинен жана Кыз Сайкал сыяктуу кыздарынан болуп жүрө бергиле.

    • @СанабарТайлакова-щ4о
      @СанабарТайлакова-щ4о 2 ปีที่แล้ว

      Соз жок азаматсынар Арген Нурай Кыз кайра кайра кордум сураныч жок деген же ютупта Бир айтыш куруп берсенер сонун болумок жыргап укмакпыз

  • @dinaraarukbaeva2123
    @dinaraarukbaeva2123 3 ปีที่แล้ว +18

    Эээ алтындарым Эмкенин шакирттери аябай сагынышыптыр 😭😭😭 мен дагы токтобой ыйлап уктум! Бир чети силерге суйунсом бир чети Элмирди жоктоп ичин ачышат экен жаркырап коштоп турчу эле ! Эмне дейм эми; бар болгула силер! Эльмирдин канаттары! Коколоп бийиктерге кайкып учкула! Канатынар талыбасын!

  • @ИлимбекАттокуров-к1ж
    @ИлимбекАттокуров-к1ж 2 ปีที่แล้ว +7

    Молодец Арген жузун дайым кулуп журо берсин, озуно жарашат Элмирге окшош жигитсин омурун тартпа ден соолук иним багын башынан чон болсун элдин Элмирдей суймончуктуу уулу бол

  • @БактыбекИсмаилов-ы3ж
    @БактыбекИсмаилов-ы3ж 3 ปีที่แล้ว +26

    Аман болгула, бар болгула кыргызымдын шумкары мененбермети!!!

  • @Ahmad-09im-ra4ov-10
    @Ahmad-09im-ra4ov-10 3 ปีที่แล้ว +7

    Кыргыз Элимдин Акындары ото соонун ырдашат 👍👍👍

  • @nxmdjsjs9557
    @nxmdjsjs9557 3 ปีที่แล้ว +3

    Супер айтыш болуптур Элмирбек Акынды эстеп ыйладым азаматсынар

  • @S_Prava_KG
    @S_Prava_KG 2 ปีที่แล้ว +2

    Супер👍
    Акындар дагы, айткан создору дагы, обондору, дагы аткаруучулук онорлору дагы озгочо тагыраагы нукура кайталангыс жандар экен азаматтар.Бул дагы Элмирбек агабыздын эмгекинринин узуру десек болот👍

  • @nurmatbekdogochiev4899
    @nurmatbekdogochiev4899 2 ปีที่แล้ว +4

    Элмирбектин жаткан жери беиш болсун артынан кандай сонун акындардын чон мектеп куруп кети Рахмат кайра кайра угабыз

  • @А.А-и5н
    @А.А-и5н 2 ปีที่แล้ว +3

    Баракелде! Нурайдын жообтору озгочо жакты. Бар болгула айланайындар, талантынар ташкындай берсин

  • @burmakulabdybekova2386
    @burmakulabdybekova2386 3 ปีที่แล้ว +8

    АргенЖигит болсон шок бол шок болбосон жок бол деген.экен кыргызда.Азаматсын

  • @СамсунгА30СамсунгА30
    @СамсунгА30СамсунгА30 2 ปีที่แล้ว +5

    Маа Шаа Аллах сонун айтыш болуптур👏👏👏

  • @kengekayipova571
    @kengekayipova571 3 ปีที่แล้ว +11

    Көз жашсыз көрө албайбыз...Залкардын бейишин берсин 🙏🙏🤲🤲 Шакирттери ишин, чыгармачылыгын улап келесиздер.." Жан секет" укмуш....Арген: " Таласка келин болосунбу " - деген сунушун сонун..Нурайдын жообу да мыкты,," Тубаса шылуун келишет" дейт го...💐💐💐

    • @kunasovanurila1065
      @kunasovanurila1065 3 ปีที่แล้ว

      Азаматтар омурлуу болгула

  • @АбдуллаНизамов-л4е
    @АбдуллаНизамов-л4е หลายเดือนก่อน +1

    Устатынар урматы улуу инсан эле.Шолоктоп шолоктоп коз жаш токтум.Арман дуйно ай.Жайыныз жаннатта болсун эл уулуЭлмирбек.❤❤❤❤

  • @paizilatmamytova3637
    @paizilatmamytova3637 3 ปีที่แล้ว +14

    Экөөңөр тең Элмирдин мыкты шакирттери минер.Балли!

  • @ТулебекАзаров
    @ТулебекАзаров 2 ปีที่แล้ว +2

    Молодцы акындар аябай сонун айтыш болуптур ийгилик каалайм

  • @УланАттокуров-е2е
    @УланАттокуров-е2е 3 ปีที่แล้ว +78

    Бали Эмикенин шакирттери , силер бар Эмикебиз тируу сахнада. Турайын ырынды угуп жатып козго жаш келди. Ийгилик каалайм силерге.

  • @СурмаОсмоналиева-ц4ц
    @СурмаОсмоналиева-ц4ц 3 หลายเดือนก่อน

    Бул айтышты тез тез кором Сонун айтыш Алга Элмирбектин шакиртери КАНА Элмирбек корсо арман дуйно

  • @Кипарис-з5м
    @Кипарис-з5м 2 ปีที่แล้ว +18

    Нурайым азамат кыз экен, ото кучтуу акын болот буюрса баралына келсе дагы, ийгилик сиздерге акындар💐

  • @Mayrambek21
    @Mayrambek21 2 ปีที่แล้ว +5

    Азаматсыздар 👍🏻😄👏🏻👏🏻👏🏻❤❤🤩

  • @УларканМаматова-е8ю
    @УларканМаматова-е8ю 2 ปีที่แล้ว +3

    Азаматсынар онорунор оркундой берсин Элмирбекди тирилтинерго бизда ыйлаттынар устазынардын жайы жаннаттан болсун козулар

  • @Ayana-h6j
    @Ayana-h6j 25 วันที่ผ่านมา +13

    2025 коргондор барбы

  • @ДоолотбекЖумашов
    @ДоолотбекЖумашов 3 ปีที่แล้ว +11

    Арген онорун оркундой берсин мынданда жакшы ийгиликтерди жарата бер жакшынакай жарлуу бол талантына таазим

  • @КутманЧолпонбаев-п3м
    @КутманЧолпонбаев-п3м 3 ปีที่แล้ว +17

    Сонун айтыш болуптур

  • @АбдиманапКурбанов
    @АбдиманапКурбанов 2 ปีที่แล้ว +4

    Молодцы ар коргонумдо настроениям которулот ,бар болгула

  • @gulinajanibekovna2819
    @gulinajanibekovna2819 2 ปีที่แล้ว +10

    Аллахыма чексиз шугурлор жана мактоолор болсун 🤲 Аллахым баарыбызга хидаят бере корсун 🤲 Аллахым баарыбызга жардам бере корсун 🤲 Аллахым баарыбызга туура жолдо журогунду насип кыла корсун 🤲 Аллахым баарыбызга жакшы коргон адамыбыз менен бакттуулу болгону насип этсин 🤲🤲🤲

  • @chinarabugubaeva7666
    @chinarabugubaeva7666 3 ปีที่แล้ว +6

    укмуштуу эң сонун айтыш, өмүрлүү болгула.

  • @АйгулСултанова-о6о
    @АйгулСултанова-о6о 3 ปีที่แล้ว +20

    Устатынарга таазим,силерди тарбиялап остуруп,өнөрунөр өркундөсун

  • @АбдырахманТууганбаев
    @АбдырахманТууганбаев 3 ปีที่แล้ว +19

    Устатынын умутун актаган мыкты токмо акын бол, ийгилик болсун, элиндин эрке кызы болуп журо бер, сыймыктанаар биз бололу✊🏻

    • @Мурзакаримович
      @Мурзакаримович 2 ปีที่แล้ว

      Нурайым өнөрүн өркүндөсүң карындашым. Жантай болобу ,Кем чонтой болобу жолдошуң ,бирок атын Шабдан койбочу карындашым. Себеби менин атым Шабдан.Мени да ата энем Шабдандай жазуучу ,Шабдан баатырдай болсун деп тилек кылып ат коюшкан.Бирок андай чыкпадым. Финанска байланыштуу.

  • @anarbekusupbaev1211
    @anarbekusupbaev1211 2 ปีที่แล้ว +1

    Жакшы айтыш,залкарлар!Тенирим колдосун,бактылуу болушсун!

  • @Т.Т.Р.Турдажиева
    @Т.Т.Р.Турдажиева ปีที่แล้ว +5

    Акматбек менен Изатты кооп корот элем, азыркы кезде Арген менен Нурайымды кайра-кайра кором Элмирбектин онору унутулбайт, тез-тез чыгып тургула сураныч🥰🥰🥰🥰🥰

  • @beeline6762
    @beeline6762 3 ปีที่แล้ว +7

    Нурай Отто кучтуу болуп кетипсин азаматсын ийгилик каалайм жаным