Налоговый форум. Повышение налоговой грамотности

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 17 พ.ย. 2022
  • 16-ноябрда Улуттук салык форумунун алкагында "Калктын салыктык сабаттуулугу жана салык маданияты тематикалык сессия өткөрүлдү.
    Модератор: Эльмира Туменбаева, Салык кызматынын персонал менен иштөө секторунун башчысы,
    Спикерлер:
    Бекболот Алиев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары,
    Вячеслав Пак, КР Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн эксперти,
    Алина Алтымышева, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун улуттук кызматкери.
    Эскерте кетсек, 16-ноябрда Бишкекте «Салык кызматы - салык төлөөчүнүн кызыкчылыгы үчүн» темасында биринчи Улуттук салык форуму өттү.
    Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана бардык кызыкдар болгон салык төлөөчүлөр катышышты.
    Форумдун катышуучулары үч дискуссиялык сессияда салык салуу, "СМАРТ Салым" санариптештирүү долбоору жана калктын салыктык сабаттуулугу менен байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашты.
    Форумдун жыйынтыгы боюнча катышуучулар салык саясатын өркүндөтүү, калктын салыктык сабаттуулугун жана салык маданиятын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.
    ____________________
    16 ноября 2022 года в рамках первого Национального налогового форума проведена тематическая сессия «Налоговая грамотность и налоговая культура населения».
    Модератор: Эльмира Туменбаева, заведующая сектором по обучению персонала ГНС,
    Спикеры:
    Бекболот Алиев, заместитель председателя Государственной налоговой службы КР
    Вячеслав Пак, эксперт отдела исследований, разработки политики и реализации реформ Администрации Президента КР,
    Алина Алтымышева, национальный сотрудник Всемирной организации здравоохранения.
    Напомним, 16 ноября в Бишкеке прошел первый Национальный налоговый форум на тему «Налоговая служба - во благо налогоплательщика».
    В мероприятии приняли участие представители государственных органов, бизнес-сообщества, международных организаций, образовательных учреждений и все заинтересованные налогоплательщики.
    Участники форума в трех дискуссионных сессиях обсудили актуальные вопросы, связанные с налогообложением, проектом цифровизации «СМАРТ Салым» и налоговой грамотностью населения.
    По итогам форума участники выработали предложения по совершенствованию налоговой политики, повышению налоговой грамотности и налоговой культуры населения.

ความคิดเห็น •