ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВ МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЭМГЕК АКЫСЫН ЖОГУРУЛАТУУ БОЮНЧА ЖАРЛЫККА КОЛ КОЙДУ
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 29 มิ.ย. 2024
- Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча Жарлыкка кол койду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу боюнча кеңешмеде “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка өлкөдөгү медицина кызматкерлерине жана саламаттыкты сактоо уюмдарына эмгек акы төлөө системасын жакшыртуу максатында кол коюлган.
Мамлекет башчысы белгилегендей, Жарлыкка ылайык үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тарта дарыгерлер персоналынын кызматтык маяналары 50 %га чейин, орто медициналык персоналдын маяналары 20 %га чейин, кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларына кызматтык маяналары 10%га чейин жогорулатылат.
Садыр Жапаров мисал катары буларды келтирди: мурда өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген жалпы хирург 20 миң 136 сом маяна алса, эми айлыгы көтөрүлүп, 20 миң сом компенсация алгандан кийин 50 миң 205 сом алат. 35 миң 481 сом алган анестезиолог, реаниматолог, айлыгы көтөрүлүп, 20 миң сом компенсация төлөнгөндөн кийин 73 миң 222 сом алат. 32 миң 474 сом айлык алган педиатр айлык маянасы көтөрүлүп, 20 миң сом өлчөмүндө, компенсация төлөнгөндөн кийин 68 миң 709 сом алат. Буга чейин клиникалык ординатордун стипендиясы 1 миң 200 сом болчу. 1-июлдан тарта стипендиянын суммасы 20 миң сомду түзөт.
Президент алыскы аймактарда саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатуу максатында үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып жаш адистерге айлык акысына кошумча стипендия берүү жана дарыгерлердин депозитинин көлөмүн көбөйтүү маселеси чечилгенин белгиледи.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев башка өлкөлөргө салыштырмалуу бүгүнкү күндө өлкөдө 10 миң адамга 17,5 пайыз дарыгерлер туура келерин билдирди. Ушуга байланыштуу эмгек акы төлөө системасын жогорулатуу зарылдыгы бышып жетилди.
Анын айтымында, 2024-жылдын 1-июлунан баштап биринчи этапта төмөнкү төлөмдөр күтүлүүдө: Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарына (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) иштөө үчүн жиберилген талап кылынган врачтык адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия, анестезиолог-реаниматологдор) 20 000 сом өлчөмүндө кошумча компенсациялык төлөмдөр каралууда. 2024-жылдын 1-июлунан тартып кошумча каражаттарга керектөө 380,9 млн. сомду түзөт. Жылдык керектөөсү 761,8 млн сомду түзөт.
Мамлекет башчысы мындай чаралар дарыгерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттин комплекстүү аракеттеринин бир бөлүгү болуп саналарына басым жасады. Бул өз кезегинде бардык жарандардын сапаттуу медициналык кызмат алуусун камсыз кылат. Мамлекет медицина тармагын өнүктүрүүгө өз күчүнөн тышкары, инвестиция тартуу менен саламаттык сактоону модернизациялоонун, ооруканаларды заманбап медициналык аппараттар менен жабдуунун жана сапаттуу медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн аракетин көрүп келет.
Садыр Жапаров кол койгон Жарлык улуттун ден соолугун камсыз кылууда маанилүү роль ойногон саламаттык сактоо кызматкерлерин колдоого багытталганын белгиледи. Бул кадам ден соолук сакчыларынын ишмердүүлүгүн арттырып, алардын ишине стимул берет. Ал мындай аракеттердин аркасында өлкөнүн булуң-бурчундагы калктын медициналык жардам алуу сапаты жогоруларын айтты. Ошол эле маалда Садыр Жапаров мындай чаралар медицина кызматкерлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча аракеттердин бир бөлүгү экенин кошумчалай кетти.
Ал көрүлгөн чаралар кыргызстандыктарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатарын айтып, медиктердин эмгеги жогору бааланышы керектигин баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында саламаттык сактоонун бардык кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. - บันเทิง
Садыр Жапаров Аллахым ыразы болсун ишинизге ийгилик ❤
Молодец президент Аллах колдосун❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤
Мед айымдардыкы ото аз.
Кобойткуло
Мед айымдардын,кичи мед айымдардын да айлыгын которулсонор болмок
Бирок Медиктер сонун иштеп калыптыр 🇰🇬🇰🇬💪💪
Мед айымдар 80% нагрузка менен иштейт,50 керек болсо 100% которсонор жакшы болмок.
Врачтар 30 мин алышат азыр медсестралар 12 мин алышат тен укуктуулцк кайда экинчи сорт болуп калды мед сестраларды эч ким ойлобойт койгойүн укпайт
Орто мед айымдардын жумушу кыйын ,айлык акысы аз отоле
МОЛОДЦЫ С ЖАПАРОВ МН МИНИСТР ЗДРАВОХРАНЕНИЕ 🇰🇬🇰🇬👍💪💪👏👏👏👏
Медиктердин эмгек акысы которулсо оздорунода ынсап берсин ооруган адамдардан Акча сурабай Ак халатындай иштеп берсин Мына эл отуз жыл акчасын берип дарыланды окуган ак халатчандар чычалабагыла карапайым эл кыйналды кудайдан корккула Мен россияла иштеп канча акчаларды бердим туура тушунгуло Айлык акынар кобойду берекесин берсин Ишинерге ийгилик ❤
Мед.айымдарга которсонуздор болмок жумуштун 80% жумушун аткарышат,
Ооруканага барсан акча бермейинче жанына жолотушпайт!!!
Мед сестра айлыгы ас,көбөйтсөңөр
Туура дарыгерлердин айлыгы кобойсун
Дагы эле мед айымдардыкын жайлапсиңар
Мед.айымдар мн санитаркалардыкын көбөйтсөнөр болмок да
Мед айымдардын айлыгы отоле аз врачтар эптеп жолун таап оорулардын акчасын алаткен.иштин баарын мед айымдар иштейт врачтар мед айымдардын алдында минстри болуп. Алышат
Врачтардай эле алышат, врачтардын иши кыйын,назначение кыла алышпайт мед айымдар ,алар да демек жоопкерчилиги аз. Иштин баарын мед айымдар кылат деп жанылышасынар
Садыр Нургожоевич сизге чоон рахмат! СИЗГЕ Ден-соолугу бар,узун-омур каалайм!!!
СНБ медицина тармаґын козомолго кобуроок алсаныздар!!!..
Пенсионерлер жумуштан кетсин жаштар иштесин жумушка кирейн десем места жок пенсионерлер иштеп атат анан желке бермейинче жумушка албайт акча керек болгон учун жумушка кирейн десен желке бербесен бетинеда карабайт
Аллахым ыраазы болсун 🎉 айлык көтөрүлүп жатканы кубандырат
Ишиниздерге ийгилик бар болунуз дар.
Зарплата сын которгону менен баягы эле акча алып жатышат аптекала менен лабаратория менен иштешип кымбат анализдерди тапшыртышат киргенге приемго 700 сом сурашат лабаратория кымбаттап жатат
Кайсы жагынан болсо дагы жаман нерсени гана издейт экенсиңер да, тобоо кылганды качан үйрөнөбүз, кудай деле жактырбай ар кандай апааттарды жиберип сынап жатат кандай кудай дебеген адамдар көбөйдү.
Урматтуу президент!врачтардын айлыгын которбой эле койбопсуз ач коз болуп кетишкен,жонокой эле консультация алам десен 500сом алат ,Эгер айлык которулсо Акча албай турган болушсун болбосо врачтар кутуруп кетет
Бизде биринчи ушу ТОЙ жана ЖАНАЗА Бир жакшы закон же тартип кабыл алсаныздар жакшы.Олкобуздо жалкоолор ,беемеенет акча тапкандар кобойуп кетти
Пенсиядагылар иштебесин жаштарга берсин басалбай калыптыр картан врачтар дагыделе иштеп журот
❤❤ ❤ Маа шаа Аллах 💞 ушундай болуусу керек эле
📍 Эми буйруса врачтар да акча алышты азайтат
Кичи мед айдардыкында которуп берсениздер жакшы болмок 70% иштерди биз кылабыз
Туура айтасыз
Туура эле болуп жатат.Врачтар көп алат а ийне сайган пол жууган дар ас алат..
Пенсионерлер кетсин жаштарга иш жок
Иш жок эмей эле, канча орун бош турат дебедиби, пенсионерлер опытный да
Ардайым онугобер Кыргызстан
Айлыктар Миң Көтөрулсөда Жейберишет Жевеген Жердин Тубундө Аллахым Барына Ынсап Берсин
Мед айымдардын маянасы 10 - 13 миң сом..Акылбек Жапаров жомокту айтып жатат окшойт 100 миң 120 миң сом деп.
Азаматсыз Алга , 1:19 дагы тех персоналдардын да зарплатасын которсонор абдан жакшы болмок
Санитаркалардыкы аз
Болот силерге ошол элэ
@@Ek-ve4ov😂
Жумуштун баарын мед айымдар аткарат
Ракмат.ишиниздэргэ ракмат
20мин берсенер Ким иштейт эле 80мин 100мин кылсанар бары иштейт
Кандай кампесация
Депозитке кантип жазылсак болот
Государственный фиксированный айлык кылсаныз 80-100мин канча адам иштейт фиксированый отчёт учотко оной болмок
А то иштебеген адамдарды да айлыгын начальниктери алып коюга жол бербеш керек так чотка системаны иштеп чыгыш керек конкурс откоруп
Айылда ,чакан шаарларда мед,айымдар менен санитаркалар аз алышат.Баардык кызматкерлерге 50 процент кошсо жакшы болмок.Кобойот дегенде суйунуп жатсак, мына 20 проц. + 10 проц. десе томсордук😮
Алымкан Бейшеналиев сиз иштебей жатасыз эми эле 13-14мин алып калдыго 1 жыл эле болду ушундай айлык алгандарына болбосо 5-6 мин эле алышат эле го министирлер жакшы болсо чонтокторуно тыкпай
Ушул адамды кандай эл баалайт билбейм
Врачтар силерге Кудай иман берсин эми.Пара алганды токтоткула кээ бир ачкоз врачтар. Карган врачтар эс алгыла,жаштарга жол бергиле😂, силер только алганды уйротпой элге жардам бергенди уйротсонор жакшы болмок.
Кокуй ушундай алат бекенбиз
Реаниматологтор 35 мынча акча алышпайт 25-30жыл болгон иштегендерине эн коп алгандары 25мин экен орто мед айымд0ар 12-14мин алышат 26 кун иштеп ото эле аз калп суйлобой чындыкты суйлогуло
ЭЙ АЛ МЕДИКТЕР АНСЫЗДЕЛЕ АЙЛЫКТЫ ЖАКШЫ АЛЫШАТ ЭЙ,КАЙРА КАЙРА ЭЛЕ КОТОРО БЕРБЕЙ.АЛАР 5 ЭЛЕ СААТ ИШТЕШИП ОЧОЙГОН АЙЛЫК АЛЫШАТ КЕРЕГИ ЖОК АЛАРГА.
Пенсиянерлерди жумуштан алгыла,жаш даарыгерлер чет Мамлекеттерге жумуш издеп кетип жатышат.
Жок андай эмес, биздин мекенибиздин медиктеринин айлыгы ото эле томонкуу дээнгелде.
Рахмат иштериниздерге ийгилик медиктердин айлыгын кошконунуздарга
Рахмат🎉
Аллаа ыраазы болсун өмүңүзгө береке берсин Аллаахым
Мен эч бир адамдык казийетин корбодум
Бизге өзү 20%которулгону 1800сом,анан КТу алып салган,800сомдой эле кошулат экен😢
Вот
Именно
Старые
Не
Чего
Ловит
Дать
Место
Молодым
С.Н.Жапаров улуттун лидери
Медайымдардыкын 100 процент кошсонор болмок айлык аз азыркы тапка ылайык эмес
После того как я посетил больницы скажу одно, если простому народу дать возможность оценить ситуацию по баллам я бы поставил не больше двух баллов это учитывая что в одном учреждении осталость только по одному специалисту знающего своего дела и к которому обращаются все с вопросами..
Депозит 38 мин дейт колубузга эмнеге андан аз тийет
Жакшы эле айлык алышат экенго эми карупсия кылса камаш керек буга чейин айлыгы аз деп боор ачып жүргөн элем
Мед айымдардын айлыгы 10000 миң эле 20 процент кошулса12 000 сом болобу
Анкалогия полный каруксия алым кадыров иштеген жок болнисада корпуссия гулдодуу
Пенционерлерди акчасында нормально көтөргүлө, биздин пенциянын көбу ушу дуктурларга кеттет
Мен ажообузга бир соз атканга акым жоок бирок бул адамды ушул жумушта иштегенине ичибиз ыраазы эмез
УНУГУП ЖАТАТБЫЗ ИН ША АЛЛАХ КЫРГЫЗСТАНГА КЕТЕТ ЕКЕНБИЗДА ЖАКЫНДА РОССИЯДАН УРАА ❤🎉
Мед айымдпрдын зарп которгуло
Ноокаттын оорууканасыга барсан кускун келет акча бер дейт же места жок дейт ошонтип кутулушат.
Неге медайымдар 20которуш керек 100процент котросо да аз бизаябай суйунудук эле8мин алат элек 100проценткошсо 20га жакындап калаткен деп
Жалган мед сестралар 12 мин алат 19 мин деп ал стажы 20 жыл категория вш болсо 18 мин зорго алат
Докторлор 100мин айлык албагыча жылыш алдыга кыйн и корупция тугонбой жатат айлык кобойсо карупция азаят деген ойдомун
Өзүңөрдүн айлыгыңао ушундай алсаңар сонун болмок
Акылбек Жапаров ото билимдуу киши,экономиканы ото жакшы тушунот. Буйруса кыргызстан онолот.
Медсестралардын айлыгы аз чынында
Просто статистика иштеп калды го.
Базарды карасаңар баалар канча өсүп жатат??????
Көтөргөнү менен не толк?
Инфиляцияны да эске алсаңар,доллардын курсу менен сүйлөсөңөр...?!?!!?
Ооомийн Кыргызстан 🇰🇬 онуксун Садыр Жапаровго чон Рахмат бар болунуз буйруса кетебиз жерибизге элибизге барып кызмат кылабыз медицина тармагына
Акча дегенде бердим деп телофонго тартып реклама кылгыла ачыка чыгарып озубуз жаман уйротконбуз отуз жылдан бери бере койуп колду каратып Эми ар Бир медике ынсап берсин айлыкка кантет кылып иштей берсин масквада медиктери ото жонокой экен ынсап бар экен жакшы карашат экен келгилик кылбасын эч Ким оорубасын оорубагыла
Мед айымдардын айлгында 50 пайыз которсонуз болмок айымдар коп жумуш аткарат
Урматтуу Садыр Нургожоевич, Алымкадыр Сабирдинович сиздерге чоон рахмат!! Айлыктарды эсептеген бухгалтериялар ды козомолго алыныздар.
Мед айымдар 12мин алат каяктагы коп айлыкты айтасынар
Мединиса КАРПСИЯАНЫ жойуш керек Акча берсен гарайт бербесен гарабайт
Алымкадыр Бейшеналиев чынында жакшы иштеген министр
Мен азыр четте иштейм.
Кыргызстанда 14 жыл иштедим.Кундузу да,туну да иштеп,30000 сом айлык тапчым. Азыр Россияда 5эсе ойдо айлык алам.
70мин айлык менен врачтардын жетишсиздиги чечилбейт.
Молодец ищинерге Ийгилик
Ичибизди кеен кылайлы туугандар.
Кенге кээн дуйно.
Тарга тар дуйно.
Мен ,мед.айымын 32жыл стажы мн колума 20 мин сом алам,эч нерсеге жетпейт
Эмгек акысын көтөрүлгөнына жараша,билимин ашырышсын "дуб"тар🤷♂️
Кичи кызматкерлерге аз кошулуптур он процент 25пр кошулсун
Куванба Дарыгерлерди бекер окут. Юристер бойунча Кыргызстан Чемпион.
АЛЫМКАДЫРГА ишенген ажообузга наалат
Себеби емнеде коеслонду алып койгонго дейм
Врачтардын айлыгын которбош керек алар баары бир акча. Пара алышат
Главрачтарга кудайым инсап берсин акчан жок болсо олосун кыргызстанда
Медсестралардын да маянасы көтөрулобу же врачтар элэбы.Медсестралардын маянасына көшкула.
Медицынаны состояниясын карап, министрди текшериш керек экенин тушундум. Коррупция хит болуп журот ал жакта.
Алдабай элесинерби? Которулгондон кийин 10 мин болдуго, ага чейин вообще 5 мин болчу
👍
Кудайды карап мыкты иштеп
Элге куйумдуумедиктерди кутобуз
Президент иштегендей иштесе экен
Пенсионерлар ишламаса жатар ишломаяпти ишга Кирип бир ой да кочиб чикиб кетишчпти биз ноилож пенсионерларни чикармаяпти
Миндеп окууну бутуруп жатышатко,каякта
Сырткка кетип жатшат.менинда балам сыртка чыгш керек дб жрот .Ардинатура 3жыл жактаса.1айна 5000с айлык колуна тийет дб элддин баары.депутат баш болуп айтып жатышат.Эжеке😢
Билбем бир созду туура окуйалбайт ишин таак аткарбаса ????
40 пайызткошулса болмок