“Аппак сүйүү”
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 27 ก.ย. 2024
- "Аппак сүйүү"
с/о: Н.Абдрахманов
Бабалардан калган сүйүү ыргагы,
Бул жашоонун көркү көңүл ачууда.
Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток, ай,
Сен туш болдуң, жаным, көңүл назына.
Сенсиз көрккө келбейт,
Жазгы тентек желдей.
Жансыз күндөр өттү басып ирмемдей.
Билчи, жаным, билчи,
Жан дүйнөмө кирчи,
Сени күткөн бакыт эшиги ачып бергендей.
Бир берилген шаттуу өмүрдө,
Кир кетпесин аруу көңүлгө.
Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор, ай,
Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө.
Бул өмүрлөр өткөн, өтө да берет,
Конок сымал коомай карап турсаң да.
Максаттардын сересине умтулуп, ай,
Ай, жылдыз, ай, сербеп колду сунсам да.
Назик көркү гүлдөй.
Керемети күндөй,
Чоң сүйүүгө жолугууну тилеймин.
Өмүр наркы бизден, көңүл наркы бизден,
Майда адам майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү.
Чындык ошол жашоо шартында,
Эмне жетсин бийик арзууга?
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен да мага аппак сүйүү тартуула.
Мен да сага аппак сүйүү берейин, ай,
Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула.
Баракелде балам
Алга, жезде 😍😍
Үнүнө береке👏👏 Азаматсын! Саламат, Талантына таазим!!
❤❤❤❤❤❤❤❤
Керемет гоо жездекем
🎉🎉🎉
Бактылуу бол Сашкооо
👍👍👍🇰🇬
🔥🔥🔥
🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥
Унуно береке досум
Крассавчик делай красиво
🎉🎉🎉🎉🎉
Azamatsyn bala orkundop osober
Саламат байке.Сизден суранычым Барпынын Гөзал кыз ырын да комуз менен толугу менен ырдап чыгыңызчы.
Саратан айлар салкын күз,
Санаамда белең гөзал кыз.
Эмдигиң айлар эки ай күз сен,
Эстедиң бекен гөзал кыз.
Көзүм сүйдү миң сулуу,
Көңүлүм сүйдү бир сулуу.
Көңүл сүйгөн сен болдуң,
Көрүнөө ашык мен болдум.
Жоолугуң кызыл баш айы,
Жол жүрүп келдим атайы.
Жалынга салсаң өзүң сал,
Жароокер жалжал сыпайы.
Көйнөгүң кызыл баш айы мен,
Көргөнү келдим атайы.
Күйүткө салсаң өзүң сал,
Көркөмдүү гөзал сыпайы.
Буйурса. Машинеге жетип алайын, өнөргө көбүрөөк убакыт бөлөм
Саламат молодец иним негизи Ак Талаалыктар таланттуу келишет унуно береке талантын ташкындай берсин аккордеончу байкен Жыргалбек
🎉🎉🎉
Азаматсың! Талантың ташкындай берсин!
🔥🔥🔥🇰🇬🇰🇬🥰👍🏻
👍👍👍👍👍👍
👏👏👏
🔥🔥🥰
🔥🔥🔥