Токтобек Асаналиев - Ат-Башым (Official Audio)

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 10 ก.ย. 2024
  • Премьера альбома
    Токтобек Асаналиев - Көчмөндөр Ыры (Official album)
    Слушать / Скачать: infinity.ffm.t...
    Follow Toktobek Asanaliev:
    ...
    www.facebook.c...
    Ат-Башым
    Сөзү: Шайлообек Дүйшеев
    Обону: Айбек Карымов
    Аткаруучу: Токтобек Асаналиев
    Толкуган булаң чөп жашыл,
    Толукшуп турган төш жашыл.
    Тоосундай сулуу Ат-Башым,
    Токойлуу дайра көк-жашыл.
    Бороондуу талаа жылгаңан,
    Боз тулпар сызып туйлаган.
    Бото көз Чатыр-Көл дайым ай,
    Боогачы болуп ырдаган.
    Кайберен талаа жылгаңан,
    Карагер тулпар туйлаган.
    Кара көз Чатыр-Көл дайым,
    Казыбек болуп ырдаган.
    Ак булут жүргөн асманым,
    Ажайып сендей таппадым.
    Аргымак чапкан асыл жер,
    Арашан, Арпа, Ак-Сайың.
    Кайырма:
    Бороондуу талаа жылгаңан,
    Боз тулпар сызып туйлаган.
    Бото көз Чатыр-Көл дайым ай,
    Боогачы болуп ырдаган.
    Кайберен талаа жылгаңан,
    Карагер тулпар туйлаган.
    Кара көз Чатыр-Көл дайым ай,
    Казыбек болуп ырдаган.
    Ат-Башым абал кут жанган,
    Адыры шыбак жыттанган.
    Айланып сенден кете албай,
    Алмамбет арзып куш салган.
    Кайырма:
    Бороондуу талаа жылгаңын,
    Боз тулпар сызып туйлаган.
    Бото көз Чатыр-Көл дайыма,
    Боогачы болуп ырдаган.
    Кайберен талаа жылгаңаң,
    Карагер тулпар туйлаган.
    Кара көз Чатыр-Көл дайым ай,
    Казыбек болуп ырдаган.
    Кол булгап далай жыл өттү,
    Козголуп далай эл өттү.
    Кошулуп Манас бул жерден,
    Кошоюн тапкан эмеспи.
    Айкөлүң Манас бул жерден,
    Абасын тапкан эмеспи.
    Кайырма:
    Бороондуу талаа жылгаңан,
    Боз тулпар сызып туйлаган.
    Бото көз Чатыр-Көл дайым ай,
    Боогачы болуп ырдаган.
    Кайберен талаа жылгаңан,
    Карагер тулпар туйлаган.
    Кара көз Чатыр-Көл дайым ай,
    Казыбек болуп ырдаган.

ความคิดเห็น • 22

  • @user-lu6br8ck4c
    @user-lu6br8ck4c 3 หลายเดือนก่อน +9

    Ат-Башы кандай соонун жер омииий. Ат-Башыга барып келгиле, сүйүп каласыңар!

  • @user-et9uj9ic3y
    @user-et9uj9ic3y 4 หลายเดือนก่อน +9

    Ат Башылыктар барсынарбы ?

  • @user-os6sw7mk2j
    @user-os6sw7mk2j 15 วันที่ผ่านมา

    Ат башым алтын бешигим ❤❤❤

  • @user-ow1fi1kv9x
    @user-ow1fi1kv9x 18 วันที่ผ่านมา

    Атбашым ак карлуу тоолорун, шаркырап аккан сууларынддан айланайын. Кен пейил эли ,мен азыр эс алып Атбашымда журом

  • @AliSultanbekov
    @AliSultanbekov 4 หลายเดือนก่อน +5

    Ат башы ❤

  • @user-ht9wz2ys3i
    @user-ht9wz2ys3i 3 หลายเดือนก่อน +5

    Кочкордон салам ат башыга ❤

  • @ЧынарСагынбаева
    @ЧынарСагынбаева 2 หลายเดือนก่อน

    Тагдырдын сыноосуна чыдаган экен эже , ото керемет ырлардын ээси Алмаш эже . Жаткан жериниз бейиш болсун Аллахым кабыл кылсын.

  • @user-wd5qs8fu9z
    @user-wd5qs8fu9z หลายเดือนก่อน +2

    Ат Башым ❤

  • @user-lu6br8ck4c
    @user-lu6br8ck4c 4 หลายเดือนก่อน +3

    Сүйөм да Ат-Башымды❤❤❤

  • @user-md1mx7es3b
    @user-md1mx7es3b หลายเดือนก่อน

    Иншаллах бир барышым барда Атбашыга эс алып бир кымыз ичип келгени.

  • @АсланЖусупжанов
    @АсланЖусупжанов 29 วันที่ผ่านมา

    Токтобек Асаналиев Ат башы ыр
    Айабай сонун музыка

  • @user-hy4mj5qf4j
    @user-hy4mj5qf4j 2 หลายเดือนก่อน +1

    Аябай соонун ыр экен😊.

  • @user-hv5oy2vw6i
    @user-hv5oy2vw6i หลายเดือนก่อน

    Ат башылыктар аман болгула❤❤

  • @Begay94
    @Begay94 5 หลายเดือนก่อน +2

    Атбашы😍♥️♥️♥️

  • @UlukbekJanibekovich
    @UlukbekJanibekovich 3 หลายเดือนก่อน +1

    Онүңз ваще зор екен 🤫

  • @user-gv8yd1bx8d
    @user-gv8yd1bx8d หลายเดือนก่อน

    Унунузго береке Атбашым

  • @user-qb7um5lu3o
    @user-qb7um5lu3o 4 หลายเดือนก่อน +2

    Алтын чойчок Ат Башым❤

  • @user-wb2iw4jp4q
    @user-wb2iw4jp4q 6 หลายเดือนก่อน +2

    Атбашыныз. Буйрусун
    Кармашкан. Колунуз
    Бекем. Болуп. Туболук
    Еерчишип. Ат. Барыга
    Каттап. Журоберин

  • @keremet-gy3km
    @keremet-gy3km 2 หลายเดือนก่อน +1

    Атбашы❤

  • @user-hi7id8zl1d
    @user-hi7id8zl1d 6 หลายเดือนก่อน +2

    👍👏👏👏👏👏👏

  • @user-eg1qp9cy9z
    @user-eg1qp9cy9z หลายเดือนก่อน

    ат башым айылым

  • @AliSultanbekov
    @AliSultanbekov 5 หลายเดือนก่อน +2

    ❤❤❤😂🎉