Ишенимде туура эмес, басым кылуу, жалган умутко алып келет, формула же Кудай. Дастан Кайыпбердиев

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 25 ก.พ. 2024
  • Матф 23:16-22: "Сокур жол башчылар, силерге кайгы! Силер: “Ийбадаткананы оозанып ант берген эч нерсе эмес, ийбадаткананын алтынын оозанып ант берген адам антын аткарууга тийиш”, - дейсиңер. Акылсыздар, сокурлар! Кайсынысы маанилүү, алтынбы же алтынды ыйык кылган ийбадатканабы? “Курмандык чалынуучу жайды оозанып ант берген эч нерсе эмес, курмандыкты оозанып ант берген адам антын аткарууга тийиш”, - деп да айтасыңар. Акылсыздар, сокурлар! Кайсынысы маанилүү, курмандыкпы же курмандыкты ыйык кылган курмандык чалынуучу жайбы? Курмандык чалынуучу жайды оозанып ант берген адам курмандык чалынуучу жайды жана анын үстүндөгүнүн баарын оозанып ант берген болот. Ийбадаткананы оозанып ант берген адам ийбадаткананы да, ийбадатканада жашаган Кудайды да оозанып ант берген болот. Асманды оозанып ант берген адам Кудайдын тактысын жана тактыда отурган Кудайды оозанып ант берген болот
    Матф 23:25-28: "Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Чөйчөгүңөр менен табагыңардын сыртын тазалайсыңар, бирок алардын ичи талап-тоноочулук менен адилетсиздикке толгон. Сокур фарисей! Адегенде чөйчөгүң менен табагыңдын ичин тазала, ошондо алардын сырты да таза болот. Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, эки жүздүүлөр, силерге кайгы! Силер сыртынан кооз көрүнгөн, бирок ичи өлүктөрдүн сөөктөрүнө жана ар кандай ыпылас нерселерге толгон, акталган мүрзөлөргө окшошсуңар. Сыртыңардан адамдарга адил көрүнгөнүңөр менен, ичиңер эки жүздүүлүк менен мыйзамсыздыкка толгон."
    1- Матф 23:23: "Мыйзам окутуучулар жана фарисейлер, силерге кайгы! Эки жүздүүлөр! Силер жалбыздан, анистен жана зиреден ондук бергениңер менен, мыйзамдагы эң негизги нерселерди: акыйкаттыкты, ырайымдуулукту жана ишенимди таштап койдуңар. Тигини да кылыш керек, бирок муну калтырбаш керек эле!"
    Ыш 1:10-15: "Теңирдин сөзүн уккула, Содом төрөлөрү! Биздин Кудайдын мыйзамына кулак сал, Амор эли! «Мага силердин көп курмандык чалганыңардын кереги эмне? - дейт Теңир. - Мен силердин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалган койлоруңарга, борго байлап семиртилген малыңардын майына тойдум, букачарлардын да, козулардын да, улактардын да канын каалабайм. Менин алдымда туруш үчүн келгениңерде, короомду тебелегиле деп, силерден ким талап кылып жатат? Мага курмандыктарды алып келгениңер бекер, жыпар жыттуу зат түтөткөнүңөр Мен үчүн жийиркеничтүү. Ай жаңырган күнгө, ишемби күнгө, майрамдык жыйындарыңарга чыдай албайм, анткени мыйзамсыз иштерди кылуу менен катар эле майрамдайсыңар! Силердин ай жаңырганда өткөргөн майрамдарыңарды жана башка майрамдарыңарды Менин жаным жек көрөт. Алар Мен үчүн оор жүк, аларды көтөрүү Мен үчүн оор. Колуңарды сунганыңарда, силерди көрбөш үчүн, көзүмдү жумуп алам. Канчалык жалынып-жалбарсаңар да, Мен укпайм, анткени силердин колуңар канга толгон."
    Ыш 1:16-17: "Жуунгула, тазалангыла, Менин көз алдымда жаман иштерди кылбагыла, жамандык кылганыңарды токтоткула. Жакшылык кылганды үйрөнгүлө, чындыкты издегиле, эзилгендерди куткаргыла, жетимдерди коргогула, жесирлерге болушкула."
    Ыш 1:18: "Ошондон кийин гана келгиле, ошондо талкуулап көрөбүз, - дейт Теңир. - Эгерде силердин күнөөлөрүңөр кыпкызыл болсо, Мен аны аппак кардай агартам. Эгерде кочкул кызыл болсо, Мен аны ак жүндөй агартам."
    Башт 4:4-5: "Абыл да койлорунун төл башыларынан жана алардын майларынан алып келди. Теңир Абылга жана анын тартуусуна назарын салды. Ал эми Кабылга жана анын тартуусуна назарын салган жок. Ошондо Кабылдын аябай ачуусу келип, өңү кумсарып кетти."
    Эвр 11:4: "Ишеним менен Абыл Кудайга Кабылдыкынан жакшы курмандык алып келген. Ишеними аркылуу анын адил деп табылгандыгы жөнүндө жана анын тартуулары жөнүндө Кудай күбөлөндүргөн. Ишеними менен ал азыркыга чейин сүйлөп жатат."
    Эвр 11:6: "Кудайга ишенимсиз жагууга мүмкүн эмес: Кудайга келген адам Анын бар экендигине, Аны издегендерге Ал тиешелүүсүн берерине ишениши керек."
    Эф 6:2-3: "«Ата-энеңди сыйла» деген осуят - убадалуу осуяттардын биринчиси: «Сага жакшы болушу үчүн жана жер үстүндө өмүрүң узак болушу үчүн, ата-энеңди сыйла»."
    Мыйз 8:1: "Теңир ата-бабаларыңарга убада кылган жерге барып, аны ээлеп, тирүү калышыңар үчүн жана укумдап-тукумдап көбөйүшүңөр үчүн, мен бүгүн силерге берип жаткан осуяттардын баарын аткарууга аракет кылгыла."
    Накыл 10:4: "Эринчээк кол жарды кылат, аракетчил кол байытат."
    Накыл 21:31: "Атты согуш күнүнө карата даярдайт, бирок жеңиш Теңирден келет.
    2Кор 9:6: "Айтарым бул: «Аз эккен аз жыйнайт, мол эккен мол жыйнайт».
    Жаш 1:8: "Бул мыйзам китебинде жазылгандар оозуңдан түшпөсүн, анда жазылгандардын бардыгын так аткарыш үчүн, алар жөнүндө күнү-түнү ой жүгүрт, ошондо сен өз жолдоруңда ийгиликке жетишесиң жана акылмандуулук менен иш кыласың."
    Ыш 55:6: "Теңирди тапканга мүмкүн болуп турганда, Аны издегиле. Ал жакын турганда, Аны чакыргыла."
    #куткаруучу #ыйса #машайак #теңир #библия #ыйыкрух #падыша #инжил #христианин #ыйыккитеп

ความคิดเห็น • 13

  • @daniyarbek1
    @daniyarbek1 3 หลายเดือนก่อน +3

    Дастан сага Кудайым куч кубат акылмандуулук берсин сен акылдуу Кудайым озу суйлоп жаткандай сезим калтырат экен❤❤❤❤

  • @user-pd6hk5pg6j
    @user-pd6hk5pg6j 16 วันที่ผ่านมา

    Жакшы , Кудайга данк болсун 🙏, Ыйык Рухтун жетеги менен насааттарды айтып , Ыйса Машаяктын тируу Кудай экендигин жана Анын чындыгын жарыялай бер иним , Кудайым батасын бере берсин 🙏🙌🏻🙏🌷🌷👏👏🙏🙌🏻🙏

  • @maanikanmamasharipova2547
    @maanikanmamasharipova2547 3 หลายเดือนก่อน +2

    Ыйса Тенирибизге данктолор алкыштар болсун

  • @user-qy9fo6ce7z
    @user-qy9fo6ce7z 3 หลายเดือนก่อน +5

    Кудайга алкыш ,кудай биздин ички дуйнобузду коруп турат ,таза болуп ,озгорулушубузду каалайт,Ага тил алсаак Озуно жаккандай кылып озгортот.❤😊🎉🎉

  • @user-lw8cr1hp6h
    @user-lw8cr1hp6h 11 วันที่ผ่านมา

    🙏🙏🙏

  • @bakyttorobekov6318
    @bakyttorobekov6318 หลายเดือนก่อน +1

    ИСТИНА

  • @user-wn2xn8xd9e
    @user-wn2xn8xd9e 3 หลายเดือนก่อน +4

    Кудай данталсын

  • @user-wn2xn8xd9e
    @user-wn2xn8xd9e 3 หลายเดือนก่อน +3

    Молодец ❤🎉

  • @user-pd6hk5pg6j
    @user-pd6hk5pg6j 16 วันที่ผ่านมา

    Ун аз чыгып калыптыр

  • @daniyarbek1
    @daniyarbek1 3 หลายเดือนก่อน

    Аркылуу

  • @user-gc5ib4ii1e
    @user-gc5ib4ii1e 3 หลายเดือนก่อน

    Звук нолго

  • @spektroda5156
    @spektroda5156 3 หลายเดือนก่อน

    Ошондо жахава деген силерсинерби ?

    • @Dastankaiypberdiev
      @Dastankaiypberdiev  3 หลายเดือนก่อน +3

      Жок, Ыйса Машайактын жолдоочусумун