Базар-Коргондо паспорт стол күтүүсүз текшерилди 😱

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 27 ก.ย. 2024
  • Базар-Коргон районундагы калкты тейлөө борбору күтүүсүз текшерилди
    Бүгүн Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Базар-Коргон районундагы калкты тейлөө борборун (ЦОН) күтүүсүз текшерүүгө алды.
    Буга чейин тургундар тарабынан мекеменин ишмердүүлүгүнө болгон бир катар нааразычылыктар айтылып келген. Ага байланыштуу облус башчысы тейлөө жайындагы жумуштун жүрүшүн жеринен көрүп чыгып, бир катар кемчиликтерди белгиледи.
    Анда эң алгач жарандардын убактысын үнөмдөө үчүн кызматкерлерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана оперативдүү кызмат көрсөтүүгө чакырды. Мында тургундар тарабынан кезек күтүүдөгү көйгөйлөр айтылды. Ыйгарым укуктуу өкүл бул жагдай жалпы кызматкерлердин аздыгы жана айрым жарандар тарабынан жасалма кезек уюштуруу фактылары да бар экени белгиледи. Алдыда маалым болгон кемчиликтерди жоюу, шарттарды жакшыртуу боюнча мекеме жетекчилигине эскертүү берилгенин, укук коргоо органдары тарабынан да териштирүү иштери жүрөөрүн айтты.
    Борбор Базар-Коргон районундагы 195 миң калкын тейлейт. Анда жалпы 11 кызматкер эмгектенет.

ความคิดเห็น • 75