Токтобек Асаналиев & Миргүл Асаналиева - Сен менин түшүмсүңбү (Official Video)
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 25 ส.ค. 2024
- Премьера песни
Токтобек Асаналиев & Миргүл Асаналиева- Сен менин түшүмсүңбү (Official Audio)
Слушать / Скачать: infinity.ffm.t...
Follow Toktobek Asanaliev:
...
www.facebook.c...
Сен менин түшүмсүңбү
Сөзү: Өмүрбек Дөөлөев
Обону: Атайбек Бөдөшов
Өттү мезгил сен өчпөдүң көңүлдөн,
Жүрөгүмдөн орун алдың өмүрдөн.
Недир билбейм түштө бирге жашайсың,
Эске салып күндөрүмдү көрүнгөн.
Өмүр атын миң чуркатып арытпай,
Махабатым миң жолугуп кайыптай.
Улам бийик, улам ыйык сезилдиң,
Бир кылымдан бир кылымга жарыктай.
Издесем да канаттарым кайрылып,
Калсам дагы канча жылдар айрылып.
Түңүлттүрбөй түштө өзүң жомоксуң,
Каркырадай жазда келген кайрылып.
Сөздөрүңдө жөндөмөдөй жөндөлүп,
Менде жашап калганына шерденип.
Ойгонсом түш, сен барасың жаркырап,
Унутуумдан учкан жылдыз өңдөнүп.
Ар бир күн-түн сенден мага гүлдөрбү,
Сага айланып жашай берем күндөрдү.
Санаамда сен көргөн жакшы түшүмсүң,
Сага айланып жашай берем түндөрдү.
Бир ыр болуп кайталанып түбөлүк,
Ойлорума күнү-түнү ширелип.
Сезимимдин күнүндөйсүң жаркытып,
Өмүрүмдү өзүңө сен имерип.
Баракелде бар болгула, ийгиликтүү чыгармачылык каалайм!
Тогорогун топ келген сулуусун, Миргул!
Кудайым сонун ун берген. Талантынды майда чуйдого алмаштырып жогото корбо! Кудайым сага чокпогондой кубат берсин. Асхат аманатты баалай кор, Жараткан сага чон таалай бергенин бир мунот да унутпа, милдети сенде берметтин!
Экөө тен мыкты ырчылар ийгилик
Уккун келе берет
Экоосуно аябай ыр жарашат экен ундору сонун
Биринчи 🎉соонун ыр
Чиркин почти кундо угам го🤩🤩🤩👍
Около ырчылар эле болсо керек
Отту мезгил сен очподун
сен очподун конулдон
Журогумдон оорун алдын
Оорун алдын омурдон
Неге билбейм тушто бирге
Тушто бирге жашайсын
Эске салып кундорумду
Эске салып тундорумду
Кандай сонун аткаруу, ырдын мазмуну... укканда журок эзилип, ыр менен кошо куяласын! Бар болгула, мыктыларым. Унунор очпой, журокту эзип, чыгармаларынар жаныра берсин!!
Токтобектин кызыбы же карындашыбы Миргул
Кызыбы же карындашыбы
Кызы дагы эмес карындашы да эмес жердеши Аскат Мусабековдун келинчеги да Миргул