Майрамбек Осмонов - Балдар. Суранам жерге шашып түшпөгүлө, А жерде жашайт жалаң жалганчылар!
ฝัง
- เผยแพร่เมื่อ 15 ต.ค. 2024
- Майрамбек Осмонов - Балдар.
сөзү: К Бакиров, обону: М Осмонов
Тайлардай булуттарды айдайсыңар,
Тааланын чагылганын кармайсыңар.
Чырылдап мен жетпеген жылдыздарга,
Чымчыктай бирден конуп алгансыңар.
Суранам жерге шашып түшпөгүлө,
А жерде жашайт жалаң жалганчылар!
Көкөлөйт күнөөсүздөр жеңил гана,
Тайгада канаты бар кардайсыңар.
Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар,
Кудайга жыңайлак, түз баргансыңар.
Икардай мен асмандан кулаганда,
Илинип силер көктө калгансыңар.
Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар,
Эстүүлөр тааныганды тангансыңар.
Өтүнөм жерге шашып түшпөгүлө,
А жерде жашайт жалаң жалганчылар!
#жаныырлар #кыргызчаыр #хит #кыргызчаырлыр #ырлар #майрамбекосмонов #жаныыр
Майрамбек Осмонов жакшы ырчылардын бирисиз денсолукта болунуз
Ото Жогорку денгелде жеткире ырдап салдыныз манисине тушунбогон Адам аз татал чыгарма Карбалас Бакиров
😢😢😢укмуш
Сонун ырдаптыр.
😢😢😢