“Ар бир кызматкердин иш ордуна ылайыктыгы каралыш керек”. Сот адилеттиги Жогорку мектеби

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 11 ธ.ค. 2024
  • Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебине барды. Жолугушууда аталган окуу жайдын иштөө шарттары жана көйгөйлөрү айтылды.
    Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Анархан Базаралиева комплекстүү окуу программасынын алкагында жыл сайын судьялар, соттордун аппарат кызматкерлери, сот аткаруучулар менен сот приставдары үчүн семинарлар өткөрүлүп жатканын маалымдады. Мындан тышкары мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, чечүүнү талап кылган маанилүү маселелерди белгиледи. Анда окуу жайга жаңы имараттын зарылдыгы же азыркыны толук оңдоп-түзөө көйгөйү курч турганын белгиледи.
    Иш-чарада төрага Медербек Сатыев Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окутуучулары менен окуу процессин жана анын натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча ар биринин сунуштарын укту.
    Андан соң, төрага Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окутуу процесси жана алардын иштөө шарттары менен таанышты. Мында ар бир кызматкер менен баарлашып, алардын аткарган иштери туурасында маалымат алып, бир катар тапшырмаларды берди.
    Иш-чарада Медербек Сатыев окутуу процесстерине чыгымдалган каражаттарды үнөмдүү пайдалануу максатында онлайн окутууларды киргизүү зарылдыгын белгиледи.
    Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектеби судьялардын, соттордун аппарат кызматкерлеринин жана Сот департаментинин адистеринин билим деңгээлин жогорулатуу жана квалификациясын өркүндөтүү боюнча иш жүргүзөт.

ความคิดเห็น • 63

  • @Сайиддерүйү
    @Сайиддерүйү 19 วันที่ผ่านมา +20

    Медербек мырза Аллах сизден ыраазы болсун! Адилеттүүлүк камсыз кылууда Аллах туура жолун көрсөтүп, ишиңизге ийгилик берсин! Оомийин!

  • @user-sp3wd3od9r
    @user-sp3wd3od9r 18 วันที่ผ่านมา +18

    Вот мына ушундай сот и судя коп болсун. Канлай жакшы ой тилек максаттар айтылып кандай ачык суроолор берилуудо кандай соонун талаптар койулууда.
    Медер байке ишинизге иийлгилик биз сизди колдойбуз туура эмес иштегендерди ишиден ажыратыныз.❤❤❤❤❤

  • @AinurDzhumalieva
    @AinurDzhumalieva วันที่ผ่านมา +2

    Салам алейкум кыргыз элим амансынарбы Медер Ава билим жокторду айдаш керек сиздей жакшы инсандарды алып келиш керек кудайым колдосун омурунуз узун болсун.

  • @kurmanbeklivemusic2003
    @kurmanbeklivemusic2003 17 วันที่ผ่านมา +11

    Мына сага кандай керемет адамды койгон сотго , азаматсыз агай ушундай тартип керек кыргызга эребейсиз эсирип кеттик , пиризениткеда рахмат акырындан баштап мыктуу адамдарды ишке ала баштаптыр

  • @Bars-h4u
    @Bars-h4u 17 วันที่ผ่านมา +7

    Медербек Асанбекович сиздин ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз. Сиз жогорку кызмат ордун эң туура дымактуу баштадыңыз, ар бир соттук кызматкерлердин жумуш орду менен таанышып, аткарган кызматы , эмне менен алектенгенин жана материалдык камсыздоо абалдарын текшерип жакшы кылдыңыз. Сизден мурда иштеген Жогорку соттун төрагалары иш бөлмөдөн чыкпай эле кызматын өткөрүшчү. Медербек Асанбекович тартипти катуу кармап , ушундай эргүү жана жаңы идеялар менен ийгиликтүү бара беришиңди каалайм.

  • @ТотугульМусаева
    @ТотугульМусаева 17 วันที่ผ่านมา +10

    Ишинизге ийгилик.

  • @ДенизОш
    @ДенизОш 16 วันที่ผ่านมา +5

    😮😮😮😮Медер Сатиев Кара Кулжа рай сотторуна жана,соттун секраттарынын тартибине конул болуп койсонуз.😮😮😮😮😮😮

  • @JazgulKenjetaeva
    @JazgulKenjetaeva 17 วันที่ผ่านมา +7

    Сот системасын бир силкип, ордуна келтирип жаткандайсыз.

  • @Doni-k1n
    @Doni-k1n ชั่วโมงที่ผ่านมา

    Бир нерсени чечет турган киши екен корунуп турат Алла Ыраазы болсун жолго салчы наказания катуу болуш керек болду жакшы болот бут

  • @Чынара-г3б
    @Чынара-г3б 10 วันที่ผ่านมา +1

    Жумушту баштоо оңой, бирок Алып кетүү, бүтүрүү өтө маанилүү жана кыйын баарыңарга ийгилик, күч кубат. 4:46

  • @Замирбек-у4э
    @Замирбек-у4э 17 วันที่ผ่านมา +6

    Ушинтип иштейт жетекчи деген.

  • @Айыма-г6я
    @Айыма-г6я 16 วันที่ผ่านมา +3

    Ото жакшы.бирок иш жузундо жылыш жок.бул нерсени жойуш атайын текшеруу комиссия журуп,ар бир сотруднике эскертуу бербей уволить кылыш керек.ошондо сталин каримовдой

  • @Aiti.86
    @Aiti.86 17 วันที่ผ่านมา +5

    Наконец-то Эми жакшы сотко туш болдук окшойт е?
    Тартип керек темирдей!!!

    • @Жанна-в2ы7ц
      @Жанна-в2ы7ц 7 วันที่ผ่านมา

      Жанылаш керек ескилерди алып билимдерин атестация алыш керек булар таныш билиш милондорду ыргытып киришкен аны актайм деп адилеттуулук жок болуп жатат

  • @jandarbekyzabekov7670
    @jandarbekyzabekov7670 16 วันที่ผ่านมา +2

    Аягына чейин ушундай иштеш керек текшерүү иштер менен. Жарым жолго барганда айнып кетпей.

  • @Жуку-о5с
    @Жуку-о5с 14 วันที่ผ่านมา +2

    Адилеттүү сот болбосо эмне кереги бар адилеттүү өткөрбөсө сот өлгөндө кудайдын сот күчтүү

  • @3раундРешаюший
    @3раундРешаюший 16 วันที่ผ่านมา +3

    30 Жылда бир кыймылдаган соту кордук !!! Сотор да иштейт экен ээ ! Медербек Мырза азамат

  • @sabyr06
    @sabyr06 16 วันที่ผ่านมา +5

    Урматтуу торага сиз дресс-код деп жаттыныз беле? Жаныныздагы айым леопард жака койнок кийип алыптыр го 😅

  • @Нурбек-с1ъ
    @Нурбек-с1ъ 16 วันที่ผ่านมา +2

    Соттор кандай соттоп жатканын онлайн интернеттен, телевизордон элге коргозсо эле бир топ сот процесси онолмок,анткени булар пара алышы кыйынга турмак.Жети миллион калк карап турса акыйкатсыз соттоп жибермек эмес.Тилеке каршы оздоруно керектуу адамдарды киргизип алып жашынып соттой беришет.
    Сот качан айкын ачык иштегенде адилеттуу чечилет.

  • @НурланКарагулов-х6х
    @НурланКарагулов-х6х 3 วันที่ผ่านมา

    Маладес

  • @saku-v6r
    @saku-v6r 4 ชั่วโมงที่ผ่านมา

    Бул адам мурда кайда жургон элдин умутун койгойун аткара турган инсан келиптир Тораганын ата энесине ыраазычылык айтам мына элдик соттун иши онолот экен

  • @СашаСергеев-х2ж
    @СашаСергеев-х2ж 3 วันที่ผ่านมา

    👍👍👍✊❤️

  • @melisimankulov1281
    @melisimankulov1281 3 วันที่ผ่านมา

    ☝️👍✊🇰🇬💪🤲

  • @ЭмильТокомбаев
    @ЭмильТокомбаев 14 วันที่ผ่านมา

    Бардактын баары соттордун өздөрүндө!!! Абдан катуу аттестациядан түз эфирде элдин алдында өткөрүп закон билген иштей ала тургандарын калтырып бошогон оорундарга кучтуу жаштардан алыш керек!!!!!

  • @РашидАрстанов
    @РашидАрстанов 7 วันที่ผ่านมา +1

    Ассалому аалейкум, баарына бул менин оюм дегилечи бир болсо эми кииии́ииииииииииичине жылыш болобу дейминда, соттто.

  • @Эркин-Тоо
    @Эркин-Тоо 17 วันที่ผ่านมา +2

    Соттордун адилеттүү болушу үчүн аракетиңизди токтотпоңуз!

  • @СашаСергеев-х2ж
    @СашаСергеев-х2ж 3 วันที่ผ่านมา

    Сатыев еркек кен👍❤

  • @Zvmigjfgv
    @Zvmigjfgv 17 วันที่ผ่านมา +2

    Бул торагадан жакшы жыйынтык чыккыдай. Мелочьтон баштап озунун замына чейин ушундай кылса Эгер.Соттор да сезиш керек , биздин устубуздон да текшерет деп .Король болуп алган соттор .

  • @ЧолпонКенжетаева
    @ЧолпонКенжетаева 16 วันที่ผ่านมา +2

    Ой! Ой! Ой! И что это даст?

  • @ДурусНазаров-м2е
    @ДурусНазаров-м2е 13 วันที่ผ่านมา

    Медербек
    Сатыевдин туура ыкмада иш баштады
    Соттук отурум боюнча ош областтык административдик иштер боюнча сотко чакыруу Кагазы тоомоюндук жаран
    К.д.н га кечигип келген муну кантип тушунсо болот
    Соттуу отурум отуптур эмне болгон жыйынтык белгисиз
    Соттун аты жазылган эмес
    Ошко барып
    Мирлан
    Боронбаев ге кайрылам
    З жылдан бери сотко каттайм

  • @Йцукенгшщзхфыа
    @Йцукенгшщзхфыа 17 วันที่ผ่านมา +2

    Сот ото эле карупция га берилип. Кол тийбестик колдонуп . мм да качан онолот... Берилип иштеймин деген кадырларга колдоуу корсотуш керек деймин именно элдин койгойун тушунгон . ошондо адлетуулук болот. Бизде копчулук Жогорку билимдуу емес сот десе инфаркт болгудай коркуп а аны сот окулдору 100% билип колдонуп жеп ичип озун ойлоп элди ойлобой ушул кунго че...

  • @myrzajorobekov4308
    @myrzajorobekov4308 17 วันที่ผ่านมา +1

    Ишиңе ийгилик биринчи ушул катынды иштен алыш кернк экен

  • @БактилекМолдобаев
    @БактилекМолдобаев วันที่ผ่านมา

    Медербек мырза! онолбойт булар. Тазалаш керек.

  • @abdyshbekkuliev4731
    @abdyshbekkuliev4731 4 วันที่ผ่านมา

    Катуу катуу

  • @GoodMorning-d1b
    @GoodMorning-d1b 9 วันที่ผ่านมา +1

    Бир аз барктуулукту баалуулукту да уйронгуло да доллар доллар пара пара деп эле коняк ичип жип минип чалкалап уйкусурап отура бербей

  • @БолдуЭралиева
    @БолдуЭралиева 17 วันที่ผ่านมา +1

    Эми иштей турган торага келди окшойт,жогорку сотко.

  • @melisimankulov1281
    @melisimankulov1281 3 วันที่ผ่านมา

    Буйрук менен иш алыпарган, адвокат эксперт жок соттогон,сотторго мыйзам чегинде жоопко тартыш керек.

  • @АлмадайАлмадай
    @АлмадайАлмадай 6 วันที่ผ่านมา

    Урматтуу ген Сот сизбарганда колун аркага алып тургандар кандай деп ойлойсуз этикага жатабы 😊

  • @ЖамалаУметалиева
    @ЖамалаУметалиева 16 วันที่ผ่านมา +1

    Что за позор, почему Флаг не правильно стоит?Это не уважае государственный атрибутом

  • @Doni-k1n
    @Doni-k1n 2 ชั่วโมงที่ผ่านมา

    Чото жолго салаттургандай молодец

  • @Doni-k1n
    @Doni-k1n 2 ชั่วโมงที่ผ่านมา

    Умут чон ушул Торогадан

  • @АлмадайАлмадай
    @АлмадайАлмадай 6 วันที่ผ่านมา

    Колду аркага алып тоготбодугоо😅😅чоң сотту

  • @МомгСомом
    @МомгСомом 10 วันที่ผ่านมา

    Алайдын буркуту

  • @ЖаркынМиталипов
    @ЖаркынМиталипов 7 วันที่ผ่านมา

    Иштесе ,иштетсе болот экенго

  • @ГуляДжапаркулова-я7ш
    @ГуляДжапаркулова-я7ш 15 วันที่ผ่านมา

    Уфф

  • @СашаСергеев-х2ж
    @СашаСергеев-х2ж 3 วันที่ผ่านมา

    Бирпз кыскарса жумушчуларды

  • @ТалантМамытов-д8д
    @ТалантМамытов-д8д 2 วันที่ผ่านมา

    Туу менен чатагы барбы булардын акча болсо болду

  • @Baakabar.2023-j
    @Baakabar.2023-j 16 วันที่ผ่านมา

    Эски желек менен жүрүшөт гоо…

  • @Жанна-в2ы7ц
    @Жанна-в2ы7ц 7 วันที่ผ่านมา

    Кыргызча суйлошсун емнеге орусча суйлошот кыргызга кыргызча оруска орусча суйлобойбу тил маселесин карабаса секретарынан баштап орусча суйлойт .

  • @АкжолЖакыпбаев-в6р
    @АкжолЖакыпбаев-в6р 16 วันที่ผ่านมา +1

    👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾👎🏾

  • @МелисКаныметов-ы1х
    @МелисКаныметов-ы1х 14 วันที่ผ่านมา

    Пенсионер аялдарды кетирбейсинерби желекти койгонду билбейт