Көп орундуу сандарды көбөйтүү | Көп орундуу сандарды көбөйтүү | Арифметика | Хан Академия

แชร์
ฝัง
  • เผยแพร่เมื่อ 11 ต.ค. 2024
  • Көп орундуу сандарды көбөйтүүнү үйрөнүү.
    Хан Академиясында Арифметика: Сандар жана алар менен болгон амалдар дүйнөсүнө сапар алгың келеби? Анда сен туура даректесиң! Математиканын эң негизги бөлүмү болгон Арифметика кызыктуу көнүгүүлөргө жана сонун видеолорго бай илим. Бул математиканы мыкты өздөштүрүп, математиканын чебери болууга жардам берет. Албетте, кошуу, кемитүү, көбөйтүү жана бөлүү сыяктуу негизги темалар камтылган. Бирок биз ушуну менен эле токтоп калбайбыз. Сапарыбыз терс сандар, абсолюттук маани, ондук бөлчөк жана жөнөкөй бөлчөктөр менен уланат. Биз менен математика кызыктуу, жөнөкөй жана оңой болот. Анда баштоого даярсыңбы?
    Хан академиясы жөнүндө:
    Хан академиясы окуучуларга класста жана класстан тышкары өз алдынча окууга мүмкүнчүлүк берет. Хан Академиясынын платформасы практикалык көнүгүүлөр, видео сабактар жана жекелештирилген окуу панелин сунуштайт. Бизде математика, илим, компьютердик программалоо, тарых, искусство тарыхы, экономика жана башка көптөгөн предметтер бар. Хан Академиясынын сабактары заманбап техниканын жардамы менен түзүлүп, окуучунун түшүнүүсүндөгү кемчиликтерди толуктоого жардам берет. Ошол эле учурда мугалимдер да окуучулар менен жекече иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Андан сырткары Хан Академиясы NASA, Калифорния Илимдер Академиясы жана Массачусетс Технология Институту (MIT) менен да кызматташып, адистештирилген сабактарды да сунуштайт.
    Билимге умтулган ар бир окуучу үчүн акысыз, сапаттуу жана жеткиликтүү билим тартуулайбыз!
    #СенБаарынҮйрөнөАласың
    Биздин Facebook, Instagram, Telegram каналдарыбызга катталыңыз: / kakyrgyz
    / khanacademy

ความคิดเห็น • 3